ЖУРНАЛИСТКЕ ИШ КОЗГОГОН ТЕРГӨӨЧҮЛӨР ЭМИ ӨЗДӨРҮ СУРАК БЕРЕТ

Башкы прокуратура журналист Элнура Алкановага каршы кылмыш ишин козгогон Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрүнө кылмыш ишин козгоду. Алар “күнөөсүз экендиги белгилүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу” беренеси боюнча айыпталууда. Журналист Алканова 2017-жылы Бишкектеги "Идеал-Хаус" vip-шаарчасынын арзан баага сатылып кетиши тууралуу иликтөө жасаган. Анда убагында Бакиевдерге таандык болгон бул объекттин арзан сатылышына ал кездеги премьер Сапар Исаковдун катышы болушу мүмкүн деген ой айтылып, иликтөө жүрөт. Бул боюнча 2018-жылы февралда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы "коммерциялык же банктык сырды таратуу", "коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу" беренелери боюнча Алкановага кылмыш ишин ачкан. Бирок өлкөдө бийлик алмашкан соң быйыл апрелде журналистке ачылган иш "кылмыштын курамы жок" деп токтотулду. Андан соң Алканова Финполдун тергөөчүлөрүнө чара көрүүнү суранып арыз жазган. Алгач "тергөөчүлөрдүн аракетинде кылмыштын белгилери жок" деп тыянак чыгарган Башкы прокуратура журналист экинчи жолу арыз жазгандан кийин Финполдун тергөөчүлөрүнө иш козгоду.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан