МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)


ххх


Азамат адатынча дубал тиктеп ар кайсыны ойлонуп жаткан. Сагыныч жүрөгүн өйкөп улам алсырап баратат. Уйку да качат. Мына ушинтип кээде кирпик какпай таң атырат. Азыр да уктабай жөн гана көзүн жумуп жаткан, капыстан бөлмөнүн ичи калдыр-кулдур этип керебеттердин кагылышкан үнүнө толуп кеткенде чочуп артын карай салды. Баягы тыржыйган арык немени кара майкечен букадай жигит муунтуп жаткан экен. Бөлмөдөгү калгандары эч иштери жоктой, ажыратпай гана карап турушуптур.

– Өлтүрөм мен сени,- букадай жигит жинденип алыптыр. Тиги арык кишинин көзү аңтарылып баратат. Анын ысымы Кадыр болчу. «Хатадагылардын» өз ара сүйлөшүүсүнөн улам анын атын билип калган Азамат. Кадырдын тиги кара майкеченге алы жетмек эмес. Аз убакыт болгондо о дүйнө кете бермек. Бирок Азамат жетип келди. Ортолоруна түшүп ажырата баштады.

– Эй, дудук, жогол азыр,- Азаматты төшүнөн түртүп жиберди. Кекиртеги бошой түшкөн Кадыр терең дем тартып артка кетенчиктеп, тиги жигиттен кутулуунун амалын издеди. Бул учурда жанатан карап тургандардын бири Азаматты көк желкеге муштап жиберди. Калгандары да заматта аралашып кетишти. Азаматка ар кайсы жактан сокку жаап баштады. Бирок жыгылып түшкөн жок. Ал күчтүү болчу. Кара майкечен жигитти түртүп жиберди да, капталдан катылган берки үчөөнүн бирин былч эттире бетке чапты. Тээ баягы айылдан Улан менен мушташкандан бери киши менен чырдаша элек болчу. Азыр эмнегедир көптөн бери көкүрөгүндө уюп жаткан ыза дүүлүктүрүп күч бердиби, айтор, ага катылгандарга катарма-катар жооп берип жинин чыгарып жатты. Бирок баары бир төртөөнө алы жетчүдөй эмес. Улам жабыла калып жатышты.

– Токтогула,- эптеп дем тартып өзүнө келе калган Кадыр жыгач отургуч менен Азаматка алаксый түшкөн майкечен жигитти башка чаап эсин оодарды.

– Канчыктар!- деди анан ал ыза боло.

– Өлтүрөйүн деген экенсиңер да, ээ? Баарың чабыласың. Канчыктар,- шалк этип ортого кулаган кара майкечен жигиттин башынан буту менен басып туруп сүйлөдү Кадыр. Азаматка жабылып жаткан үчөө көздөрү чакчайып туруп калышты.

– Рахмат, дудук,- мурдунан кан жылжып жаткан Азаматка карап сүйлөдү. Ушул жигит болбогондо ичер суусу түгөнмөк.

– Сен болбогондо булар мени жайлашмак экен да. Эч нерсе эмес. «Общакка» кол салгандарды буга чейин да жазалап жүргөнбүз. Тфу, начальник,- бөлмөнүн темир эшигин барып какты.


ххх


Азамат ушул окуядан кийин гана Кадырдын канчалык «салмактуу» экенин туйду. Азамат экөө ошол эле күнү башка «хатага» которулуп, ал жактагылар аларды сый-урмат менен тосуп алышты.

– Мыкты жигит экенсиң,- деди Кадыр отурган соң капкара коюу чайды жутуп жатып.

– Жалпыга тиешелүү мүлккө кол салган туура эмес. Жанагы Маке деген өзү жаза басты. Эми жазасын алат. А сен менин жанымда жүрө бер. Кор болбойсуң. Мен сага карызмын. Карызды төлөп берем. Рахмат, дудук.

«Мен дудук эмесмин» деди Азамат ичинен. Үнүн чыгарбады. Сырын төккүсү келген жок.

– Түшүнүп турам. Сен бул жакка кокустан гана келип калгансың. Көкүрөктө ызаң бар, балким, сагынычпы? Кыскасы, сен кылмышкер эмессиң. Көрүнүп эле турбайбы. Эркиндик көзүңдөн учуп жаткандыр, ээ? Сөзсүз да. Ансыз болчу беле? Мен сага алдын ала убада бербейм, бирок карызды, балким, сага эркиндик берүү менен төлөйм. Аракет кылайын, келиштикпи? Өмүр жана эркиндик. Бир-бирине дал келген эле бартер го дейм. Кандай дейсиң?- Кадыр колун сунду. Азамат анын колун бекем кысты, ооба, эркиндик ага азыр эң керек.


ххх


Тимур көңүлсүз басып келе жатты. Бир чети жумушунан чарчады, бир чети моюнундагы карыздар, бир жагынан андан оолактап качкан кичине кыз. Ооба, ал кыз анын канынан жаралган. Бирок ал ушунчалык курч көздөрү менен карайт. Тим эле Тимурдун ички ойлорунан тарта билип алгандай, ишенбегендей тиктейт. «Жок, сен атам эмессиң» деген эле көз караш. Мындайда Тимур эмне кыларын билбей калат. Себеби анын көкүрөгүндө кызга карата эч кандай сезим жок. Бирок ал бүтүндөй жан дүйнөсү менен ушу кызды жакшы көрүп алган адамдын колунан жулуп келбеди беле? Аталык сүйүүнү бере албаган соң эмнеге алып келди? Айсулуу... Баарын кылган ошол. Аялын күнөөлөдү. «Ээх» деди ичинен. Ичкиси келди. Жалаң кыргыздар отурчу кафе боло турган, ошол жакка жөнөдү.


ххх


Эки бөтөлкө сыра түгөткөндөн кийин Тимурдун денеси балкый түштү. Көйгөйлөр да унутулгандай болду. Анан баягы көкүрөгүндөгү тентектиги ойгонду. Ойлоп көрсө, турмуш деп жүрүп өзүн эркелеткенди да унуткан экен. Канчадан бери көйгөйдүн артынан көйгөй. Эми аз да болсо ошол түйшүктөрдөн алыстагысы келди. Ууга чыккан мергенчидей алды-артын карап алды. Тааныш адам көрүнбөйт. Бирок тигинде ага улам сыра куюп келип жаткан кыз чынында чырайлуу экен.

– Келип коёсузбу?- Тимур кызды кол жаңсап чакырды.

– Оу, угуп жатам,- кыз дароо эле келе калды.

– Мен азыр ойлонуп жатам. Дагы сыра ичсемби же ичпей эле койсомбу?

– Аны өзүңүз билесиз да,- кыз жылмайды.

– Ичпей эле коюшум керек го дейм. Анткени сизди карап алып өтө мас болуп калдым.

– Чоң эле киши экенсиз. Таанышканыңыз жаш баладай. Оригиналдуу нерсе ойлоп табыңызчы?

– Бул өтпөй калдыбы ошондо?

– Мм,- кыз жылмайып башын ийкеди.

"Сиздин апаңызга күйөө бала кереги жок беле?" дегенди да айтышкан да, ээ?

– Ооба, айтышкан. Издениңиз...

– Та-ак, эмне десем? Мен сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам, сиз Нургүл эмессизби?

– Мындайды да айтышкан.

– Анда сиз фантазиясы таптакыр иштебеген жигит менен таанышууну каалайсызбы?

– Ха-ха,- кызга жакты окшойт, каткырып жиберди.

– Фантазиясы иштебеген жигиттин аты ким ошондо?

– Тимур, сиздикичи?

– Биздики Нуржан.

– Нуржан? Мм, кандай сонун ысым. Тимур жана Нуржан, Рамео жана Жульетта дегендей угулат экен.

Кыз каткырып койду.


ххх


– Эмнеге кечээ кеч келдиң?- Айсулуу кыжалат боло сурады.

– Балдар менен жолугуп калдык. Отуруп кеч болуп кетти.

– Тигилер жалгыз коркот деп ойлогон жоксуңбу?

– Кызың бар го жаныңда.

– Кызың? Менин эле кызымбы?

– Уфф, Айка, жөн жерден уруш чыгарып жатасың, суранам, токтотчу!

– Жо-ок, Тимур, баарын баштаган сенсиң, түндө ичип келген да сенсиң.

– Ичкенде сага бир нерсе дедимби?

– Жоопкерчиликтүү болуш керек да, Тимур.

– Айка, токтот! Эмне мага акыл үйрөтөйүн дейсиңби? Антип өктөм сүйлөбө, түшүндүңбү?!

– Жүрө бер анда жыргап.

– Оо, Кудай. Эмне деген немесиң? Болбогон жерден уруш баштайсың. Чын эле тажап кеттим.

«Тажап кеттим» ушул сөздөр Айсулууну чочутуп жиберди. Айназик колуна келсе эле толук кандуу үй-бүлө болобуз, бакытка бөлөнөбүз деп жүрбөдү беле. Ындыны өчө түштү. Бул баягыдай бир күнү тажап кетип калбайбы? Ушинтип ойлоду. Кетсе тиги кызы, курсактагысы менен кантет?

– Эмнеден тажадың? Менденби?

– Үй-жумуш. Жумуш-үй. Келсем сен нааразы. Тигил жактан Айназик жек көрүп карайт. Бул үйдө мен ашыкчамын. Ошондон тажадым. Эркекти үйдү көздөй сүйрөгөн бир нерсе болуш керек. Балким, аялынын жаркылдаган кабагы? Балким, балдарынын сүйүүсү? Айтчы, мен кантип үйгө шашам?

– Анда кет, мына, муну да таштап кет!- Айсулуу курсагын көрсөттү.

– Жок, сен мени түшүнө албайсың.

– Кет ошон үчүн,- Айсулуу жинденип кетти. Бирок бул жолу «кетсе кантем?» деген эмес, «эки баласын таштап кайда кетмек эле?» деген ой жеңип кетти. Жиндене түштү. Тимур ордунан турду да, күрмөсүн кийип эшикти тарс жаап чыгып кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Fortuna1987
2018-07-03 09:11:36
Мен биринчи дегим келген жок.
+5
Munar8625
2018-07-03 09:50:30
бособолду комент жазып жаткандар болсокерек 5 6чы деймби
0
ady-88
2018-07-03 10:36:46
Эми Айсулуу турмуштун эн оор кундорун корот.
+7
Fortuna1987
2018-07-03 11:08:56
Ушул чыгарма жакты. Карапайым эле элдин турмушунан алынган. Эч кандай миллионер, сулууга ашык болгон бай киши и.т.д. жок.
+5
Asel33
2018-07-03 12:55:54
Суперди ачып эле, биринчи ушуну окуйм. Анан калганын шашпаай окуп бүтөм. Кызыктуу го.
+3
Djka
2018-07-04 08:42:51
Timurun Uşu menen eç kelbei koiso eken şoorun katsa eken şoorun
+1
originalkgz96
2018-07-06 09:21:06
Ырас Азамат чыгаткенда
0
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан