АЛМАЗ ШААДАЕВ: “КӨТӨРҮЛГӨН САЙЫН ЖАМАН КӨРСӨТКҮСҮ КЕЛГЕНДЕР КӨБӨЙӨТ ЭКЕН”

– Алмаз, кандайсың? Көлдөн келгениңе аз эле болуптур. Эс алдыңбы же гастролдодуңбу?

– Жакшы, өзүңөр жакшысыңарбы? Быйылкы жай гастроль менен өттү. Бир жарым ай Ысык-Көл облусунун айылдарында гастролдоп Бишкектин ысыгын билбей деле калдым. Сууга түшүп эс алып, аны менен кошо ырларымды элге сунуп кайттым.

– “Эми мага баары бир” аттуу ырыңдын клиби интернетте эң көп каралууда. Клип тартып жатканда ушундай болот деп ойлодуң беле?

– Бул ыр “Фаридамдан” кийинки ийгиликтүү ырлардын бири болду. Сөзү, обонун жазган Гүлжигит Сатыбеков байке аккордеон менен ырдап жүргөнүнөн аранжировкачы Эдил Маматов экөөбүзгө “ушул ырды аранжировка менен ырдаса кандай болор экен?” деген ой келип, Гүлжигит байкеге телефон чалып сурасам уруксат берди. Эң башкысы ушундай ырды жаратып койгонуна Гүлжигит байкеге рахмат. Андан кийин Эрнист Сыдыков досум, менеджерим Индира эже болуп биргеликте клиптин идеясын ойлоп таап тарттык. Эрнист ошондо “бул клип аябай көп көрүүчү топтошу мүмкүн же такыр топтобойт” деген. Ал айткандай эле болду. Кыргыз шоу-бизнесинде интернетте эң көп көрүлгөн клип болуп рекорд койду. Клиптин чыкканына 5 ай болду, бул аралыкта аталган клип 8 миллион жолу көрүлдү. Элге жакты, себеби бул клипте карапайым элдин көйгөйү бар. Жараткан бул жашоодо ар бир адамга ар кандай сыноолорду берет, ошол сыноого кабылган адамдар клипти көрсө керек деп ойлойм.

– Клип тартуу учурунда кырсыкка кабылып калганыңды айттың эле.

– Негизи эле ар бир ырдагы, клиптеги окуялар жашооңдо да кайталанып калат деген сөздөрдү укчумун. Аталган клипти трагедия кылып тартканбыз. Сюжет боюнча машинаны жол кырсыгына кабылтып, “Тез жардам” унаасын, МАИ кызматкерлерин чакыртып тарткан элек. Клиптин акыркы эпизодун тартып, Эрнистти үйүнө жеткирип баратканда биз да жол кырсыгына кабылдык. Тагыраагы, менин унаамдын артынан башка унаа келип сүзүп, клиптегидей МАИ, “Тез жардам” кызматкерлери келип, чыныгы жашоомдо да ошондой кырдаал жаралды. Андан тышкары клипке тартылган кичинекей бала да клиптен кийин бутун сындырып кырсыктап калыптыр.

– Бул ыр боюнча “Гүлжигиттин ырын бузуп салды” дегендер да бар...

– Андай сын-пикирлер айтылып турушу керек. Интернетте клиптин алдына 4 миң комментарий жазылып, жакты белгисин баскандардын саны 30 миңден ашуун. Мен баарын окуган жокмун, бирок комментарийлердин 500ү жаман десе, калган 3500ү жакшы деп мактап жазса ошолорду угам. Хейтерлер жашоодо жашай берет. Жактыргандар угуп жатат, жактырбагандарга, балким, бузуп салгандырмын. Бирок 8 миллион каралуу менен ыр көпчүлүккө жакканы далилденип турат.

– Хейтерлердин оюна караганда мактагандардын пикири маанилүү деп калбадыңбы. Мактоодон эргүү аласыңбы? Балким, сын-пикирлердин деле туура айтылгандарын кабыл алат чыгарсың.

– Негизи сын-пикирлерге сынбайм, хейтерлердин айтканын укпайм деле. Мени мактап, жакшы пикирлерин айткандардын оюн угуп ырахат алып, дагы иштегим келет. Сындап жазгандар мага менин айланамдагы эле көрө албаган адамдар жазып жаткандай сезиле берет.

– Чубак ажыны туураганыңар интернетте кызуу талкууланды. Ал киши же анын тарапташтары телефон чалган жокпу?

– Жок, эч ким деле чалган жок. Бирок комментарийге бизге ачууланып жазып жатышты. Аны туура кабыл алдым. Чынында бул күтүлбөгөн нерсе болуп кетти. Аалым тууралуу жаман айтып жатышса менин деле ачуум келмек. Аны биз жамандаган жокпуз, пародия катары эле тартып койгон элек. Чубак ажы тууралуу менин да оюм жакшы, сыйлайм. Сыналгыдан анын кеңештерин угам. Инстаграмда Чубак ажынын атын жамынган фейк аккаунт бизди жамандап чыгарды, бирок ага көп киши нааразычылык билдирип, баракчасы жабылып калды окшойт.

– Алпаруучу Айгүл Курманова “Алмаз мага карыз” деп чыкты эле. Карызыңдан кутулдуңбу?

– Ал эжени, чынын айтсам, тааныбайм. Аны менен “концертимди алып барыңыз” деп сүйлөшкөн эмесмин, менеджерим Индира эже сүйлөшкөн. Алгачкы концертим эле. Эже келип орусча алып барганда “кыргызча алып барса болмок” деп бир өкүнгөм. Бирок концерт соңунда ыраазычылык катары 100 доллар бергем. 10 миң сомго сүйлөшүлгөнүн деле билген эмесмин, кутулдум деп ойлоп жүргөм. Былтыр концертимдин алдында “3 миң сом карыз” деп жазып чыкты. Элге жарыя кылбай, өзүмө бир ооз чалып сураса болмок. Эгер мен ошондо бербейм десем жазса туура болот эле. 2 жыл өтүп кеткенден кийин элге жаман көрсөтүү максатында жазып чыкканын туура эмес ойлодум.

– Айланаңдагы эле адамдар көрө албаган учурлар сага байкалабы?

– Албетте, бул нерсе акыркы учурда аябай көбөйдү. Канчалык көтөрүлгөн сайын артыңдан жаман көрсөткүсү келгендер, сени психикалык жактан сындыргысы келгендер аябай көбөйөт экен. Андай нерсе жакында эле болуп өттү. Бир журналист кыз эфирине бара албай калсам мени жамандап, бир тараптуу материал даярдап чыкты, бирок максаты ишке ашкан жок. Мен мындан ары иштей берем. Көрө албагандар болуп турат. Мурда да Москва шаарындагы тойлордун биринен туңгуч президентибиз Аскар Акаев менен жолукканымды көрө алышпай, мени жамандагандар, талкуулагандар көп болгон. Бирөөгө ор казсаң, ошого өзүң түшүп калууну да ойлоно жүрүш керек.

– “Алмаз жылдыз болуп кетти” дегендер барбы?

– Албетте, андайлар болот. Эгер сен ырдабай жүрсөң, бирөө сага телефон чалса албай койсоң, эч ким эч нерсе дебейт. Анан сен ырдап, атың чыгып калгандан кийин сага бир таанышың чалса албай койсоң, “жылдыз болуп кетиптир” дейт. Бирок мен жылдыз болуп кеткен жокмун. Башында кандай болсом, ошондой эле бир калыпта жүрөм. “Жөнөкөйлүк адамдын жылдызы” деп коёт. Жөнөкөй эле баламын.

– Көп адамдар менен өз таламыңды талашып, уруша кеткениңди байкайм. Мүнөзүң чорт, ачууң чукул окшойт.

– Негизи менин мүнөзүм бир аз чорт. Ачуум бат келет, бетке айтам. Бирөө мен жөнүндө жаман айтып жатса ошол жерден дароо жарылам. “Кой, мен ырчымын, жаман көрүнүп калбайын” деген ой болбойт. Эгер бирөө намысыма шек келтирип жатса “мен ырчымын, жакшы сүйлөп коёюн” деген позиция менен жашабайм, керек болсо "ырдабай эле койдум, ошонун түбүнө жетип коёюн" дейм.

– Ырчылар көбүнчө “элдин көзүнчө уят” деп өзүнө чектөө коюшат. Сенчи?

– Мени жакшы билген досторум “Алмаз комплекси жок, орустардай” деп калышат. Ырдайм, ошол эле учурда бардык жерде эркин жүрөм. Жасалма болуп жүрө албайм. Сахнада да, жашоодо да окшошмун.

– “Шоу-бизнесте достук жок, болгону кызыкчылыктар бар” дешет...

– Шоу-бизнесте, балким, бир адам менен сырдашып, дос болушуң мүмкүн. Данияр Эрматов менен чыгармачылык тууралуу көп сырдашам. Калган шоу-бизнестеги достор бири-бирине жөлөк-таяк болушу мүмкүн. Чыгармачылыктагы шеринелеш досторумдун ар бири менен жакшымын, чыгарган ырларын, клиптерин сыйлайм, урматтайм. Алар клип тарттырып, ырдаса, “мен да иштешим керек” деп жакшы жагынан атаандашам. Шоу-бизнесте достук бар.

– Бири-бириңерден идея кызганасыңарбы?

– Андай деле болбойт. Баарыбызда идея ашып-ташып турат, чынында. Эгерде бири-бириңе жаман көз караш менен карасаң өспөйсүң. Бирөөнүн ийгилигине сүйүнүп турсаң, сага да ийгилик жылмаят.

– Сахналаш досторуң четинен бойдокчулук менен коштошо баштады. Сен качан коштошосуң?

– Кээде эртерээк үйлөнүп алсамбы деп ойлойм. Кээде дагы 1-2 жыл чыгармачылык менен иштеп, анан үйлөнөйүн деген ой келет. Жакшы кыз алдымдан чыкса үйлөнө бермекмин, бирок чыкпай жатат.

– Маегиңе рахмат. Тилегиңе жет!

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Алмаз Шаадаев: “Бирөө менин намысыма шек келтирсе ырдабай деле коём!”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Nanei
2018-08-28 20:02:50
Эми ушуга Ким ичи тарып ,Ким коро албайт??? Тушунбойм
+10
Nanei
2018-08-28 20:04:21
З мин сом карызын бериптирби??
+7
Nanei
2018-08-28 20:06:56
Мен ырчымын деп озун Ким сезип алган ошондо??кудай сезип алгандан сообу??? Ой тобооо,
+4
Asyl.jazi
2018-08-28 20:25:51
Ырчы айымдардан Анжелика, Самара, Айчүрөк тажатты. Мырзалардан Алмаз, Нурлан, Байыш ... тажатты
+4
Tuki110592
2018-08-28 23:12:17
Брат эркексин сынба чыныгы талант бар сенде сындагандар сендей болуп алсын жок дегенде мага эле таанылсынчы
-3
Jyrgal_msk
2018-08-29 02:01:51
Гулжигиттин, ,Баары бир"деген ыры хит ырлардан.Ушул ырды кандай аткарды деп да кобу корсо керек.Алмаз ырчы болом десен озун обон чыгарып ырдасан
.
+6
CEO1
2018-08-29 02:31:12
Бул баланын бираз "тузу кем" экен. Капа болбосун го, бирок Анжелика менен Самараны туурап, интернетте паланча жолу коруптур палан-тукун дейт. Гулжигиттин мыкты ырларынын бири болгону учун да кирип корушту да, кандай ырдаптыр деп...

Ыр ачыгы жакшы ырдалбаптыр, Гулжигиттин озунун аткаруусунда эн мыкты чыккан... Мени коро алышпайт, бут тосушат деп асмандан суйлойсун, сен озу кимсин, эмнени кыйратып койдун ушул кунго келип?!!
+6
CEO1
2018-08-29 02:34:45
Озун ыр жазып, обон жарата албасан, ререртуарында кыйратып ыр болбосо, качан болсо бироолордун ырларын сурап ырдап чыгасын, анан ошону да эптей албасан...

Супердин форумунда 5-10 жыл илгерки суротторун журот. Ошондо эле кыздан бетер суротко тушо берчу экенсин, озунду элге тааныта албай. Эми 1-2 ыр ырдап мурдун асманга жетип турганын тушунсо болот. Эгер ким бироо келип сени "Анжелика менен Самаранын" ургаачысы, ой эркеги десе, таарынба, бул мазактоо эмес, чындык....
+5
CEO1
2018-08-29 02:39:04
Мен тушунбоймун, ушуга окшогондор суперге акча толойбу эмне, менден интервью ал деп... Окурмандар Бек, Сыймык, Кумондор байкелер ж.б. толтура элдин сыймыгына татыган адамдардан интервью кутот, силер болсо каяктагы мактачаактардан интервью аласынар...

Админдер эртен кемсинтти палан-тукун деп банга айдап журбосун, заранее айтып коеюн. Акты ак, караны кара, мактанчаак болсо мактанчаак деп айткан дурус чындыкты. Бул мазактоо эмес, чындык ошол болсо, любойунан сурап коргуло.
+7
CEO1
2018-08-29 02:42:08
Баса, сен иничек Аскар Акаев менен учураштым дейсин, эч болбосо Акаев Кыргызстандан уурдаган байлыктарын качан кайтарат экен, ошону сурап билсен пайдалуу иш кылган болоор элен. Акаевди бугунку Атамбаев, Жээнбеков сыяктуу коррупциянын атасы десек далилинер жок деп журчу, Акаев качкандан кийин Акаевге тиешелуу 70тен ашуун ири ишканалар, миллиарддаган муммалардын аты аталды го чиркин...
+4
aida007
2018-08-29 07:23:28
Мен бул жигиттин ырларын билбейт экенмин кечке эле интервью ала бересинерби акча толойт окшойт озу
+5
romaantik
2018-08-29 19:45:42
Супер инфого интервью бериш учун акча беришет. Озуно жараша ставкалары бар.
+2
ekonomist.
2018-08-30 16:50:36
Эмне мынча ичибиз тар Кыргыздар, "Эми мага барибир" клибиндеги жакшы коменттерди жалан эле башка улуттар жазыптыр, эркектерибизден бери ушул жерде жамандап отурса ушакчыга аялдарга окшоп.
-2
raykray
2018-08-31 03:11:12
Бул Чубак ажыны туурап суйлогон балабы?
-1
mikana
2018-08-31 16:40:52
Албина деген таластык суйлошкон кызын бар экенин неге жашырасын. Анын инстаграмм баракчасында сен экоондун бактылуу суротторун жайнап журот го
-1
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан