АНЖЕЛИКА МУРУНКУ КҮЙӨӨСҮ УРМАТ БЕКБОЛИЕВГЕ НААРАЗЫЧЫЛЫГЫН БИЛДИРДИ

Ырчы Анжелика социалдык тармактардын бириндеги өзүнүн расмий баракчасына мурунку күйөөсү Урмат Бекболиевге карата нааразычылыгын жазды.

– Мурун "эркек айтты, эркек аткарды" деген сөз бар эле. Азыр болсо аял айтып, өз сөзүнө турган заман келди. Ажырашкандан кийин көп жылдар бою ишенип келген адамымды мурункудан да жакшы, чыныгы жүзүн билип жатам. Мен, менин кыздарым жарым жылдан бери бул нерсени жон терибиз менен сезип келе жатабыз. Анткени биздин камкор атабыз (элдин баары ошентип ойлошот) кыздары кантип жашап жатат, кызыкпайт. Аталык милдетин аткарбайт. Кээде кыздардын суранычын такыр эле аткарбай, көз жаздымда калтырат. Бул жерде үй, унаа, билим алуу (анткени биз буларга үмүт деле кылбайбыз) сыяктуу олуттуу маселелер тууралуу сөз козголбой эле. Маселе анын таптакыр кыздарынын жашоосуна кызыкпай, аралашпай жатканында. Ажырашуудан кийин жок дегенде балдарды бутуна тургузуу тууралуу ойлонот деген үмүт бар болчу. Эч нерсе өзгөргөн жок, мурда кандай болсо, ошол боюнча калды. Ошондуктан, кыздар, өзүңөргө гана ишенгиле!- деп жазган ырчы өз баракчасына.

Ырчы бул билдирүүсүнө чейин кайненеси, Урматтын апасы, кыздарынын чоң энеси каза болгонун жана кыздары менен зыйнатына катышып келгенин жазган эле.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (60)
Alicia
2018-08-08 00:35:05
Урматтын апасы каза болгонго эч канча убакыт ото элек ко? ХХХ ХХХ Кичине адамдык сапат да болуш керек да?
+5
admin_media
2018-08-08 10:58:15
Alicia, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз! Билдирүү түзөтүлдү!
0
JYRT
2018-08-08 07:24:17
Эми эмне кереги бар ушундай былжырыраган маалыматтарды берип Сенин уйбулоно окшош жашагандар Эми миндеп саналат Тим эле жума сайын чыуанды адат кылып алгансы тушунбойм эмне кереги бар супер инфо айткылачы мындай жашоодо жашагандар уй було толтура Аман эле болсун ошол Анжелика...
+4
barakcha
2018-08-08 10:40:47
Жигиттерин акча бербей койдубу?Кимге ишенип ажыраштын эле?хаааа...Урматты жайына кой эми.
+3
mela
2018-08-08 11:11:15
Жашоо бумеранг!!!Азыр бат эле кайтат экен...
0
altyshka_23
2018-08-08 11:43:26
Сага салондорду ачып сени адам кылган Урматко
+4
altyshka_23
2018-08-08 11:44:29
Куйоондо бар байлыктын баарын алдында анан ажырашам деп чыктын
+4
adiaza
2018-08-08 11:46:59
Кече эле мен деле акчаны укмуш табам урматка караганда озумду озум каржылайм деп жазды эле го. Ушул кишини элдерге жаман корсоткон жагынан соз жок экен, Анжелика менен урушпаган киши калбай калды окшойт
+1
naki_83
2018-08-08 23:54:48
Бироону жаман дегим келген жок,бирок мурунку интервьюларында мага акча деле бербечу кундо нанга 100сом таштап койчу мунун баары озумдун талыкпаган эмгегим деди эле.Эми кадыры билинип аткандыр. Мен ошондо тан калчумун Урмат тапкан акчасын каякка жумшайт? Деп.Урматты жеке ишкер деп билем.Урмат чыныгы кыргыздын мырзасы экен.Унчукпай келген.Кайненендин арбагын сыйласа болмокпу деймда.
+5
Meken28
2018-08-09 09:29:16
Bul bir interview sunda men jash turmushka chyjtym,ushuncha balaluu bolup kaldym,keebir meni mn tender ali turmushka chygaelek degen bolchu,adam erte turmushka chygaby je kechpi,negizi baktyluu bolsun
+1
Jakjakynas
2018-08-09 13:31:12
Сабырдуу бол Анжелика суперге же башка жака эч нерсе дебей, эч нерсе жазбай койчу ичине кат сырды. Кооп жыл эл козуно корунбой эле дегеним ырдап эле интервю бербей эле койчу. Ошондо сагынышат баары. Сабыр тубу сары алтын. Сен али бактылуу болосун.
-5
aruuzat88
2018-08-10 10:33:32
Ойунарга келгенин оттой берет экенсинер да,бироонун турмушуна башынарды ХХХ ХХХ...Бироону ушактатып эле койсо....
-3
admin_media
2018-08-10 11:11:03
aruuzat88,коомдук адпке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Билдирүү түзөтүлдү!
+2
nur007mir009kg
2018-08-10 23:44:54
Бул кыз өзү такыр эле гезит бетинен түшкүсү келбейт окшойт. Жаманын да жакшысын да элге жарыялап. Ээриң жаман болсо, эч ким сага жакшы ээрин бербейт. Андан көрө жарашып бир гезит бетине чыгып кой да, токтот ошол бойдон. Тынч сабыр кылып, чыдаап жаша. Баарык эле эркек ошондой. Аял заты чыдаш керек. Балдарың үчүн да эркектин баардык кылыгына чыдашың керек. Эгер эстүү болсо. Тилиңи тишиңе катып жаша. Рас чыдабадыңбы, анда өз тиргилигиңди өзүң кыл ээриңден акча үмүт кылбай.
+2
Taalaibek.
2018-08-11 15:03:31
Эринди сыласан эшикте калбайсын. Эшикте калгандай арманынды айттын го.
+2
AKCAHAT
2018-08-13 17:15:38
Урмат ото акылдуу, сабырдуу эркек экен. Урмат мырза уйлонуп бактысын тапса Кыргызстандын жарымынын кобу суйунот болуш керек. Апасынын жаткан жери жайлуу болсун. Жок дегенде ошол окуя учурунда жон турса болмок. Акылсыз экенин 100чу жолу ырастады.
+2
admin_media
2018-08-13 18:15:19
Nur777,AKCAHAT, темадан алыс билдирүү калтырууга тыюу салынган.
0
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан