МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

ххх


Тимур менен Айсулуу кайрадан районго барышты. Бул жолу соттун чечими чыгышы керек. Чечим чыкса, алар кайрадан Орусияга кетишмек. Айсулуунун колунда Айназик алардын кызы экендигин толук далилдеген документтер бар эле.

Сот имаратынын жанында Ырыскан менен Майрамбек турган экен. Айсулуу аларды көрүп чочуп кетти. Азыр уруш башталат деп ойлоду. Жок, Азаматтын эжеси ал тарапты карап да койгон жок.


ххх


Каршы-терши сөздөр айтылды. Сот отуруму өтүп жаткан бөлмө адам деминен кадимкидей ысып чыкты. Отургандардын баарынын көздөрүнөн эмне болуп кетер экен деген түпөйүл суроо анык окулуп турду. Бир гана Азамат бут алдын тиктеп, бул жерде болуп жаткан ызы-чууга таптакыр тиешеси жок адамдай өз ойлору менен алпурушуп жатты. Кызды да алып келишет деп күткөн болчу. Бирок бул тилегин таш капты. Канча күндөн бери кызын бир көрүүгө зар болуп жүрөт.

– Соттолуучуга акыркы сөз берилет. Камчыбек уулу Азамат, акыркы сөзүңүз.

Азамат эки жагын элеңдеп карап алды.

– Мен... Айсулуу, кызымды жакшы кара. Башка айтарым деле жок. Бирок Айназиктин каны меники эмес, атасы башка экендиги мени эч өзгөрткөн жок. Мен аны дале жакшы көрөм. Ал менин кызым,- Айсулуу менен көздөрү чагылыша түштү. Бир кездеги ак никелүү жубайынын көздөрү жек көргөн, ошол эле маалда аяган сыяктуу түшүнүксүз сезимге толуп туруптур.

Сот тез эле чечимин чыгарды. 7 жыл камакта отурууга буюрду. Ырыскан боздоп жатты. Айсулуу менен Тимур “балким, ушуну жөн эле коюш керек беле?” дегендей арсар көз караш менен бири-бирин карап алышты. Алар мынча узак убакытка камалып кетет деп күтүшкөн эмес. Бир гана Азамат өзгөргөн жок, жанагы эле ой баскан калыбында конвойдун алдына түшүп тагдырына баш ийип айдаган жагына жөнөп берди.


ххх


– Ата,- деди кыз күлүп. Сүйүнүп кетти. Атасы анын күрөң мамалагын алып кирип келсе болобу. Бирок кыз аны көздөй чуркаганда атасы Тимур болуп калды.

– Ата-а!- кыз уйкусунан чочуп ойгонду. Атасы ушинтип түшүнө көп кирчү болгон. Айсулуу кызынын кыйкырганын угуп жетип келди.

– Эмне болду, жаным?

Кыз үндөгөн жок. Апасы аны көтөрүп бооруна кысты. Анын жылуу кучагы кызга жагымдуу эле. Колдорун быйтыйтып Айсулуунун моюнуна ороду. Мына бактылуулук. Апасынын ичи элжиреп кетти. Бул экөө Москвага келген күндөн тарта бири-биринен ажыраша элек. Үйдө бала болгондо кадимкидей кол байланып калат тура. Аны караш керек экен. Таштап жумушка чыгып кете албайсың. Анын үстүнө Айсулуу кош бойлуу дагы. Иштебей эле коюуну туура көрдү. Тимур буга баш ийкеп макул болгону менен, жалгыз бир үй-бүлөнү багып кете аламбы деп түпөйүл болуп жүрөт. Кыргызстанга барып келгенден кийин карыздары да бир топ болуп кетти. Айтор, чыныгы түйшүк эми башталганы турат окшойт. Ал түйшүк баштала элек жатып Тимурду чарчатты.


ххх


6 адам баткыдай бөлмө. Керебеттер эки кабат болуп коюлган. Азаматты ушул жакта болосуң деп алып келишти. Адегенде ал босогону аттап кирип келгенде эле бөлмөдөгү 5 адам тең аны тиктеп карап калышты. Ыңгайсыз болуп кетти. Сыз жыттанат.

– Во, салам алейкум,- арык тыржыйган киши жылмая сүйлөдү. А Азаматтын эмнегедир сүйлөгүсү, ал тургай учурашкысы да келген жок. Башын ийкеп гана койду.

– Тилиңди жутуп алгансыңбы?- кара майкечен жигит жактырбагандай сүйлөдү. “Эмнеге сүйлөшүм керек? Сүйлөгүм келген жок. Бир да адамга сүйлөгүм келген жок. Мени жайыма койгулачы!” ичинен ушинтип өзү менен өзү сүйлөштү да сөөмөйү менен оозун көрсөтүп “сүйлөй албайм” дегендей ишарат кылып койду.

– Дудуктарды да соттой башташты. Во, заман,- тыржыйган неме баш чайкап койду. Азамат болсо бош турган акыркы керебетке барып дубалды тиктеп үңкүйүп жатып алды. Баары аны тиктеп эмне кыларын билбей калышты. Адатта “хатага” жаңы кирген немени ортого салып бир сыйра эрмектеп чыгышчу эле. Бул жолу андай ойлору ишке ашпай калды. Азамат кийин деле сүйлөп кеткен жок. Өз ойлору менен гана алпурушуп, өз дүйнөсүнө бекинип алды. Тээ бир убакта ал атасын жоготкондо да дал ушинтип тил-ооздон калган. Таптакыр сүйлөөдөн баш тартып, кийин апасынын мээриминен гана өзүнө келген болчу. Эми болсо апасын жерге берип, кызынан тирүүлөй ажыраган соң эч ким менен сүйлөшүүнү каалаган жок. "Хатадагылар" ага түшүндүрүп беришти, кадимкидей эле кезектешип бөлмөнү жыйнап, тамак жасашат экен. Экөө гана эч нерсе жасабайт. Баягы тыржыйган киши менен жаш жигит. Ал экөө бул бөлмөдө "салмактуу" дешти. Азамат баарына кайыл эле. Бир үн чыгарбай жашап жүрө берди.

Үңкүйүп дайыма маанайы жок, шыбырт чыгарбай тынч жүргөн Азаматка деле башкалары көнүп калышты. Эч ким анын тынчын албайт. Өзү менен өзү гана ичинен сүйлөшүп, адамды тик багып карабай да калды. Бул ага ыңгайлуу болчу. Ал жан дүйнөсүндөгү бороон-чапкынды башкага айтуунун максатын түшүнгөн жок. Башкага жан дүйнөнү ачуунун кажети жок. Башкалар түшүнбөйт... Ал эми сүйлөбөйт. Жок, сүйлөбөйт.


ххх


Убакыт зуулдап өтүп жатты. Күн өткөн сайын курсагы чоңоюп, ай-күнүнө жетип калды.

– Бул жакта ким бар?- кыз апасынын курсагын сөөмөйү менен көрсөтүп сүйлөдү. Ал бул суроого толтура жолу жооп алган. Бирок кайра-кайра эле сурай берет.

– Айназиктин бөбөгү бар,- Айсулуу көнгөн жообун узатты. Кызынын саамайынан жыттап койду. Анан сөз баштамакчы болду. Антпесе болчудай эмес, Айназик жакындан бери Айсулууну апа деп баштаганы менен, Тимурду ата деп атоодон таптакыр баш тартып жатат. Тимур менен кыздын да мамилеси көңүл жылытарлык эмес. Кыз аны жанына жуутпайт, жетелеп алайын десе да колунан кармабай качат. Тимур деле үзүлүп түшүп жакшы көрө албагандай кызды. Балким, ал ата деп баштаса ортолорунда ата-баланын чыныгы мамилеси башталат беле?

– Айнази?

– Мм.

– Сен атаңды жакшы көрөсүңбү?

– Мм,- кыз башын ийкеди.

– Тимур атаңды?- апасы тактап сурады.

– Ы-кы, ал атам эмес. Мен өзүмдүн атамды жакшы көрөм.

– Кайсы?

– Менин Азамат деген атам бар. Ошону жакшы көрөм.

– Бирок ал сени таштап кетпедиби?

– Жок.

– Тимур атаң болсо таштаган жок, сени издеп тапты. Күнүгө таттууларды алып келип жатат. Азамат болсо жок. Кана, ал келет эле го? Жок болуп жатпайбы? Сени жаман көрөт. Ошон үчүн таштап кеткен.

– Жок, ал келет. Сен мамалак жөнүндө жомокту билесиңби?

– Ыя?

Анан Айназик атасы экөөнүн мамалак тууралуу жомогун божурап айтып баштады.

– Бир күнү мамалак келет. Атам да келет,- жомогун айтып бүтүп кыз ишенимдүү сүйлөдү.

– Келбейт,- Айсулуу да чечкиндүү айтты. Ага мамалак тууралуу жомок жаккан жок. Супсак жомоктой сезилди. Кыздын көздөрүнөн Азаматка болгон сагыныч дале окулуп турат. Мына, азыр да өз жомогун айтып жатып "атам келет" дегенде кадимкидей көздөрү жайнай түштү. Айсулуу кайра жол таппай калды. Кантип Азаматты унуттуруу керек? Канткенде Тимур буга ата болот?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
shermamat
2018-06-26 09:13:45
Жакшы чыгарма.бирок акыры Айназик Азамат менен бирге болуп аяктаса экен.Азаматка эле жаман болду бооруп ооруп кетти
+9
Akniet_kg96
2018-06-26 09:29:40
Ова экоо чогу эле калышса экен кудайдан болуп, Азамат байкуш аябай кыйналдыго
+5
Djka
2018-06-26 12:45:28
Shermende dese jakwylyk jarawpagan akmak Timurun i4indegin torolboi jatyp korkup jatat i4indegin torolso nelerdi gana kalat deisin myndailar alsyz erkekter bir uibulonu myktylap baga albai bawyna tuiwuk tuwso tawtap ketet jooptu bolo alywpait myndai ozumchul erkekter bizde kop Azamattyn barkyn bilbei jatasyn Azyr suiuu dep suiuundun arkasynan Jurup ylaiym Azamat korgon tuiwuktu kyiynchylyktardy sen da korup shoorun katsa eken Aisuluu
+3
Saidochka
2018-06-26 19:53:59
Орто жолдо баланы эле кыйнады,сука
+4
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан