(Башы өткөн сандарда)
ХХХ
Бир ууч топуракты алып казылган жайга таштады. Мына, бүттү. Эми чындап балалык түгөндү. Энең тирүүдө сен баары бир баласың. Эне келбес сапарга кеткен күнү балалык түгөнөт.
Дүп-дүп... Топурак ташталып жатты. Акыры бир дөбөчө пайда болду. Катар дөбөчө. Биринде атасы, биринде энеси жатат.
“Эми силер чогуусуңар... Менден кам санабагыла, баары жакшы болот. Ооба, апа, сен айткандай баары жакшы болот”,- Азамат күбүрөнүп койду.
ХХХ
Кайра үйдү көздөй сапар тартышты, кайра өкүрүп келишти. Боз үйдөгү келин-кесек бир сыйра ызы-чуу көтөрүп анан басылды. Өлгөндүн артынан өлмөй жок, турмуштун мыйзамы ошол. Батага келген эл акырындап суюлуп таркай баштады.
Азамат болсо 2-3 күндөн бери анын көңүлүнөн оолак болуп, өзүнчө чүнчүй түшкөн кызын чакырды.
– Чачың кирдеп калган го, кызым.
– Ии,- кыз башын ийкеди. Ал кадимкидей эркелегенди унута түшүптүр. Азамат болсо ар дайым ушу Айназикти таза-тыкан кылып кармап тыпыйтып жүргөн апасын эстеп ичи тыз дей түштү.
– Эми чоң апам келбейби?- кыз ыйлап жиберейин деп сурады.
– Ал эч кайда кеткен жок, кызым. Ал дайыма сенин жаныңда болот. Болгону эми ал көзгө көрүнбөйт. Бирок сенин жаныңда...
– Ыйыскан эженин баласы аны "өлдү, эми келбейт" деди,- кыз ыйлап жиберди. Бышактап жатты. Көптөн бери ушуну ичине сактап батыра албай жүргөн. Чынында өлүм деген эмне экенин түшүнгөн деле эмес. Болгону “өлдү” деген сөз ага орой угулган, мындай сөздү чоң энесине жууткусу келген эмес.
– Айназик, кандай болсо да чоң апаң дайым сенин жаныңда болот. Ал көзүңө көрүнбөйт. Бирок жаныңда. Сени эркелетип жаткан болот, өөп жаткан болот. Анан... Эгер сени да башка жакка алып кетишсе, мен жаныңда болбой кала турган болсом... Мен баары бир сени издеп табам. Баягы биздин мамалак тууралуу жомогубуз бар го. Дал ошондой мен сени кандай болсо да издеп табам. Сен болгону мени унутпа.
Атасынын сөздөрүнө түшүнбөй калды. Азамат болсо көз кыйыгы менен эки милиция кызматкеринин коштоосунда келе жаткан Айсулуу менен Тимурду көрдү.
– Сен мени унутпа! Мен баары бир акыры сени издеп табам. А чоң апаң дайыма жаныңда. Мен сенин атаңмын! Мен сени жакшы көрөм. Чексиз жакшы көрөм, кызым...
Айсулуу Азаматтын Айназикке эмне деп сүйлөп жатканын уккан жок. Анын ою башкада эле. “Чоңоюп кеткен тура. Бул мени тааныйбы?” деп ичинен буйдала түштү. Бирок улам жакындаган сайын көкүрөгү толкуп, көзүнө жаш келди.
– Кызым,- деди анан куду уялган кишидей үнү титиреп. Айназик жанына келген чоочун аялды таң калып тиктеп калды.
– Айназик,- деди тиги чоочун аял. Кыз атасын суроолуу тиктеди.
– Бул... Бул мама,- деди Азамат эрдин кымтып. Ал кызын эми узакка көрбөй турганын сезип турду. Жүрөгү өйкөп ооруп жатты. А кыз болсо көксөп көргүсү келип жүргөн мамасын карап селдейип туруп калды. Жок, бул аял ага чоочун.
– Камчыбек уулу Азамат. Сиз биз менен басыңыз...- сержант үн катты.
– Барам. Болгону бул кичинекей кыздын көзүнчө колумду толгоп кишен салбагыла. Мен коштошуп алайын,- кызын бооруна кысты Азамат.
– Алып кел кызымды,- жанатан Айназикке даай албай турган Айсулуу эми кызды Азаматтын кучагынан жулкуп тартып алды. Кыз чочуп кетти. Ыйлап жиберди.
– Ата-а,- кыз кадимкидей коркуп чырылдады. Ага карай атасы талпынды эле, бирок тиги эки кызыл шапкечен кармап туруп алышты.
Чырылдаган кыздын үнү баарын силкинтти. Арыдан Ырыскан менен Майрамбек жетип келди. Бирок Азамат аларды баш чайкаган ишараты менен токтотту.
– Айназик, ыйлаба, кызым. Бул мен апаң. Мен апаңмын да,- тизелей отура калган Айсулуу кыздын тилин табуунун аракетин көрүп баштады.
А кыздын аны карай турган түрү жок. Көзүнөн салаа-салаа жаш кетип, атасын карап “Ата... Ата-а” деп кыйкыра берди.
– Мен сени жакшы көрөм. Мен баары бир сага барам. Сен болгону мени унутпа, кызым,- Азамат кайраттуу сүйлөдү. Ал кызына күчтүү болуп көрүнгүсү келди, кызына ишеним бергиси келди. Бирок жан дүйнөсү туңгуюкка кептелип ичинен ыйлап жатты. Аны жулкулдата сүйрөп унаага салышты.
ХХХ
– Кетпе-ейм, ата-а!- Айсулуунун колунда кыз чырылдай берди.
– Кызым, мен сенин апаңмын. Ал сенин атаң эмес. Мына сенин атаң...- эч кимге көңүл бөлбөй эле Айсулуу Айназикти алаксытууга аракет кылып жатты.
– Ал эч убакта сенин кызың болбойт! Мейли, алып кететтирсиңер, ата-энеси экенин далилдейттирсиңер. Бирок ал Азаматтын кызы бойдон калат. Ал Азаматтын кызы. Уктуңбу? Азаматтын кызы!- Ырыскан бек сүйлөдү. Ушулардын алдында ызы-чуу салып басынгысы келбеди. Айтар сөзүн айтып бурулуп кетти. Ичинен “Азаматты куткаруу керек” деп кайталап жатты.
Айткандай эле Айназикти өзүнө таптакыр чоочун болгон адамдар алып кетишти. Сот иши бүткөнчө Айназик балдар үйүндө болуш керек эле. Бирок Айсулуу менен Тимур кайсы бир адамдардын тилин табышты окшойт. Кыз алар менен калды.
ХХХ
– Баланы уурдап кеткениңиз чынбы?- күңүрт тарткан бөлмөдө, тергөөчүнүн маңдайында Азамат суз отурду. Суроолорго жооп бербей эле коюуну чечкен ал.
– Билесиңби, Азамат, баарынан да кызга жаман болду. Эми сот иштери аягына чыкканга чейин кыз балдар үйүндө болот. Ал байкуш ал жакка көнөбү? Балдар үйү деген балдар үйү да...
– Ооба, мен баланы апасынын уруксаты жок башка мамлекетке алып кетип калгам.
– Азамат сүйлөп баштады. Ал кызы үчүн баарына кайыл эле. Балдар үйүнө караганда, кыз апасында болгону жакшы деп чечти. Анан калса анын үстүнөн уурулук жана адам уурдоо боюнча жазылган эки арыз бар эле. Мындайдан кутулуу оор. Кызын бекер кыйнагысы келген жок.
– Кыз меники эмес. Бирок мен аны өз кызымдай жакшы көрөм. Айсулуу жана Тимур анын чыныгы ата-энеси... Мен кызга өгөй болчумун. Кылмышымды моюнума алам. Суранам, кызды энесине бергиле!
ХХХ
Ырыскан үшүп чыкты. Жан дүйнөсү үшүп турду. Энесинен айрылды, иниси камакта. Эмне кылуу керек? Жашаш керек. Жакшы күндөргө үмүт кылып жашаш керек. Башка арга барбы? Үшкүрүп алды өзүнчө.
– Бул калып калыптыр,- Майрамбек унаасынан күрөң мамалакты алып чыкты.
– Айназиктики, бери алып кел.
Мамалак да муңдуу туюлду Ырысканга. Көздөрүн жалтыратып ыйлап жиберчүдөй.
ХХХ
– Айназик, мен сенин апаңмын. Сен мындай кичинекей кыз болчусуң да. Анан сени Азамат алып кетип калган. Мен сени кандай сагынып жүрдүм. Сени ушунчалык жакшы көрөм. Ыйлабачы, суранам! Мен сага эң сонун апа болом,- канчалык өзүн кармап жатканы менен, Айсулуу ичинде буркан-шаркан түшүп Азаматты тилдеп жатты. Аны кызына чоочун кылган, аны бактысыз кылган ошол Азамат болчу. “Кантип энеден баланы ажыратсын? Кантип? Карачы эми, же өзүнүн чыныгы атасын тааныбайт же төрөгөн энесин тааныбайт... Азамат, сен мен тарткан азапты тартышың керек. Кусалыктан, санаадан, сагынычтан өңдөн азып, уйку көрбөй таң атырган күндөр... Ушунун баарын башыңдан өткөрүүң керек. Сен да мендей куса бол, сен да мендей ыйла”...
(Уландысы кийинки санда)