1-СЕНТЯБРЬ, АЛГАЧКЫ КОҢГУРОО. МЕКТЕПКЕ КАЙСЫ ЖЫЛДЫЗДАР ДАЯРДАНЫП ЖАТЫШАТ?

1-сентябрь окуучулар үчүн, айрыкча мектеп босогосун алгачкы жолу аттап жаткандар үчүн чоң майрам. Учурда алар «качан 1-сентябрь келет?» деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кездери. Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ичинен кимдин баласы 1-класска барат, тактап көрдүк.

АКБАР СҮЙҮНБАЕВ: «ЖЫЛЫНА 100 МИҢ СОМДОН АШЫК ТӨЛӨЙБҮЗ»

- Балабыз Акбатанын окуйм деген каалоосу күч, маанайы жакшы. Окуганды, санаганды билет. Биз жеке менчик мектепке берип жатабыз. Буга чейин мектепке киргизүү үчүн «шапка берет» дегенди угуп жүрчүбүз. Уулум барчу англис тилине басым жасалган мектепте «шапка» берилбейт экен. Жадакалса кийим-кечесин, китеп-дептерин да өздөрү каржылашат. Биз болгону бир сыйра спорттук кийим анан костюм-шым, сумка алып бердик. Айына 10 миң сом төлөйбүз, ошондо жылына 100 миң сомдон ашык болуп калат экен. Билишимче, комуз, спорттун түрлөрү боюнча ийримдер бар. Бала байлык эмеспи. Бала чоңоюп, жогорку окуу жайына барганда, мээге эч нерсе кирбей калганда миңдеген акча төлөп окутууну туура эмес го деп ойлойм. Баланын билимге умтулуусун башынан башташ керек.

НУРИЗА АБАЗОВА: «ӨЗҮМ МЕКТЕПКЕ БАРЧУДАЙ ТОЛКУНДАНЫП ЖАТАМ»

- Менин жаным, каным Айдай быйыл 1-класска барат. Бала төрөлгөндө, сүйлөгөндө, анан басканда, тамак жегенде, кыскасы, ата-эне баласынын ар бир кадамына сүйүнөт экен. Ошонун сыңары учурда мен өзүм мектепке барчудай толкунданып жатам. Кызым мамлекеттик кадимки эле мектепке барат. Мектепке бир сом да берген жокмун. Кызымдын өзүнүн даярдыгы жакшы. Тамгаларды билет, сексенге чейин санай алат. Каникул болору менен айылга жөнөткөм, азыр таенесинин колунда. Кийим-кечектерин алып дайындап койдум.

АЙПЕРИ СЫДЫКОВА: «ДЭЭРИНДЕ БАР БАЛА БААРЫ БИР ЖАКШЫ ОКУЙТ»

- Бир уул, бир кызым бар эмеспи. Уулум Исак быйыл мектеп босогосун аттайт. Буга чейин кайсы мектепке беребиз деп отуруп документ да тапшырбай калгам. Бишкекте кичи райондордун бириндеги үйүбүзгө жакын мектепке бермей болдук. Жашаган дарегибиз боюнча мектепке киргени жаткандыктан балабызды жөн эле алса керек. Азырынча акча чогултуу туурасында сөз уга элекмин. Эгерде чогултуш керек болсо эл катары беребиз да, балабыздан аямак белек.

Балам окуганды билет, кыргызча, орусча санайт. Буга чейин даярдоочу курста окуган. Даярдоо курсунда баламдын тирикарактыгын көрүп мугалими «1-класска берели» деген эле. Бирок атасы «өзү теңдүүлөр менен эле окусун» деп көңүлдөнбөй койду. Балам өзү эл менен тез тил табышып кетет, жакшы мугалим туш келсе эле болду деп отурам. Күчтүү мектеп деп ата-эне аракет кылганы менен, баланын дээринен деп билем. Дээринде бар бала кандай мектепте окубасын баары бир жакшы окуйт.

КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА: «КЫЗЫМ АНГЛИС ТИЛИНЕ БАСЫМ ЖАСАЛГАН МЕКТЕПКЕ БАРАТ»

- Томиристин өзүнүн даярдыгы жакшы. Даярдоо курсунан эле англис тилине жана математикага басым жасады. Байкашымча, кызым гуманитардык сабактарга караганда, эсеп-кысапка жакшы окшойт. Кыргызча, казакча тамгаларды билет, окуйт. Кайсы мектепке беребиз деп көпкө ойлондук. Жашаган жерибиз боюнча Алматыга да документ тапшырганбыз. Бишкектен да мектеп караштырдык. Жыйынтыгында Бишкектеги англис тилине басым жасалган мектепте окумай болду. Мектепке киргизүү үчүн тааныш издеп убара болгон жокпуз. Анткени азыр 1-класска да экзамен менен алып калышыптыр. Сүйлөшүүгө барганда эле мугалимдер Томиристи жактырып алышты. Томирис кубанып, «мен чоң кызмын, өзүм мектепке барам» деп жатат. «Ооба, өзүң барасың» деп коюп отурабыз көңүлүн оорутпай.

БАЙЫШ МОМУНОВ: «АЙЫНА 3 МИҢ СОМ ТӨЛӨП ОКУТАБЫЗ»

- Кызым Асинат өзүбүз жашаган Сокулук районундагы Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейге барат. Биз ошол аймакта жашагандыктан эч кандай маселесиз эле алышты. Айына 3 миң сом төлөйт экенбиз. 3 маал бекер тамак берилет. Үй тапшырмаларын да ошол эле мектепте даярдашат дешти. Асинат болсо «качан 1-сентябрь болот?» деп чыдамсыздык менен күтүп жатат. Жаңы алган формаларын кийгиси келип, улам карап коюп жүрөт. Буюрса, жакшы окуйт деген үмүттөбүз. Бала-бакчадан жазганды, кошуп окуганды үйрөнгөн.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Merelisha
2018-08-28 11:08:40
Балдарга кен келечек!
11жыл баары бит 1-сентябрь кулака жакшы угулуп,толкунданып куткон эмеспизби, азыр да макаланы окуп балдарды оз ордума коюп коруп толкундап атам.
+12
s81
2018-08-28 12:09:48
Менин кызым Адеми да быйыл биринчи класска окуйт
+3
s81
2018-08-28 12:10:52
Айдеми
+1
Jaziko80
2018-08-28 14:05:55
Балдар бактылуу болушсун. Акыл эси ыйманы мн чоное беришсин. Баарыбыздын балдарыбыз, Кыргызстан онуп,осуп. Кыргыз эли кобойсун.
+6
nurhan2702
2018-08-28 18:49:12
Эххх Байыш,Байыш Кларадагы балана да кийим алып бердинби ?
+24
allanna
2018-08-28 19:22:43
nurhan2702,++++++++++++
Адашып - басылып кетти
0
LunaSun
2018-08-28 21:32:54
Эхххх. Менин кызым да чоноюп окууга барганга жарап калса эээ. Жожом азыр бешикте капарсыз уктап жатат. Мектепке бараар куну да келер. Ал мектеп босогосун аттаган бобокко,аны толкундана узаткан ата- энеге ийгилик кааламакчымын.
+6
Zulya2
2018-08-28 23:45:59
Англис тили басым жасалган мектептин атын айткылачы эмки жылы кызым кирет мен да даярданайын , кызым кызыгат озунчо англисче суйлойт.
+1
ayka96
2018-08-31 13:53:01
Zulya2,
Англис тилине басым жасалган школ бул "СЕБАТ" түрк лицейи. Школьго аларда экзамен тапшырпт англис тилинен. Ошодон өтсө алат. И жылына 1800 доллар төлөйсүн. Менин бир тууган эки инилерим окуйт.
0
Zulya2
2018-08-31 16:09:53
ayka96, рахмааат
0
Sagyn.91
2018-08-29 02:41:31
Убакыттын учкан куштай зымырап отконун карасанар. Кечээки бобоктор эми мынтип мектептин босогосун аттоо алдында турат. Келечеги кен болсун балдардын.


Биз да балдарды окууга даярдап, кийим-кече алып беруучу кундор да алыс эместир.

Ата деген бал тилдуу наристелерди Аллахым бизге да буйруган болсун...

+4
s81
2018-09-02 23:25:22
Бүүзия түйшүктүү ишине ийгилик каалайм
0
ady-88
2018-09-04 08:48:40
Акбар опкосу савсим эле жоголуп кеткееби Бейм.
0
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан