ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Шаар ичи боюнча 20 чакты жерге кирип чыкты. Баары жок деген жоопту айтышты. Чарчап бүтүп эки жагын караса кеч кирип келе жатыптыр. Бүгүн кайрадан балдары менен машиненин ичинде түнөөрүн ойлогондо коркуп кетти. Аман барда курбу болууга жан талашып жүргөн кыз-келиндерге чалып абалын түшүндүрсө, бири да оң жооп айткан жок. Өзүнүн классташ курбусуна чалды эле, “кел” деди. Элинанын чарчаңкы түрүн көрүп курбусу Акылай таң кала түштү.

– Ий, эмне болуп калгансың? Кебетең кантет?

– Айтпа, укмуш эле болуп калсам керек, мен балдарды сууга чайканта коёюнбу? Ысыкта жүдөп...

– Ооба, өзүң да чайканып ал.

Балдарын жуунтуп, курсагын тойгузуп, уктатып коюп Элина шалдырап отуруп калды. Алдындагы чайды деле ичпеди.

– Эй, айт эми, эмне болду сага?

– Акылай, мен...

Жүзүнөн жаштар агып кетти. Болгон окуяны айтып берди. Акылай сабырдуу, акылдуу кыз болчу. Ал дагы эркектерден катуу күйгөн эле. Бир топ жыл жашап жүргөн адамы жарым жыл мурун аны таштап, башкага үйлөнүп алган. Кашын серпип койгону болбосо, таң калган деле жок.

– Акылай, мен жинди болуп кетчүдөй болуп жатам...

– Жинди болбойсуң, күйөөсү көзүнө чөп салган аялдардын баары жинди болуп кетсе, Кыргызстандын жарымы жинди болуп кетпейт беле.

– Көзүнө чөп салган башка, анын аялы бар экен. Мыйзамдуу аялы. Элестет! Тескерисинче, мен ойношу катары жашап, ага бала төрөп берип жүрүптүрмүн. Муну ойлогонумда...

– Азыр оор, түшүнүп турам. “Чыдабайм, өлүп калам го” деп ойлойсуң. Эч кимге ишенгиң келбей калат. Колуңа автомат алып көчөгө чыгып эркек аттуунун баарын кырып салгың келет. Бирок чыдайсың. Кайда бармак элек? Биздин аялдык энчибиз – чыдамай! Бир аз убакытта жараң карттанып баштайт. Анан аздап эсиңден чыгат. Бирок көкүрөктөгү так кетпейт. Дайым оорутат. Бара-бара жөн гана кайдыгерлик калат.

– Мага ал “сенсиз жашай албайм” дечү...

– Хе, эркектин баары ошентет. Сага айткан сөзүн экинчисине, үчүнчүсүнө айтат. “Сенсиз жашай албайм” дейт, “сенсиз мен эч ким эмесмин” дейт, “сени жинди болуп сүйөм” дейт. Баа-ары калп!

– Акылай, мен кантем? Мен кантип чыдайм? Айтчы, кантип мындан ары жашап кеткенге күч табам? Бул түш болсо, мени бирөө ойготуп жиберсе...

– Чыдайсың, жаным, башка аялдар кантип чыдаса, сен да ошентип чыдайсың.

Элинанын өзөгү өрттөнүп жатты. Акылайдын айтканы ичиндеги өрткө бир аз болсо да суу себе албады. Ичине чок түшүп кеткендей онтойт. Мындан ары кантип жашаарын бир ойлосо, Амандын чыккынчылыгын эки ойлойт. Таң агарганда көзү илинип кетти. Көпкө уктап калган экен. Кимдир бирөө жүзүнөн сылап, көзүнөн өөп жатканынан ойгонду.

– Аман...- деди оюнда. Ар дайым ушинтип ойготчу эле. Жок, көзүн ачса уулу жүзүнөн сылап, көзүнөн өөп жаткан экен. Уулунун тунук көздөрүн көрүп жүрөгү жумшара түштү. Көкүлүнөн сылап жылмайып алды.

– Апа, курсагым ачты.

– Бакчага барабызбы, апа?- деди кызы.

– Ох, уктап калыпмын. Саат канча болду?

Дубалдагы саатка көзү түшүп чочуп кетти. Бакчага кечигип жаткан экен.

– Кана болгула, жүзүңөрдү жууп кийине калгыла.

Шашкалактап бакчага жеткиргенде аны тарбиячы каршы алды.

– Саламатсызбы? Бул жеке бакча. Балдардын бир айлык акчасын дагы деле төлөй элексиз. Сизди түшүнүп жатабыз, бирок биздин шарттарыбыз да бар. Эгерде биздин бакчага алып келген сизге оор болсо, мамлекеттик бакчаларга алып барыңыз. Күйөөңүз кайтыш болду, түшүнүп жатам.

Элина жүзүнө бирөө ургандай селт дей түштү. Эрдин кесе тиштеп турду да, эч нерсе дебестен чыгып кетти. Аман ага алтын-күмүш көп алып бере турган. Эң баалуусу ортосунда бриллиант ташы бар сөйкө шакек болчу. Ошону сатты. Албетте, өзүнүн баасынан бир топ арзан кетти. Акчаны алып бала бакчага төлөдү. Калганына арзаныраак батир издемей болду. Издеп отуруп чоң энеси экөө жашаган жатаканага келди. Аманга турмушка чыкканда чоң энесин колуна алышкан. Ошондон бери келе элек экен. Кире беришинен баштап дубалдарына чейин тааныш болчу. Колу менен сылап койду. “Мен келдим” деди улутуна.

Кир, ыңгайсыз, ызы-чуу жатаканада балдары менен жашаарын ойлогондо силкинип алды. “Жок, убактылуу гана жашай турабыз. Мен иштейм да, бул жерден балдарымды алып чыгып кетем. Бул жолу өз эмгегим менен бутума турам” деди ичинен.

Бөлмөлөрдү берүүчү кашка баш кишини жолуктурду. Ал аны башынан аягына чейин таң кала тиктеп алды.

– Ой, сен Элинасыңбы?

– Ооба.

– Сени бай адамга турмушка чыкты дешпеди беле? Биздин батирге чыгасыңбы?

Элина аргасыз күлдү.

– Байга чыккан адам өмүр бою бай жашайт деген кепилдик жок тура, Камчы байке, бош бөлмөңүз барбы?

– Хм, негизи бири бошоду. Бирок балдарым да бар деп жатпайсыңбы, ээ?- деп кыйыла түштү.

– Ооба, эки балам бар.

– Анда сага ыңгайсыз болобу дейм. Анткени маңдайыңдагы кошуна келин... Тиги... Эме... Ага эркектер көп келишет.

Элина жаакка чапкандай нестейе түштү.

– Түнү менен уктатпайт, энеңди урайындар. Чыгарып салайын десем өйдө жакта ишенимдүү таанышы бар. Андан башка бөлмө жок.

Элина саамга ойлоно калды да, чечкиндүү башын ийкеди.

– Биз убактылуу гана жашайбыз. Бере бериңиз.

Акчасын төлөп, ачкычын алып жөнөй берди. Эми буюм-тайымдарын алып келиши керек. Бул жакка керектүүлөрүн батырып, калганын сатканы дурус. Кенедей бөлмөгө кантип батырмак эле? Жок, алгач бөлмөнү жакшылап актап, сырдап алышы керек. Бөлмөнү актап, сырдап, иштеп жатып ойлордон эс ала түшкөндөй сезилди. Негедир жеңилдене да түшкөн экен.

“Баары жакшы болот” деди ичинен. Ушу үч ооз сөздү ичинен кайталай берчү болду. Баарынан кыйыны бактылуу беш жылын өткөргөн үйгө барып эмеректерин алуу эле. Заңгыраган элиталык батирдин алдына келип токтоп, терең дем алды. Коңгуроону басты. Алдында кайненесинин дайымкы суз жүзү көрүндү. Салам да айтпады. Жөн гана тиктеп турду. Алдында балапан жүнү түшө элек ак саргыл бакыраң көз кызды көргөндө Зейнептин катып калган жүрөгү солк этип алды. Аманынын сүйүктүүсү! Балдарынын апасы! Булардын ырыскысын, үйүн тартып алды өзү... Аргасыз көзүн түшүрдү.

– Кир...

Элина кирип үн-сөзсүз буюм-тайымдарын жыйнай баштады. Аздан кийин сүйлөшүлгөн адамдар кирип эмеректерин четинен чыгара баштады. Алардын бири абайсыз Амандын рамкадагы сүрөтүн түшүрүп алды. Бетиндеги айнеги быркыранып калган сүрөттү Элина тиктеп турду. Кимдир бирөөнүн кир буту сүрөттү басып да кетти. Анда да колуна алгысы келбеди. “Бүттү” деди ичинен, антсе да баары бир аны бир өмүр сүйөрүн түшүнүп турду. Өзүнө чыккынчылык кылса да, куду сүрөттөй жерге тебелеп кетсе да, аны сүйөрүн сезип турду.

– Бүттү баары, Аман! Биздин жомоктогудай сүйүүбүз аягына чыкты. Мен сени менен жашап эки бала төрөп, сенин чыныгы жүзүңдү билбептирмин. Мени жыландай арбап туруп, ууга сугарып кетипсиң. Мен сенин ууңдан кантип арыларымды билбейм. Кантип айыгарымды билбейм. Мен сенден кантип айыгарымды билбейм...

Ушинтип ойлонуп турду.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
akus
2018-08-21 09:37:45
Кыйын эле болду байкушка
+1
Dilbaranurdinova
2018-08-21 10:05:10
Окууш керек экен ......
+1
Baatirbek81
2018-08-21 10:17:28
Азыраак эле жазгылачы
+2
alisha00
2018-08-22 02:06:42
Аманга өллө жиним келип жатат!...
0
Shaa-82
2018-08-22 12:03:51
Эх байкуш ал батиринде деле кыйын кундорун отот болуш керек, тигил келинге келгендер тийиштик кылышпаса болгону. Ыйлагым келип аран окудумго.
0
pirim77
2018-08-23 08:59:31
отконку сериал туркиядагы. турк кинонун эле кочурмосу кыргызчалаган варианты болчу. бул деле бир кинону эске салп жатат
0
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан