Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЫЛАЙ ТАМДАР ДЕН СООЛУККА ЭҢ ПАЙДАЛУУБУ?

№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл


Ылайдан тургузулган тамдар Союз кезинде өлкөбүздө көп болчу. Кийин жаңы технологиядагы материалдар, анын ичинде адамдын организмине зыян алып келчү материалдардан да тамдар курула баштады. Үй салууда «моданы» кубалоо туура эместигин, башкысы, жашай турган үйүң ыңгайлуу жана ден соолукка терс таасирин тийгизбегидей болуу керектигин аңдагандар ылай там салууга кайтып жатышат. Аны жаңыча кандай ыкма менен салууга болот? Бул тууралуу ылай жана саман үйлөрдү салууга ыңгайлашкан курулуш компаниясынын жетекчиси Алтынай Солтонбек баяндайт.

«ҮЙ ТЕГЕРЕК ФОРМАДА БОЛУШУ КЕРЕК»

- Элдин көбү заманбап, кымбат курулуш материалдарынан үй салуу керек деп чуркап жүрүшсө, мен илгеркидей ылай там салуу керек деп чуркап жүрөм. Эмне үчүн? Буга жооп берерден мурун адамдын жашай турган үйү кандай болушу керек дегенге токтолоюн. Үй – жайлуу, жер титирөөгө туруктуу, бөлмөлөрү туура өлчөмдө бөлүнгөн (мисалы, ашкана чоң болсо кожойке керектүүлөрдү бир жерден алып, колдонуп, кайра ордуна коём деп басып жүрүп чарчап калат), ички жана сырткы жасалгасы көз чарчабай тургандай, жайында салкын, кышкысын жылуу болушу керек. Терезелери түштүктү карап, бөлмөлөргө күн тийиши кажет. Эң башкысы, үй табигый материалдардан тургузулушу зарыл. Андай тамда адам жумуштан чарчап барган соң бат эс алат, жашоого керектүү энергия менен үзгүлтүксүз камсыз болуп турат. Ооруса да бат айыгат. Адамдар илгертен эле табигаттын айыктыруучу касиети бар экенин билип, табигый материалдардан үй салып келген.

Экологиялык таза үйлөрдө таза аба, оптималдуу нымдуулук болуп, жеңил дем аласың, бат уктап, уйкуң да жакшы канат, сергек, энергияга толгон абалда ойгоносуң. Мына ушул айтылган талаптардын баарына ылайдан тургузулган үйлөр жооп берет. Болгондо да тегерек формадагы, бурчтары жок үйлөрдү салуу керек. Анткени бурчтар адамдын көзүн, нервин чарчатат. Табигатта бурч деген жок. Андыктан жаратылышка чыкканда көз эс алат. Бизге заказ бергендердин бири бурчтары тегерек тарткан ылай там салдырууда. Биздин технологияны колдонгон бир таанышым жарымы ылайдан, жарымы саман түктөн тургузулган формасы жумурткадай үй салып жашап жатат (аянты 36 чарчы метр). Анын аялы оорусунан ошол үйдө жашагандан улам айыккан. Мен деле аллергия оорумдан кантип айыгам деп изденип жүрүп айыгууга ылай жана саман там жардам берерин билип, анан ушундай үйлөрдү кура турган компания ачкам.

Учурда курулуш материалдарына химиялык кошулмалар кошулат. Андай кошулмалар көп кошулган арзан жана сапатсыз материалдар адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү уулуу жыттарды бөлүп чыгарат. Андай жыттар баш оорудан тартып ракка чейин жеткирет. Адам үйүндө эс албай эле шалдырап, ооруйт, энергиясын жоготот, стресске көп кабылат. Бетондон салынган үйлөрдү алсак, ал нымды тартат. Адамдын организми да 80 пайыз суудан турат эмеспи. Демек, бетон адамдагы суюктукту да соруп алат. Адамдын өзүн жаман сезүүсү, ооруп калуусу ошондон келип чыгат. Андыктан илгерки ата-бабалардын ыкмасында, ылай там салуу артык.

«ДУБАЛ ҮЧҮН ЫЛАЙ КОЛ МЕНЕН КОЮЛАТ»

- Биз үйлөрдү орегон технологиясында курабыз (Орегон – АКШдагы штат. Ылай там куруу технологиясы ошол жерде иштелип чыгып, анан башка жактарга тараган). Алгач кадимкидей эле пайдубалы куюлат (бийиктиги 70 сантиметрдин тегереги). Пайдубалдан ным дубалга өтпөө үчүн пайдубалдын бетине кара кагаз (толь) төшөлөт. Анан дубал үчүн ылай даярдалат. Курамы топурактан, кумдан, самандан, суудан турат. Суу түбүнөн алынган кумдар гана пайдаланылат. Самандын абдан узундары керек. Бул дубалдын жарылбай, жер титирөөгө туруштук берүүсү үчүн зарыл. Дубалдын жазылыгы 40 сантиметр болот. Ылай абдан ийлениши үчүн чакан «порциялар» менен даярдалат. Жерге брезент жайылып, үстүнө кум, топурак, самандар ташталып, суу куюлуп, ылай бут менен абдан тепселенип жуурулат. Анан брезентти бүктөп, ылай дагы ары-бери тоголотулуп ийленет. Ийине жеткенин билүү үчүн четинен томолоктоп алып, 1 метр алыска бийикке ыргытылат. Жерге түшкөндө жарылбаса, анда ылай даяр. Ылайды четинен кол менен алып дубал коюла баштайт. Опалубка деген колдонулбайт. Бир сыйра айландыра койгондон кийин ал катуусу үчүн калтырылат да, катканда кайра иш уланат. Мындай дубал жыл өткөн сайын улам ката берип таштай катуу болуп калат. Дубал тургузулгандан кийин жыгач устундар ташталып, рейкалар кагылып, чатыр жабылат. Полу карагайдан, эшик-терезеси да жыгачтан салынат. Үйдүн ичи, тышы ылай шыбак менен 2-3 сыйра шыбалып, бети акиташ менен акталып коюлат. Эгер акиташка туз кошуп койсо кийимге жана башкага жукпайт.

«ҮЙДҮН СЫРТЫН КОЙДУН ЖҮНҮ МЕНЕН ЖЫЛУУЛООГО БОЛОТ»
- Кокус үйдүн сыртын жылуулоо керек болсо, анда койдун тытылбаган жүнүн кол менен чоюп-чоюп дубалга жабыштыра кармап үстүнөн ылай менен шыбап салууга болот. Эгер эшик-терезенин тегереги бекем болсун десеңиз, анда аттын кыгын ылайга кошуп шыбаса ылай өтө бекем болуп калат. Үйдүн 1 чарчы метрин компания 350 доллардан баалайт. Эгер адам өзү курам десе, анда арзанга турат. Үйдү технологияны туура сактап курса, жер титирөөгө туруктуу болот. Кокус ылай үйдү чоң кылып салуу керек болсо, анда жыгач каркастар керектелет.

ЫЛАЙ ТАМ

Артыкчылыктары:

  • Экологиялык жактан таза, ден соолукка зыяны жок.
  • Абаны өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар, дем алып турат. Тамак-аш жасаганда чыккан жыттарды соруп алып, кайра тазалап чыгарып турат.
  • Жылуулукту узакка сактайт. Айталы, кечинде от жагылса, жылуулукту эртең мененкиге, ал тургай түшкө чейин кармап турат. Жайкысын салкын.
  • Өрткө туруктуу.
  • Ылайы кайра иштетүүгө жарайт.

Кемчиликтери:

  • Жаан-чачындан эзилип кетпеши үчүн сыртын сөзсүз шыбоо керек.
  • Ылайдын салмагы оор болгондуктан аны ийлөөгө, дубал тургузууда көп күч керек.
  • Жыл мезгилинин ысык кезинде гана тургузулат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
11.09.2018. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менин деле үйүм кам кыш башкача айтканда ылайдан ((((((
11.09.2018. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
23-11-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 16:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Исфана
+6
Сынчтуу болсо жер титирөөгө туруштук берет сынчы жок үйдү илгеркилер ,өзүнө басма таш салып алыптыр дешкен
11.09.2018. 15:07 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
08-11-2018 18:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+5
aijan.borkoshova,Эгер ылайга саман аралаштырса,сынчтын кереги жок.Сынч эки этаж,уч этаждуу кылып салгандарга керектелет.Саман кошулган ылай таштан да катуу болуп калат.
11.09.2018. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
20-11-2018 18:18
Жынысы:
Белгисиз
-14
Современный эле уйдо жашаганга эмне жетсин
11.09.2018. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
20-11-2018 18:18
Жынысы:
Белгисиз
-12
Жаны эле уйдо жашагым келет
11.09.2018. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 19:52
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу достор ошон учун айтка сынч уйум тынч уйум деп бул эжебиздин айткандарын илгертен эле колдонуп келишет Баткен тарапда сынч пакс кылып.
12.09.2018. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
06-11-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
bizon,Сынч деген эмне? Оор болбосо жооп берип койосузбу?
12.09.2018. 20:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
24-09-2015
Соӊку аракети:
20-11-2018 01:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
mirem8585,сынч деген уйдун каркасын жыгачтан тургузат ошону сынч дейт анан кесек менен толтуруп чыгат
11.09.2018. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
26-10-2018 08:35
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бул биздин пахса дубал дегени. Бул Ата замандан бери бар. Кайдагы Америка.
12.09.2018. 23:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
22-09-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 02:27
Жынысы:
Белгисиз
+5
Пакса опасный жер титироого туруштук бербейт. Сынч уйлор 7 8 баллга чейин туруштук берсе керек
13.09.2018. 11:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
21-11-2018 00:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
0
Апамдардын уйу ылайдан эле курулган,АКШдан кочурбой эле ,тегерек эмес торт бурчтуу эле,5болмолуу.Жайында кирсен ичи чалкыын,бирок кышында терезеден суук кирет.Пластикке алмаштырабыз деп,ден соолукка зыян экен деп кайра эле ошондо жашап жатышат.Бирок илнери туура эмес курулганынанбы... бир жери жарылып кеткен.
13.09.2018. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
13-09-2018 12:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга окшогон тамдарды жасап алам ылайдан!Туура ден-соолука пайдалуу ылай баткак кирпич менен жыгачтан курулган табихый үйлөр.Биз үйдүн ичин ылай саманды аралаштырып шыбадык,жанагы шпаклёфка деген нерсени жолоткон жокпус,терезе жыгачтан жасалды.Кыскасы жайы салкын,кышы жылуу,уйкун татуу,Алланын каалоосу менен ушундай салынды!
13.09.2018. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
21-11-2016
Соӊку аракети:
21-11-2018 06:33
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кирпичтен салынган үйгө жетпейт...
14.09.2018. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-04-2015
Соӊку аракети:
21-11-2018 08:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала кезде көргөн элем , ылайга саман аралтырып үйдүн дубалын тургузганын , кышта жылуу , жайда салкын болот деп айтышкан эле.
14.09.2018. 16:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
21-11-2018 09:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Илгерки уйлор ылайдан эле болгон,жер титироого да туруштук берген ,денсоолукка да пайдалуу,туура азыркы кытайский терезе пластик аба откорбойт,ден соолукка зыян.
14.09.2018. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
16-01-2012
Соӊку аракети:
21-11-2018 01:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
илгери илгери уйлор ылай менен самандан болгон эле дей берипсинер го. Азыр деле кобу уйлорун ошондой ылай пакза менен курушат. эн жакшы, салкын кышы жылуу.
16.09.2018. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
206
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 21:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери боз үй болгон илгери жашап көргөндөй эле баары билерман го
18.09.2018. 09:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
21-11-2018 07:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
0
Биздин айылда тээ атам замандан баштап, азыркы учурда деле ылайдан эле үй салышат. Кирпич үйлөр сейрек кездешет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: