Борончу Кудайбергенов, куудул, ырчы: «КРИВОЕ ЗЕРКАЛОГО» КАТЫШУУНУ КӨЗДӨП ЖАТАМ»

– Борончу байке, Казакстандагы куудулдардын эл аралык фестивалына катышып келдиңиз окшойт...
– Казактар жылына 2 жолу эл аралык күлкү фестивалын уюштурушат. Фестивалга катышып өзүмө тажрыйба топтоюн дедим. Себеби көп жылдан бери Ысык-Көлгө эл аралык күлкү кечесин өткөрөйүн деп аракет кылып жүрөм. Фестивалга көп улуттардын белгилүү куудулдары келишти. Барып алардын ар бири менен таанышып, канча тыйынга келишет, кандай шарттарды талап кылышат сүйлөшүп алдын ала болжолдуу келишим түзүп келдим. Алар “колдойбуз, Сочи сыяктуу туристтерди чакырууга өзүңөргө жакшы шарт түзүлмөк дагы” дешти. Көлүбүз мактана тургандай жер, элибиздин мүнөзү, меймандостугу башкача дегендей. Кыргыздар илгертеден эле конокторго адамгерчилик менен жакшы мамиле жасап келген. Апаларыбыз кичинебизде момпосуйларды “конок жесин” деп катып койчу эмес беле (күлүп).

– Казакстанда көрүүчүлөр сиздин тамашаларды кандай кабыл алышты?
– Казак менен кыргыздын ой жүгүртүүсү бирдей эле. Абды Кадырматов деген куудул досум көптөн бери казактар менен иштешип жүрөт. Абды аркылуу ошол фестивалга бардым. Интермедияны да экөөбүз чогуу аткардык. Менин максатым барып эле катышып келүү эмес болчу. Көптөн бери Орусиянын “Кривое зеркало” долбооруна катышууну ойлонуп жүргөм. Сатираларымды видеого тартып сайтына жиберсем болмок, бирок тезирээк жол менен “мергенчи бир окко ишенет” дегендей жакшылап даярданып долбоорго катышууну көздөп жатам. Ошол фестивалда Абытты (ред.: өзбек куудулу Обид Асомов) “менин өнөктөшүм бол, экөөбүз туура келебиз, сен Өзбекстандын бой жагынан “алп” куудулу болсоң, мен Кыргызстандын “алп” куудулумун. Сага экинчи дем болот, ал эми мага “Кривое зеркалого” катышууга мүмкүнчүлүк болот. Мага жардам бер. Орусияда өзбектер, кыргыздар көп. Андан соң ал жакка гастролдойбуз” деп тамашага салып отуруп көндүрдүм.

– Ал кишини жакында өлкөбүзгө чакырып жаткан экенсиз?
– Ооба. Фестивалда Карен Авенесян “Кривое зеркалого” катышуу үчүн алгач Петросянга сахнадагы номериңди көрсөтүшүң керек. Концертиңди, эл менен кандай иштегениңди видеого тартып жибер” деди. Анан ойлонуп Абыт менен бирге 19-июнь күнү Ошто, 20-июнь күнү Жалал-Абадда, 21-июнь күнү Бишкекте кыргыз, өзбек, орус тилдеринде концерт уюштурууну чечтим. Ошол концертте биротоло ырдаган жөндөмүмдү да видеого тартып жиберем. Аны тим эле Өзбекстандын президенти келчүдөн бетер “мындай тамак жесин, мындай жерге жатсын” деп Рахман Разыков байке экөөбүз чуркап жүрөбүз. Абыт барганда “Борончунун концертине эмес, кыргыздарга барып келдим” деп айтат да.

– Абыт мырза экөөңүздөр бой жагынан төп келип эле калат турбайсыздарбы?
– Өмүрбек деген баланы “телохранителим” деп тамашалап койчумун. Абыттын бою ошондой эле экен. Менден аябай эле кичинекей болуп калат. “Ой, менден деле кичинекейлер бар” десем, “сенден кичинекейлер кантип болсун?” деп тамашалап коюшчу. Рахман ага “Борончу Казакстанга фестивалга эмес, өзүнүн бою Абыттан узун экенин далилдеш үчүн барыптыр” деп тамашалап жүрбөйбү. Абыт экөөбүздүн сүрөттү көргөн көпчүлүк “Биздин бала Абыттын жанында зоңкоёт го” деп мени менен сыймыктанып калышты.
 
– Орусиянын долбооруна катышууну көздөп жатасыз. Орусча “единица” кенен элеби?
– “Единица” шүгүр эле. Рахман ага "Орусча таза сүйлөбөгөнүң сенин “фишкаң” деп айтып жатат. Абыт деле 5 жылдан бери жүрөт го. 5 жыл жүрсөк биз орустардын түшүн жоруп калбайлыбы. Азыр баарын сүйлөшүп, уюштурдук, эми негизги нерсе калды. Жакшы сатира жазуу керек. Аларга да, бизге да түшүнүктүү тамаша керек. Мисалы, биздин саясаттагы тамашалар Орусиядагы көрүүчүлөргө өтпөйт. Анан бизге тиешелүү көйгөйлөрдү Кыргызстанда ойносок көрүүчүлөр күлүп, жакшы эле кабыл алышат. Эгер ошол эле сатираны Орусиядан ойносок “Борончу барып алып кыргыздарды шылдыңдап жатат”  деп чыгышат. Ошондуктан изденип жатабыз, “тоюс” Рахман байке изденип жатат. Мен мотиватор болуп “мындай кылсак кандай болот, ыя?” деп кулак-мээсин жеп, этегин кармап алып кайда барса жанында жүрөм.

– “Борончу ырдаганда эптеп аягына жетип алса экен деп кыйналып кетем” деп Ильяз Агыбай уулу тамашалап жүрөт. Ага таарынган жоксузбу?
– Бардык адамга жагуу кыйын. Мындайча карасак, ал бир адамдын ою. Кээ бир адамдар куудулданганымды жактырбай, ырдаганымды жакшы көрөт.
А кээ бирлери “сен такыр сахнага чыкпай эле кой. Ырдаганыңа да, күлдүргөнүңө да рахмат” дейт (күлүп). Ал эми Ильязга таарынган жокмун, ал тамаша да.

– Убагында Чубак Сатаев менен чогуу гастролдоп жүргөнүңүздү билем.
– Негизи мектепте жүргөндөн баштап ырдачумун. Кесиптик окуу жайда окуп жүргөндө борборго келип сынакта аккордеон менен ырдап, 1-орунду алып кеткем. Анан аскерден келип Чубак Сатаев менен иштешип, анын жанында шылдырак ойноп ырдачумун. Башында ырчы болуп сахнага аттангам. Анан гастроль учурунда алпаруучу керек болуп, куудулдукка да аралаша баштадым. Ошентип кийинки муун мени ырчы катары билбей калды.

– Актёр катары сизди көп көрбөй калдык.
– Тартылып эле жатам. Бирок мен комедияга караганда трагедияны жакшы ойномокмун. Себеби мен оор тагдырларды көргөндө көзүмө жаш тегеренип кетет. Кимдир бирөө жөө жүргөндөн уялса, мен көчөдө кыргыз балдардын тилемчилик кылганынан, дагы башка нерселерди көргөндө уялам. Көзүмдөн жаш чыгып кетет. Жанагы президенттикке талапкерлигимди коюп жатам го. “Бул обу жок кантип президент болсун?” деп жатышпайбы. “Балким, президент болсом ушуларды оңдойт белем?” деген ой-тилегим бар.

– Президент болсоңуз Өмүрбек “телохранителиңизди” ИИМдин жетекчиси кылат белеңиз? Тамаша. Чындап эле президент болсоңуз азыркы абалда ишти эмнеден баштамаксыз?
– Жок, койбойт элем, өз ишин мыкты билгендер иштеши керек. Азыр аябай көп нерсени тез-тез өзгөртүш керек. “Кийинки, мурунку адам, тияктык-бияктык” дебей, өз ишин мыкты билген кесипкөй адамдарды кызматка коюп, өлкөсүнө чындап кыянатчылык кылган адамдарды жазалаш керек! Бийликке келген адамдын аркасында илешпеген нерсеси болуш керек. Кытайга барганда бизге бирөө “Силерге кытайлык кыргыздар президент болуш керек” деп айтканы жаккан. Себеби ал биринчиден, Кытайдын тартибин көрүп чоңойгон бала. Экинчиден, Кыргызстан дегенде чын ниети менен күйөт. Тууганчылык болбош үчүн ал дагы жетим болушу керек.

– Бир учурда Тынар Курбаналиев менен таарынышып жүрөт элеңиз. Табыштыңарбы?
– Табыша электе келишпестиктер кайра башталып кетпедиби. Кечээ жакында Рахман ага Ошто уулуна концерт уюштурса, Тынар да Ошко ошол күндөрү концерт уюштурду. Ал концертте мен сахнага чыгып Рахман аганын уулу Каныбек менен Ильяз Иманалиевди куттуктап жалгыз келген жокмун, “напарнигим” менен келдим дейм. Анан балдар Тынардын сүрөтүн көтөрүп чыгат. Анан сүрөткө “кел эми, жаштарга бата берип кой” дейм. Сүрөт унчукпайт. Анан мен тиги экөөнү катарлаш тургузуп элге: “Менин 50 жылдык концертимде ушул үчөө мага “параллель” койгон”  дейм. Анда тиги жаш балдар Тынар менен иштешип жүргөн да. “Жашоо ушундай. Силер мага “параллель” койсоңор, эми Тынар силерге “параллель” коюп жатат. Адамга кандай мамиле кылсаңар, кайра өзүңөргө кайтып келет” деп тамаша айтам. Эл “Борончу Тынарды ушактады” деп жатышат. Бул ушак эмес, кызыктуу сын.
Илгери Чубак Сатаев менен Таласка гастролдоп барсак, Асанкалый Керимбаевдин афишасы илинип туруптур. Таласта район көп, башка жагына коё берсек болмок да. Чубак “Кой, уят. Аксакал Таласка келиптир” деп Асанкалый аганы издеп таап, үйүнө алып барып кой союп сыйлады. Анан афиша илбесек дагы “Кечирип коюңуз, сиз Талас жерине концерт коёруңузду билбей, биз дагы концерт коёлу деп келип алдык эле” деп биз анан Көлгө концерт коюп кеттик. Мына, илгеркилердин тарбиясы ушундай болгон.

– “Куудулдардын эң байы Борончу” деп айтып калышат.
– Кудайга шүгүр. Эл катары үстүбүздө үй, алдыда машинабыз бар. Айылда бир аз мал кармайбыз. Ал дагы аялзатынын сарамжалдуулугунан экен. Акча таап келсең ошону кармап калып, бир нерсеге жеткирип дегендей. Мени “мончосу, рестораны бар” дейт. Алардын айтымында, жакында мен 9 кабат чоң үй салганы жатам (күлүп). Баары башкалардыкы. Тааныштар бир иш баштаса “жарнама кылып бериңиз” дешет. Мен жарнама кылып баштасам эл Борончунуку деп ойлошот экен. Болбосо ошол мончо деле айылдаш байкелердики.

– Маегиңизге рахмат!

"Бул сүрөттү көргөн Маматкадыр аттуу досум "Борончу дөө" деген төмөндөгү ырды жазыптыр:

Көрүп баары жылмайды,

Ким ойлоптур мындайды.

Борончунун Абыттан,

Бою узун турбайбы!

Тааныбаппыз, билбеппиз,

Бул даңкыйган ким деппиз.

Кечирип кой, Борончу,

ДӨӨ экенсиң билбеппиз..."


Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Janna07
2018-06-12 11:19:56
Тынар маданиятсыз куудул. Куудулдардан Кумондор менен Абдылданы гана жакшы кором.
+26
engel
2018-06-12 12:29:14
Janna07, ааха сен Кумондордун согунгонун корсон оозун ачылат. Ещё общественный жерде
-16
Kiyalhik8282
2018-06-12 11:23:58
Жакшы идеа экен ийгилик сизге орустарга барсаңыз Борончу болосузбу же Ураган же Ветер болосузбу))).
+22
Muzik
2018-06-12 11:24:14
Ушул Борончуга эч кулбой эле,кайра жиним келе берет суйлосо,ырдаганын айтпай эле коеюн.Алып баруучу же тамада эле болгону дурус го.
-27
monster_high_98
2018-06-12 14:56:06
Muzik,Бирнерсе жакпаса аны кылба дейт,сенделе окубай кой жакпагандан кийин,адамдын баарына жагуу кыйын,канчалык жакшы болсон да жаман коргон адамдар четинен чыгат,так что сени оку ук деп эчким кыйнаган жок,башка макаланы окуй бер
+15
Jaziko80
2018-06-12 15:32:27
Muzik, Кайсы куудул кучтуу болсо ошону ээрчийт бул борончу.
-17
ola
2018-06-12 12:50:35
Өлө ыкшытатго тоюс Рахманга жабышып дең
-9
DNurgiza
2018-06-12 12:57:36
ЖАкшы, ийгилик каалайм.
+11
Rahim76
2018-06-12 16:16:41
Боорончу байкенин Кривое зеркало долбооруна катышсам дейт.Катышканына каршы эмесмин.Бирок Петросяндын ал долбоору жабылганына эки жыл болду го.
-2
Rahim76
2018-06-12 16:18:56
Боорончу байке "Кривое зеркалого"катышсам дейт.Каршылык жок.Бирок Петросяндын ал долбооруна жабылганына эки жыл болдуго.
-11
Azatbek.Svoboda.
2018-06-18 15:35:04
Rahim76,Сага ким айтты аны? Дөөрүбөчү!
+1
Rahim76
2018-06-12 16:20:16
Ок
-3
Asel33
2018-06-12 17:41:57
Азаматсыз, алга!!! Сизди орустардын ТВсынан көрүп калалы буюрса.
+9
surgeon777
2018-06-12 22:29:14
Негизи Борончу байкени живой корсонор кичине деле эмес,бирок теледен негедир бою кичине бети тегерек коруно берет)))
Талантынызды сыйлайм,Тынар озунун устаты Рахман байке менен тирешип маданиятсыздыгын корсотту,ал эми аялын баласын таштап жургону,акчасына кооп Россияда бир кызга асылып оюна жетем дегени ж.б жаман кылыктарын давно корсоткон,сыйлабайм ошол кишини,суйлогону да маданиятсыз,орой угулат.
+14
Kroxa
2018-06-12 23:30:03
Тынар XXXX да..туугандарын коп айтып эле ана мына сеням меням башка кулчу нерсеси деле жок..Борончу деле ырчылыгы деле куудулдугу деле жок болгону Куйкум создуу Куйручуктун урпагы,,аркетине берекет атанын уулу..
+7
Djal1987
2018-06-13 01:39:27
Тынар Борончу ага менен тирешпениз да сиз кичуусуз+жаш бала эмессиз. Тентушунуз болсо бир жон эле.
+4
fanatka19
2018-06-13 09:29:42
Тынар аялдардай болуп эфирге чыгып алып Борончу анткен минткен дегени ото учт ортодо кандай окуя болсо да эркектей болуп ошонун баарын айтпаш керек эле, бир кезде жубайы Лилия Тынар аябай майдачыл десе жаман кордум эле корсо чын тура.
+8
Kumarchik
2018-06-13 10:19:56
Көрүп баары жылмайды,
Ким ойлоптур мындайды.
Борончунун Абыттан,
Бою узун турбайбы!
Тааныбаппыз, билбеппиз,
Бул даңкыйган ким деппиз.
Кечирип кой, Борончу,
ДӨӨ экенсиң билбеппиз..."
жакшы жазылыптыр
+5
Nanei
2018-06-16 18:34:50
Эми кыргыздарды жакшылап кулдуро албайт бул братке,орустарга барып уят болбой эле койсочу
-2
№ 814, 8-июнь -14-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан