МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Ушул нерсени жөн эле баштаптырбыз... Балким, экөөбүз ошондо эле бири-бирибизге биротоло жолугушпай койгондо баары башкача болот беле?

– Эмне дегени турасың?

– Экөөбүз биротоло чырмалышып калдык. Өзүмчүл болуп койдук. Балдарыңды жетим калтырганы жатабыз. Турмуш бизге ушунун кесепетин көрсөтпөсө болду.

– Эмне деп жатасың, Нуржан? Мен баламды таштайм деген жокмун, анын апасын таштайм. Балдар жетим калбайт. Мен айттым эле го "бир келген жашоодо мен өзүм сүйгөн адам менен бактылуу болгум келет" деп. Адамдар эмне дешпесин биз бакыт үчүн күрөшүшүбүз керек да...

– Экөөбүз баш кошорубуз менен эле келеби бакыт деген?

– Бизге бакыт келген, жаным. Мен сени биринчи көргөн күндөн тарта бакыт биз менен жүрөт.

Тимурдун бул сөздөрүнөн кийин Нуржан кадимкидей жоошуй түштү. Жигитинин сонун сапаты бар, ал адамды жайгарып, ишендирип сүйлөй алат.



ххх

– Мен Айназикти мектепке сүйлөштүм. Ал быйыл күздө мектепке барат эмеспи?

– Жакшы кылыптырсың,- Тимур көңүл кош сүйлөдү.

– Мектепке даярдашыбыз керек экенин түшүнүп жаткандырсың?

– Түшүнбөй эмне?.. Акча жок азыр, болору менен берем.

– Сенден түңүлүп калбаган мен акмак экенмин негизи. Тимур, эбиң менен болсоң болот эле. Сенин акчаң ойношторуңа табылат. А балдарга келгенде сенден өткөн битир жок.

– Кайсы ойнош? Не деп жатасың?

– Койчу, мени эмне билбейт деп жатасыңбы? Сопсонун билем. Тиги шуркуяң менен мамилеңди үзгөн эмессиң. Эми акыры оңолор, ортодо балдар жетим калбасын деп ызамды жутуп келе жатам. Токтотуш керек го мындайды, Тимур?

– Эгер билсең, ал ойнош эмес мага. Аны андай жаман сөз менен атаба. Ал мен жакшы көргөн адам. Сенин жаныңда, эгер билсең, мен дагы балдар үчүн эле жүрөм. Бирок акыры бул кыйноо бүтүшү керек да, туурабы?

– Оой, Тимур, эмне дешти да билбейм. Дагы кетем деп коркутканы калдыңбы?! Биздин үй-бүлөдө экөөбүздүн ордубуз алмашып калган. Адатта аял коркутат да "кетем" деп. А бизде сен. Баракелде!

– Эч кандай коркутпай эле, биз биротоло ажырашуубуз керек. Мен балдарга каралашып турам. Бирок эми бул үйдө жашабайм.

– Кете бер. Тоюп деле бүттүм сага.

– Айсулуу, кел ушинтпейбиз. Бири-биринин көңүлүн калтырбай, жаман сүйлөшпөй деле ажырашса болот адамдар. Сен менин балдарымдын апасысың. Сага ыраазымын. Бирок ортобузда сүйүү жок болуп жатпайбы? Эмнеге бири-бирибизди кыйнайбыз? Кел, бири-бирибизге ыраазы бололу, эркиндик берели. Сен сүйүүңдү тап, мен табайын. Мен сага бакыт эле каалайм, эгер билсең. Балдарга жума сайын келип турам.

Айсулуу ачууланганын билдирбегенге аракет кылып жатты. Качан болсо ушул. Тимур ага дайым акылдуусуна берет. Түшүнүгү укмуш адамдай сүйлөйт. Акыл үйрөтөт, заманбап бол дейт. Мына, карабайсыңбы, азыр да кадимки кинонун каарманындай сүйлөп жатканын. Бирок жашоо деген кино эмес да. Ачуусун басып токтоолук менен сүйлөдү Айсулуу:

– Эсиңдеби, биз да бири-бирибизди сүйгөнбүз. Биз да сүйүү үчүн күрөшкөнбүз. Жок, сен эмес, мен сүйүү үчүн күрөшкөм. Сага жетем деп атамдын каргышына калганыма да кайыл болгом. Анан жеттим сага. Сүйүүмө жеттим. Кана бакыт? Сүйүүдө деле эмес окшойт бакыт деген. Сага жетсем жыргап калам дечүмүн, кана ошол мен күткөн жыргалчылык?

– Бизде сүйүү болгон эмес, Айсулуу! Биз адаштык.

– Анан? Адаштык деп кайра издегенче балалуу болуп калбадыкпы? Балдарды кантебиз?

– Балдарды кантмек элек, багабыз. Бала бар деп эле өзүбүздү кыйнай берелиби? Экөөбүздүн мамилебизден балдар сыгылып кетет, эгер билсең. Өзүбүзгө кошуп балдарды да кыжалат кылгандан көрө эки бөлөк жашаганыбыз жакшы го?..

– Мейли, балким, сенин айтканыңда да чындык бардыр. Бири-бирибизди эзе бербей, коё берсе коё береличи... Мен деле тажап бүттүм.

– Түшүнгөнүң үчүн рахмат.

– Ушинтпечи, Тимур. Жасалмалуулуктун эмне кереги бар?

– Жасалмалуулук эмес бул. Балдар үчүн сени менен жакшы мамилени сактап калайын деген аракетим.

– Уф... Мен түшүнөйүн сени, мейли. Бирок балдарга кантип түшүндүрөм?

– Сен сөздү кайра башынан баштаганы жатасыңбы? Мен өзүм түшүндүрөм.

Бөлмөдөн чыгып кетти. Коңшу бөлмөдө кичинекейи Байэл эжесинин жанында планшетте болуп жаткан мультфильмди тиктеп отурган экен.

– Балам?

– Мм,- Байэл бир аз кеч сүйлөчүдөй. Сөздөрдү түшүнгөнү менен, өзү баш ийкеп же баш чайкап гана жооп берет. Бир нерсени кааласа колу менен көрсөтөт.

– Мен кетип жатам, ээ? Бирок келип турам, макулбу? Сен сагынарың менен келем. Кел, өөп коёюнчу,- Байэл мультфильмден алаксыгысы келген жок. Ордунда отура берди. Чынында ал атасын түшүнгөн деле жок. Анын таза жүрөгү көп деле санаа тарткан жок. Атасы эмне күнүгө жумушка кетип, кайра келип жүрбөйбү. Келет да кайра. Бирок аны менен кошо мультфильм тиктеп отурган Айназик баарын түшүндү. “Апам ыйлайт го” деди ичинен. Апасы акыркы кезде көп ыйлап жүрөт. Андайда Айназик анын көңүлүн кантип көтөрөрүн билбей кыйналып кетет. Бу чоңдор өздөрү эле азап тартып жаткандай боло беришет. Аларга кошулуп баланын жүрөгү эзилип жатканын билишпейт тура, көрсө.

– Кызым,- ушул сөздү бирөө кыйнап айттыргансып үн катты Тимур. – Сен чоңоюп калбадыңбы? Апаңа жардамдашып, Байэлди карашып тур, ээ?

– А сенчи?

– Мен кетип жатам. Бирок бат-баттан келип турам.

– Сен Байэлди карашкың келбей калдыбы? Ошон үчүн кетип жатасыңбы?- Айназик бул суроону кызыгып сурады. Тимур жооп таппай калды. Эмне деш керек?

– Жо-ок, андай эмес,- кайсалактап кетти. – Мен... Сен чоңойгондо баарын түшүнөсүң...

Шаша-буша кийимдери салынган сумканы алды да, сыртка чыгып кетти. “Жоопкерчиликтен качтыңбы? Айназик ушинтип эле сурабадыбы? Качып баратамбы? Жок! Мен сүйүү үчүн күрөшүп жатам. Мен бакыт издеп баратам. Бир келген жашоодо сүйүктүү адам менен жашаш керек”. Өзүн-өзү актап баратты.



ххх

“Кош дебей кетти”. Айсулуу ушуну ойлоду. Кийин терезеге келип карады. Тимур куду мектепке биринчи бараткан бала өңдүү, далдалаңдап кубанып кетип бараткандай туюлду ага. Көкүрөгү ачышып чыкты. Бир кезде бардык нерсени ушул адам үчүн курмандыкка чалган. Кана эми, ошол адам анын сүйүүсүнө эмне менен жооп берди? Мурда да качкан. Азыр да качып баратат. Кубалаш керек беле негизи ушул адамды? Ооба. Бирок артынан эмес, тескерисинче, жанынан кубаласа болмок экен. Москва анан Тимур ага бакыт берет деп ойлоптур... Ээх, бекерге кеткен үмүт өчүргөн жылдар. Батирде 2 баласы менен калды. Же дүнүйө жыйнай албаптыр. Эми өкүнгөнгө кеч. Белди бекем буушу керек. Балдарды бутуна тургузуу керек. Аларга үй салыш керек. Эми мунун баарын өзү жалгыз жасайт. Эч кимге ишенбейт. Жок, сүйүү издебейт. Сүйүү анын балдарынын курсагын тойгузмак беле? Тиштенип туруп анын тамагын муунтуп келе жаткан көз жашын кыйнап токтотуп койду Айсулуу.



ххх

– Эми сен кетпейсиң, ээ?- ойгоно калып эле Тимурду бекем кучактады Нуржан.

– Эми кетпейм.

– Кандай жырга-ал! Сен жанымда болсоң эле дүйнө тегиз боло берет.

– Көрөсүң го, биз бактылуу жашайбыз. Биз ошого татыктуубуз.

– Жок, татыктуубуз дебе! Бакытты чочутуп албайлы керсеңдеп жатып.

– Мейли,- кызды маңдайынан өптү. Нуржан болсо ичинен өзүн жеп жатты. “Кантип татыктуу болобуз? Кантип балдарды жетим калтырып туруп, сүйүүгө татыктуу болмок элек? Бирок бизде башка жол бар беле? Койчу өзүмдү жей бербейинчи. Дүйнөдө бардык күнөөлөрдү жасап жаткан жалгыз эле мен бекенмин? Баары жасашат. Баары ката кетиришет. Идеалдуу эч ким жок. Бирок...”

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
ziash85
2018-08-28 09:31:09
Азамат качан келет экен Эми Айназикке?
+1
Paprikafm
2018-08-28 11:26:48
Айчулууга ажеп эле болду
0
Jeki95
2018-08-28 12:27:09
Мм Айсулуу ушуну кормоксун. Эми Азамат сен учун, Айназик учун эмне кылганын бир ойлонуп, бармак эмес колундун билегине чейин жейсингоо...
+3
Brejneva
2018-08-28 13:21:52
Ушундай соонун чыгармаларды эле Супер Инфо каяктан таап алат. Калтырбай окуйм
+3
originalkgz96
2018-08-28 13:54:36
Ммм
-2
Journalistgirl
2018-08-28 14:31:33
Айсулуу Азаматка кылган кыянаттыгынын жазасын ээми тартат. Тимур да корсо экен.
+2
love.me.again
2018-08-28 16:14:45
Айсулуунун ХХХ ХХХ Азамат мн жашасан май чайнайт Элен го эссиз...
0
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан