“Турагой, кыргызым, тур” деген урааны менен “мен кыргыздын демимин” деп өзүн калайыкка жар салган Гүлзат Мамытбек учурда кеңседе жашайт. Башкача айтканда, кеңсе+үй. Ал жолдошу экөө маңдай тери менен салган чоң особнякты балдарына, жолдошуна таштаганын айтып, маек куруп берди.
– Негизи мен ишкер адаммын, кеңседе жашап көнгөм. Турмушка чыга электе, 2000-жылдын ортосунда тил үйрөтүүчү курстарды биздин өлкөдөн сырткары Казактандын, Орусиянын бир нече шаарларында ачкам. Ишим илгерилеп, ата-энемди айылдан шаарга көчүрүп келип, машина, үйлөрдү алып, жакшы эле бутума тургам. Чет жакка чыкканда өзүмдүн кеңселеримде де эле жашачумун. “Үйдөн чыгып жумушка барам” деп ойлонбойсуң, бардык шарты бар дегендей.
Курстарды ачып, итим чөп жеп жаткан учурда ата-энем “сен турмушка чыгышың керек, бизди неберелүү кылышың керек” деп мажбурлаган. Тууган-урук чогулуп алып “сен кыйын кыз экенсиң, кана эми бирөөнүн этегин кармап турмушка чык” дешти. Чынында артымдан чуркаган жигиттер толтура болчу. Бирок мен сүйүшүм керек дедим. Отуруп алып "кимди сүйдүм эле?" деп ойлондум. Биринчи махабатым айылда болгон. Анын да “турмушу болбой жатыптыр” деп угуп, телефон чалдым. Бүттү ошондон мамиле уланды. Анын ойлору, максаттары меникиндей эмес экенин көрүп, “жашай алабызбы-албайбызбы?” деп апам менен кеңештим. Апама айтсам, “турмушка чыгасың, Гүлзат” деп ой-боюма койгон жок. Ошентип үйлөндүк. Боюмда барына карабай Казакстан, Орусияда чуркап жүрүп, борборго 2 кабаттуу чоң үй курдук. Күйөөм үйдү балдарына арнап, “балдарым жашасын” деп жакшы көрүп салды. Мени “үйдө отур, бала тарбияла” дей бергендиктен ачкан кеңселеримдин баарын жаптым. Жолдошум өтө жакшы адам, сыйлайм. Бирок максаттарыбыз, оюбуз эки башка экен. Ошентип 2016-жылы ажырашып кеттик. Балдарыма арналып салынган үйдү жолдошумдан талашкым келген жок. 2 балам атасы менен калды, мен 6 айлык кызымды көтөрүп алып тааныш эжемдикине бардым. Ата-энем мени жолотпосун, ажырашканыма каршы болушарын билем. Ойлонсом өзүмдүн кеңсем бар экен. Ошол жерде жашап, 6 айлык баламды чакага киринтип, башымды раковинага жууп алчумун. Өзүмдү ошондо эркин куш сездим. “Максаттарыма жетем, мени азыр ата-энем да, жолдошум да токтотпойт, эч ким урушпайт” деп ойлондум. “Ушуну бекер кылдың, туура эмес кылыпсың” деп айта турган тууган-урук менен катташпай койдум. Мени түшүнгөн, “давай, максаттарыңа жет” деген адамдар менен гана катыштым. Кариб деңизинде кемеде лидерлик жана компетенттүүлүк жөнүндө бекер окуу чыгып калды. Карыздап жол кире таптым да, кетип калдым. Мен ошол окуудан кийин канатымды кең жайып, бийикке сапар алдым. Азыр 3 балам атасы менен. Мен кеңседе жашайм. Мага ыңгайлуу, ушул жерде иштейм, уктайм. Балдарым ишемби, жекшемби күндөрү келип турушат.
Айрым аялзаты “күйөөм менен ажырашсам каякка барам, кайда жашайм, кантип күн көрөм?” деп уруп, токмоктоп жатса деле чыдап жашай берет. Менин оюмча, сенин баркыңа, кадырыңа жетпеген, баалабаган, ур-токмокко алган адам менен жашоо туура эмес. Кайда барба күн өтө берет, алдыга бийик максаттарды коюп, кыялданып жашоо керек.
“КҮНҮНӨ 4-5 СААТ ГАНА УКТАЙМ”
– Бул бөлмө күндүзү иш, түнкүсүн уктоочу бөлмө. Иштин көптүгүнөн ашып кетсе 4-5 саат уктайм. Диванга кадимкидей төшөк салып туруп жатып алам.
Кийимдерим ушул бөлмөдөгү шкафта. Иш столума отуруп иштейм, боёном, кыскасы, көп жумуш бүтүрөм. Бир жакка барарда кыздар ушинтип чачымды жасап беришет, мен иштегенимди токтотпойм.
“КОНФЕРЕНЦИЯ УШУЛ ЖЕРДЕ ӨТӨТ”
– Мен азыр бир нече долбоор менен иштеп жатам. Долбоорлордун үстүнөн иштөөдө, конференцияга мына ушул бөлмөгө чогулабыз.
КИРЕ БЕРИШ
“ЧОҢ ДОЛБООР БАШТАГАНЫ ТУРАМ”
– Алдыда чоң долбоор баштаганы турам. Азыр ошонун алкагында эки күндүн биринде чет өлкөгө учуп жатам. 5 мүнөттүк чогулуштар, чоң чогулуштар ушул жерде өтүп, доскага жазуу аркылуу түшүндүрүүлөр жүргүзүлөт.
“АЗЫР ТАМАК ЖАСАГАНГА УБАКЫТ ЖОК”
– Мурда тамактын түрүн жасачумун. Чынын айтайын, азыр тамак жасаганга убактым жок. Жардамчыларым жасаган тамакты жегенге араң убакыт табам.