МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бир тууган адамдын кучагы, далысына тамып жаткан анын туздуу көз жашы... Балким, азыр “ыйлаба, эже, менде баары жакшы. Мына мен чыкпадымбы. Болду эми ыйлаба” деп эжесин сооротуу керек болгондур. Бирок Азамат анткен жок. Бекем гана кучактап койду. Сүйлөгүсү келсе сүйлөмөк. Бирок азыр оозунан сөз чыкты дегенче анын ойлоруна, анын максаттарына, анын жан дүйнөсүнө чабуул башталат, керексиз сөздөр, керексиз кеңештер... Жок, кереги жок. Ашыкча сөздөрдүн кереги жок. Анын үстүнө эмнени сүйлөйт, эмнени айтып берет? Айтып берүүгө татыктуу болгон эмне болду анын жашоосунда? Түрмөдөгү 3 жылды айтып береби? Эжесинин жүрөгүн эзип кыйналганын баяндайбы? Дегеле сүйлөгүсү келген жок. Сөздөр ашыкча болмок. Ушинтип ойлонду.

Унаанын алдыңкы орундугунда үн-сөзсүз бара берди. Анын тынчтыгын бузуудан коркконсуп эжеси да, жездеси да унчугушпайт.

–  А бизде болсо баары баягыдай. Айылда, билесиң да, көр оокат. Тытынып эле жүрөбүз. Сага бир нече жолу келдик. Бирок... Бирок сен чыкпадың. "Чыккысы келген жок" деп айтышты. Таарынган чыгарсың бизге. Биз сени чыгарууга аракет кылып эле жаттык. Тилекке каршы, колубуздан көп деле нерсе келбеди. Сен бизди кечирип кой.

Азамат чынында эле аны көрүүгө келген эжеси менен жездесине чыкпай койгонун эстеди. Аларды көрсөм бошой түшөм, эжем мени көрүп жүрөгү эзилет. Мен бошобошум керек, кайратымдан жанбашым керек. Жолугушуунун кажети жок деп ойлонгон. Ошентип чыкпай койгон эле. Анын бул кылыгын таарынды деп түшүнүшкөн тура... Азамат рулда бара жаткан жездесин акырын далыга чаап, муңдуу жылмайып койду. “Мен таарынган жокмун” деген ишарат болчу. Жездеси да түшүндү. Кадимкидей жеңилдей түштү.

ххх

Кечке жуук алар айылга кирип келишти. Балалыгы өткөн айыл. Бир кезде өзү өрттөп качкан үйү тарапты карады. Бак-шак гана көрүнөт.

– Тиги күйгөн тамдын ордун тазалап койгонбуз. Алма бак болуп калды азыр. Чөбүн жулуп тазалап турабыз,- жездеси актангандай сүйлөдү. Азамат ыраазы боло башын ийкеди. Бирок ал бир кезде жашаган үйү тарапты "үй тарап эмне болду, сарай калды эле, мал-жан кантти экен, чөп баскан жокпу?" деп караган эмес, ал апасынын элесин издеп караган. Апасы далай баскан үйгө кетчү ичке жол... Мына ошол жолдо апасы басып баратканын саамга элестеткиси келди. Бир жагына кыйшайып калган дарбаза... Оо муну канча ирет ачкан апасы. Жылмайып дарбазаны ачып жаткан апасын көз алдына тарткысы келди. Дарбазанын туткасында апасынын колдорунун жыттары калды бекен? Кайда-ан?

ххх

Кечки тамакты ичип болору менен күүгүм киргенине карабай Азамат үйдөн чыгып кетти. Жездеси да, эжеси да жигиттин апасынын бейитин көздөй кеткенин айттырбай түшүнүштү.

Бурулга эстелик тургузулуптур. Ак калың жоолугу боло турган, ошону салынып түшкөн сүрөтү турат эстеликте. Мүрзөнү шыбак басыптыр. Азамат шашпай гана апасынын жанына келди.

“Мен келдим, апа” деди ичинен. Эстеликти колу менен сылап койду. Анан куду апасынын жанына отурчудай эстеликтин капталына өтүп, шыбак баскан дөбөгө жакындады.

“Келдим, апа. Сагынып келдим. Менде болсо баары жакшы. Кам санаба! Бирок... Бирок сен көрүп жаткандырсың баарын. Жашоодо сыноолор болот да, апа. Аны сен мага өзүң айткансың. Сыноолордон өтүш керек. Татыктуу өтүш керек. Ар дайым кыйналып баштаганда "мына азыр сынып туруп баарына кайыл болуп коём, өзүмө-өзүм кол салып туруп ушул азаптын баарын токтотом" деген башыма шойкомдуу ой келгенде сени эстедим, апа. Сен карап тургандай болдуң. Карап жаттың, билем. Жүрөгүң тилингендир, ээ? Байкушум десе. А билесиңби, апа, мен баары бир бактылуу киши экенмин деп калдым өзүмдү. Чын. Армансыз адам болобу? Мен да арман кылам. Сени экинчи көрө албай калганым арман. Бирок сен жанымдасың. Мен аны билем.

Билесиңби, мен эмнеге бактылуумун? Менин мээм да, жүрөгүм да бош эмес. Мен сагына алам. Сагындырган адамдарым бар. Сен, Айназик... Сагыныч деле бакыт тура, апа. Түрмөдөн эмне деген адамдарды көрбөдүм, апа? Сагынарга адамы жоктор бар экен. Экөөңдү кандай жакшы көрөм. Жакшы көрө билүү да бакыт турбайбы. Жакшы көрө албагандар, жүрөгү муздар бар тура. Ээх, апа, кайсы бирин айтайын? Максаттарын жоготкондорду көрдүм. Жалган максаттарды ээрчигендерди көрдүм. Адашып калгандары канча? А менчи? Мен үмүттү жоготподум. Кызыма, сага болгон сүйүүм бар жүрөктө. Мындан артык эмне керек? Сүйүү, үмүтү барлар бактылуу экенин түшүнө албагандар толтура турбайбы, апа? Деги алар эмнени кууп жүрүшөт? Эмнеге жете албай жүрүшөт? Көкүрөктөрү, мээлери бош! Жөн эле өлбөчүдөй эч кимди сүйбөй, жакшы көрбөй эле жүрүшөт... Түшүнбөйсүң! Ырахатты издешкеничи? Баңгиликтен, арактан ырахат издешет... Сагынуунун ырахатындай ырахат барбы, апа? Жо-ок, алар аны түшүнчүдөй эмес. Ошол адамдардын арасында жүргөндө Айназикке, сага болгон сагыныч эле сактады окшойт мени. Сен мага анчейин санаа тартпа, апа! Көрүп турасың го, баары жакшы. Эсен-соомун. Кызыма барам жакында. Мен аны табам, көрөсүң. Жок, ал мени унуткан жок. Эстейт. Көрөсүң го... Көрөр замат эстейт. Сени да эстейт. Билесиң го, кызым өзгөчө эмес беле. Жароокер, өтө акылдуу... Апа, сен Айназиктин түшүнө кирип тур, ээ? Эстетип тур. Чачынан сылап коюп тур... Ал сезет. Сенин жанында жүргөнүңдү сезет”.

ххх

Мүрзөдөн кеч кайтты. Баары жатып алышты го деп ойлоп дарбазаны шашпай ачып кирди. Кире бериште эжеси аны күтүп турган экен.

– Апама бардыңбы?- деди эжеси муңайым. Азамат үнсүз баш ийкеди.

–  Аа... Мен сага төркү үйгө төшөк салып койдум. Анан... Баягыда Айназиктин мамалагы калып калган экен. Ошол төркү үйдө турат.

Башын дагы бир ийкеди да, бөлмөгө баш бакты. Мамалак төшөктүн баш жагында жатыптыр. Барып эле дароо колуна алды. Көптөн көксөп көргүсү келип жүргөн тирүү жанды карагандай карады. Бул болгону мамалак го. Бирок бул дайым кызынын бойтойгон колдорунда жүрчү, кызы өпкүлөчү, жыттагылачу, анан калса кызынын мээсине сиңген жалгыз жомок ушул мамалак тууралуу эмес беле. Шуу жыттады. Кызынын жытын издеди. Байкуш мамалактын өңү өчүп эскириптир. Көздөрү мурункудан да муңайым болуп калган экен. Саамга колуна кармап туруп, капыстан көзүнөн жаш кулаганын сезди. Канчадан бери кызына болгон сагынычы топтолуп отуруп көкүрөгүнө мелт-калт толгон экен. Бул мамалакты көргөндө сезимдери ашып-ташып кетти окшойт. Жанараак апасынын мүрзөсүндө да көкүрөгү бошоп келе жатканда өзүн токтотуп “кой, апамды кыйнай бербейинчи” деген эле. Азыр болсо бул мамалак экөө тең көздөрү күнөөсүз, кыткылыктап көп күлгөн баягы кичине кызды чогуу бирдей сагынышканын, мамалак экөө тең бир учурда таптакыр жалгыз калып, экөө тең кайра жолугушчу күндү күтүп саргайышканын ойлоп, мамалакты армандаш, тагдырлаш көрүп, аны тирүү бир жан катары кабыл алып эле сагынычын аны менен бөлүшүп ыйлай баштады. Токтогусу келген жок.

Мамалакты караган сайын көз алдына өткөн күндөрү тартыла берди. Мына кызы там-туң басып мамалакты кулагынан сүйрөп жүрөт, мына аны кучактап алып уктап жатат. Мамалак тууралуу жомокту божурап айткандарычы? Баарын көз алдынан шурудай тизип өткөрдү. Акыркы жолу кызы экөөнү ажыратканда чырылдап ыйлаганын да эстеди. “Биз жакында жолугабыз... Аз калды, кызым. Сен, мен, мамалак... Бизди алдыда сонун күндөр күтүп турат”.

ххх

– Биз деги үй-бүлө болобузбу акыры?

–  Аз калды, жаным. Айсулуу жакында жумуш тапты. Байэл бакчага барып баштады. Эми мыйзамдуу ажырашсак эле, экөөбүз үйлөнөбүз,- Тимур Нуржанды чекесинен өөп койду.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
akus
2018-08-21 09:29:45
Аз калды окшойт кызына жолугат буйруса
+1
Akniet_kg96
2018-08-21 09:58:11
Буйруса жолукса экен
+3
Dilbaranurdinova
2018-08-21 09:58:55
Сагыныч жаман ыйлпгым келип кеттти ))))
Окуп жаттып баарын элестетип окуймун Азаматтын ыйлаганына чейин.
+7
Baatirbek81
2018-08-21 10:04:48
Эмне мынча көп жазып салгансыңар эки тиктеп койсом эле бүтүп калды.
-1
originalkgz96
2018-08-21 11:41:38
Эртерээк жолукса экен
+2
gulka_875558
2018-08-21 11:57:56
Тан атпай окудум эле ыйлатты. Эртерек жолукса экен.
+2
asdef
2018-08-21 13:01:28
Боец деген фильмдей экен анда да дудук болуп алат бала актанганга чейин
0
Miss.erkewka95
2018-08-21 16:14:43
Тимур ажырашты дейли, Нуржан менен баш кошту. Азамат, Айназикке келди дейли. Айсулуу менен Байэл эмне болот?
Азамат жүрөгү кенендик кылып, Айсулууну кайра алып, Байэлге да ата болуп береби?
Жооок... Айсулуу аз да болсо, кыйналып акылсыз кадамдарынын азабын тартсын дээр элем... Балким таш боордурмун. Бирок Тимур менен Айсулуу дээрлик кыйынчылык көрө элек... Акылына киргизеер запкы жешсин турмуштан...
+4
16beka86
2018-08-22 10:22:36
Мен да кызымды сагындым,бирок мен Азаматтай күчтүү ата эмесмин.
+1
Albinoc.piratium
2018-08-22 12:56:24
Азамат менен Нуржан Айназик чоогуу болуп калышса экен!
0
Shokoladka94
2018-08-23 10:27:38
Ыйлатты
0
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан