ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Чуркап кирип балдарын караса жаткан ордулары бош.

– Алия, Адам, кайдасыңар?!

Өзүнө-өзү ээ боло албай бакырып-бакырып жиберди. Энтигип үчүнчү кабаттан экинчи кабатка жүгүрүп түштү. Ашкананы даараткананы карады. Жок! Жүгүрүп эле бакыра берди. Ачуу кыйкырыктан эл ойгонуп, бир-экөө коридорго чыкты.

– Оу, сага эмне болду?

– Балдарым жок, жумуштан келсем балдарым жок...

– Таңкы саат 5те балдарың кайда кетмек эле? Өзүң ушуга чейин иштейсиңби?

Элинанын коркунучка толгон көздөрү эч кимди көрбөдү, ага ким эмне деп жатканын да уккан жок. Башын мыкчып отура калды.

– Апа-аа!

Удаа чыккан эки үн! Эне үчүн дүйнө токтоп калгандай сезилди. Жетелешип турган эки баласын көрүп элтейип токтоп калды. Чуркап барып балдарынын жүзүнөн өпкүлөп жиберди.

– Кайда жүрдүңөр? Эмне коркуттуңар?

– Биз корктук, бизди эже өз үйүнө алып кетти,- деди Алия апасынын моюнунан кучактай берип. Кызы көрсөткөн жакка карап Элина тамеки чегип турган Зуляны көрдү. Жүрөгү шуу дей түштү. Эки баласын бөлмөсүнө алып кирип, эмне болгонун сурай баштады. Көрсө, таң атып бара жатканда терезеге бир мышык туруп алган экен. Тап берсе да кетпейт. Мышыктан коркуп иниси ыйлап, аны басылта албай Алия ыйлаптыр. Бөлмөдөн чыгып, коридордо кучакташып ыйлап отурган балдарды Зуля көрүптүр. Анан аларды өз бөлмөсүнө алып кеткен экен.

– Силерди эч нерсе кылган жокпу?

– Жок, печенье менен чай берди. Адамды кучактап отуруп сооротту. Ал жакшы эже экен, апа.

– Бөлмөдө эч ким жок бекен?

– Жок, эч ким жок экен.

Элина дагы деле колу-буту титиреп жатканын байкады. Ичинен Зуляга миң мертебе рахматын айтып жатты. Кийинки күнү коридордон жолугуп, ага рахматын айтты.

– Сен үчүн кылбадым, балдар үчүн! Балдарды түнгө таштаба, акылдуу эне,- деди ал мыскыл жылмайып. Кетип баратып кайрылды да:

– Сүйкүмдүү балдарың бар экен, бактылуусуң!- деп койду.

Элина таң кала тиктеп турду. Кийин аны Зуля көп жолу таң калтырды. Эркектердин дээрлик үнү чыкпай калды. Элина жокто балдарды карап, кээде чай берип коёт. Таптакыр жумуштан жетишпей жатканда чалып, бакчадан алып коюусун суранчу болду. Адатта орой, сөгүнүп-сагынган Зуля балдарды көргөндө жумшара түшчү. Бүтүндөй дүйнөгө жаны кашайып, ачуусу менен караган аялдын кареги эки кичине баланы көргөндө көздөрүнө мээрим толо калчу... Элинанын үч жумушта бирдей иштеп жүргөнүн көрүп акырын үн катты.

– Эй, сен бир күнү зоругуп өлүп каласың, балдар кантет?

– Эмне кылайын анан?

– Акча үчүн гана эмес окшойт ээ сенин маселең?..

Кээде эч ким байкабаган нерсени байкап калмайы да бар. Элина шалдырай түштү.

– Туура, жалгыз гана жумуш үчүн эмес. Аны унуткум келет... Ичимдеги бүтпөгөн ыза кичине бош болсом эле жей баштайт. Бош убактым болуп калса ичимдеги диалог башталат. Аны менен уруша берем, сүйлөшө берем, жаным кашая берет. Кантип ушундай кылдың деп сурай берем? Ал мага жооп бербейт.

– Күйөөң сени таштап кеттиби?

– Жок, мындай караганда күйөөм деп жүргөн адам күйөөм эмес болуп чыкты.

– Тобо, менден да өткөн жиндилер болот экен, ээ? Аның кайда анан?

– Ким?

– Балдарыңдын атасы.

– Ал өлдү. Жөн гана өлүп калган жок, мени кошо өлтүрдү. Бирок балдар бар. Мен аларды кошо өлтүргөнгө, өз жүгүмдү аларга арттырганга жол бербейм. “Балдарга өз жүгүн ташыткан эне болбойм” деп өзүмө сөз бергем. Мен сөзүмө турушум керек.

Зуля эч нерсени түшүнгөн жок. Бул келин сообу дегендей тиктеп турду.

– Сыртыңдан акылдуу, токтоо көрүнөсүң. Сенин сөздөрүң даана жиндидей экен. Негизи бирөөнүн турмушуна мурдумду тыккым келбейт. Макул, жардам бере турган бирөө-жарым барбы? Ата-энең, бир туугандарың? Сен бир нерсе болсоң балдар эмне болот дегеним? Анткени арыктап араң эле жүрөсүң, бир күнү, Кудай бетин салбасын, өлүп каласыңбы деп корком.

– Эч кимим жок. Атам каза болуп калыптыр, апам тууралуу эч нерсе билбейм. Мени чоң энем багып өстүрдү. Ал дагы каза болуп калган.

– Апаң аман-эсен тура. Балким, андан бир жардам болуп калар. Издеп көрбөйсүңбү?

– 4 жашымда мени таштап кеткен адамды изедеппи? Эч качан! Андан көрө өлгөнүм артык.

– Сага кеңешим, балдарың үчүн апаңды издеп тап. Баары бир каның, балким, мажбур болгондур таштаганга...

Зуля чылымын ыргытып жиберип басып кетти. Элина шалдырап отуруп кала берди.



xхх

Соттун кагазы келди. Амандын мураскерлери боло турган эки балага үлүшүн алып берүү үчүн сот болмок. Аял кагазды тиктеп туруп ушалап таштады. Жини келгенде колуна тийген нерселердин баарын ыргытып, бөлмөнү тозутуп жибере турган адаты бар эле. Бул жолу анткен жок. Жөн гана муздак жылмайды. Кайсы бир учурда китептен окуган “кек – бул муздак ичиле турган ичимдик деген сөз эсине түштү. Марио Пьюзонун китебинде беле?.. Же Александр Дюма бекен?..



ххх

Элина жумуштан чарчап, бала бакчага тийип, балдарын алып үйүнө келе жатканында алдынан адвокат Жаныбек чыкты.

– Саламатсызбы?

– Салам...

– Жай сүйлөшүп алалы дейин дегем. Ушу жума сот болот.

– Жүрүңүз, үйгө кириңиз, бир жолу чай ичип сүйлөшөлү. Уф, могу баштыктарды ала киресизби? Колум түшүп калды.

– Келиңиз...

Чай ичип отурушту. Жаныбек сот отуруму кандай өтөрүн түшүндүрүп берди.

– Рахмат, мен сизге азыр акча төлөй албай жатам. Бирок, ишениңиз, сөзсүз түрдө төлөп берем.

– Мен мындай эле жардам берем. Колумдан келишинче...Андан көрө күчүңүздү топтоңуз. Сиздин алдыңызда кандай кубаттуу адам турганын билип жатасызбы? Тумановдун жалгыз кызы, бул тамаша эмес.

– Мага демектен Кудайдын кызы болсун. Аяна турган жерим калбады.

– Сизге залал келтириши мүмкүн.

Элина бырс күлүп жиберди.

– Мындан артык мага эмне залал келтириши мүмкүн?- деди бөлмөнү кейиштүү карап.

– Макул, дагы сүйлөшөбүз, кетейин...

– Жаныбек, коё турсаңыз.

Айтсамбы же айтпасамбы дегендей ыргылжың болуп турду да, Элина текчеден эски бир сүрөттү алып чыкты.

– Мен бир адамды табышым керек болуп жатат. Мына бул аял. Атынан башка эч нерсесин билбейм.

– Ким бул?

Сүрөттөгү татынакай келинге кызыгып карап калды.

– Апам... Бул азыр мындай эместир. 20 жыл мурунку сүрөт. Көп жыл болду. Тирүүбү же өлгөнбү аны да билбейм. Бирок мен аны табышым керек.

– Апаңыз бар экенин билбептирмин.

– Бардык балдардын апасы болот эмеспи. Мен жумурткадан чыкпаган чыгармын,- деди ызалуу үн каткан Элина. Күңүрт бөлмөдө көзүнүн жашы мөлт дегенге даяр болуп турганын байкады.

– Аракет кылам...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
myslimaaa
2018-09-04 09:12:19
Кызыктуу болуп баратат.
+1
bessmertiy
2018-09-04 09:13:34
Кобуроок эле жазгылачы
+1
Shaa-82
2018-09-04 09:20:19
Уфф чочуп да кетипмин. Жакшы тируу аман экен балдары. Бир адамдын онолуусуна себепкер болушуптурда чожолор десе.
+2
omka100514
2018-09-04 14:08:36
Оло коп жазыпсынарго, такыр эле окуп бутпой койдум. Мындан кийин азыраак эле жазгылачы тез-тез окуп бутуруп койолу
+3
Mr_ab_ch
2018-09-04 19:37:57
Зуля апасы болуп чыкпаса эле))))))))
0
originalkgz96
2018-09-04 19:44:16
Мм
0
Siren.ms
2018-09-05 10:00:33
Туманов бул жалабаттагы Тумановдор эмеспи окшошуп барайтат
0
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан