БАЛЫКЧЫДА ӨТКӨН БАЯСТАН МЕНЕН ЗУЛЬФИЯНЫН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ

27-августта рэп аткаруучу Баястан Ботоканов менен бийчи Зульфия Лансарованын үлпөт тою Балыкчы шаарындагы тойканалардын биринде өттү. Эки жашты куттуктап кесиптештери, достору, ага-тууганы келип, турмуш жолдору байсалдуу болушун каалашты. Кереметтүү көл жээгинде болгон ак тойдун жүрүшү менен таанышып алыңыз.

Эки жаш достору менен көл жээгинде сейилдешти.

Баястан менен Зульфия тойканага коноктордун кол чабуусунда, бийчилердин коштоосунда күүгүмдө кирип келишти.

Эки жаштын никесин ЗАГС кызматкери мыйзамдаштырып, нике күбөлүгүн берген соң Баястан нике шакегин тизелеп отура калып, сүйүктүүсүнүн манжасына салды. Андан кийин сүйүнгөн кайнене келинине ак жоолугун салып, кыргыздын илгертеден келе жаткан салтын улады.

Тойду ачуу үчүн эки жаштын ата-энеси, Баястандын чоң энеси, өкүл ата, өкүл эне эл алдына чыгып, куттуктоолорун айтышты. Өкүл ата, өкүл эне болуп Баястандын аяш ата, аяш апасы шайланды. (Солдон оңго: Баястандын апасы, атасы, чоң энеси, Зульфиянын атасы, апасы, өкүл ата, өкүл эне).

Рэпердин тоюна сахналаштары Аско, Джонни, Бек Исраилов, Айдана Дека, Чолпон Талипбек, Арсен, Yella, «Жарайт Сити» долбоорунун жигиттери, Бакыт Байсариев, Максат Садырбеков, өлкөбүздүн мыкты футболчусу Азамат Байматовдор барышты. Кесиптешин куттуктап, ар бири келген элдин маанайын көтөрүп ырдашты, бийлешти, күлдүрүштү, өздөрү да чер жазып кетишти.

Баястандын достору менен Зульфиянын курбуларынын ортосунда батл орун алып, биринен экинчиси калбаган жаштар тердеп-кургап бийлеп өнөр көрсөтүштү.

Алдыңкы көч кайда барса кийинкиси да ошол жакка барат. Баястандын агасы, клипмейкер Мирлан Саткымбаев Наржан аттуу бийчи кызга баш кошкон эле. Учурда 2 уулдуу болуп, бактылуу жашап жаткан чагы. Эми иниси Баястан дагы бактысын бийчи кыздан тапты.

Эмки кезек Бегиштеби?.. Сулуусу менен келип, кыналыша отуруп, жетелешип жүрүштү.

Баястан апасы менен, Зульфия атасы менен ак бийге түшүштү. Той негизи бир нече улуттун башын бириктирди десек болот. Эки жактын туугандары ар кайсы өлкөдөн келишти.

Той 5 кабаттуу тортту кесүү менен жыйынтыкталды.

Сүйүн Кулматова Адилет Бектуров star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Баястандын Балыкчыда өткөн тоюнан репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Dilbaranurdinova
2018-09-04 11:01:21
Бегииииш гулзари сонун кыз элего)))
+3
Sagidko88
2018-09-04 11:16:37
Бегиштин кызынын неудачный суроту ошкшойт, анан суперчилер кыйынсынар а атайлап сулуусу деп коюпсунар))) неудачно тушкон суротко, ошентсенер анан жазабыз да сулуу эмес го деп. кантсе да уйлонуп. бактылуу болушсун
+8
zinagull1996
2018-09-04 11:46:17
Суротторунор баары жарымы корунот ко я
+9
Altynbekova.01
2018-09-04 12:13:44
zinagull1996,ошо дааа. Баястан Аянанын жигити беле
+5
alisha00
2018-09-04 13:43:23
Бегиштин кызы "ломго"
-7
monster_high_98
2018-09-04 14:25:05
alisha00,Озунду кузгудон кордун беле
+5
al79mi
2018-09-04 14:53:04
Жарайт Ситинин жигиттери кантет?!Же мен туура эмескордумбу я?!
0
tina-Tin
2018-09-04 15:11:43
Суроттор эмнеге толук корунбойт.
+4
Aikerimaika
2018-09-04 17:46:33
Бактылуу болушсун
0
Abdullatif
2018-09-04 19:04:02
Телефонду поворот кылсаңар көрүнөт
+2
lazygirl
2018-09-04 21:23:17
Бийчи жеңеси ич көйнөк эле кийгендей го.
+12
ashuular_plus
2018-09-08 13:16:20
lazygirl, күлө берип ичим ооруп калды )))
0
Asel33
2018-09-04 22:59:19
Даа, бактылуу болгула!!Зульфиянын атасы байкесиндей го, а апасы бааррынын арасы экен.
+1
nazgul20
2018-09-05 15:00:03
Булар кимдер экенин тааныбайт экенмин
-2
Aasylym
2018-09-06 07:23:24
Бсястандын келинчеги такыр жер карабайм тузда карабайм толька одону карайм дейтго я
+1
Dina.janym
2018-09-07 19:43:43
Суроттор толук эле корунуп жатат, телинерди ондогула)))
0
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан