БУРУЛАЙДЫН ИШИ СОТКО ӨТТҮ. МАРКУМДУН АТАСЫ: “ЭКСПЕРТТЕР КЫЗЫМДЫН ДЕНЕСИНДЕГИ ЖАЗУУНУ КӨРБӨЙ ЖАТЫШАТ”

11-августта Бурулай 20 жашка чыкмак. Ата-энеси кызын туулган күнү менен куттуктап белек бере албай, көзүнө жаш алып анын мүрзөсүнө эстелик орнотушту. Ала качуунун курмандыгы болуп, милиция бөлүмүндө аёосуз өлтүрүлгөн Бурулайдын иши боюнча тергөө аяктап, сотко өттү.

ЭСКЕ САЛСАК...

Ушул жылдын 27-майында 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын Марсбек Бөдөшев аттуу жаран ала качып кеткен. Кызды салып бараткан унаа Сосновка айылындагы посттон кармалып, унаанын ичиндеги Марсбек Бөдөшев, Акмат С. жана Бурулай Турдали кызы Жайыл РИИБине жеткирилген. Дал ошол Жайыл РИИБинен Бурулайга 3 жолу, Марсбекке 4 жолу бычак сайылып, алар «Тез жардам» унаасы менен аймактык ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракаттарынан улам каза болуп, жигит болсо Бурулайдын өлүмүнө шектелип камакка алынган. Учурда ал ооруканадан чыгарылып, абакка которулган.

“ЭКСПЕРТТЕРДИН ИШИНЕ НААРАЗЫМЫН”

Турдали Кожоналиев кызынын денесинин сүрөтүн элге жарыялагысы келген эмес. Бирок соттук-медициналык экспертиза кызынын денесине бычак менен тилинип жазуу жазылганын тастыктабай жаткандыгына нааразычылык билдирип, кызынын денесинин сүрөтүн коомчулукка жарыялоого аргасыз болду.

– Сүрөттү карасаңар эле баары көрүнүп турат. Кызымдын денесинде “Н” жана “+” деген жазуулар көрүнүп турат. Кызыма сөйкө салып кеткен жигиттин аты Нурлан болгондуктан, “Н” тамгасын жазган окшойт. Баарына эле көрүнүп турган жазууларды милиция менен эксперттер кантип көрбөй жатышат, түшүнбөйм. Негизи эле эксперттердин ишине нааразымын. Адам өлүп жаткандан кийин абийири менен кызмат кылышса болмок. Алгачкы экспертизанын жыйынтыгында жадакалса күндөр туура эмес жазылган болчу. Кызым 27-майда каза болсо, экспертизанын жыйынтыгында датасы 19-25-май деп жазылып турат. Анан милиция бөлүмүндө каза болгонун жазышыптыр. Кызым түнкү саат 12:50дө ооруканага түшүп, ал жактан 1:20ларда каза болгон.

Жыйынтыгына нааразы болуп экинчи ирет экспертиза дайындатсак, кайра эле ошондой жыйынтык чыкты. Эксперттер даталарын оңдоп, ооруканага баргандагы убактысына дал келтирип, "ооруканада каза тапкан" деп корутунду чыгарып беришти. Бирок "денесинде жазуу жок" дешти. Кызымдын денесинин сүрөтүн чыгарбай эле коёюн дегем. Айла жок сүрөттү таратууга туура келди. Мен айткан жазууларды эксперттер дефибриллятор аппаратынын издери деп жатышат. Аппараттын астында тамга түшүрө турган бир нерсеси бар бекен?

“ДАЛ ОШОЛ КҮНДӨГҮ ВИДЕОЖАЗУУЛАР ӨЧҮП КАЛЫПТЫР”

– Башында тергөөчү видеобайкоо бар экенин айтып, “баары бар, акырында сизге көргөзөм” деген. Кийин дал ошол күндөгү жаздыруу өчүп кеткенин айтышты. Эмнеге дал ошол күндүкү өчүп кетет? Мага “камера видеожазууларды 2 күн гана сактайт” дешти. Милиция бир нерсени жашырып жаткандай. Ал бөлмөнүн ичинде эмне болгонун билбейбиз. Биз ал күнү Жайыл РИИБине кызыбызды көрүү үчүн кире албай, 3 сааттан ашык сыртта турганбыз. “Кызыңыз арыз жазып жатат” деп бизди сыртта күттүрүп коюшкан. Ошондо кызымды ала качкан унааны кайра-кайра бир кыз келип сүрөткө тартып жатканын көргөм. Ошондо эксперттерди алып келген окшойт. Азыр ойлосом, баарын тазалап бүткөндөн кийин гана мага угузушкан окшойт. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору менен сүйлөштүм. Ал “кабинетте эксперттерге “таза иштегиле” деп айтам. Бирок кабинеттен чыкканда аларга жооп бере албайм” деди. Директорлор ошентип айтып жатышса, анан кантип акыйкаттыктын бар экенине ишенебиз?

Кызымдын өлүмүн президент, премьер-министр, башкы прокурор, ички иштер министри, баары билип, көзөмөлдөп жатышат. Мындай учурда иш акыйкат иликтенеринен күмөн санаган эмеспиз. Бирок жогорудагыдай жагдайлардан улам акыйкат иликтенерине ишенбей калдым. Өлкөнүн башындагы адамдар көзөмөлгө алган иштер ушул деңгээлде жүрсө, анда башка иштер кандай иликтенет? Президентке да кат жазгам. Президент премьер-министрге, ал ички иштер министрине тапшырма берди. Ал ММКларга “Кожоналиевди кабыл алдык” деп маалымат берип жатат. Мен ички иштер министрин көрө элекмин. Жактоочум экөөбүз акыркы үмүт менен президентке дагы бир кат жазалы деп жатабыз. Айлам кетти.

Тергөөгө таасир берип туура эмес жыйынтык чыгарган эксперттер мыйзам алдында жооп бериши керек, камакка алынышы керек. Аймончоктой кызымды өлтүрүүгө шарт түзүп берген милиция кызматкерлери күнөөлүү. Аларга “шалаакылык” беренеси менен иш козголду. Бул туура эмес. Алар кылмышка шериктеш болгондугу үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Кызым менен шектүүнү бирге калтырып, төшүнө тилип тамга жазгыча эмне кылып отурушту? Каякты карап отурушту? 23 милиция кызматкерин жумуштан айдадык деп мактанып жатышат. Аларды кайра 6 айдан кийин эле кызмат ордуна кайтарып келет да?..

“ДЕНЕСИНДЕГИ ИЗДЕР ДЕФИБРИЛЛЯТОР АППАРАТЫНАН КАЛГАН”

Кызынан айрылып, акыйкаттык издеген атанын нааразычылыгына Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча экспертизалык комиссиясынын башчысы, республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун директорунун эксперттик иштер боюнча орун басары Эрнис Акунов Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы аркылуу жооп берди:

– Бул иш боюнча экинчи экспертиза 11-июль-3-август аралыгында жүрдү. Комиссиянын курамында менден башка Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын соттук-медицина кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Мукамбет Мукашев жана жогорку категориядагы врач-реаниматолог, дефибрилляторлор менен иштөөдө тажрыйбасы бар №3 Улуттук оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Т.Текебаев да катышкан.

Маркумдун туугандарынын кыздын денесинде чийилген жазуулар бар экендигин айтып, экспертизанын жыйынтыгына нааразычылык билдиргенин эске алып, биз тергөө органдарына эксгумация кылууну сунуштап кат жөнөткөнбүз. Бирок бул сунушка Бурулайдын ата-энеси каршы чыгышты. Кайрадан экспертиза жасоо бардык суроолорго жооп таап бермек. Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн врачтары да өз көрсөтмөлөрүндө кыздын денесинен жазууларды байкабагандыктарын айтышкан. Жазуу бар экендигин кыздын денесин 2 ирет: жандандыруу бөлүмүндө жана өлүк сактоочу жайда иликтеген эксперт Бакыт Касымбаев да четке кагууда. Сүрөттөр колубузда. Ал дефибриллятордун электроддорун койгондон калган издер.

"Кызымдын денесинде жазуу бар экенин тастыкташ үчүн сүрөтүн таратууга аргасыз болдум".
Шектүү Марсбек Бөдөшев.



БУРУЛАЙДЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖИГИТТИН АПАСЫ: “БУРУЛАЙ МЕНЕН УУЛУМ 3 ЖЫЛ СҮЙЛӨШҮП ЖҮРҮШКӨН”

Бул арада Бурулайды бычактады деп шектелип кармалып, учурда СИЗОдо жаткан Марсбек Бөдөшевдин апасы Гүлийпа Бөдөшева редакциябызга байланышып, анын оюн уктук:

"БУРУЛАЙДЫН КОЛУН СУРАП БИР НЕЧЕ ИРЕТ БАРГАНБЫЗ"

– 2018-жылдын 15-апрель күнү Марсымдын 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызы Бурулайга сөйкө салуу тууралуу анын ата-энеси менен жолугуп сүйлөшөлү дегенбиз. Бурулай уулума “Эжеме айтам. Ал ата-энеме айтат. Анан жолугабыз” дептир. Бирок кайра телефон чалып, “ата-энем күзүндө сүйлөшөбүз дешти” деп койду. Бурулайды биз Боби деп койчубуз. Бобинин апасы менен өзүбүзчө сүйлөшөлү деген сунушумду да четке кагышты. Ошентип мен айылга кетип калдым.

Кийин жумуштарым менен 3-майда Бишкекке келгем. 4-майда Марс чалып, “Бурулайды үйүндөгүлөр башкага бергени жатышыптыр. Ошондуктан аны алып Таласка баратам” деди. Ошондо Боби менен сүйлөшкөм. Маанайы жакшы болчу. Халат алайын деп кийиминин өлчөмүн жана кандай түстөгү халат аларымды сурадым. Ал “кызыл өң эле жакшы го” деп күлүп жооп берди. Менин жанымдагы балдарым “жыргап баратышат го” деп күлүп калышты. Туугандарымды чогултуп, ачуу басарга жөнөттүк. Атасы Турдали башында жакшы тосуп алыптыр. Анан Жолдошбек деген уулум Боби менен сүйлөштүрөйүн деп телефон чалып берсе, эжеси телефонду алып кызды урушуп салыптыр. Бурулайды бере турган жигитти ошол эжеси таап жаткан окшойт. Ошондон кийин атасы “Улуу кызымды ала качып кетишкенде калтырып койгом, ал азыр да өкүнөт. Кызымды артка кайтаргыла. Колумдан узатышым керек. Эки айдан кийин келгиле” деди. “Жолго чыкканда артка кайтпайт” деген ишенимге таяп, “Турмуш жолуна аттанган жаштарды кайрыбай эле койгулачы” деп жалдырадым. Атасы болбой койду. Балдар кайрылып түнкү саат бирлерде келип калышты. Бурулайдын атасы “кызым менен сүйлөшүп, эртең менен саат 9дарда жообун берем” деди.

Ал жооп бергенче эле эртең менен алчубузду алып, туугандар менен үйүнө барып алдык. Бобинин апасы “Кызыбызды бербейбиз. Аны кечээ кыйнап эле алып кетишиптир. Нес абалында жатат” деди. Мени менен жакшы маанайда сүйлөшкөн эле да. Анан "кызды көрмөйүнчө кетпейм" деп туруп алдым. Көрсөтүштү. Өңү бопбоз болуп эриндери дирилдеп калыптыр. “Мен Марс акеге турмушка чыга албайм” деди. Өзү назик кыз болчу. Атасы да “кызды зордоп алып кетиптирсиңер, токтоткула” дептир. Бирок ошол эле күнү Боби Марска чалып, “чыгам, мени алып кеткиле” дептир. "Анда “өз көңүлүм менен кеттим” деп тил кат жазып чыксын" дедим. Бирок чыккан жок.

Менин жолдошум менен Турдали маршруттук такси айдап чогуу иштешкен. Ошондуктан уулум атасын Таластан чакырды. Үчөөбүз кайра үйүнө бардык. Атасы бизди жактырбай, чыгып кетүүбүздү суранды. Биз "кыз менен сүйлөшөлү" дедик. Ага чейин Марс шакек алып берген окшойт. Боби колундагы шакегин чыгарып балама сунуп, “сизге турмушка чыга албайм” деди.

Аны кыйнап жатышканы көрүнүп турду. Шакекти алган жокпуз. Кетип калдык. Ошондо балам ата-энесине карап, “мен баары бир алып кетем” деген. Андан кийин балам мени менен мурункудай сүйлөшпөй, кыжалат болуп жүргөнүн сезип жүрдүм.

“БЫЧАК СОЛ КОЛ МЕНЕН САЙЫЛЫПТЫР. БАЛАМ СОЛОГОЙ ЭМЕС”

– 27-май күнү кечке маал Жолдошбек деген балам менен сүйлөшүп, Бобиге башкалар сөйкө салып кеткенин уктум. Анан эле 10 жарымдарда Марс менен чогуу бир батирде жашаган жигит телефон чалып, “Турдали байке мага чалып, кызын ала качып кеткенин айтып жатат” деди. Анан уктап кетиптирмин. Түнкү 2лерде ойгонуп, ооз бекитип, күйөөм бирөөнү жайлоого көчүрүшмөк, аны жөнөттүм. Таңкы саат 5те Жолдошбек уулумдан суук кабар уктум. Кыздын үйүнө 2 ирет бардык, киргизишкен жок. Уулум андай ишке бара албайт. Он сүйлөсө бир жооп берген, бир сырдуу бала. Ооруканадан да, СИЗОдон да уулумду көрсөтүшкөн жок. Ооруканадан тергөөчүгө жалдырап бир жолу кирдим. Анда да жакын жолотпой коюшту, кайтарып тургандар бар экен. Кирсем, Марс мени тааныбай койду. Врач “уулуңуз сологой беле? Бычак сол кол менен сайылыптыр” деди. Менин балам сологой эмес. Мен көргөндө моюнуна эки ирет бычак сайылган деп ойлодум. Анткени “+” белгисине окшош так карт болуп калыптыр. Анан оң жак көкүрөгүнө бычак 4 жолу бирдей калыпта кириптир. Муну врач айтты. Бурулайдын атасы денесине жазыптыр деп жатат. Аны билбейм. Балам жазса, “Н” дебей, “М” деп жазбайт беле?.. Башка бирөө жазды дейин десек, алар Нурлан тууралуу кайдан билмек эле? Окуя кандай болгонун билбейбиз.

Ал эми Бурулайдын атасы кызынын Марсбек Бөдөшев менен сүйлөшүп жүргөнүн четке кагат. “Бурулай ал бала менен сүйлөшкөн эмес. Биринчи ирет ала качып кеткенде артка кайрып, “кызымдын өзүнүн көңүлү болсо берем” дегем. Бирок кызым аны зордоп эле ала качып кетишкенин жана башка сүйлөшкөнү бар экенин айткан” дейт.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
shumkar929292
2018-08-22 10:23:57
Алып кет дегенде качырган атасы көрүп калып милицияга да ала турган жигитине да чалган окшойт ошол жерден чоон уруш болуп кыз тийбейм десе бычактап атынын тамгасын жазган да анан балага сайган ошол ала турган баланы эч кошпойтат ошону да текшерсинчи анан билинет даана эле билинип туратко илинчектер, бай болсо өзүнө ала турган жигит да бар бул жерде
+1
dinara7684
2018-08-22 10:36:54
Бурулайды милициялар олтуруп балага шылтап атышат.Баланы да ура беришип нес кылып коюшкан.
+2
Mart19
2018-08-24 22:35:36
dinara7684,туура Марс дегени олтурбогон.Буга милиция куноолу.Аларле олтургон болбосо видео жазуу именно ошол кунку неге очот???милицияга кунун тушпосун экен ырчы Клара Алибекованы канча шылдындашканле ошонун сынарындай буларды да шылдынга алышып кызга тийиштик кылышса к.к анан бала суйгон учун чыдап тура албаган жанжал чыккан короче милициянын колу бар экени корунуп турат эгер алардын куноосу жок болгондо видео жазуу очпойт болчу...эх Кыргызстаным адилеттик эч болбойт окшойт сенде
+2
AKCAHAT
2018-08-22 16:54:36
Бала олтургон эмес болбосо ушул кезге чейин 1ж да интервью алышпады. Милициялар озулору эле олтурушуп алышкан
0
Bayazet
2018-08-22 17:33:38
Баланы деле оло тургандай абалга жеткирген болсо керек ушул убака чейин биздин адилеттуу милисиябыз
+1
Zarlyk.322
2018-08-23 01:26:50
Сериал болуп кетиго Бурулайдын олуму.Аллах озу жазаласын
0
kg_sulushka
2018-08-23 01:54:38
Мен дагы Марстан эмне учун интервью албай жатышат,эч тушунбойм!?.Мурдагы интервьюларында Н+Б деген жазуу бар дешти эле,эми болсо Н+ эле болчу экен кызык такыр тушунбодум.Бироосу да туура суйлобой жатат.
+1
Shokoladka94
2018-08-23 17:50:38
Баары жабылып эмнени жашырып жатышат? Марс олтурсо дароо эле видеобайкоодогу жазууну корсотуп чыгышмак, интернетке да тарамак болуш керек. Ушунча эл коруп турса да чындыкты бурмалаган биздин милиция куурап эле калгыла
Азыр байлыгына, тууганына таянып жаап- жашырып жаткандардын башына келип, козуно корунуп калсын!
0
Astrushka
2018-08-23 18:18:00
Кудайым милицияга тушкулук кылбасын,булар эн мыкаачы адам болушат экен,кылмыш кылганын да кылбаганын да олтуро сабап туруп кыйнап мойнуна алдырышат экен,токко тарттырып кыйнашат,акыры айла жоктон мойнуна алукга туура келет......ошондуктан баланы аябай сабашса керек.........
0
Nuri1988Elim2010
2018-08-23 20:59:11
Суйлошсо суйлошпосо эмне айырмасы бар эми.Куноолуулор башкаларго менимче,орган адамдары куноолуу
0
Jamalym
2018-08-23 23:06:29
Марстан эмне интервью алышпайт жазыптыр бир-экоо.Апасын тааныбай калган акыбалда экен кантип анан ошол кунку окуяны эстесин.
+2
Eli.91
2018-08-24 17:06:29
Бул кыздын олуму 2 менен гана чектелген эмес!бул жерде дагы кимдир бироо бардай,ойлошумча балада анчалык таш боор эместир балким,кызды ошончолук кыйнап олтургудой,ананда озунода коп бычак саялбайт болуш керек,1 гана жолу сайса керек,оюма менин бир бала келип батат,Алда болсо кызды болуп койгон бала,укканда алардан мурда жетип барган деп ойлойм,кыз анын ачуусуна тийген создорду суйлосо керекда,очошшуп жайлаган экоонуда,баладан бир жолуда интервью албадынар?балким чындыкты ошол айтмак.
+2
Eli.91
2018-08-24 17:20:33
Жогорудагыларда озу чындыгында,же апасын баласына жолуктурбаса,же баладан интервью алышбаса,демек бул жерде башка сыр бар,олум жазасына тартылып жаткандардыда жолуктуратко,булар эмнеге жолуктурбай жатат?баланын телефонунан коп соз чечилмек кыздында,себеби мурдатан тааныш болсо ватсапптан же болбосо болбоду дегенде смс болгондур?эмне себептен алар жонундо соз болбой жатат,атасынында кандай Адам экени билинип бараткандай,тируусундо кызынын бактын ойлобогон,олгондон сонда тынч койбоптур?
+3
Eli.91
2018-08-24 17:25:18
Бул чыр боюнча 1 жактуу гана карап келатасынар,2 жак калып баратат,2 жактын укугун тебелеп койгон жоксунарбы?бала ОЗУ тируу Турган кезде неге башкалар суйлоосу керек?озунон интервью алышынарды отунобуз?менимче бала курук дооматка калгандай корунот.
+2
Eli.91
2018-08-24 17:31:33
Демек 3 жыл суйлошкон болсо,бала 3 жылдын ичинде телефон алмаштыруусу мумкун,эски телефону болсо ондотуп телефонду текшерип коруу керек,памятка сакталган болушу мумкун же смс же болсо экооно таандык бир далил чыгып калуусу мумкун!
+2
azimova90
2018-08-25 19:53:02
Шектуу баланы ооруканадан аары тынчытып жиберишбесе болду.Емнеге ушу убакка чейин ата енесине коргозушбойт жолуктурбайт.Ушунчалык да акмак адамдар болобу?Милиция кызматкери болбой........ким кылган болсо оздорунун башына ушу кунду салсын кудайым.Ар бир жаран кылган ишине жаза алыш керек ким болбосун.
0
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан