САМАРА КАРИМОВА ИНСТАГРАМДА “МИЛЛИОНЕР” БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Инстаграмдын Кыргыз сегментинде алгачкы миллионер болду, башкача айтканда, миллион фолловерге ээ болду. Ырчы айым бул окуяга карата: “Абдан толкунданып турам, мени менен иштешкен жалпы жакшы адамдар баарыңыздарга таазим! Мекенибиз өссүн, өнүксүн, миллиондор көбөйө берсин. Сиздерди чексиз сыйлайм. Бар болуңуздар менин 1 000 000 досторум!”- деген кубанычка толо билдирүүсүн жарыялады.

Инстаграмдагы кыргыз колдонуучулар арасында алгачкы миллионердикке ырчы Анжелика менен модель Айжан Асемованын ортосунда тымызын атаандаштык болуп келе жаткан. Самара Каримова экөөнү артка калтырды. Бул окуянын урматына ырчы айым сахналаштарын Бишкектеги чайханалардын бирине чакырып, чакан майрам да уюштуруп жиберди.

Инстаграмдын Кыргызстандагы ырчы колдонуучуларынын арасында баракчасына расмий макам алгандар жок. Миллион катталуучусу менен Самара Каримова деле расмий макам ала элек.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Самара Каримова Инстаграмда миллион катталуучу топтогонунун урматына кече өткөрдү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Maxima
2018-08-28 18:33:42
Самашты айылда инстаграм менен иши жок ата-апаларыбыз жакшы коруп угат чыгар.Жаштар болсо Самара м.н деле иши жоктой. Анан Анжеликадан ашып кантип 1 млн. болуп алганын бир кудай, бир Самаш анан бир раскрутка кылган адам эле билбесе ))
+7
aida007
2018-08-29 07:30:52
Maxima,Анжеликадан ашып кеткени жакты мага
0
Nurkyz1977
2018-08-28 19:44:36
Бул катынга соз жок,апаларыбыз айткандай айткан создон айлансын,шерменде экен.
+9
Nanei
2018-08-28 20:15:29
Менин бир тааныш эже баласына мектепке кмйим алалбай кыйналып жатат. Бвласы алтынчы класста окуйт. Самара болсо подписчигмм кобойуп жатат деп той откорот , уят ,ысырапкерчилик, ошол эженин баласына форма апере турган жарандар барбы?? Болсо менин личкама жазсанар, эже таласта жашайт. Баласы алтынчы класс
+6
sladkaja_konfetka
2018-08-28 22:22:18
Ушуга чейин инстадагы жазылуучулардын санына маани берчү эмес элем, Самара той бергенден кийин чет элдик жылдыздардын подписчиктерин карасам, алардыкы деле 1млн.дун тегереги экен...Мисалы Сати Казанованыкы 1млн, Николай Басковдуку 1,5 млн, Чай вдвоем группасынын солистиники 200миң эле экен. Дароо эле билинет чыныгы жазылуучулар экендиги...Россиянын элинин саны 140млн, ал эми бул жылдыздар КМШ өлкөлөрүнө таанымал эмеспи. Самара ушуларды карап деле уялса болмок...
+9
Jakjakynas
2018-08-28 22:39:02
Ээ самара койчу мактана бербей
+4
sirenaaaaa
2018-08-28 22:52:33
Откондо Шумкар деген актер баланын тамашасын коруп жон эле кулдургону чыгарган го дептирмин. Корсо Самара чын эле той берип салган турбайбы. Адамдар айткандай Асан атасы жаш катынына ушинтип романтика тартуулап кармап жашап журот окшойт. Койчу Самара силердики жон эле акчага байланган жашоо. Эртен атан баспай ишке жарабай банкрот болуп калса кантесин. Бир аз ылдый тушуп, терегек четине да коз чаптырчы
+9
Pandora
2018-08-29 00:44:36
Тообо кылдым...
+3
syrduu
2018-08-29 01:20:22
Эээ Инсан экенсинер да мени жаман корбогуло но тим эле койгула балким башкаларга жардам берип жаткандыр. Ал озунун ишиго арким озуно жооп берет.
-6
syrduu
2018-08-29 01:24:37
Мен мактап же жамандагым келбейт ырларын уксам угам укпасам укпайм. Ыр главный эмеско Ыйман главный.
-5
Nanei
2018-08-29 10:15:46
syrduu,ошондо Самараны ыймандуу дкп айткынар барбы
+2
syrduu
2018-08-29 22:26:51
Nanei, Ыйманды Аллах берет. Самаранын Ыйманын мен билбейм. Ыймандуу болсо жакшыда.
0
gulperi.kg
2018-08-29 21:33:46
Мына сага заман .Подписчик заманы ушуну да майрам кылган заман.Тообо тообо
+1
nelli
2018-08-31 10:22:27
Ушунча ысырапкерчиликтин не кереги бар? Ушудан коро Милан Садыкжан уулуна жардам берсен боло! Миллион подписчиги болсо неге просмотрлар 23 мин, 18 мин? Раскрутка 100%. Даже ошончо кайрымдуулук кылган Ассоль Молдокматованын да подписчиги анчамес. Ыйман берсин да баарыбызга жараткан.
0
Journalistgirl
2018-09-01 12:26:17
Ой тооба айтаарга соз таппай калдым. Акчасын кайда коротоорун билбегендин жумушу да бул.
+1
Asel33
2018-09-02 09:00:26
Сатып алганы билинип эле турбайбы. Эмгек сиңиргенди да чалынын арты менен. Баары ошонун акчасы менен. А Анжелика тынбай иштеп эмгеги менен. Уят. Ушуга да той өткөробу. Кичине асмандан түшчү.
+1
Asel33
2018-09-02 09:09:37
Башка ырчылар деле шок болушту окшойт. Айла жоктон келишти да, чакырып атса. Урмат Усенов скромный го, баарын ойлонуп иш кылат. Ошонун келбей койгону эле канча. Айла жок,күлкүн келет. Сөз жок сага Самара
0
aizbek
2018-09-09 17:03:25
Кеп элди алдаган алдабаганда эмес бул жон эле обу жоктук,просто соз жок
0
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан