Кызсайкал Бөрүбаева, ырчы: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ ТААРЫНЫШЫП ЖҮРӨБҮЗ»

Чыгармачыл үй-бүлөнүн катарында Бөрүбаевдер да бар. Өзүңөр билгендей, Кабыл Бөрүбаев элге куудул катары таанылса, балдары – Эрнест куудул, ырчы, тамада. Мажит болсо ырчы. Агаларынан кем калышпай Кызсайкал сахнага алты жашынан аттанып, "Апакем", "Балалык", "Достор" деген ырлары менен угармандардын эсинде калды. Бир кездеги кичинекей ырчы кыз бойго жетип, мектепти бүтүп эле 2017-жылы жайында турмушка чыккан. Бирок учурда «кыздуу болгондон кийин жолдошу менен ажырашып кетиптир» деген, сөздөр айтылып жатат. Ал сөздөрдүн чындыгы канчалык, өзү айтып берди.

– Кандайсың, Кызсайкал? Кызың менен сүрөттөрүңдү интернетке жүктөп каласың, чоңоюп калыптыр. Кечээ эле төрөлгөндөй болду эле, канча айга толдуңар?

– Жакшы, рахмат. Кызым Альфия азыр 4 айга толду, мурун кичинекей болгондуктан интернетке сүрөттөрүн жүктөчү эмесмин. Азыр көзгө көрүнүп, кылык-жоругу чыга баштаганда ар бир мүнөтүн сүрөткө тартып, досторум менен бөлүшкүм келди. Үйдө Мажит байкемдин да кызы бар. Экөө азыртан эле жакын, бири-бири менен үн салышып калышат. Экөө баарыбыздын эрмегибиз. Менин туугандарым «кызың сага окшош» деп калышат. Бирок мен өзүмө эч окшоштура албайм. Атасынын кичине кезиндеги сүрөтүн көргөм да, ошого аябай окшош. Кээде туруп, «бир аз өзүмө окшоштуруп алсам эмне?» деп калам.

– Өзүңдүн баракчаңдагы постторуңдан улам сурагым келди. «Кызым экөөбүз бир келген жашообузду эч кимге тебелетпейбиз» деп жаздың, эмне болду?

– Ооба, ошентип жазгам. Аны менин билдирүүлөрүмдүн алдына негатив жазгандарга карата жазгам. Кызым менен түшкөн сүрөттөрүмдү жүктөсөм менин жеке жашоомо чейин аралашып, акыл үйрөтүп, адамды капа кылчу сөздөрдү жазып жиберишет. Учурда жолдошум менен таарынышып жүрөм. Ага карата да бир топ маанай түшүргөн пикирлерди жазышты. Эне болгондон кийин сездим, ар бир эне баласы үчүн баарына даяр болот экен.

– Балким, бул убактылуу таарынышуудур, элдешсеңер керек, атасы кызын келип көрүп жатабы?

– Ооба, туура айтасыз. Мен деле бул убактылуу таарынышуу деп жатам. Ар бир үйдө казан-аяк кагышат да. Эртең эмне болот, аны убакыт көрсөтөт. Азыр ата-энемдин үйүндөмүн. Атасы үйгө келип кызын көрүп турат, кызын аябай жакшы көрөт.

– Мектепти бүтүп эле турмушка чыгып кеттиң, өкүнүп калган жоксуңбу?

– Жок, өкүнгөн жокмун. Ал менин каалоом менен болду. Менин биринчи максатым – окуу же ырчылык карьерамды улантуу эмес, турмушка чыгуу болчу. Жакшы жигитке турмушка чыктым, кыздуу болдум, эч нерсеге өкүнбөйм.

– «Келин кетпесин, кыз келбесин» деп коюшат го, таарынып келгениңде ата-энең эмне дешти?

– Таарынышып кеткенибизге 2-3 ай болду. Атам негизи тартипке бекем киши. «Турмушка чыктыңбы, чыда, келбе» деп көп айтчу. Ошондуктан үйгө баргандан коркчумун. Бул сапар барууга туура келди. Барганымда «эмне болду?» деди, баарын түшүндүрүп берсем эч нерсе дей алган жок. Биздин үй-бүлө шаңдуу үй-бүлө. Кичине эле маанайым чөгө баштаса Мажит байкем күлдүрүп баштайт.

– Жолдошуң чыгармачылыкты улантышыңа каршы эмес беле?

– Жолдошум чыгармачылыгыма өтө каршы болчу. Үйлөнүп жатканда да «чыгармачылыгыңды таштайсыңбы?» деп туруп алган. Мен үчүн чынында биринчи орунда ырдоо эмес, үй-бүлө. Жолдошумдун айтканынан чыкпай, анын сунуштарын эки кылган жокмун. Хиджаб кийдим, өзүңөр көргөндөй. Албетте, ал жолдошумдун сунушу, бирок өзүмдүн да каалоом бар болчу. Турмушка чыга электе ата-энем каршы болушчу, турмушка чыккандан кийин кийсем алар эч нерсе дешкен жок.

– Ырдоону, сахнаны сагынасыңбы?

– Сахнада ырдагандарымды көрүп алып кадимкидей сагынам. Микрофонум бар. Аны кайын сиңдим белек кылган. Үйдө эч ким жокто караокеде ырдайм. Чынында мурда үйдө жалгыз калганда анда-санда ырдасам, акыркы күндөрү көп ырдачу болдум эмнегедир.

– Келин болгону ата-эне менен чогуу турдуңарбы же бөлүндүңөр беле?

– Келиндик доор кызыктуу экен. Ата-энебиз менен чогуу турчубуз. Кайын журтум Алайдан. Чоң кайненемдин көп сөздөрүн түшүнбөй калчумун. Бирок билгизбей «ии» деп койчумун. Менин анымды билип алган жолдошум ого бетер шылдыңдап ар түрдүү сөздөрдү айта берчү.

– Турмуш көрдүң, эне болдуң дегендей, мурунку Сайкал менен азыркы Сайкалдын эмне айырмасы бар?

– Мурунку Сайкал менен азыркынын айырмасы асман менен жердей. Мурун балмуздак, шоколад жесем, анан Мажит байкем менен урушсам, кыскасы, ушундай эле тема менен жашачумун. Башкача айтканда, бала экем. Азыр иштешим керек, кызымды багышым керек деп ойлоном.

– Келечек пландарың менен бөлүшө кетпейсиңби?

– Алдыма аябай чоң пландарды койдум. Атайын курстарды окуп, анан сулуулук салон ачкам. Азыр ошол салондун филиалдарын аймактарга ачууну пландадым. Негизи аябай кыялкечмин. Кыялдана берип, алдыма өтө көп план коюп алам, аягында «эмне пландарым бар эле?» деп унутуп да калам.

– Сүйүүгө аныктамаң кандай?

– Сүйүү айттырбай, кабар бербей туруп келчү жагымдуу сезим. Айрымдар «сүйүүдөн көңүлүм калды» дешет, бул туура эмес. Анткени бир күнү ал сезим келсе, «көңүлүм калды» деп жаткан адам кантип көзү тумандап калганын билбей калат. Жолдошум экөөбүз дагы деле бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Балалуу болгондон кийин сүйүү балага да бөлүнөт деп коюшат го. Чынында ошондой экен, жолдошума болгон сүйүүм учурда кызыма да бөлүндү.

– Азыр бала менен үйдө элесиңби?

– Азыр үйдө деле отурбай элемин. Эртең менен салонго кетем, кечинде келем. Кызымды жаныма алып алам. Иште кызым экөөбүздүн бир бөлмөбүз бар. Апам да жанымда болот.

– Рахмат маегиңе, бактылуу бол!


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
engel
2018-07-24 11:00:10
Куйоосун бир клиптен коргондой болуп жатам....же адашып жатамбы?
Ото жаш деле турмуш курган туура эмес окуп,эки жакты коруп анан деле уйлонсо жетишет да
0
HanTegin
2018-07-24 15:14:17
engel,ооба ошол бала окшойт Айгул Чалованын клибинде,анан Мажиттин Карындашым деген клибинде
+2
azusha2017
2018-07-24 12:38:09
Жаштар оздору билет дей бербей кээде ата эне кой ай деп койсо турмуш бекем болот ата эненин тилин кантип угушпасын
+10
nur...nur.
2018-07-24 15:04:25
Ырдагандан кору уй булонду тандачы карындашым ширин кызын бар экен атасыз кылбай
+3
bema_bema
2018-07-24 15:24:24
Жаш болсо да аябай токтоо маек бериптир,ажыраштым деп эле жолдошун шыбап жамандап салса керек деп кирдим эле)))
+7
Jazdyn_tany
2018-07-24 16:27:35
Инстадагы баракчасы кандай аталат? Издесем эле фан.баракчалар чыгат го...
-1
mela
2018-07-27 11:00:29
Jazdyn_tany,kabylova_studio
+1
bibi87
2018-07-24 16:49:54
Таарынышып журобуз деп, элдин баарына жар салбай эле койбойсунбу, интервьдан алыс эле болчу. Биринчи орунда уйбуло болсо, ошол уйбулондун камын кор да,жаны ырынды жаздырам деп таарынышкан окшойсунар,. Эми элдешсенер элдештим деп дагы чыгасын
+1
jumaev0084
2018-07-24 19:02:45
Суллуго
0
Pandora
2018-07-24 23:20:45
Уй-було болгондон кийин,таарынышат,жазылышат тим более силер ото жашсынар,озунордун ортонордогу мамилени суутуп,кайын жур ундун жинин келтирип жар салбай эле койсон болмок эле.Жашоо алдында,мындай майда барат таарынычтар коп болот,кетип калдыс,келип алдым деп жар салбац эле койгулачы жаштар.
+1
Benazir08
2018-07-25 11:01:39
Бул жерде Эргистин ата энесинин куноосу бар окшойт дааа..... Экон жакшы эле экенсин кызыны коргону барганда жакшына суйлршуп жарашып алгыла. Не кереги бар Эрнис башынан аял алып аныг талгагына чыдап кайра балалуу болуп? Мына эле Сайкал мн жараш да баарын кечиришип тиргиликти уланта бер
+1
nurhan2702
2018-07-25 11:37:55
Оронгон аялдардын кашына татуаж,жасалма кирпик жасатканы туура эмес деп ойлойм. Эмнеси болсо да кызынды ойлоп жарашкыла
+3
meni_kut
2018-07-25 15:10:28
nurhan2702,не только оронгон,оронбогондорго да болбойт
-1
momuntay
2018-07-25 16:05:38
Эркек чечкиндуу болуш керек. Кызынды оксутпойун десен жараш Эрнист. Сайкал жакшы кыз. Аялдардагы до родовая после родовая депрессияны тушунушпойт да ушу эркектер аттин. Жарашкыла батыраак
+6
gera.adk
2018-07-26 00:30:59
Кеп жашта эмес, адамдын өзүндө. Мисалы 97 чи жылкы таанышым 18 жашында үйлөнгөн. 4 жыл болду, экинчисин төрөйүн деп калды. Адам чыдамкай болуш керек. Турмуш оңой эмес. Мен буларды жамандаган жокмун. Мисал келтирдим
+3
mir85
2018-07-26 20:24:27
Жолдошу жакшы эле баладай көрүнөт экен. Жарашып алгыла балаңар бар экен! Жашсын баары бир турмуш курушуң керек,ал эми экинчи турмуш аябай кыйын...кызың эртең эле эч жерге батпай калат. Ар бир бала өз ата энеси менен болгону жакшы. Турмуштун ысык суугуна чыдаш керек!
+2
mela
2018-07-27 11:01:54
Куйоосу керсейген,мен сулуумун дегендей корунот.Мажит да куйоо баласын бир да жолу мактаган жок...
+3
fanatka19
2018-07-29 11:05:28
чыгармачылыгыгды тышта деди дейт го эмне болгон чыгармачылыгы бар эле?))
+1
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан