БИР БҮРКҮМ. БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ УБАГЫНАН ЭРТЕ БЕРИЛИШИ МҮМКҮН...
Парламент жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Транспорт жана жолдор министрлигинде УУРДАЛЫК КЕТКЕН 152 миллион сом артка кайтарылганын билдирди.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Германиянын Халла шаарында "ЖАМИЛЯ" ТАСМАСЫ немис тилинде көрсөтүлдү.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, 551 адам Кыргыз Республикасынын ЖАРАНДЫГЫНАН ЧЫГАРЫЛСА, 342 адам Кыргыз Республикасынын ЖАРАНДЫГЫН АЛДЫ. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, ала качып бараткан кызды милиция бөлүмүндө өлтүрүп, андан соң ӨЗҮНӨ БЫЧАК САЙГАН кылмышка шектүү 12-июнь күнү Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге которулуп, тергөө иштери жүрүп баштады.
Бишкектин Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 1890 чарчы метр болгон жаңы СЕЙИЛБАК АЧЫЛДЫ.
13-июнда Бишкек шаарында топ ойноп жаткан 11 жаштагы баланын үстүнө ФУТБОЛ ДАРБАЗАСЫ КУЛАП, ал каза болду.
Бишкек шаарында үйлөргө ЫСЫК СУУ убагынан эрте берилиши мүмкүн. 15-17-июнь күндөрү түтүктөр текшерилип, кемчиликтер катталбаса, ысык суу убагынан эрте берилет.
Парламент депутаты БОЛОТБЕК ИБРАИМЖАНОВ Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы САПАР ИСАКОВДУ 2 айга камакка алуу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
ТВЕА компаниясы курган "ДАТКА-КЕМИН" ПОДСТАНЦИЯСЫН Эсептөө палатасы менен Башкы прокуратура текшерүүдө.
Буга чейин чет өлкөгө качып кетти делген ички иштер министринин орун басары ДАНИЯР АБДЫКАРОВ Кыргыз жерине кайтып келди. Ал үй-бүлөсү менен Түркияда эс алып келген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.