Куудул, ырчы, тамада Жеңишбек Айтиевдин үйүндө ымыркай үнү жаңырды. Сүйүнүчү коюнуна батпай 3 уул, 3 кыздын атасы болгон ырчы төмөндөгүлөргө токтолду. «Уулум 1-июль күнү таңкы саат 3кө чукул Ноокат районундагы төрөт үйүндө жарыкка келди. Учурда балам менен апасынын ден соолугу жакшы. Үйүбүздө баланын үнү жаңырып сүйүнүп турган чагыбыз. Ысымын Алиакбар деп койдук»,- дейт куудул. Ымыркайдын өмүрү узун, ден соолугу бекем болуп, атасынан ашкан уул болсун.