МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– А сен кайда?- бир жакка кетчүдөй даярданып алган Азаматты көрүп Ырыскан чочуп кетти. Иниси аны карап жылмайып койду.

– Жок, сен кайда барасың? Күлөт да кайра. Чөнтөгүңдө 1 сом акчаң жок.

Азамат адатынча үн каткан жок. Жылмайган боюнча эле эжесин бооруна кысып койду.

– Кайда? Кызыңа барганы жатасың го, ээ? Деги сен анын каякта экенин билесиңби? Алар Орусияда. Сен кантип жетесиң ал жакка? Жеткен күндө да Айсулуу сага кызды бере коёбу? 3 жыл өттү, Азамат. Кызың сени унутуп деле калса керек.

Иниси дале жанагы жылмайган калыбында турат. Жок, муну токтотууга мүмкүн эмес. Бирок бул дудукту башкалар киши катарында көрүшпөйт да. Эх, Азамат, дагы башыңа азап үйгөнү жатасыңбы?

– Майрамбек,- Ырыскан Азамат андан качып кетчүдөй босогону кулачтап алып сырттан күйөөсүн чакырды.

– Эмне болуп кетти?- Майрамбек шашкалактап келе калды.

– Бул кеткени жатат?

– Каякка?

– Каякка экенин айтса кана? Сүйлөбөйт эмеспи. Кызын издегени эле кеткени жатат.

– Аа, байкуш, мейли, барса барсын.

– Эмне?! Каякка барат, бул дудук болсо.

– Дудук болсо эмне экен? Сен андан көрө баягы сатылган торпоктун акчасын алып келчи.

– Ии?

– Азаматка берели. Мунун акчасы жок да. Биздин жардам ошол болсун,- Азамат жездесин ыраазы боло карап койду. Ал аны түшүндү.

– Эмне деп жатасың, Майрамбек? Мен сени муну токтотот экен десе,- Ырыскан чырылдап жиберди.

– Эмнеге токтотмок элек?

– Апей, сен соосуңбу?

– Ырыскан, мен да жанымдан артык көргөн балам башка жерде менсиз чоңоюп жатканын билсем, дудук экениме, чолок экениме, сокур экениме карабай издемекмин. Сен да ошентмексиң. Болгону өзүңдү Азаматтын ордуна коюп көр,- Майрамбектин бул сөзү Азаматка ынанымдуу угулду. Ал эжесин карап баш ийкеп жиберди. “Жездемди ук, ал туура айтып жатат. Мени коё бер” деген ишарат болчу. Эжеси аргасыз макул болду. Анан жүктүн арасына катып койгон мындан 2 жума мурун сатылган торпоктун акчасын алып чыкты.

– 15 миң сом эле, кем-карчыңа жаратып тур,- Майрамбек жүз аарчыга оролгон акчаны Азаматка сунду. Кайниси рахмат дегендей колун кыса кармап акчаны алды.

– Өзүңдү жакшы кара, ээ? Кыйналсаң биздикине кел. Сага ар дайым эшигим ачык,- Ырыскан көзүнө жаш ала инисинин маңдайынан өөп койду.

ххх

Адамдын алдыга койгон максаты анын деми экен. Азаматты көрүп билген адам сөзсүз ушинтип ойлонмок. Себеби анын “кызыма жетем, кызымды табам” деген максаты ага кайрат, дем берип турчу. Бишкекке келгенден тарта ал жаны тынбай иштеп жүрөт. Кадимки эле жалданып иштеген адамдар турчу көчөгө барат. Ал жерде ар кандай жумуш чыгат, бирөө таш ташытат, бирөө үй буздурат, бири аң каздырат... Улам бирөө унаасы менен токтоп катар тизилип турган жалданып иштөөчүлөр менен жасалчу жумуш, жумуштун акысы тууралуу сүйлөшүшөт. Жалданып иштегендердин көбү жумуштун оңоюна, баасы кымбатына качырышат. Жалдай турган адам менен соодалашышат. Азамат ким токтосо да унаанын арткы орундугуна отурат да, “айда” деп ишарат кылат. Кандай оор жумуш болбосун ал тандабайт. Жасай берет. Жасаганда да ушунчалык майын чыгарып, көз тойгудай жасайт. Жалдап келген киши да ыраазы болот. Айрымдары акчасын ашыгы менен беришет. Жалданып иштегендердин көбү түшкө чейин ар ким менен соодалашып жүрүп күн өткөрсө, Азамат түшкө чейин бир ишти, түштөн кийин бир ишти жасап коюуга үлгүрчү. Кызына жетиш үчүн көбүрөөк акча керек эмеспи. Муну ал жакшы түшүнөт.

2 ай дээрлик жаны тынбай иштеген соң Азамат керектүү сумма чогулду деп чечти. Москвага автобус менен эле кетиш керек. Ал жакта 1 айдай жашап турууга акчасы жетет. Андан аркысын көрө жатар.



ххх

– Канча күндө жетебиз?

– 3-4 күн болот го.

Автобустун ичиндегилер сүйлөшүп жатышты. Азамат отурган отургучун чалкалатып, уктоого даярданды. Көрсө, тыңыраак деле уйку көрө элек экен. Кыйшаяры менен эле уйкуга кетти. 2 ай жаны тынбай жүрүп чарчаган экен. Бирок ал ошол тытынып иштеп жүргөн 2 айдан дагы, Москвага бараткан мына ушул 3 күндүк жол аны тажатып, чарчатып жиберерин билген эмес. Жол узак болду.



ххх

– Кана, муну кийип көрчү?- ак жакалуу көйнөктү Айназикке кийгизип жатып апасы сүйлөдү.

– Ой-ий, сонун жарашат тура. Эми сен мектепке барып баштайсың.

– Сонун экен, ээ?- кыз көздөрү жайнай сүйлөдү.

– Ананчы, мектепке кийген кийимдер сонун болот да. Силердин мектепте 1-класска бара турган башка дагы 3 кыргыз бар. Менимче, баарыңарды бир класска киргизишсе керек. Жакшы оку, ээ, кызым.

– Ии.

Айсулуу кызынын маңдайынан өөп койду. Ал азыр маңдайында турган кызына “сени мектепке киргизүү үчүн толтура акча карыз алууга мажбур болдум. Эми үмүттөрдү акта, жакшы билим ал. Бул сен суктанып кийип турган кийимдер үчүн канча жан үрөп иштөөгө туура келди” деп түшүндүрүп баштамакчы болду. Бирок кайра кызынын кубанычын көрүп, азыр анын айланасында болуп жаткан сыйкырдуулукка суу сепкиси келбеди. Эмне кылат баланын шаабайын суутуп, кыжалат кылып? Башкысы, жакшы окуса болду деди ичинен. Анан жагымсыз бир нерсени эстегендей, алдыңкы эрдин тиштеген бойдон катып калды. Тимур... Айназикти мектепке Тимур жетелеп барса кандай жакшы болмок. Айсулуу андай күндү көп кыялданган. Бирок кыялдар орундалбай калды. Тимур Айназикке ата болот деген үмүтүн таш капты. Ал экөө чоочун бойдон калышты. Ал эмес, Тимур уулу Байэлден да алыстап бараткан өңдүү. Кана, баягы жумасына бир келип балдарга жолугуп турам деген убадасы? Айына бир келсе келет, келбесе жок. Балдарды сагынган, алар деп куса болгон түрү жок. А Байэл болсо сагынып эки күндүн биринде “атам качан келет?” деп сурайт. Бул суроонун жообун Айсулуу билбейт. Бирок “эртең” деп кутулат баласынан. Оор үшкүрүп алды.



ххх

Азамат Москвага келип түшөрү менен эле дароо мындан бир топ жыл мурун иштеп кеткен курулуш шаймандарын сатчу базарды көздөй жөнөдү. Таксистке базардын аталышын кагазга жазып көрсөтүп берди.



ххх

Эч ким бул адамды келет деп күткөн эмес. Кыргыздар соода кылчу катардагы жалал-абаддык Эркиндин соода ордуна узун сары жигит аста басып келди. Эркин карыптыр, чачын ак баскан. Жанындагы уулу окшойт. Экөө кагаздарга үңүлүп бир нерсе эсептеп жатышат. Жанына басып келген кишини бир топто барып байкашты.

– Эмне керек, байке?- уулу өйдө боло калды. Келген жигит унчукпайт. Жылмайып эле Эркинди карайт. Анан кол сунду. Эркин анын саламын алик алып, “бул тааныш жүздү кайдан көрдүм эле?” дегендей тиктеп калды.

– Сен Азамат белең? Ооба, дал өзү,- өзүнчө сүйлөнүп алды. Азамат жылмайган калыбында баш ийкеди.

–Эй десе, кандай анан?- кубанып кучактай калды. Жигит болсо баш ийкеп, анан сүйлөй албайм деп жандап түшүндүрдү. Эркин Азамат тууралуу баарын уккан. Баарын билет. Тааныш адамдардын кабары Москвага деле жетип турат.

– Сен Айбекти издеп келдиң го, ээ? Ал азыр жүк ташуучу унаа айдап, кардарларга жеткирип берүүчү болуп алган. Азыр бир жакка жүк жеткирип кетти окшойт. А жок, мына келип калды. Эй, Айбек, Азамат келди,- Эркин жүк ташуучу унаадан түшүп жаткан Айбекке карап кыйкырды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ady-88
2018-09-04 09:21:45
Кобуроок чыгарсанарчы байболгурлар
+4
adah
2018-09-04 10:30:09
Кызын коргондо суйлойт окшойт
+3
Khanbolot98
2018-09-06 18:18:08
adah,кызым дейтго биринчи сериясында
0
adah
2018-09-04 10:30:57
Аз калды кызын табаарына
+2
Akniet_kg96
2018-09-04 11:28:47
Эмики жумада кызына жолугат окшойт, баарына чыдап баарын женди азамат экен
+2
Aikerimaika
2018-09-04 17:39:38
Дагы бир жумаа
0
originalkgz96
2018-09-04 19:51:30
Эх
0
vikidiki
2018-09-04 22:36:48
Чын эле суйлобой калган турбайбы ээ? Мен ойлогом осознанно эле психологический удар болуп эле суйлобой атат го деп. Жан дуйносуно эч кимди киргизгиси келбей. Дудуктуктун жардамы менен озун ашыкча эмоциядан сактап атат деп.
0
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан