Курманжан датка», «Көргүм келет», «Дарак ыры» тасмаларындагы ролдору менен белгилүү болгон актёр Адилет Усубалиев эми ырчы катары күчүн сынап көргүсү келет. Ал мурун эле ырдоого кызыгып Улуттук консерваториянын опера бөлүмүнө тапшырган экен. Бирок актёрлукка сүйүүсү күчтүү болуп кетип убакыттын тартыштыгынан улам уланта албай калганын айтат:
– Башынан эле ырчылыкка кызыгуум бар болчу. Үнүм операга жакын болгондуктан, ошол факультетке тапшыргам. Эми актёрлук менен бирге ырчылыкты алып кетейин деп турам. Ал үчүн музыкалык сынактарга катышып, бир катар ийгиликтерге жеттим. Андан бетер кызыгып калдым. Жакында ыр жаздырып чоң сахнага чыгууга чындап белсенип киришем.