МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

ххх

– Биз эмне кылабыз, айтпайсыңбы?- Айсулуу жиндене сүйлөдү. Оюна койсо Тимур ушул бойдон унчукпай жүрө бере турган.

– Эмнени эмне кылабыз?

– Жашайбызбы же жашабайбызбы? Айт бир жообуңду. Балдарыңды дагы жетим калтырасыңбы? Же дагы бир аялды биздин үстүбүзгө кошуп аласыңбы? Айт!

– Айсулуу, сен дагы уруш баштаганы жатасыңбы?

– Демек, мен күнөөлүмүн, ээ? Дагы эле мен. Баарын мен баштайм. А ойнош күткөн ким? Үй-бүлөсүн чанып, башканын коюнунда жаткан ким?

– Мен. Анан эмне, кет дейсиңби? Кетейин. Бирок экөөбүз тең балдар үчүн жашашыбыз керек экенин түшүнүп эле жатпайбызбы, туурабы? Же сен эмне, мени сенин жаныңда тургусу келет деп ойлойсуңбу? Жок, мен сени сүйбөйм. Сен мен үчүн таптакыр чоочун адамсың. Бирок балдар үчүн жашашыбыз керек да.

– Балдар сенсиз да чоңоёт, жогол!

– Э-эх, Айка, кандай түшүнбөйсүң? Биз экөөбүз эми жипсиз байланган кишилербиз. Турмуш бизди “эл эмне дейт, балдар эмне болот?” деген нерселер менен чиелеп байлап салган. Болду, биз бошоно албайбыз. Биз эми эч кимди сүйбөшүбүз керек. Сүйгөнгө да укугубуз жок. Биздейлер толтура. Сүйүүсүз эле жашап жаткандар толтура. Кам санаба, биз жалгыз эмеспиз. Көпчүлүк үй-бүлөлөр таарынычтарын жутуп, бактылуу үй-бүлөнүн ролун ойноп жашап келе жатышат.

– Акмак, дагы сүйүү жөнүндө сүйлөйт. Билесиңби, мына, мен сени сүйүп артыңдан темтейип ээрчип Москвага келдим. Сен сүйүү жөнүндө сүйлөбө. Баарын тебелеп-тепсеп туруп сүйүү жөнүндө сүйлөбө.

– А мен сени кел дедим беле? Жашай бербейт белең ошол зөөкүрүң менен.

– Ошол зөөкүр сага караганда 10 эсе өйдө адам болгон экен.

– Ооба, сонун адам болгон үчүн түрмөдө отурбайбы. Аны түрмөгө отургузган адам да сонун адам.

– Акмак, жогол!

– Койчу, Айка. Мен кетем, бир жумадан кийин жалдырап чакырасың. “Балдар үчүн жашайлы” дейсиң. Калп эле кыйкырышып эмне кылабыз? Балдар үчүн жашайлы, ызы-чуу салбай эле.

– Жогол деп жатам.

Тимур күрмөсүн кийип сыртка чыгып кетти. Ошол бойдон ал бир жума барбай койду. Туура эле айткан экен. Ачуусу тараган Айсулуу кайрадан кечирим сурап, Тимурду чакырып алды. Балдар үчүн жашайлы деди. Күндөр баягыдай эле биринен сала бири өтө берди.

ххх

Нуржан менен көрүшө элегине көп болуп кетти. Бул арада Тимур кадимкидей өңдөн азып кетти. Кыз иштеген жерин да, жашаган жерин да которуп кетиптир. Жигит аны таба албай бушайман. Убакыттын өтүшү менен Айсулуу экөө да кеп-сөзгө келип калышты. Ырас, Айсулуу ичинде Тимурга таарынганы менен, ошол ызасын күч менен басып, күйөөсүнүн чыккынчылыгына көз жумуп жүрөт. Антпеcке аргасы барбы? Бир эсе ал өзүн “үй-бүлөлүк турмушта ушундай нерселер болуп турат” деп жооткотуп жатат. Тимурдун ою таптакыр бөлөк. Балдар бир аз чоңойсо эле Нуржанга барат. Башкысы, аны табышы керек. Башка жолду көргөн жок. Ушул оюна өзү бекемдеп ишенди да, кызды издегенин токтотподу.

Ар жума сайын кыз иштеп жүргөн кафеге барып анын дайынын сурайт. Жок, ал таптакыр кабарсыз. Мына азыр да аны менен чогуу иштеген кыздан Нуржанды сурап турат.

– Ал бул жакка кайра келбейт болуш керек. Менимче, Кыргызстанга кетти. Сиз бул жакка келе берүүнү токтотуңуз. Башка жактан издесеңиз батыраак тапсаңыз керек.

– Телефон номерин берип койсоң сүйлөшөт элем.

– Айттым го, байке, телефону өчүк,- Нуржандын кесиптеши ийинин куушура сүйлөдү.

– Ал Москвада эле жүрөт. Бир күн болбосо, бир күн келеттир. Сиз менин телефон номурумду жазып калбайсызбы. Эгер Нуржан тууралуу бир нерсе уксаңыз эле чалып коюңуз.

– Мейли, таштап коюңуз. Бирок келиши күмөн.

ххх

– Сен Байэлди карай турчу. Мен сыртка дүкөнгө чыгып келейин,- Айсулуу үстүнө күрмөсүн кийип жатып сүйлөдү.

– Мейли,- Тимур уулунун жел бешиги тарапка басты. Жел бешиктин ичинде Тимурдун эле кичинекей көчүрмөсү аны жылмайып тиктеп турган. Сүйкүмдүүлүгүн айт. Атасы элжиреп кетип аны колуна алды.

– Кимдин баласы, ыя? Кимдин баласы? Жытыңдан сенин жытыңдан,- уулунун моюнунан жыттап эзилип кетти. Анан аны Айназик таң калуу менен карап турганын байкап калды.

– А бул кимдин кызы?- деди аны таңыркай тиктеген кызга карап.

– Менин балам, менин кызым. Алтындарым десе. Келчи, кызым, өөп коёюн.

– Ыкы. Менин атам башка. Ал Азамат,- кыз тыкылдап жооп берди. Тимурдун жүрөгү сайгылаша түштү. Канча убакыт өтсө да, бул Азамат атасын унутчудай эмес.

– Менин кызымсың, Айназик Тимуровасың. Уктуңбу?- бир аз ачууланымыш болуп койду.

– Жок, Азамат кызы Айназикмин.

– Азамат деген жок. Ал сени уурдап кеткен. Менмин сенин атаң. Байэлдин атасы да менмин.

– Менин атам Азамат.

– Бар, анда кет, Азаматтын кызы болсоң,- Тимур таарынгандай тултуюп койду.

– Мени атам келип алып кетет.

– Келбейт, ал түрмөдө. Кыргызстанда. Аны эч жакка чыгарышпайт.

– Келет.

– Келбейт.

– Келе-ет,- кыз кыйкырып жиберди. Анан туруп эле оозун кемшейтип ызаланып ыйлап баштады. Бул убакта сырттан Айсулуу кирип келди.

– Эмне болуп кетти?- деди ал Айназиктин түрүн карап.

– Азамат атам алып кетет деп кыйын болуп жатат,- Тимур жактырбагандай сүйлөдү.

– Ушу кичинекей немеге да теңелесиңби? Койчу, Тимур.

– Ал эч убакта мени ата дебейт. Мына, келгенине бир жыл болду. Дагы эле Азамат дегенди унута элек.

– Сен ага ата болуп кыйратпасаң ошентет да.

– Кайра баштаганы жатасыңбы?- Тимур кыйкырып жиберди.

– Баштабай эле, бир аз бооруңа тартсаң башкача болмок да.

– Боорума тартпай эмне кылдым? Айназик деп эле жакшы көргөндөн башка мен эмне кылып жатам? Сени "апа" дейт. Мен болсо буга таптакыр эле чоочунмун,- Тимур чындап эле Айназикке болгон таарынычын жашырган жок. Ашканага Байэлди көтөрүп чыгып кетти.

– Мен атама барайынчы, апа,- кыз Айсулууну үмүттөнө тиктеди.

– Кайсы атаң? Сенин атаң Тимур.

– Жок, мен Азамат атама барам.

– Азамат сенин атаң эмес. Ал...- Айсулуу Азамат тууралуу жаман нерселерди айтып кыздын көңүлүн калтыргысы келген. Бирок эмнегедир токтоп калды. “Жамандабай эле коёюнчу” деди ичинен.

– Тимур сенин атаң, ал сени жакшы көрөт. Карачы, ал таарынып калды.

– Мен атамды сагындым. Мени ага алып барчы,- кыз апасын “балким, чын эле атама алып бараттыр” деген үмүттүү көздөрү менен карады.

– Жок, ал сенин атаң эмес.

– Ата,- адегенде кыз акырын гана ушул сөздү айтып кемшеңдеди. Ал ушул убакка чейин атасына болгон сагынычын эч билгизбей жашырып келе жаткан. Бирок күн сайын ал Азамат тууралуу, баягы мамалак тууралуу түштөрдү көрүп жүргөн. Дайыма уктаар алдында “эртең ойгонсом эле атам жанымда болуп калса” деп кыялданчу. Бирок бир да жолу сыртынан билгизчү эмес. А азыр болсо кичинекей жүрөгүндөгү атасына болгон чексиз сагынычы ашып-ташып кетти. Сезимдерин башкара алмак эмес. Аздап кемшеңдеп турган кыз, бир убакта “ата-а” деп үнүн барынча кыйкырып алып, эч токтолбостон уңулдап ыйлап баштады. Балким, Айсулуу менен Тимур Айназиктин бул кылыгын түшүнбөй калышкандыр. Бирок кыздын бул ыйында анын атасына болгон сагынычы, акырындап урап бараткан кыялдар, өчүп бараткан үмүттөр аралашып калган болчу. Айназик азыр атасын чындап жоктоп ыйлады. Куду экинчи көрбөй калчудай ыйлады. Бир эсе атасына таарынып ыйлады. Азаматтын келбегени кызды ызалантты. Бирок жер шарынын дагы бир бурчунда күңүрт тарткан бөлмөдө дубалды үн-сөзсүз тиктеп жаткан атасы кызына жетчү күндү санап, аны көрүүгө зар болуп, аны көрүү үчүн бардык тоскоолдукту басып өтүп, керек болсо дүйнөнү жөө басып болсо да, күндөрдүн бир күнүндө жароокер кызды маңдайынан өөп, кумары канганча төбөсүнөн жыттап аларын кыялданып жатты. Ошол кыялдарына ишенип турду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Eliznuku
2018-08-07 09:17:14
Ээх
+3
Eliznuku
2018-08-07 09:17:31
Кыйын эле болдуго
+3
Fortuna1987
2018-08-07 09:47:19
Ыйлап жатам.
+4
saipi
2018-08-07 09:56:03
Тимурга акыл кирип калган го. Балдар үчүн жашайлы деп.....
+4
joodar1202
2018-08-07 11:26:37
Кино тартса болчу дай екен
0
Asel33
2018-08-07 13:42:34
Мынча аз, көбүрөөк жазгылачы
0
Aitun
2018-08-07 21:34:09
Ыйлап жибердим. Бекерда коз жаш менде да
+1
originalkgz96
2018-08-07 22:27:12
Эх чиркин. Коздон жаш айлантат ко Айназик
+1
Marjan90
2018-08-07 22:32:09
Эхх кызды кыйнабай Айназик тынч эле койбоду Азамат менен.
+1
Erbol_
2018-08-08 09:18:06
Сатып алып окуса болобу айтып койсоңор билгендер барбы, а то күтө берип уже...
0
Miss.erkewka95
2018-08-09 02:13:25
Жүрөгүм... ((((
0
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан