МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)


ххх


Тимур төрөтканадан чыгып эле батирин көздөй жөнөдү. Айсулуу Айназикти коңшунукуна калтырганын айткан. Аны алып келип тамактандыруу керек. Айтор, Айсулуу чыкканча Тимур менен Айназик чогуу болушат. Экөөнүн ортосунда ата-балага таандык болгон сезим эми ойгонор бекен?

Коңшунун эшигин какты.

– А сиз Айназикке келдиңизби?- деди коңшу келин сыпайы.

– Ооба.

– Айназик, атаң келди. Чакырып жатат,- батирдин ичинен кызды чакырды. Ал келгенче Тимур тердеп-тепчип кетти. Босогого келип «бул менин атам эмес» деп ызы-чуу салбаса экен деп кыжалат боло түштү. Кудай жалгап, кыз анткен жок. Чоң кишилердей жаңы курбусу Наку менен коштошуп Тимурду ээрчип жөнөдү.

– Курсагың ачтыбы, кызым?- Тимур күнөөлүүдөй сурады, бир кабат ылдый түшүп өзүнүн батирин ачып жатып.

– Жок, каса жедик. А апам кайда?

– Ал «лялька» төрөдү. Аны алып 2-3 күндө келет.

– Вау!- кыздын көздөрү жайнай түштү.

– Ооба, сен бөбөктүү болдуң, атын Байэл койдук.

– Байэл?

– Мм. Сени эртең ал жакка алып барайынбы?

– Ооба,- кыз колдорун өйдө көтөрүп жиберди.

– Эртең алып барам, ээ. Кел, мен сени өөп коёюнчу,- кыз бултуйган бетин тосту. Тимур элжиреп кетти.

– Сен менин кызымсың, ээ?

Кыз бул суроону жоопсуз калтырды. Тыпылдап чуркап жуунуучу бөлмөгө кирип кетти. «Мен колумду жууйм» деп койду ал жооптун ордуна. Бирок ал суу агызуучу кранга жетмек эмес. Тимур аркасынан кирди. Сууну агызып кыздын бойтойгон сүйкүмдүү колдорун жууй баштады. Алаканына салып кыздын колун жууп жатып Тимурдун жүрөгү дагы туйлай түштү. Ушул беле аталык сезим? Элжирей берүү, баланын сүйкүмдүүлүгүнө ичи эзилип жакшы көрүү, бекем-бекем кучактап алгыңды келтирген сезим беле атанын сүйүүсү? Же атанын сүйүүсү жоопкерчиликпи? Жанын аябай күн-түндөп, бала деп аракеттенүүбү? Ага үлгү, жол көрсөткүч болуубу? Жыгылса тургузуп, ыйласа жашын сүртүп чоң турмушка аралаштыруубу? Же атанын сүйүүсү деген өз жашооңду, сүйүүңдү, кызыкчылыктарыңды бала үчүн садага чабуу беле? Тимурда суроо толтура болчу. Кызынын колун жууп, алаканынан өптү да, «сен азамат кызсың» деди маңдайынан өөп. «Азамат кызсың? Жо-ок, Азаматтын кызымын» деп койду ичинен Айназик.


ххх


Түрмөнүн бул бөлмөсүндө уюлдук телефонду ээн-эркин эле колдонушат экен. Кадыр кимдир бирөө менен көпкө чейин сүйлөшүп отурду. Азаматка эркиндик алып берем деген убадасын аткармакчы болуп жүрөт. Тээ кыйладан кийин Азаматтын жанына үшкүрүп отура кетти.

– Айтчы, сен дудук эмессиң да, туурабы?

– ...

– Сен дудук эмессиң. Мен сен жөнүндө баарын сурап билдим. Анда эмнеге сүйлөбөйсүң?- Азаматты тике карады. Жигит аны кайдыгер гана карап турган экен. Көк көздөрүндө муң толтура.

– Башка адам болгондо мен башкача мамиле кылат элем. Өмүрүмдү сактап калганың үчүн гана дудуктун ролун ойноп жатканыңа кайыл болуп турам. Мейли, сүйлөбөсөң сүйлөбө. Сенин мөөнөтүң жакында 3 жылга кыскарат. Мен жакшы жактоочу аркылуу иштерди жасап баштадым. 7 жылга караганда 3 жыл отуруп чыгып кеткениң жакшы эмеспи, туурабы? Мейли, ыраазычылык айтпай эле кой. Бул жөн гана карыздан кутулуу.

Азаматтын жүрөгү бат-баттан согуп жатты. 3 жыл чыдаса чыгат. Анан кызын көрөт. Айназик. Дароо кызынын жылмайып турган элеси көзүнө тартылды. Кандай болуп калды экен? Атасын унутпады бекен? Мамалак тууралуу жомокту эстеп жатабы? Аз калды...


ххх


Эртеси Тимур Айназикти ээрчитип төрөтканага барды. Апасы коридорго алып чыгып шейшепке оролгон кызыл эт баланы кызына көрсөттү.

– Сага окшош бекен?

– Мм.

– Сенин бөбөгүң.

Кыз жылмайып койду. Ал аябай кубанып жатты. Жакшы көрдү чүрпөнү. Дал ушул учурда Айназик Тимурдун канынан жаралган кыз болсо да, анда Азаматтыкына окшош таттуу мүнөздөр бар экенин байкады.


ххх


Ушул эле күнү кечинде Тимур менен Айназик үйдө тамактанып жаткан учурда Нуржандан чалуу келди.

– Чалат болду бекен деп күтсөм кабарсыз кеттиң го?- Нуржан таарынгандай сүйлөдү.

– Мм, бир аз бошобой калдым. Чалайын деп жаткам,- жуунуучу бөлмөгө кирип баратып актангандай сүйлөдү жигит. Айназиктин жанында отуруп сүйлөшкөн кооптуу.

– Анан эмнеге чалган жоксуң?

– Азыр чалмакмын.

– Телефонду албай койгон болсомчу?

– Жумушуңа бармакмын.

– Мен жумушта эмесмин.

– Анда үйүңө бармакмын.

– Анда кел, мен үйдөмүн,- кыз наздана сүйлөдү.

– Жарайт,- жигит чечкиндүү сүйлөдү. Азыр эле аны менен кошо тамактанып жаткан кичинекей кызын таштап кетерин ойлогон жок. Баруу керек. Жүрөгү опколжуп кетти. Нуржанды сагынган экен. Дароо эле Айназикти алдап-соолап коңшу келиндин үйүнө калтырды да, зуу койду.


ххх


Байэл менен Айсулуу төрөтканадан чыгып келишти. Айназиктин кубанычында чек жок. Байэл жаткан жел бешикти улам айланчыктап, анын быйтыйган колдорун суктана карап ичи элжирейт. Бир гана Тимурдун эмоциялары түшүнүксүз. Анын кубанганы же өкүнгөнү белгисиз.

– Мен жокто Айназикти түнү менен кошуна келиндикине таштап каякка бардың?- ашканада отурган Тимурга жубайы тике суроо салды.

– Кайда болмок эле? Уулдуу болдум деп балдар менен майрамдадым.

– Кайсы балдар менен?

– Достор, чогуу иштегендер менен,- Тимур дагы бир алдады. Айсулуу ишенип калды. Күндөр дал ушундай эле улана берди. Бири алдайт, бири ишенет. Бири кете албай кыжалат болуп, экинчиси эч нерседен капарсыз.


ххх


– Сен эмнеге дайыма мага келгенде телефонуңду өчүрүп коёсуң?- Нуржан шектене сүйлөдү.

– Жөн эле эч ким тоскоол болбосун деп.

– Телефонуңду дегеле карматпайсың го.

– А сага анын эмне кереги бар?

– Деги сенин аялың жокпу?

– Жок.

– Анда телефонуңду көрсөтсөң.

– Ой, сен качан чалсаң алып жүрөм го. Аялы бар киши үйүнө барганда телефонун өчүрүп коймок да.

– Билбейм, Москвада бирөөгө ишениш да кыйын.

– Кам санаба, мен сеники элемин. Эч кимим жок,- жигит кызды кучагына алып жатып сүйлөдү. Анан капыстан оюна бир нерсе кылт эткендей «А эгер аялым болсо эмне кыласың?» деди сынай карап.

«Эмне кыласың?» Эмне деген суроо бул? Албетте, жаактан ары чабам. Кайнап жаткан ысык сууну башыңдан ылдый чачып жиберем.

– Таш боорсуң го.

– Анан эмне кылыш керек. Аялы бала-чакасы бар туруп солго баскан эркектерди катуу жазалаш керек.

– Байкуш эркектер.

– Эч кандай байкуш эмес. Жоопкерчилик ала албаган эркек ал эркек эмес. Үй-бүлөсүн таштап башкага кеткендер бүт эркек эмес.

– Бирок сүйүү деген бар да? Адам үй-бүлөсү бар туруп эле кимдир бирөөнү сүйүп калышы мүмкүн. Эмне ал байкуштун сүйүүгө акысы жокпу? Үй-бүлөсү болгон үчүн элеби?

– Жок, акысы жок. Жакшылап ойлонуп үйлөнүү керек болчу.

– Биз кыргыздар гана ушинтебиз. Бири-бирибизди кыйнап сүйүүсүз жашай беребиз. «Эл эмне дейт?» деп өзүбүздү азапка салабыз. Балдарыбыз эмне болот деп өзүбүздү чектейбиз. Сүйүп калуудан коркобуз. Сүйүп калсак жүрөктү кыйнап баарын унутканга аракет кылабыз. Анан өмүр өтүп кетет. Сүйүүсүз өмүр өтүп кетет.

– Эй, сенин чындап эле аялың жокпу?

– Аялымдын бар же жок экени маанилүү эмес. Мен сени сүйөм. Ушул маанилүү.

– Жок-жок, антип айтпа. Мен кимдир бирөөнү атасыз калтыргым келбейт. Ачыгын айт, үй-бүлөлүү болсоң биз эч убакта бир болбойбуз.

– Аялым жок. Биз бир болобуз. Мен сенден эми кетпейм. Куусаң да кетпейм,- Тимурдун жүрөгү сайгылашып кетти. Нуржанды жоготуп алуудан коркуп турду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Zoluwka6666
2018-07-17 09:27:20
1
0
Zoluwka6666
2018-07-17 09:27:33
Биринчи
0
TaalayBekkyzy
2018-07-17 09:33:01
Сөз жок Тимурга!((
+6
asdef
2018-07-17 10:30:01
Экинчи аял кылып ал Нуржанды
+3
originalkgz96
2018-07-17 10:31:52
Чиркин дуйно
+3
Dina.janym
2018-07-17 15:12:19
Эки талдын башын кармап, сууга агып олот эми Тимур!!!
+4
Miss.erkewka95
2018-07-17 16:46:11
Развязкасын элестете албай турамда...
+2
ulua
2018-07-18 02:09:52
Айсулуу эми эки бала мн салбырап Азаматка барат да
+4
aydarken
2018-07-19 19:09:49
Тимур эшшек мыжыгып салгым келет ушундай эркектерди
+1
№ 819, 13-июль -19-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан