АКШда оор жүк ташуучу унааны айдаган Айзаада: «НЬЮ-ЙОРК ШААРЫНДА ЧОҢ ТЫГЫН ЖАРАТКАМ»

Оор жүк ташуучу унааны айдаган кыз-келиндерди көрдүңүз беле? Биздин өлкөдө мындай сейрек кездешсе керек. Ал эми Америка кошмо штаттарында кыргыз кызы Айзаада Асакеева так ушундай ары кызыктуу, ары оор жумушту аркалап келет. Эмесе, каарманыбыз океандын ары жагындагы жашоосун, кесибин баяндап берсин.

«БУЛ ИШ КЫЗ-КЕЛИНДЕР ҮЧҮН УБАКТЫЛУУ»

- Өзүм 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөм. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыш факультетин аяктагам. Андан соң АКШга 2009-жылы май айында келдим. Башында ресторандарда, мейманканаларда тейлөө кызматкери, бала багуучу болуп иштеп жүрдүм. Англис тилин Кыргыз жеринен эле үйрөнгөм, ал жакта гид болуп да иштеп жүрчүмүн, бул жакка келгени дагы өнүктүрдүм. Келгенден бери Огайо штатынын Цинциннати деген шаарында жашайм.

1 жылдан бери «трак», кыргызча айтканда, оор жүк ташуучу унаа айдап, жүк ташуучу болуп эмгектенем. Бул жакта оор жүк ташуучу унааларды айдаганды үйрөткөн атайын окуу жайлар бар. Ошол жакта окуп, сынакты жакшы деңгээлде тапшырып, узак жолдо жүк ташуучу унааны айдай аларыма көзүм жеткенде гана бул жумушту тандагам. Унаам менчик. Ичинде бардык шарттары бар. Муздаткыч, кийим салган шкаф бар, айтор, жашаганга мүмкүнчүлүк абдан жакшы. Унаа өзү жүгү жок 16 тонна, узундугу 20 метр. 22 тоннадан 25 тоннага чейин аманат жүктөрдү алабыз. Менин негизги кызматым, милдетим – жүктү кечикпей, өз убагында дарегине жеткирүү. Жумасына 5 күн жолдо жүрөм, дем алыш күндөрү гана үйгө келмей. Жүктү дарегине өзүм жалгыз унааны айдап жеткирем, өнөгүм жок.

Мындай унааны кыздар айдаганы көпчүлүк үчүн өөн учурашы мүмкүн, көргөндөр таң калышат, бирок мен үчүн бул иш оорчулук жаратпайт. Мен билгенден АКШда 20дан ашуун кыргыз, казак кыз-келиндери бул кесипти аркалашат. Бул иш кыз-келиндер үчүн убактылуу деп ойлойм. Саякаттаганды аябай жакшы көрөм. Качан саякаттоого болгон кызыгуум тараганда бул жумушум да токтошу мүмкүн.

«ЖУМУШ УЧУРУНДА КЫЗЫКТАР КӨП БОЛОТ»

- Жумуш учурунда көптөгөн кызыктуу окуялар, адамдар кездешет. Мен үчүн эң негизгиси АКШнын ар бир штатын көрүп, жаратылышы, жашоочулары, маданияты, экономикасы менен таанышуу кызык. Жумушум аркылуу бул өлкөнүн 45ке жакын штатын көрүп чыктым. Бир жолу жаңы иштеп жүргөн кезде кызыктуу окуяга дуушар болдум. Нью-Йорк штатына жүк алып барышым керек эле. Дарекке жетүү үчүн Нью-Йорк шаарынын четиндеги чоң жол менен өтүү керек болчу. Тажрыйбамдын аздыгынан улам шаар ичин аралап өтүүгө багыт алыптырмын. Ал жакка чоң жүк ташуучу унаалар кирүүгө тыюу салынган экен. Аны элдин көз карашынан байкадым. Жөө баратканы деле, унаа ичиндеги шоопуру деле «артка кайрылып кет» деген ишарат кылып, колдорун жаңсап жатышты. Ансайын корко баштадым. Акыры көчөдө чоң тыгын жараттым. Артымда унаалар тизилип токтоп калган, унаамдын күзгүсүнөн карасам тыгындын аягы көрүнбөйт. Эмне кыларымды билбей айлам кетип, бурула албай бир орунда туруп калдым.

Акыры полиция кызматкерлери келип жардам берип, чоң жолго чейин жол көрсөтүп келишти. Бул мен үчүн жумушумдагы эң оор, айламды таппай кыйналган күн болду. Азыр жолдордун баарын жаттап, көнүп калдым.

«ӨНҮККӨН ӨЛКӨДӨ ЖҮРСӨМ ДА, ӨЗ ӨЛКӨМӨ ЖЕТПЕЙТ»

-Жолдо унаанын бузулуп калуусу сейрек кездешет. Эгер орто жолдо бузулуп калчу болсо атайын тейлөө кызматкерлери келип, оңдоп кетишет. Жол эрежелери жөнөкөй. Жолдо бардык белгилер бар. Көрсөтүлгөн белгилерди туура колдонсоң жол жүрүү жеңил эле. Жол эрежесин бузуп айып пул төлөгөн эмесмин.

Каражат жагына токтолсок, Кудайга шүгүр, буюрганын табам. Азырынча батирде турабыз, буюрса, үй алалы деп иштеп жатабыз. Бул ишти баштаганда башында үйдөгүлөр каршы болушкан, азыр каршы эмес. Быйылкы жылдын февраль айынан май айына чейин ата-энем АКШга келип, конок болуп кетишти. Бул жакты аябай жактырышты. Аларды унаама салып, жумушумду да көрсөттүм. Өлкөмө баруу пландарым бар. Мекениме каалаган учурда барып-келип жатам. Үй-бүлөм, 1 кызым бар. Кызым Илиана Миллер быйыл 4 жашка толду. Англисче так сүйлөйт. Кыргызчаны түшүнөт, бир аз сүйлөйт. Орусчаны бир аз түшүнөт. Кичинесинде Кыргызстанга барып жашап келгенбиз.

АКШда агрардык өнөр жай тармагы абдан өнүккөн. Эгер айыл чарба техникаларына өзгөртүү киргизсек, Кыргыз өлкөсү да келечекте сөзсүз өнүгөт деп ишенем. Кыргызстан – менин мекеним. Өнүккөн өлкөдө жүрсөм дагы, өз өлкөмө жетпейт. Төрөлүп-өскөн өлкөмө эч бир өлкөнү салыштыра албайм. Алдыда мекениме барып иш жүзүнө ашырсам деген көптөгөн тилектерим, кыялдарым бар. Аларды сөз менен эмес, иш менен далилдегим келет.

"Атам, апам жана кызым. Ата-энемди АКШга чакырып саякататтым".

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
Matahara1980
2018-09-18 17:34:31
Жалкоо эркектер ушул кыздан улгу алгыла, телефон чукуп эле ушак андып отурбай
+22
Frunze2
2018-09-18 20:19:32
Matahara1980, кыздар да улгу алып кытай, кореец, тажик, озбек, турк, орус, немец, американец, мексиканец, азери, негр (африкалык бут улуттар), лолу, еврейлерге тийип кете берсин да деп койбопсун. Ансыз да жогоруда 2-3 мактанып отуптур...
-18
newman
2018-09-23 08:55:21
Frunze2, тууганым ушу сен Кыргыз деп өзгөчө кыйкырганынды кээде колдобойм. Башка улутка турмушка чыгат, кээде уйлонот. Бул нике кайып деген нерседа. Мисалы, мен башка улуттагы жигиттер менен кыздарыбыздын кыз-жигит болуп жүрүшүнө каршымын. Бирок эми үй-бүлө курса кантип каршы болом. Үй-бүлөну бузуу керекпи? Бул жерден комментарий менен таасир аз болот тууганым. Өзүңдүн чойрондо карындаштар бар. Жакшыраагы ошолордун 2-4 сун куткар. Ошол жеңиш.
+1
bond02
2018-09-18 19:39:31
Куйоон каякта?!
+1
adiletik
2018-09-18 20:29:23
Американын тартиптери башкада. Бул жактан билбей коп создор жазылыптыр. Черный списокко тушуп калсан чыга албай каласын Америкадан. Чыгыш учун Американын жаранына уйлонушун керек. Анан башка олколорго чыкканга мумкунчулук болот.
0
trabzon11
2018-09-19 08:43:29
Озбек тажик дегеле чет олколук улуттарга тийген кыргыз кыздар,озунорду кыргызбыз деп эсептебей эле койсонор болот.себебин жакшы тушунот болушунар керек
+2
katerina.li
2018-09-19 09:33:56
Эркектер ичинер куйсо туз жалагыла,жата калып муз жалагыла
+16
titanik32
2018-09-19 11:24:41
Азамат кыз (аял)экен ошончо очойгон машинени минип Американын шаарларын аралап жүк тартып.Биз Ошто бир тико менен пробка кылабыз го жолду чыга калып тосуп.
+16
titanik32
2018-09-19 11:26:05
АКШга барып Айзаадага сменщик айдоочусу болсом окшойт.Адресин кайдан алсам болот?
0
orxidey
2018-09-19 13:32:03
Азамат кыз экен негизи бул кызга уйлонууго анча мынча балдардын духу жетпегенго.
+9
AKCAHAT
2018-09-19 18:54:49
orxidey,духу жетпей)) Бирок ушактап, кемсинткенге тили жетет)))
+9
16beka86
2018-09-19 19:49:08
Күйөөсүн айтса айтпаса эмне,же тартып алайын дейсиңерби
+3
Firdaus-Muslim
2018-09-19 22:34:37
Кыргыздын кыздары ушул кыздан бир аз болсо да үлгү алышса жакшы болот эле. Бул кызга өтө чоң баа бердим. Эмне дейбиз!? Ишине ийгилик каалайбыз, Кыргызстандан чоң салам.
+3
Nanei
2018-09-21 08:53:27
Firdaus-Muslim,кыздары эмес эркекткри улгу алсын,особенно бул жерде аялдардан кем калбай жаакташкан эркектер
+1
02.10.93N
2018-09-20 15:14:11
Эркектер озунорду билбейсинер озунор деле башка улутка уйлонуп,ошолор мн журосунор го башка мамлекетте кыргыз кыздарын алдап таштап ошол айтып жаткан озбек-тажик кыздарын ээрчип журосунор уй кучуко окшоп.
+8
buboli
2018-09-21 15:09:08
Куйосун акшлык деп айтелекте эле эмне силер акшлык кылып койдунар балким кыргызга эле тийип ажырашып кеткендир айла жок ошол жактан жумуш таап иштеп жаткандыр жон эле соз чыгарып куноону оз мойнунарга илбегилечи кыйын экенсинер ошондой чон машинени айдай аласынарбы азамат кыз экен даже менин жолдошум айдай албайт
-1
EEsennnn
2018-09-24 08:52:23
кыргыз эркек жок калдыбы дегендер туура эмес кыргыздын эркектери эркектигин жоготуп баратат мындай кыздарга тен тайлашып куйоо болуш учун биз дагы окуп дуйно таанып илим уйронуп озубуздун денгээлибизди которушубуз керек. бул кызды колдойм так что эркектер кеч боло электе алга ......
-1
Feiza1982
2018-09-24 16:54:18
Бул макаланы мурдада чыгарган болуш керек Супер инфо.
Дагы кайталап окудум.
0
Mister-XXX
2021-05-07 15:12:33
Жогору жакта кыргыз жигиттерине асылгандар,Баткенде эр жүрөктүүлүгүн көрсөткөн жигиттер жакпай жатабы?Уруш чыкканда мен барам деп жулунган жигиттер көрүнбөй жатабы?Кыргыз жигиттерине башка улуттар ашык болуп жатканы жалганбы?
Кыргыз жигиттер башка улуттун кыздарына үйлөнгөндөрү өтө аз санда.Силер кыргыз жигиттерин төрөп,өстүрбөй башка улутту көбөйтүп жатасынар.Өз агасын агалай албаган,бирөөнүн үйүн сагалайт-дейт.Ошол башка улуттагы күйөөнөр банкрот болсо,сөзсүз аларды да жамандап келесинер
0
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан