МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Кыз кайрадан телефонунан Тимурдун номурун терип, анан кайра өчүрдү. Эки сааттан бери төшөгүндө жатып алып жасап жаткан жумушу ушул. Номурду жазат, кайра өчүрөт. Чалып жиберейин дейт. Бирок... Бирок анын үй-бүлөсү бар эмеспи. Эки балалуу экен. Ээх, кандай гана акмакчылык! Үй-бүлөсү бар экенин жашырып, сүйдүрүп алып, азапка салып... Жолукпай койсо эмне?! Кыздын кайрадан көкүрөгү ачышып ыйлагысы келип чыкты. Төшөгүнө башын катып жатып алды. Ушинтип төшөктү жамына калганда эле ал тууралуу ойлор жоголобу? Балким, ыйлап жибериш керектир. Көкүрөк жеңилдеп калса керек. Жок. Ыйлабайт. Ал кыздын көз жашына татыксыз. Ал акмак адам. Начар адам. Бирок... Бирок кандай сүйкүмдүү! Нуржан башын чулгуп алды. Тимур тууралуу ойлордон алыстагысы келгенде ушинтип башын чулгуйт. Жок, Тимур анын ар бир клеткасында жашап алган өңдүү. Кыздын жашоосу Тимур болуп калыптыр.

Кайрадан өзүнө тааныш сандарды телефонунан терди. Аны көргүсү келет. Жок дегенде сүрөтүн көрүп алса го. Телефонунда экөө түшкөн толтура сүрөттөр бар эле. Тигинтип Тимурдун былыгы билинип, катуу урушуп кеткен соң сүрөттөрдүн баарын өчүрүп салган болчу. Бекер кылыптыр. Жок дегенде бир сүрөтүн алып калганда, азыр карап каниет кылып турат беле? Телефон чалып жиберейин деп кайра өзүн токтотту. Телефон бетиндеги сандар кайра бир-бирден өчүрүлүп жатты. Кой, минтип жата берген болбойт. Өзүн-өзү алаксытуусу керек. Жок дегенде мурунку иштеген жерине барып келген оң окшойт. Балким, ал жакка Тимур барып жүргөндүр, балким, ушул тапта отурган болсочу. Кыз шаша-буша ордунан турду. Куду жолугушуудан кечиккен кишидей бат-баттан кийинип, мурунку иш ордуна жөнөдү. Тимур үй-бүлөлүү экенин, ал ошол жерде болсо да мындан ары эч нерсе өзгөрбөй турганын унутуп койгондой. Ал жөн гана Тимурду көргүсү келди. Тимур баягы өз ордунда мурункудай кофе же сыра ичип отурат деп ойлонду. Кетип калбаса экен деди ичинен. Ал жакта бар же жок экенин билбей туруп эле ушинтип тиленип койду. Сагынган экен.

ххх

– Ал бир нече жолу келип кетти. Сени көрсөң эле кабарлап кой деп телефонун таштаган эле,- мурда чогуу иштеген курбусу бир нече айдан бери жоголуп кетип, кайра пайда болгон Нуржанга бардыгын төкпөй-чачпай айтып отурду. Нуржан болсо аны Тимур издеп келгенин укканда эле ичи жылый түштү. “Демек, издептир да” кудуңдап койду өзүнчө. Анан дайым Тимур отуруп алып аны күтчү стол тарапты карады. Бош турат ал орун. Жанараак кафеге кирип келип эле ошол тарапты карап маанайы түшкөн болчу. Азыр болсо курбусунун Тимур тууралуу сөздөрүнөн кийин маанайы көтөрүлө баштады.

– Мени сураса көргөн жокмун деп кой,- Нуржан жылмая сүйлөдү.

– А сен эмне башка жигит таптыңбы?

– Жок, ай. Жигиттерден көңүлүм калды.

– Койчу, жапжаш туруп...

– Ошо да. Жапжаш болуп алданып калат экенмин, сүйүп калат экенмин... Алар болсо эч нерсе деле болушпайт экен.

– Бирок тигиниң кадимкидей өңдөн азып кетиптир. Сени сагынганы дароо эле көрүндү.

– Койчу, ай, капкайдагыны айтпай!..

– Ишенбейт. Тим эле көздөрү Хатиконукундай...

– Ха-хаа,- Нуржан каткырып жиберди. Тимурдун ал үчүн азап тартып жүргөнү кадимкидей жага түштү.

– Анткен менен сен деле сагыныптырсың,- курбусу Нуржанга карап күлүп койду.

– Ал тууралуу сөз айтсам эле көздөрүң жайнай түшүп жатат го. Эмне экөөң эки жакта туруп алып азап тартып жатасыңар? Аны чакырайынбы? Жарашып эле алгыла да, эй! Бири-бириңерди жакшы көрөт турбайсыңарбы?

– Жок. Ал мени катуу таарынткан. Мен кечире албайм.

– Кечире аласыңбы-албайсыңбы билбейм, бирок ал сырттан кирип келе жатат.

– Ыя?- Нуржандын көздөрү алая түштү. – Эмнеге чакырып салдың?

– Мен эмес. Менден башкаларга да сени келсе эле чалып кой деген окшойт да. Башка бирөө айтып койгон окшойт. Тигине...

Тимур кафенин босогосунда катыган боюнча туруп калды. Көздөрү сагынычка толуп калган. Бар тарапта отурган Нуржанды карап эле селейет. А кыздын жүрөгү дүкүлдөп тез-тезден согуп баштады. Эми кантет? Денесин майда калтырак басты. Тез арада кетип калуу керек. Антпесе бир аз эле аны тиктеп турса чуркап барып моюнуна асылып ыйлап баштай турган. Ордунан чечкиндүү турду да, эшик тарапты карай басты. Тимур болсо аны мага келе жатат деп ойлоду. Кыздын көздөрүнөн бир нерсе окуганга аракет кылды. Жек көрүү, таарыныч, ошол эле убакта сагыныч аралаш сезимдерге толгон көздөр. Чуркап келип анын кучагына жыгылабы? Же жаактан ары бир чаап таштап кетет бекен? Күтүп калды Тимур. Жок, кучактаган да, чапкан да жок, суз гана жанынан өтүп кетти.

– Нуржан!

Кыздан жооп болгон жок. Ал артын карабай эле сыртка чыгып кетти.

– Токтой турсаң, мен баарын башынан түшүндүрөйүнчү... Нуржан!

Кыз токточудай эмес. Басып кете берди. Башка арга калган жок. Жигит жетип барды да, аны бекем кучактап алды.

– Токтосоң, мен түшүндүрөйүн...

– Коё бер!- кыз калп эле жулкунумуш болду. Ошол эле тапта жигиттин кучагы кандай жагымдуу экендиги тууралуу да ойлонуп жиберди. Сагынган экен. Тимурдун ага тааныш жыты жинди кылып жибере жаздады.

– Коё бербейм. Сен мени угушуң керек. Мен сенсиз жашай албайм,- жигит мурункудан да бекем кучактады. Туруштук бергенге мүмкүн болбой калды.

– Мен да сенсиз жашай албайт экенмин,- кыз ыйлап жиберди. Бурулуп эле Тимурдун моюнуна асылды.

ххх

– Ооба, мен жиндилик кылдым. Бирок үй-бүлөм бар экенин айтсам эле сенден ажырамакмын. Сенден ажырагым келген жок.

Кыз үндөгөн жок. Ал мээсин жеп жаткан толтура суроолорго жооп таба элек болчу.

– Мен үй-бүлөмдөн кетем, Нуржан. Менде башка арга жок. Мен эми кантип сенсиз жашайм? Болгону... Болгону мага убакыт керек. Мени түшүнчү, суранам. Балам бир аз чоңоё түшсүнчү. Бала бакчага барып калсын, анан апасы иштеп баштайт эле. Ага чейин аларды мен багып турушум керек.

– Сенин эмне бир эле балаң барбы?

– Улуу кызым бар. Бирок... Бирок ал мени ата дебейт. Экөөбүздүн мамилебиз анча эмес. Ал аялымдын мурунку күйөөсүнүн кызы...- Тимур кайра Нуржанга калп айтып баштады. Бардыгын ачык айтса кыз иренжип кетет го. Жигит ушундан чочулады.

– Мага убакыт бересиңби?

– Тимур, мен сени сүйүп калыптырмын. Сагынганымчы... Бирок кантип балдарды тирүүлөй жетим калтырабыз?

– Нуржан, мен эч убакта ушундай болот деп ойлогон эмесмин. Үй-бүлөсүн таштап кеткен эркектерди жоопкерчиликсиз деп жаман көрчүмүн. Бирок сүйүү бар экен да. А сүйүүгө туруштук бере албайт экенбиз. Мени сындашсын, жаман көрүшсүн, каргашсын... Бирок мен сүйүүмө жетишим керек. Башка аргам жок.

Нуржан толтура катачылык кетирип жатканын туюп эле турду. Бирок ал дагы сүйүүгө сөзсүз жетиш керек деп ойлоду. Ошондо бактылуу болоруна ишенгиси келди. Тимурдун айтканына көнүп берди. Күтмөй болду... Үмүттөрү толтура болчу.

ххх

– Камчыбек уулу, даярдан.Чыгасың бүгүн!

Кулагы чуулдап чыкты. Таптакыр күткөн эмес. 3 жыл эле отурабы? Кадырдын баягы адвокаты чын эле 3 жылга кыскарткан беле? Ишене албай турду.

Качан гана түрмөнүн сыртына чыккандан кийин терең дем тартып алды. "Айназик!" Кызынын ысымын кайталап жиберди ичинен. Көкүрөктө мелт-калт толгон сагыныч бар эле. Турганга болбойт. Кызына жөнөшү керек. Чечкиндүү түрдө басып жөнөдү...

– Азамат!- үн чыккан тарапты карап Майрамбек жездесин көрдү. Бул кайдан билди? Муну ким чакырган? Унаадан эжеси да түшүп жатат.

– Азама-ат,- ый аралаш кыйкырды эжеси. Аны утурлай чуркады. Жигит үн-сөзсүз жетип эжесин кучактап калды.

– Байкушум... Байкушум,- эжеси ыйлай берди. – Байкушум, сүйлөбөй да калган тура. Дудук болуп калган тура...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
ninja82
2018-08-14 09:13:50
акыркынын биринчиси!
+1
Asyl.jazi
2018-08-14 09:16:04
Эх, акыры чыга турган күнү бар экен го Азаматтын. Тез кызына жөнөсө экен
+8
aylin_kg
2018-08-14 09:39:45
Админ мурунку сандарына шилтеме болчу элего?
Шилтеме берип коюнузчу сураныч
0
admin_media
2018-08-14 12:30:58
aylin_kg, саламатсызбы! Техникалык катачылык түзөтүлдү, рахмат. Шилтемелер аркылуу кирип окусаңыз болот.
0
Latihani
2018-08-14 11:18:18
Эркекке ишенгиче эки босогоно ишен деген сөз бекеринен айтылган эмес да. Балдарга эле кыйын болот ортодо
+6
alisha00
2018-08-14 11:48:48
Эх сүйүү... девелее
+1
ady-88
2018-08-14 12:44:36
Эми айсулуу энесин учкоргондон корот.
+1
jai
2018-08-14 14:44:32
Бир жума кутсон-Нуржандын номнер тергени менен бутуруптур го...
+4
Girl1996
2018-08-14 22:24:45
Jalgan. Ui-bulonu buzup, bashkasyna ishenich berip... Ushul jalgan suilogon adamdardyn tili tushup ele kalsa eken
+1
Alia82
2018-08-15 11:30:05
Нуржанды деле бактылуу кылып жарытпайт го суйууго жетиш керек дегендерге сабак болсун
+1
Miss.erkewka95
2018-08-15 16:10:04
Эмки санда, Айназик менен Азамат жолугушсунчу???? Аябай күттүмгоо ушул убактардыы... ((
0
16beka86
2018-08-15 22:26:51
Miss.erkewka95,чогуу кутолучу э
0
Djka
2018-08-15 16:14:13
Suiuu kuiuu bolbogon bir jomok tuboluktuu suiuuda baktyluuluk da jok adam balasy bul jalgan jawoogo synyp tunulup jawaw uchun jaralgan beim
0
16beka86
2018-08-15 22:25:43
Жакшы чыгарма.
0
Baatirbek81
2018-08-16 16:26:55
Админ мындан азырак жазса болбойбу?окуп бүтө албай жатабыз.
0
originalkgz96
2018-08-16 22:27:59
Азамат чыкканына аябай суйундум го
0
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан