МОСКВАДА КЫРГЫЗ ЖИГИТ МЕКЕНДЕШТЕРИН УНАА МЕНЕН ТЕБЕЛЕТИП САЛДЫ. АНЫН КАРЫНДАШЫ «АГАМ БИЗДИ КОРГООГО АРАКЕТ КЫЛДЫ» ДЕЙТ

9-сентябрда Москва шаарында кайгылуу окуя болду. Орусия жарандыгын алган кыргыз жигити Фольксваген Поло үлгүсүндөгү автоунаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип салды. Кандуу окуядан 1 адам каза таап, 11 адам жаракат алды. Айдоочунун мындай кылмышка барышына эмне себеп болгон?

КЫРСЫКТУУ ТУУЛГАН КҮН

Орусиянын маалымат каражаттары тергөөгө таянып берген маалыматтарга караганда, Бекжан Сарбишев 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү Москвадагы кафелердин биринде карындашынын туулган күнүн белгилеп, жакын адамдары менен майрамдап отурган. Майрам учурунда бейтааныш жигиттер келип, анын карындашына жана карындашынын курбуларына тийишишет. Натыйжада эки тарап чатакташа кетет. Кайым айтышуулар көчөдө дагы уланып, бир нече жигит Бекжан Сарбишевди сабап салат. Ызаланган жигит унаасына отуруп, алар басып бараткан тротуарды көздөй унаасын айдап, аларды атайлап сүзүп салган. Андан соң ал полиция кызматкерлери келгенче кылмыш болгон жерде күтүп отурган. Анын үстүнөн Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү», «эки жана андан көп адамдын өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Москва шаарынын Кузьмин райондук соту Бекжан Сарбишевди 8-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Экспертиза анын канында алкоголь табылбаганын көрсөткөн. Ошол эле учурда Сарбишев да өзүн сабаган жигиттердин үстүнөн арыз жазган.

Айдоочу тууралуу:

Бекжан Сарбишев Ош облусунун Өзгөн районунда 1997-жылы туулган. Кичинесинде эле ата-энеси менен Орусияга көчүп кетип, кийин ал өлкөнүн жарандыгын алган. Атасынын айтымында, ал 2-топтогу майып. Айдоочулук күбөлүктү Орусияда жашап жүргөндө алган.

«ЭМНЕ БОЛУП КЕТКЕНИН ТҮШҮНБӨЙ КАЛДЫМ»

Орусиянын Тергөө комитети Бекжан Сарбишевдин көрсөтмөсү тууралуу видеону таратты. Анда жигит төмөнкүлөрдү айткан:

- Биз карындашымдын туулган күнүн белгилеп жатканбыз. Таңга маал эшикке чыгып, кетели деп жатканда бир топ жигит мени чакырды. Алар «сен эмне кыйынсыңбы?» деп сурашты, мен «жок» дедим. Ошол учурда бирөөсү мени тээп жиберди. Анан алар жабыла уруп башташты. Кийин машинамды карай чуркаганымда алар артымдан кууп келип, кайрадан сабашты. Анан мен жерден угуучу аппаратым менен телефонумду алдым да, үйгө барайын деген ойдо машинама отурдум. Мен оң тарапты көздөй айдашым керек эле, бирок жанагы балдар бараткан тарапка, сол тарапка айдап жибердим. Эмне болуп кеткенин өзүм да түшүнбөй калдым. Ооба, мен күнөөлүүмүн.

Диана Сарбишева, Бекжан Сарбишевдин карындашы:

«ЫЙЛАП ЖАТКАНЫМДА АГАМ ЧЫДАБАЙ КЕТТИ»

Кишилерди тебелетип кеткен деп кармалган айдоочунун карындашы байкеси күнөөлүү эместигин, ал өзүнүн жана карындашынын намысын коргомокчу болуп ушул жолго барганын айтат:

- Биз кафеде отурганбыз. Түнкү саат үчтөрдө бир нече жигит келип бизге салам берип, жаныбыздагы столго отурушкан. Алар түнү менен мени жана менин курбуларымды аңдып отурушту. Кийин биз кафеден чыкканыбызда ал жигиттер сыртта турушуптур. Алар агамдын жалгыз калышын күтүп жатышкан экен. Байкем бизди унаага чейин алып баратканда аны башка жигиттер чакырып, байкемди уруп, бизди шылдыңдап, кадыр-баркыбызга шек келтирген жаман сөздөр менен сөгүп башташты. Өзгөчө мага карата катуу сөздөрдү айтты. Менин ызаланып ыйлап баштаганымды көргөн агам чыдабай кетти. Ал жигиттер агамды өзүнүн унаасынын үстүнө басып алып сабап, кетип калышты. Ошол убакта агам өзүн башкара албай калды окшойт. Жинденип унаасына отуруп, айдап барып алардын бирин сүздү. Байкем нес абалында болуп, эмне кылып жатканын өзү түшүнбөй жатты окшойт. Эгерде агам унаасын түз айдап кетсе, ал башка унааны сүзмөк. Ошол себептен ал унаасын буруп, жолдун боюнда тургандарды да сүзүп кетти. Ал ачууланып жатып тормозду басам деп, газды басып алды окшойт. Ар бир ага өзүнүн карындашын коргомок деп ойлойм. Ал да бизди коргогонго аракет кылды.

Иса Жүжүбаев, Бекжан Сарбишевдин атасы:

«БАЛАМДЫН КУЛАГЫ ЖАКШЫ УКПАЙТ»
- Бекжан үйдүн эң улуусу. Андан башка 1 уулум жана 3 кызым бар. Бекжан 2 айында менингит менен ооруп, Өзгөн шаарындагы ооруканадан жүлүнүнөн суу алдырганбыз. Ошондо кулагына доо кетип, жакшы укпай калыптыр. Ал дайыма медициналык кароодон өтүп турчу. Жубайым экөөбүз уулубузду алып Орусиянын Екатеринбург шаарына иштегени кеткенбиз. Ал жакта жүргөндө Бекжанды медициналык кароодон өткөрө албай калдык. Анткени «жарандыгы жок болсо карабайбыз» деген маселелер болду. Кийин үй-бүлөбүз менен Орусиянын жарандыгын алганбыз. Екатеринбургда 2 жылдан ашык убакыт иштеп, кийин Свердлов районунда иштеп жүрдүк. Ал жактан дарыгерлер Бекжандын бир кулагы такыр укпай турганын, экинчи кулагы жакшы укпашын айтышты. Ошондо уулум 3-класста окуп жүргөн. Кийин мен кичинекей балдарымды алып айылга келе бердим. Айылга келгениме бир жарым жыл болду. Москвада жубайым, уулум жана кызым иштеп жатышкан.

Бул окуя тууралуу мага ал кечте балдарымдын жанында болгон туугандарым айтты. Ошо күнү кызымдын туулган күнү болчу. Туулган күндү белгилейбиз деп 4 киши кафеге барышкан экен. Алар эс алган жайда башка дагы жигиттер болуп, алар кыздардын бири менен таанышабыз деп келгенде уулум "тийишпегиле" деп коргоптур. Бирок алар намысына тийген сөздөрдү айтып, түрткүлөгөн экен. Жаңжал кафенин ичинен эмес, сырттан чыккан экен. Кафеден чыккандан кийин кызым, анын курбусу, жээнибиз жана уулум унааны көздөй баратканда ал жигиттер Бекжанды ортого алышыптыр. Уулумду бири түртүп, экинчиси колундагы телефонун алып, дагы бири кулагындагы угуучу аппаратты жулуп ыргытып, шылдыңдаптыр. Угуучу аппаратты алып салганда Бекжандын ачуусу келип, психикалык өзгөрүүлөр боло баштайт. Бекжан ачуусу менен унаасына отуруп, тебелетип кетиптир. Мен дагы деле ишенбей жатам бул окуяга. Менин оюмча, балам газ менен тормозду алмаштырып алды окшойт.

«ТҮШ КӨРГӨНДӨЙ АБАЛДАМЫН»

Бул кырсыктан жабыркагандардын бири менен байланышканыбызда, ал аты-жөнү жашыруун калышын суранып, төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Жакын арада Кыргызстанга кетейин деп жаткам. Билет дагы алып койгом. Мекениме кайтар алдында досум менен чай ичип, эс алалы деп 8-сентябрь күнү кечки саат 5терден өтүп экөөбүз жолукканбыз. Кафеден чыгып, досум экөөбүз жөө адамдар өтүүчү жолдо сүйлөшүп баратканбыз, көчөдө жаңжал болуп жатканын деле байкаган эмес экенмин. Бир маалда эле эсимди жоготтум. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Азыр ооруканадамын. Көп нерсени эстей албай жатам. Түш көргөндөй эле абалдамын. Баш мээм чайкалыптыр, сол бутум иштебей жатат, дааратканага гана эптеп барып келип жатам. Азыр мени эжем карап жатат. Ал эми жанымдагы досум эмне болду, абалы кандай, кайсы жакта экенин билбейм. Телефон номери өчүк, байланыша албай жатам.

«ООРУКАНАДАГЫ ЖАРАНДАРЫБЫЗДАН КАБАР АЛУУДАБЫЗ»

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматчысы Гүлбарчын Байымбетова окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:

- Кырсык 9-сентябрь күнү таңкы саат 6да болгон. Бул каргашалуу окуянын жыйынтыгында 11 адам жабыр тарткан, анын ону кыргыз жарандары. Бир адамдын жарандыгы такталууда. Бир жаран каза болуп, жабыр тарткандардын төртөөсүнүн абалы оор. Кылмышка 1997-жылы Өзгөн районунун Токтогул айылында төрөлгөн, учурда Орусиянын жараны Бекжан Сарбишев күнөөлөнүп жатат.

Ал эми каза болгон 1997-жылы туулган Амантур Абдисамат уулу аттуу жигиттин сөөгү 10-сентябрь күнү Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Жабыр тарткандар ар кайсы ооруканаларга жаткырылган, алардын ар биринин дарыгерлерине жолугуп, кабар алып жатабыз.

 

Бул окуя боюнча Сарбишевди күнөөлөгөндөр да, ага жан тарткандар да бар. Жан тарткандар намысына тийгени үчүн ушул жолго барууга аргасыз болгон дешсе, айрымдар өзүн ыза кылгандар менен мыйзам чегинде чечишүү керектигин, адам өлтүрүү менен намыс коргоо туура эместигин айтышууда.

Канткен күндө да бул окуяда көптөгөн адамдар жабыр тартып, Кыргыз өлкөсүнүн аброюна көлөкө түшүрдү. Мунун айынан Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибизге да залакасы тийиши мүмкүндүгү ойлондурат.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
-Sumitra-
2018-09-18 14:03:45
Тообо.Жаш жигиттин кулагындагы аппаратын алып шылдындашса,анан жини менен барып сузуптур да.Деги эле жаштар куйгузду туулган кунду кафе,клубда откорушуп.Кысыып эле жон журсонор болбойбу?Иштедим соссуз конул ачышым керек деп ойлойсунар.Мына конул ачкандын аягы.Аябай окунучтуу.Ошо силердей ХХХ деп бардык мигранттарга кыйын болуп жатат.
+8
fanatka19
2018-09-18 14:07:26
10 дой балага эмне учун розск жарыялап аларды сурабайт? элчилик иштебейт кыйратабыз жыргатабыз деп эле отрушат.тан аткыча иштеген кафелерди жапсын. жалан кыргыздардын кафеси тан аткыча иштейт. бизде ар жок да Азери деле Озбекги деле кыргызстан деп аяа беришет кафени биздикилер тошун кагып бара беришет.
+4
Bayazet
2018-09-18 15:56:26
Топтонуп урган жетимдерди неге териштирбейт алардында жоопкерчиоигин караш керек
+7
shumkar929292
2018-09-18 16:53:28
Кафеге не бар дагы карындашын коргойт эле дейт кудайым ыйман бербесе бекер да кыз бала болгондон кийин үй бүлөсүн ойлош керек ата эне бир тууганын чырды чыгартып карап турбай акасинин келечеги не болот өзүн коргогонуна сүйүнөт да чет жерде жүргөндөн кийин оюн күлкүнү азыраак кылып түз жүрүп аман эсен эл жерине келишти ойлойлу кыргыз элим шайтанга азгырылбай сабыр кылып
+1
nazarnew
2018-09-18 17:26:48
Баланыкын прав,ал карындашын и өзүң коргогон,мен болгондо ошол кол салгандарды оптом тебелеп өлтүрмөкмүн,я за своих на все пойду!!!
+4
aimai
2018-09-18 20:44:58
Boton el boton jerde miyzam turundo chechishe albaarin bilip izalanganda ushuga bardi da ,Akmaktar emnege baarilap sabashat
+3
airada
2018-09-19 00:29:59
Жаман болуптур. Жапжаш балдар экен жалко
0
elhan123
2018-09-19 16:51:41
Ачууга алдырганы жаман болуптур
0
Nurizaumar
2018-09-20 00:46:26
Шакалдар жалгыз адамды ортого алып урушат.эркексинби чык раз на раз. Эркексинби ошол кыз менен таанышкын келсе озун жалгыз бар.Озунду жалгыз ошол кыздын жанына бар десе тилин айланбай калат.Туура кылат тебелеп.башка шакалдарга сабак болсун.
+1
asanturduevkg
2018-09-20 10:39:01
Карындашым сен туулан кунугу ошол тунку клубтарда откорбогонун до, ушул иштер болбойт эле. Баардык жамандыктардын баары туну болот
0
Sumaia20102903
2018-09-20 16:28:55
Кыз башы менен кафеде балаа барбы?
+1
patiydin
2018-09-20 20:24:17
Капа болбогулада, айылдын жигиттери Кыз менен жигит болсо тийишпестик закону бар экенин билишпейт.
+2
Taalaibekov.ch
2018-09-21 20:00:28
Мен лчно бул кыздын создоруно ишенген жокмун, бул кызда жырталандап берки балдарга тийишкенда.. ХХХ ХХХ ХХХ... Куноо кызда, жаап жашырып жатат кеебир окуяларды
0
elhan123
2018-09-21 20:56:08
Taalaibekov.ch,мумкун сиздин айткандарынызда чындык бардыр. Бирок оз козунуз менен корбогондон кийин анчалык жамандаштын кереги жок деп эсептейм
+1
admin_media
2018-09-24 09:12:52
Taalaibekov.ch,этика нормаларын, порталдын эрежесин сактоону сунуштайбыз.
0
joke81kg
2018-09-22 13:10:36
Нак барбы кафеде тунжаримда
0
Blackmoon
2018-09-23 10:55:26
ХХХ таң аткычакты кафеде туулган күндү бөтөн жерде бөтө элде тосконду ким коюптур. Үйдө эле тоспойбу кафеде бок барбы.Карындашы деле жакшынакай болсо бир жөн жигиттер тийише тургандай.
0
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан