МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

ххх


Кадыр “сходка” деп кимдир бирөөлөргө жолугуу үчүн бөлөк хатага кеткен. Азамат ал эмне экенин түшүнгөн деле жок. Баш ооруткан эмес. Тээ бир далайдан кийин гана Кадыр өңү кубарып кирип келгенде ичинен “эмне буга бир нерсе болгонбу?” деп ойлонуп койду. Келип эле өз керебетине кулаган Кадыр шыпты тиктеп бир далайга чейин жатты. Анан Азаматты өз жанына чакырып “иш чатак болуп калды, дудук, акча чечип койду баарын. Өзүңө сак бол” деп жигитти далысынан таптап койду. Куду акыркы сапарга узап бараткан кишидей үмүтсүз сүйлөдү.

Бекер антпептир, ошол түнү Кадырды бир нече саат мурун эле сыйлап, анын айтканын аткарып отурган Азаматтан башка үчөө түндө ага кол салышты. Кыязы "көзүн тазалагыла" деген буйрук келген окшойт. Кадыр коюнунда катып жаткан бычагын алууга да жетишкен жок. Эңгезердей үчөө үч жагынан кармап ныгыра басып туруп эле көкүрөгүн бычак менен бышып ташташты. Кадырдын тырмалаңдап жаткан буту Азаматтын керебетине тийип кеткенде гана уйкуда жаткан Азамат ойгонду. Бирок анда кеч болуп калган. Кадырга ал кезде жардам берүүгө мүмкүн болбой калган болчу. Кыязы Кадыр акыркы деми менен Азаматты ойготуп, өзүңдү корго деп ишарат берген окшойт. Ордунан шапа-шуп тура калган Азамат канга чыланып жаткан Кадырды көрүп көздөрү алайып калды. Жаңы эле аны о дүйнөгө узатып койгон үчөө көк көз жигитти сынай карап, канга боёлгон бычакты Кадырдын жанына таштап салышты. Жигит дендароо. Эмне ойлошту да билбей турду. А тиги үчөө шашпай гана кан болгон кийимдерин чечип, колдорун жууп, керебеттерине барып жайгаша башташты. Бул убакта Кадырдын канга чыланган кейпинен өзүн жоготуп койгон Азамат алайып гана тура берди. Качан гана бешөө жаткан бөлмөнүн эшиги шарак эте ачылып, 2 аскерди ээрчиткен прапорщик кирип келгенде өзүнө келгендей селт этип алды.

– Сыртка,- деди прапорщик Азамат тарапты карай жаңсап. Керебеттерине жайгашып алган үчөө менен бул прапорщиктин ойлору бир окшойт. Бири-бирин үнсүз түшүнүшкөндөй, алдын ала мерчемделгендей... Көлчүк болуп калган канды да, канга чыланып жаткан Кадырды да көрүп таң калышкан жок, сөгүнүшкөн жок. Жөн эле Азаматты алып кетүү үчүн келишкендей. Мына ушул учурда гана Азаматка жетти. Кадырдын өлүмүн буга илгени калышты. Киши өлтүргүч жасаганы калышты андан. Кулагы чуулдап чыкты. Айназик... Биринчи эле көз алдына кызы тартылды. Эми аны качан көрөт? Эки аскер анын колун толгоп, сыртка сүйрөп жөнөштү. Эми эмне кылат? Кызына кантип жетет? Бүтпөгөн суроолор мээсине кадалып, жооп таппай баратты.


ххх


– Эмне өлтүрдүң аны?- көк көздөрүнө муң толуп турган жигитке тергөөчү өктөм үн катты. Үн-сөз жок. Бет алдын карап турган жигит дүлөй-дудук сымал тура берди. Андан кийин тергөөчү канча суроо узатты, канча сүйлөдү, бир да жооп ала алган жок. Коркутуп да көрдү, чаап да көрдү. Жок, сүйлөй турган эмес. Бирок тергөөчү мындайдын далайын көргөн, калп эле анткорлоно беришет. Жанын көзүнө көрсөтсөң анан сайрап башташат. Азапты бериш керек буларга, анан жаңгактай чагылып ичиндегисин төгүшөт ошондо. Ушинтип ойлонду тергөөчү. Бирок ал анын бет маңдайында саамайы сеңселген, күнөөсүз капкара бакырайган көздөрү бар, жылмайганы ааламды жылыта алчу, кичинекей болсо да кенен жана жароокер жүрөктүү, баарынан да атасына эң сүйкүмдүү, эң жагымдуу көрүнгөн Айназик аттуу кыз үчүн баарына чыдап, баарына түтүп, баарына кайыл болуп коюуга эрки жеткен ата турганын сезген жок. Бул атанын демин, бул атанын эркин өлүмдөн башка эч ким сындыра алмак эмес. Тергөөчү муну туя албады. Ал дудукту сүйлөтөм деп өжөрлөнө берди. Сабап сүйлөтөм деп жатып өлтүрүп алам го деп корккон да жок. А ата болсо өлүм менен бет келишип жатып да, кызы менен жолукчу күндү, аны менен кучакташчу күндү кыялдана берди. Бул кыялдар анын азабын жеңилдетип жатты.


ххх


– Эй, энең. Мээңер ордундабы силердин? Мага дудукту алып келген турбайсыңарбы. Кантип анын моюнуна илем?

– Дудук эмес, сүйлөйт,- телефондун ары жагынан баягы прапорщиктин үнү чыкты.

– 6 сааттан бери алышып отурам. Кана сүйлөгөнү? Билесиңби, дудукту суракка алганым билинсе эмне болорун?

– Сүйлөйт деп жатам го. Түрмөгө келгенче сүйлөп жүргөн.

– Түрмөдөн бир нерсе болуп сүйлөбөй калган болсочу?

– Эми аны ким билет дейсиң? Каалаганыңды кылсаң болот го, эй. Сени укмуш неме экен деп жүрсө. Өзүң эле жазып туруп кол койдуруп ал да.

– А анын баары билинип калса мен өлдүм да.

– Койчу, далай иш эле ушинтип бүтүп жүрбөдү беле. Эмне эле болуп жатасың?- жоопту күтпөй телефонду коюп салды тиги прапорщик. Тергөөчү шалдая отургучуна кулады. Кандай кылса экен? Маңдайында ур-тепкиден ар кайсы жери шишип чыккан, алы кетип кулайын деп жыгач отургучта эптеп отурган жигитти карады. Деги бул акыры бир нерсе айтабы? Моюнуна алабы? Кантип ушунча азапка чыдап жатат бул? Кантип? Сүйлөй алган киши баятан бери жок дегенде апа деп бир кыйкырат эле го. Мунуңдан онтогондон башка үн чыккан жок. Дудук бул чын эле. Эгер дудукту суракка алганы билинсе анда иштин баары өлдү. Бирок дудук кимге айтмак эле?


ххх


Азаматтын көрбөгөн азабы калган жок. Акыр аягында ага бардык ишти чүргөп салмакчы болгондордун айлалары кетип калды. Аны моюнуна алдыра албай коюшту. Сотко жетсе иш чатак болгону калды. Ишти токтотуп салышты да, дудук жигитти кайра баягы бир кезде Кадыр менен отурган бөлмөлөш зектерге кошуп салышты. Маке деген Кадырды өлтүрткөн, акчанын күчүнө салып суудан кургак чыгып кеткен неме дудуктун тагдырын өзү чечмей болгон өңдүү.

– Келиптирсиң,- деди Маке аны шылдыңдай карап. А Азамат болсо дароо бөлмөдө канча адам бар экенин санай баштады. Макени кошкондо үчөө. Алы кетип турган. Бирок азыр булар кол салчу болсо жооп кайтарыш керек.

– Кадырдын акыбалын көрдүң. Мен кекчилмин. Кегимди алмайынча моокумум канбайт. Сенде да кегим бар, билесиң. Жашайм деп ойлобо. Ордуң ошол жерде,- босого тарапка кол жаңсады.

Азамат жылмайып койду. Ал дапдаана эле Макенин алсыздыгын көрдү. Көкүрөгүндө эч нерсе жок, мыкаачы, кекчил, алсыз адам турду жигиттин алдында. Мындайларда өзөк болбойт. Дароо сынып беришет. Дудуктун жылмайганы Макени кыжырдантып жиберди. Ал буга түн бир оокумда баары тынчыганда кол салмак. Өзүн араң кармап калды. Бирок Азамат аны жөөлөп өтүп өз керебетине барып жатып алганда жаны чыгып кетчүдөй көздөрү кызарып ачуусун кармай албай калды.

– Жанын сууруп алгыла!- деди Маке жанындагы экөөнө. Алар сыйлаган Макени тоготпой төргө өтүп кеткен немеден тигилер да сестенип калышыптыр. Даай албай туруп калышты. Үчөөлөсө алы жетсе керек? Маке да ага жардамдаша турган экөө да ушинтип ойлошту. Бирок алар да баягы тергөөчү өңдүү кызына жетем дегенде ак эткенден так этип бардык азапты көтөрүп, бардык кыйынчылыкты кызын бир көрүү үчүн эле көтөрүп коё ала турган бөтөнчө эрктүү ата турганын сезишкен жок. Ооба, аны дудук дешет, буга чейин зөөкүр дешкен. Бирок анда суктанта турган аталык сапат бар экенин апасынан, кызынан башка эч ким билчү эмес. Көк көз жигиттеги бул аталык сапатты кызматына чиренген тергөөчү, чыккынчылыкка, саткынчылыкка таянган баягы прапорщик жана бул көкүрөгүндө кымындай адамдык сапаты жок 3 зек жеңе алмак эмес. Маке менен жанындагы экөө Азаматка жабыла калышты.


ххх


Улуп-уңшуп онтогон үндөрдөн улам күзөтчү шашып келип эшикти ачты. Бөлмөнүн төрүндө бети-башы тытылган баягы дудук жигит чарчап-чаалыккан кишидей эч нерседен капарсыз уктап жатыптыр. Андан берегиректе тизеси тескери кайрылып бирөө жатат, кыязы сынган окшойт. Анын жанында эле эс-учун жоготуп, шылкыйып моюну кыйшайып дагы бирөө телтейип жатат. Баарынан да күзөтчү эшик тараптагы бурчта колунун манжаларынын ар бири сындырылып, ал сынган манжалар дарактын бутактары сымал ар кайсы тарапка кайрылып калган Макенин колдорун көрүп жүрөгү үшүп кетти. Мунун баарын тиги төрдө жаткан жигит кылганы дароо эле байкалды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
ikitaidesu
2018-07-24 09:13:41
Ыйлайын десем жумушта отурам, Айсулуу жакшылык көрбөй кал. Мынча кор кылдың Азаматты
+9
guli-1980
2018-07-24 12:04:43
ikitaidesu,мен Айсулуунун досун каргап келем. Жок жерден боюнда бар досуна уйлондургон
0
Zoluwka6666
2018-07-24 09:19:13
Биринчи
-3
Marjan90
2018-07-24 09:40:32
Бактысыз кылганы аз келгенсип, Айгеримдин мынчалык кордука таштап койгону ичимди ачыштырып атат.
+3
Fortuna1987
2018-07-24 10:50:31
Marjan90,
Айгерим эмес Айсулуу.
0
DUNI
2018-07-24 09:51:28
Айсулуунун женил ойлуулугун Азамат тартып жатат.. Бала тапкандыкы эмес баккандыкы экенда. бечара Азамат
+2
yylkan
2018-07-24 11:56:15
Бир жума күткөнүң аз келгенсип аз эле жазып койосуздарда
+3
Girl1996
2018-07-24 12:03:43
Bala tapkandyky emes, bakkandyky dep oilogom men dele.Birok, kancha konul koiup karasan da tapkan adamdar alyp koiushat eken. Biz Azamattar bolso ushundai korduk korup gana kala beret ekenbiz. Jashoobuz buzulup, jurogubuzdo arman paida bolup, yilap gana kala berebiz
0
Potriot.KGstan
2018-07-24 12:09:06
Энен Айсуулу барына сен кунолусун...
+2
Ayjan.Akyl
2018-07-24 13:26:29
Айсулуу акылына кирип Азамат экоо чогуу болушса керек эми .Тимур эки баласына карабай таштаганы турат .Турмуш озу кино деген чында .
-1
joodar1202
2018-07-24 14:42:56
Отто кызыктуу маанилуу буттпой еле койсун
0
babi92
2018-07-24 17:17:13
Жашоодо да Азаматтай жигиттер бар бекен озу
0
Leksys570
2018-07-24 18:57:59
Аздан жазып жатасыздар го кобуроок жазса болобу?
0
aqua-94mema
2018-07-24 23:03:01
Фантастика болуп кеттиго
0
Djka
2018-07-25 15:10:18
Adam balasy Jaman myka4y kelet jadakalsa oz elin oz jerin oz bir tuuganyn ata enesin ai9bastan olturup jatat kudaidan korkuwpagandar kan4a astafirallah uwunun baaryn kino ozu korsotup beret anan an4a myn4a kyzuu kanduular uironup alyp Jaman taw boorluk jaka baryp jatywat akyreti oilop koigon biri da jok
0
ErkinbekovMika
2018-07-29 00:16:18
Уландысы качан чыгат?
0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан