Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

АЗАЛИЯ, ырчы: “ЖҮРӨГҮМДҮН ЭЭСИН ТАПТЫМ ДЕП ОЙЛОГОМ...”

№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл


“Кыз-Бурак” тобунун мурунку ырчысы, темирдей бекем айым Гүлшайыр Садыбакасованын тарбиясын алган Азалия азыркы учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантууда. Гезиттин бул санында ырчы айым акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди.

– Саламатсызбы, Азалия? Сизди жеке ырчы катары таанып калыштыбы же дагы деле “Кыз-Бурак” тобунун экс-солисткасы катары таанышабы?

– Саламатчылык, жеке ырчы катары чыкканыма 1 жыл болду. Былтыр эң алгачкы “Өмүр белеги” аталышындагы ырымды жаздырып, клип тарттык. Ага удаа эле “Жаныңда” аттуу ыр жаздырып, клип тарттык. Менимче, жеке ырчы үчүн 1 жыл аздык кылат. Ошондуктан мени “Кыз-Бурактын” мурунку мүчөсү катары таанышса керек.

– Жаңылыктарым көп деп калдыңыз эле?

– Буюрса, 1-22-октябрь аралыгында Малайзия өлкөсүндө өтө турган Miss Cosmopolitan World-2018 эл аралык сулуулар сынагына катышууга даярданып жатам. Бул сынакка катышууну мага модель курбум сунуштап калды. Сүрөттөрүмдү жөнөтсөм мени тандашты. Бул сынакка жалпысынан 40 өлкө катышат экен. Кыргызстандын атынан мен барам. Эң башкысы, катышуу эмеспи, ошентсе да жеңишке жеткенге аракет кылам. Биринчи жолу чоң масштабдагы сынакка катышып жаткандыктан, толкундоолор болуп жатат. Ошондуктан азыр фигурамды калыбына келтирүү үчүн спорт менен машыгып, табигый каражаттар менен арыктап жатам. Сынакка катышып жатам деп эле чыгармачылыгымды экинчи планга жылдырып койбой, “Алыстадым” аттуу жаңы ыр жаздырууга да жетиштим. Андан тышкары ушул жылдын апрель айында жергиликтүү телеканалдардын бири уюштурган “Кош жылдыз” аттуу теледолбооруна алып баруучу, тамада Алмаз Шер байке менен катышып, жогорку баа алып, кийинки турга өткөнбүз. Буюрса, экинчи тур 24-25- ноябрда болот экен. Сынактан келгенден кийин ал долбоорго даярдыктар башталганы турат.

– Подиумда басып, моделдик кесиптин оош-кыйышын жон териңиз менен сезип көрдүңүзбү? Мурда да модель катары подиумда бастыңыз беле?

– Мурда модель катары өзүмдү сынаган эмесмин. Бирок жакында белгилүү дизайнер, модельер Арзубек Вонаманын чакыруусу менен кечеге ырчы катары эмес, подиумдагы модель катары катыштым. Мага абдан жакты. Ар бир нерсенин артында сөзсүз кыйынчылык болоруна дагы бир ирет ынандым. Себеби бир жолу басып чыгыш үчүн жок дегенде 5-6 сабак алыш керек экен.

– "Жүрөгүмдүн ээсин таптым" деп айткан жайыңыз бар эле?

– Жүрөгүмдүн ээсин таптым деп ойлогом. Таарынычтар болдубу, айтор, экөөбүздүн ортобуз алыстап кетти. Ошол үчүн ырымдын аталышы “Алыстадым” деп аталат. Ал эми “Өмүр белеги”, “Жаныңда” деген ырларым бактылуу сүйүү жөнүндө. Бир байкаганым, жан дүйнөң кандай абалда болсо ошол тематикада ырдагың келип калат экен. Азыр деле байланышып турабыз. Мен өзүмдүн жумуштарым менен, ал өзүнүн бизнеси менен алек. Экөөбүз тең 28 жаштабыз. Жашырганда эмне, колумду сураган, бирок ошол учурда мен турмуш курууга даяр эмес болчумун. Мен даяр болгондо анын шарты болбой калды. Улам жашыңа жаш кошулган сайын жашоого башкача көз караш менен карап калат экенсиң. Кыз узатуу, үйлөнүү үлпөт той, жадакалса бардык кыздар кыялданган ак көйнөк кийүү да маанилүү эмес, эң негизгиси сүйгөн адамың менен түбөлүк кол кармашып, түтүн булатып жашай аласыңбы деген суроого жооп берүү керек деп ойлойм. Чыныгы мырза чечкиндүү, жоопкерчиликтүү, сөзүнө турган болуусу керек. Азыркы учурда жеке жашоомо караганда чыгармачылыгыма, сынакка даярданууга көбүрөөк убакыт бөлүп, жеке жашоом экинчи планда калды.

– Жашооңузду өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болсо эмнесин өзгөртмөксүз?

– Муну айтыш керек беле, билбейм, бирок мен 18 жашымда эле турмушка чыгып кетсем болмок экен деп ойлоп калам. Жаш кезиңде турмушка чыгып кетсең кыз киши үчүн туура окшойт. 20 жашымда бир жигит колумду сураганда сунушун четке кагып койгом. Анткени ал учурда өтө жаш болчумун. Азыркы 20 жаштагы кыздардай эмес, 15 жаштагы кыздын деңгээлинде элем. Ал учурда мен үчүн карьера биринчи орунда эле. Өкүнбөйм деле, болгону кээде ушул сыяктуу ойлор келет.

– Сизге эң көп берилген суроо?

“Турмушка качан чыгасың?” деген суроо (күлүп). Акыркы күндөрү туугандарым эмес, Инстаграмдан көп сурашчу болду

– Социалдык тармактардагы өздүк баракчаңызда “мага ким жамандык кылса, жаман сөз айтса, кечирбейм” деп айтканыңыз бар. Кекчил окшойсуз?

– Негизи мен мага кандай мамиле кылышса, эки эсе жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Азыркы учурда адамдар бирөөнүн ою, көңүлү менен эсептешпей калган сыяктуу. Сиз айтып жаткан билдирүүдө мага ким кандай мамиле кылса, мен да ошондой мамиле кылам деген мааниде жазган болчумун. Ошондо кекчил болуп калат окшойм.

Чыгармачылыгыңызга ийгилик!

"Жаныңда” аттуу ырыма клип тартуу учурунда".
"Мени «Кыз-Бурактын» экс-солисткасы катары таанышат".

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg


Ырчы Азалия: “Жашоомду өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болгондо, 18 жашымда эле турмушка чыкмакмын”

Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
11.09.2018. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
16-09-2013
Соӊку аракети:
12-09-2018 07:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
күйөөгө тийип ажырашып кеткен эмес, жаш кыздай болуп сүйлөптүр го)))
11.09.2018. 09:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
296
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кыз чиновниктин уулуна турмушка чыккан болсо керек супер инфодон окудум эле.
11.09.2018. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
28-12-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сайкал жакын подружкасы болуп чыкан беле тоюнда
11.09.2018. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир турмуштан ажырашкан го
11.09.2018. 10:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 14:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул турмушка чыкпады беле турмушка чыга электей суйлоптурго
11.09.2018. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сынакка катышуу үчүн өтө сулуу болуш керек го
11.09.2018. 11:09 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-08-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
сынакка кантип катышат
11.09.2018. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 03:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Карт бойдок деп журсоооо....
11.09.2018. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
05-03-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:22
Жынысы:
Белгисиз
+5
Апей Азалия тоюн болду элего. Как будто турмушка чыкбагандай суйлопсунго.
11.09.2018. 21:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келиндерди чакырып жатышкан окшойт сынакка.
11.09.2018. 23:18 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
29-08-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 00:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тошунду ачып суротко тушуп койсон сени тандаштыбы озун ото сулуу сезип алган го кыйналып барбай эле койчу сураныч
12.09.2018. 01:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 00:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
убактылуу жашоодо!!!
0
Аман бол!
12.09.2018. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
21-05-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий ушул ырдайт беле,вообще никакая,клип такой позорный,фууу
12.09.2018. 21:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
20-02-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчаны коротуп клип тартпай эле койбогонсун. Озуно кошуп иттерди адамдарды убара кылып. Вообще тушунуксуз
14.09.2018. 02:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
467
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 00:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо косметиканын заманы, вообще башкача кызго биринчи суроттлн тааныбай калдым
16.09.2018. 01:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
219
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
0
Клипти издеп кордом ужаааас Аман бол бар бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: