МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)


ххх


– Ата!- кыз уйкудан ойгонуп эле атасын издеди. Кечээ ыйлап жатып уктап калган.

– Ойгондуңбу, кызым?- Айсулуу аны тиктеп турган экен.

– Атам! Атама байам,- кыз оозун кемшейтип ыйлаганга даярданып калды.

– Кызым, мен бүгүн сага кооз көйнөк алып берейинби?

– Жок! Мен атама байам,- кыз ыйлай баштады.

Кыздын көз жашы тыйыла турган эмес. Башка нерсеге алаксып да кетпейт экен. Бир күн ыйлады, эки күн... Бирок атасы келбеди, аны атасына алып барышкан жок. Бир жума бою Айсулуу аны айланчыктап жүрдү. Бир да жолу үнүн көтөргөн жок, ыйлаганына да, чыркыраганына да кайыл болуп чыдады. Баары бир Айназик менен Айсулуунун ортосунда белгисиз бир байланыш бар экен. Экөөнү ошол байланыш жакындата берди. А Тимур болсо унчукпай гана жүрөт. Жок. Кыз ага чоочун болчу...


ххх


Баягы караңгы бөлмөгө Азаматты дагы алып келишти. Бөлмөдөгү столдун үстүн эскилиги жеткен лампа жарык кылып турат.

– А Азамат, келдиңби? Так, сенин үстүңдөн айылдашың Улан да арыз жазган, билесиң да, ээ?

– ...

– Кыскасы, 10 миң долларга чукул акчасы жоголгон. Табыла элек. Мындан 3 жыл мурун сен айылыңдан из жашырып качкан күнү акча да жоголуп отурат. Кимден шектенмек эле мындайда?

– Анын акчасын алган эмесмин.

– Анан ким алган?

– ...

– Сен алгансың... Күбөлөр бар.

Ошол түндү эстеди Азамат. Жок, аны эч ким көргөн эмес. Күбө болушу мүмкүн эмес. Бирок ошол кылыгы үчүн өзүнөн-өзү уялып кетти. Ооба, арга жок болчу. Аргасыздык аны ошол жолго түрткөн. Анда эмне, кылмышты моюнга алуу керекпи? Моюнуна алса эле күнөөсү жуулуп кетеби? Анда кызы менен жолукчу күн алыстайт. Ал кылмышы үчүн жок эле дегенде 3 жыл беришет. Жалпы 10 жылга камалып кетүүсү мүмкүн. Башы ооруп чыкты.

– Айт, моюнуңа аласыңбы күнөөңдү?

– Жок.

–Аласың, кайда барат экенсиң? Сенден кыйындарды сындырганбыз. Сен эмне болуп калыпсың. Саке-е...- кимдир бирөөнү чакырды тергөөчү.

– Эмне болду?- арыкчырай жигит кирип келди.

– Уурдаган... Болгондо да киши уурдаган. 10 миң доллар уурдаган. Эми баягыдай, тойгончо жеп, өлгөнчө карганып жатат...

– Булар ушинтет... Жакшылыкты билишпейт, жакшы сөздү угушпайт. Эй, “моюнума алам, уурдаганым чын, кечирим сурайм” десең күнөөң жеңилдегени жатпайбы?!

– Жок!- деди Азамат тиштенип.

– А балким уурдаган акчаңдын жарымын береттирсиң, жазаңды жеңилдетебиз...

– Алган эмесмин.

– Ме сага!- колундагы дубинкасы менен жондон ары тартып алды Саке дегени. Азамат жалтактап кетти. “Моюнума албашым керек” деди ичинен.

– Жакшы сөз түшүнбөйт булар, колун аркага кылчы мунун,- Саке дегени көзү кызарып жиндеп чыкты. Адамды кыйноо мунун жумушу болуп калган өңдүү. Арыдагы шкафтан көк желим баштык алып чыкты. Ушу баштыкты башына кийгизип, эки-үч жолу эсин оодаргандан кийин, каалаган киши каалаган кылмышты моюнуна алып сайрап берет. Бул ыкма канча жолу өзүн актаган. Азыр мынабу көк көз сөлдөйгөн жигит да баарын шурудай тизип айтып берип, күнөөнү моюнуна алат. Кайда бармак эле? Колу аркасына таңылып отургучта отурган Азаматтын башына желим баштыкты кийгизип баштады милиционер...

Андан кийинкиси элес-булас гана эсинде. Улам дем жетпей эс-учун жоготот. Бул азабы аз келгенсип дүңкүлдөтүп тигил экөө сабайт. Бирок баары бир моюнуна албай койду. Кызына эртерээк жолугушу керек. Чыдашы керек...


ххх


Райондук убактылуу кармоочу жайдын абалы да жыргатарлык эмес болчу. Азамат үңкүйүп дубал карап жатат.

– Айназик эмне кылып жатты болду экен?- деди ал өзүнө-өзү. Кызынын жылмайып жатканын элестетти. “Сонун күлчү эле кыткылыктап. Байкушум балдар үйүндө кыйналып жаткандыр. Аз калды, кызым, баары жакшы болот. Сен апаңа барасың... А мен сага бир күнү барам. Сөзсүз барам...”

Денесинин чолоо жери калбай оорутуп жатат. Мындайда аны кызы тууралуу ойлор гана сооротуп жаткандай.


ххх


– Жейгой, кызым...- Айсулуу Айназикке мээрим төгө карады. Кыз кичинекей колдору менен чоң кашыкты эпсиз кармап тамакка киришти. Чоң кашык аны кадимкидей жүдөтүп жиберди.

– А менин кашыгым кайда?

– Кайсы кашыгың?

– Атам сатып бейген кашык. Ак гүлдөйү бай.

Айназиктин оюнчуктары, кийимдеринин баары калып калган болчу.

– Биз сага башка алып беребиз, ээ?

– Мамалак да жок,- кыз кемшеңдеп кайра ыйламакчы болду. Акыркы күндөрдө ал болор-болбос нерсеге ыза боло бермей адат тапты. Акыркы окуялар ага катуу сокку болгон өңдүү.

– Мамалакты да алып беребиз башка... Мына атаң бүгүн барып алып берет, макулбу?

– Кана атам? Качан келет?- кыздын үнү башкача чыкты. Ал чындап эле түш оой атасы келет окшойт деп ойлоп кетти.

– Мына атаң! Бул сенин чыныгы атаң,- Айсулуунун сөздөрүнө Тимур ыңгайсыз болуп кетти. Эмне деши керек?

– Ооба, кызым, мен сенин атаңмын...

–Ы-кы! Менин атам Азамат. Ал чо-оң киши.

– Жок, ал сенин атаң эмес. Ал сени бизден уурдап кеткен. Мына бул сенин атаң? Көрдүңөрбү экөөңөр окшошсуңар,- Айсулуу Тимурга да жагына сүйлөдү.

– Жо-ок. Менин атам башка!

– Ал сенин атаң эмес. Ал сени таштап кетти го. Сенин ага керегиң жок. Ал келбейт болду. Сени таштап кетип калды.

Кыздын көзү жашка толуп чыкты. Көзүн ирмеп жибергенде тунук жаш ылдый кулады. Бул кабар ага катуу тийди. Ишенер-ишенбесин билбей калды. Бирок атасы сөзсүз келем дебеди беле? Баягы мамалак тууралуу жомоктогудай болот дебеди беле?

Айсулуу кызга Азаматты унуттуруунун жолун тапкандай болду. Кызга аны жаман көрсөтүү керек окшойт. А Тимурду жакындатуу керек.


ххх


Сот иштери бүткөнчө чакырганда келип тургула дешкендиктен Бишкектен убактылуу батирге чыгып алган Айсулуу менен Тимур бул күнү Айназикти шаарга алып чыгып ойнотуп келмей болушту. Бирок кыздын сабыры суз болуп, көңүлү ачылбай койду. “Атаң таштап кетти” деген сөз аны кыжалат кылып жаткандай.

Акыры үчөө оюнчук сатчу дүкөнгө келишти.

– Кана айтчы, бул мамалак жактыбы? Ушуну алып берейинби?- Тимур кызга көздөрү тостойгон оюнчукту көрсөттү. А кыз болсо дароо өз мамалагын эстеди. Күрөң, эскирип бараткан, көздөрү муңдуу мамалак. Бирок ал кандай сүйкүмдүү эле. Анан калса ал кызды жакшы көрчү. Ооба, атасы ошентип айтпады беле. Айназикти өзү издеп келген мамалак да ал. Ал сөзсүз келет. Бир күн келип селкинчекке отуруп калат. Атасы да келет. Мамалак жана атасы чогуу келишет. Көрөсүңөр го... Кыз кыялданып кетти.

– Ушуну алалыбы?- Тимур кайтадан кайталады.

– Жок. Менин мамалагым бай.

– Сонун экен го. Ала бербейсиңби?- Айсулуу да сөзгө аралашты.

– Ыкы,- кыз баш чайкады.

– Анда атаң эмне алып берсин? Айтчы. Куурчак, балким?

– Ал менин атам эмес!- кыз чечкиндүү жооп кайтарды. Тимурдун өңү бозоро түштү.


ххх


– Айсулуу, ал мени кабыл албай койсочу?- Тимур шыпты тиктеп сүйлөдү. Бүгүнкү окуядан кийин өзүнө келе элек болчу.

– Бирок ал сенин кызың да. Убактылуу эле го... Акырындап көнөт сага.

– Сага дароо эле көндү. А мени жанына жакын жолотпойт.

– Ал кичинекей да. Сен атасың, сен ага жакканга аракет кыл.

– Биз бири-бирибизге чоочун экенбиз.

– Антип айтпа, суранам! Эми толук кандуу үй-бүлө болгонубузда артка чегинбе. Биз баарын жеңебиз.

Тимур унчукпай калды. Түпөйүл ойлор жеп жатты. “Балким, мен үй-бүлө үчүн жаралган адам эместирмин? Балким, менде аталык сезим жоктур? Болбосо ушу кызды көргөндө кандайдыр бир сезим ойгонуш керек эле го? Көкүрөктө таптакыр эч нерсе болгон жок. Мага чоочун. Айсулуунун курсагындагы төрөлсө кантер экем? Ата боло аламбы деги мен?..”

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Munar8625
2018-06-19 09:28:15
2 2 2 2
+1
Akniet_kg96
2018-06-19 09:33:06
Байкущ кыз кыйналды т
Азаматта кыйналып бутмой болдуго
+3
Miss.erkewka95
2018-06-21 01:28:06
"Бала - төрөгөндүкү эмес, баккандыкы!" деген сөзгө ынанып кеттим... Жаш балага болгон мээрим өзгөчө! Өзүңдүкү эмес болсода, ушунчалык ширин болушат...
Иий эстесем ичим элжирейт (((
0
№ 815, 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан