Архив
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл
– Кандайсың?- катуу кучактап алды. – Бул сүйлөбөйт экен,- деди Эркин Азаматты актагандай. – Аа... -Айбек ыңгайсыз болуп кетти. Эмне деп сүйлөөрүн билбейт. – Бирок угасың да, ээ?- Азамат башын ийкеди. – Ошол,- Айбек толкунданып эле сүйлөп жатты...- мен болсо жүрөм баягыдай эле. Назик экөөбүз үйлөнгөнбүз. 2 уулдуу болдук. Сенчи? Баары жакшыбы? Көп нерсе уктум сен жөнүндө. Киши уурдады деп камалып кетти дешкен акыркы жолу. Баягы Айсулуунун азабын тарткан экенсиң да? Эми болору болду. Ошону бекер эле сага алып бериптирбиз. Назик экөөбүз канча өкүнүп жүрдүк. Азамат жылмайып койду. Ал эч эле жашоодон запкы көрбөгөн адамдай болуп турду. Көп нерсени айткысы келди, бирок азыр бир сөз айтты дегенче айланадагылар анын дүйнөсүн казып башташат, максаттарыңдан артка кайт дешет, анын жакшы күндөргө болгон ишенимин жоготушат. Кереги жок. – Жүр. Сен биздикине конок бол бүгүн. Качан келдиң эле? “Бүгүн” деп түшүндүрдү Азамат. – Аа, анда бара турган деле жериң жок болсо керек? Сен меникинде жүрө бер кааласаң? Мына, Эркин байкеде сага даяр жумуш бар. Cен кеткенден кийин “Азаматтай иштерман сонун жигитти көрбөдүм” деп канча айтып жүрдү. Туурабы, Эркин байке, жумуш бар да? – Ооба, иштейм десе кантип жок дейин? Эртең эле келе берсин. – Жылмаят да турат. Чын эле сонун кишисиң, Азаке. Жүр эми басалы. Сени Назик көрсө ыйлап жиберет го.
Назик чын эле Азаматты көргөндө ыйлап жиберди. Бирок Азаматтын сырткы кейпинде ыйлата турган деле эч нерсе жок болчу. Көп деле өзгөрбөптүр. Жадакалса өз курагынан жаш көрүнөт. Болгону көздөрүндө сагыныч толуп турганы даана байкалат. Назик неге көрүп ыйлады болду экен? Азаматтын азыркы тагдырга кептелишине себепкер болгону үчүн өзүн күнөөлөп ыйладыбы? Же ушинтип кечирим сурадыбы? Балким, аяп жаткандыр. Азамат биле алган жок. – Сени ойлоп алып эле Айбек экөөбүз кыжалат болуп жүрдүк. "Айсулууну сен алып бергенсиң" деп бул мени урушат. Мен... Мен болгону сенин мыкты адам экениңди билгем. Кош бойлуу болуп алып, ата-энесинин төрүнө батпай калчудай болуп турган кыздын тагдырын сага тапшырып жакшы иш кылайын деп эле ойлогом. Кайдан билиптирмин анын тескери басып кетерин? Акмак кыз десе. Айназикти алып кеткен турбайбы, ээ? Сени соттотуп. Ай, байкушум, ай. Кайдан сени алып барып ошого жабыштырдым экен? – Болду эми. Карачы, бир кызыктай болуп кетти. Болор иш болду. Андан көрө тамагыңды алып кел,- Айбек ортодо жаралган ыңгайсыздыкты жоготуунун амалын издеди.
– Ошондо Москвага иштейин деп келдиңби?- дасторкон үстүндө Назик сурады. Азамат баш чайкады. Кийин капчыгын алып чыгып, андагы бир кезде апасы, кызы, өзү болуп түшкөн сүрөттөн Айназикти көрсөттү. – Кызыңа келдиңби? Алып кеткениби? Кайра соттотуп жиберсечи? – Жинди го могу. Эй, ал деген сенин кызың эмес да? Бирөөнүн баласы. Эмне кыласың аны?- Айбек чебелектеп жиберди. “Менин кызым” деп айтып жибергиси келди. Бирок өзүн токтотту. – Эл өз баласын бакпай качып жүрсө, бул бирөөнүн баласын издеп жүрөт. Болмок беле ушундай? Анын өз ата-энеси бар. Сен чынында ага эч ким эмессиң да. – Ооба, Азамат, ал кыз сеники эмес да. Эмне кыласың аны? Же кызды дагы уурдап кетип, Айсулуудан ошентип өч алайын дейсиңби?- Назик түшүнбөгөндөй сурады. Азамат үндөгөн жок. Бирок ичинде сүйлөп жатты. Сыртынан кашыкты кармап алып чайына салынган шекерди жай аралаштырып жаткандай көрүнгөнү менен, ичинде буркан-шаркан түшүп калды. “Менин кызым. Башында эле менин кызым болчу. Атасы башка деп... Каны бөлөк болсо эмне экен? Ал бала да. Балада эмне күнөө. Аны кантип каны бөлөк деп чанасың? Бул акмакчылык. Бала деген дүйнөгө толтура сүйүү көтөрүп алып, анан өзү сүйүү күтүп келет. Анан кантип ага чыккынчылык кылууга болот? Билем мен атасы башка экенин. Бирок мен да атасымын. Мен да өз атасынан кем эмес жакшы көрөм. Мендеги жакшы нерсенин баарын бергим келет. Бир убакта ушундай Айназик деген бирөө бар эле. Кийин өз ата-энеси алып кетип, анан ошол боюнча көргөн жокмун. Азыр баланчага чыгып калды болушу керек деп божомолдоп отурайынбы? Ал эмне талаада жоголгон малбы, буюмбу? Кантип аны көрбөй коём? Кантип жөн эле унутуп коём? Ал мени ата дечү. Мен кызым дегем. Жан дилим менен жакшы көргөм. Апасы мени каматып жиберди деп кызыма таарынамбы? Жо-ок! Менин жашоомо толтура бакыт алып келип, ата деп кубанычка бөлөгөнү үчүн мен ыраазы болушум керек. Ата деп мени жөлөк тутканы үчүн мен аны издейм, табам. Эгер менде адамдык сапат, ыйыктык калган болсо, ал ошол Айназикке болгон аталык сезимден улам деп билгиле. Ошол аталык сезимди тепсеп кетсем мен анда киммин? Ата деген сөздү тепсеп, эч себепсиз эле мени жакшы көрө алган кызымды үмүтсүз калтырсам, дүйнөдө аны дагы бир адам жанынан артык жакшы көрөрүн билдире албасам мен киммин анда? Темселеп, өмүрүн бекерге өткөрүп, өлбөчүдөй жашаган, өзүмчүлдөнүп бирөөгө сүйүү бере албай, өзү да сүйүү ала албай жүрүп өлүп кеткен акмактан менин эмнем артык болот анда? Каны бөлөк болсо да ата болууга болот. Ата боло аласыңбы? Кептин баары ошондо. Аталык жоопкерчиликти алып жүрүү кандай бакыт экенин жок дегенде сен билсең керек, Айбек? Эркектин жашоосуна маңыз берген дал ошол аталык жоопкерчилик эмеспи. Аталык жоопкерчилик болбосо биз кимбиз, айтчы? Анда бизди эмне кыймылга келтирет? Сен билесиң го, Айбек, 2 уулуң бар экен. Ата болуу кандай бакыт экенин билеттирсиң. Анан кантип издебе деп жатасың? Кантип мени ошол бакытты издебе деп жатасың?” Айбек, албетте, Азаматтын бул ойлорун уга алган жок. Бирок аны телмире тиктеп турган көздөрүнөн “кана айтчы, балдарың башка жакта болсо аларды көп жыл көрбөсөң, сен аларды издейт белең? Сагынат белең?” деген суроону окугандай болду. Бир кезде эми төрөлөт деп жаткан башка бирөөнүн канынан жаралчу наристе үчүн күлгүн түстөгү кичине бут кийим сатып алган Азаматтын жоругун эстеди Айбек. – Э-эх, Аза, сендей жакшы адамдарды эч ким баалабайт. Тескерисинче, силерди көп пайдаланышат, силерге көп чыккынчылык кылышат. Азыр ал, жул, кач деген бөрү заман. А сен болсо. Деги жоголуп кетпесең экен. – Айсулуу азыр кайда болду экен?- Назик өзүнчө күбүрөнүп койду. А Азамат болсо ошол сурооңдун жообун тап дегендей аны суроолуу тиктеп калды. – Жо-ок, мени антип караба, мен билбейм анын кайда экенин,- Азамат ага карап “суранам, жашаган жерин таап бер” деп жаңсап түшүндүрдү.
Азамат эртеси эле базарга жумушка чыкты. Кечкисин Айбектикине келди. Ашканада өзүнчө алаксып тамак жасап жүргөн Назикти бир нерсе айтып жибереби дегендей улам-улам карап коёт. Акыры Назик стол үстүнө тамакты койду. – Келгиле, алгыла,- Азамат аны суроолуу карап турганын байкады Назик. – Ал мурунку жашаган жеринен көчүп кетиптир. Кызың мектепке барып баштаган турбайбы. Ошонун окуусуна жакын деп бул жакка көчүп барыптыр,- Назик дарек жазылган кичине кагазды сунду. “Ушул даректи таап бергим келген эмес. Деги дагы бир балээнин ичинен чыкпасак болду” деп Назик үшкүрдү. Азаматтын көздөрү күлүңдөп кубанып кетти. Анын жүрөгүнүн түрсүлдөгөнү жанында отургандарга да угулуп жаткандай болду...
(Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Башка сандарда:
Комментарийлер(17)
ady-88
![]()
11.09.2018. 09:22
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
17-02-2019 23:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
+4
Иии байкуш Аза кызын корот экенда эми
ady-88 түзөттү 2018-09-11 09:23:12
ady-88
![]()
11.09.2018. 09:23
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
17-02-2019 23:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
+1
А баса биринчилер корунбойтда
Kanykei_95
![]()
11.09.2018. 09:45
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
20-06-2017
Соӊку аракети:
08-12-2018 19:10
Жынысы:
Белгисиз
0
оо соонун,кийинки санында корушот болду экенби а?
tular
![]()
11.09.2018. 09:49
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
435
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
16-02-2019 18:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи
Nurbakg91
![]()
11.09.2018. 10:11
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
03-06-2016
Соӊку аракети:
26-12-2018 05:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи етегине түшүп кеткенби
Sonya302712
![]()
11.09.2018. 10:19
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
03-02-2019 18:18
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аталардын баары Азаматтай болсо гана....
barmalei
![]()
11.09.2018. 10:30
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
17-09-2011
Соӊку аракети:
11-02-2019 15:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+3
Бул сериясында дагы жолугушпай калдыбы? Дагы бир жума күтмөй экенда...
Girl1996
![]()
11.09.2018. 10:45
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
01-02-2019 17:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да (Назик сыяктуу) баламды аябай сагындым.Бирок мен Азамат сыяктуу кайра баламды издеп бара албайм.
saipi
![]()
11.09.2018. 12:47
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
08-06-2015
Соӊку аракети:
25-01-2019 18:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Girl1996,эмнеге?
Aikerimaika
![]()
11.09.2018. 13:08
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
27-08-2018
Соӊку аракети:
09-10-2018 17:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аталык мээрим кандай кана сонун
Asel33
![]()
11.09.2018. 16:35
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
09-08-2017
Соӊку аракети:
17-02-2019 22:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачып эле ушуну окуймда. Аай... Дагы бир жумааа
originalkgz96
![]()
11.09.2018. 21:30
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
10-03-2016
Соӊку аракети:
21-01-2019 18:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Эртерээк жолукса экен
asdef
![]()
11.09.2018. 22:00
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
17-02-2019 21:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба
Queen_girl
![]()
11.09.2018. 23:26
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
24-08-2018
Соӊку аракети:
28-01-2019 08:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп коптон жазып эле койсонор не болот.?
mirlanpiter
![]()
12.09.2018. 23:55
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
02-07-2015
Соӊку аракети:
17-02-2019 21:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтын Ата деген сезим тууралуу ойлогон ойлору ,менин ойлорум м-н дал келди кызымды сагындым ошону эстеп көзүмө жаш тегеренди,, жакшы чыгарма
aydarken
![]()
13.09.2018. 13:53
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
30-01-2019 14:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолугушуна аз каллы сериалда бутойун деп калган окшойт
toktogul0322
![]()
16.09.2018. 21:49
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
07-10-2017
Соӊку аракети:
08-10-2018 11:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чыгарма качан бутот
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|