Мухтар Атаналиев, ырчы: «ШАМАЛ ЫШКЫРЫП, ЧӨӨЛӨРДҮН ҮНҮ УГУЛГАН АЙ ТАЛАА БОЛЧУ. ТҮНКҮСҮН ҮЙГӨ ЖАТКАНДАН КОРКЧУБУЗ»

Ырчы, кинорежиссёр Мухтар Атаналиев учурда Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда жашайт. Бул конушка жарык, суу, жадакалса жол курула элек кезде ырчы алгачкылардан болуп там салганын айтат.

– Ушул жерде ушундай тамдуу болуп калганыма азыркыга чейин таң кала берем. Биздин жер тилкебиз бул жерде эмес, арыраакта болчу. Курулуш материалдарын алып келгени кетсем, усталар башканын жер тилкесине эле тамдын пайдубалын баштап салышыптыр. Кошуналарым деле туугандар болчу, аларга телефон чалсам «ушундай болуп калыптыр, эми эмне кылабыз десем. Мейли, эми ошол жер сиздики болсун» деп макул болушту.

Ошентип бул конушта алгачкылардан болуп 2011-жылы биз үй курдук. Башында шамал ышкырган, түнкүсүн чөөлөрдүн үнү угулган ай талаа болчу. Түнкүсүн үйгө жаткандан коркчубуз. Карагайларды орнотуп, жарык өткөрүүчү зым тартып, үйүңө жеткиче «эмнеге булар биздин жарыкты уурдап жатышат» деп зымды үзүп салышар эле. Ошентип башында кыйналдык.

Бул жерде такай жашаганыбызга 2 жыл болду. Ачыгын айтыш керек, бул жерге там салгандан кийин жарым эле жыл жашап, кыйналып, кайра шаардын ортосундагы бир бөлмөлүү үйүбүзгө көчүп кеткенбиз. Келсек эле бул жер шаар болуп кетиптир. Анан жер тамыбызды өнүктүрөлү, бак-дарак тигели деп кайра көчүп келдик.

Конок бөлмө

– Чыгармачыл адам болгондон кийин үйдөн киши үзүлбөйт, конокторду ушул бөлмөдө тособуз. Бул жер мага иштөөчү бөлмө катары да кызмат кылат.

Балдар бөлмөсү

– Бул уулдарымдын бөлмөсү. Бир кыз, үч уулум бар. Улуу уулум менен кызым өздөрүнчө үй-бүлө күтүп кетишкен. Азыр 2 уулубуз колубузда. Бирөө 1-курс, кичүүсү 6-класста окуйт.

Мен бала кезимден кара жумушту көп жасадым. 25 жашымда ооруга чалдыгып, ошондон кийин кара жумушту такыр жасабай калгам. Анын үстүнө шаардыктар жалкоо болуп калат экенбиз. Азыр чынында жеңеңден тил угуп жашайм. «Кара жумуш кылбайсың, балдарыңды үйрөтпөйсүң» деп жаңжал кылат. Эми балам экөөбүз сарай салалы деп аракет кылып жатабыз.

Коридор

– Башында бул жерди кичине үй кылалы деп ойлогонбуз. Бирок бири-бирине уланып отуруп ушундай там болуп калды.

Там курулгандан кийин усталарга «кичине эле бут чечкич кылып улап койгула» деп түшүндүрүп кеткем. Бир сутка жумуштар менен жүрүп келсем эле узун коридордун пайдубалын куюп салышыптыр. Анан кайра буздурмак белек, буйрук экен деп калдык. Коноктор «коридор менен келип, ар кимиңер өз бөлмөңөргө кирип кетет экенсиңер» деп мактап, долбоорун жактырып кетишет.

Уктоочу бөлмө

– Ооруп калгандан кийин жер там издегем да. Бул жерде нымдуулук жок. Байбичем экөөбүз ушул бөлмөдө уктайбыз.

Бакча

– Азыр помидорлор базарда
15 сом экен. Бирок кеп баасында эмес, кеп өз колуң менен өз бакчаңа отургузүп, үзүп жегениңде. Помидордун кызарып калганын көрүп 10 күндөй күнүгө «качан бышат?» деп карап отурдум. Бышканда баарыбыз тегиз бөлүп жедик, даамдуулугун сураба.

Жумуштан, шаардын жашоосунан чарчап келгенде, бакчада иштеп, короого суу сепкенде кадимкидей эс алам.

Схема

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Убагында чөөлөр улуп, шамал ышкырган жерде тиричилик баштаган Мухтар Атаналиевдин үйүндө конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Fortuna1987
2018-09-18 10:49:54
Уйунузго береке берсин. Ашкана жокпу?
+12
Aikan1966
2018-09-18 11:01:21
Береклуу уйлордон болсун
+12
Aikan1966
2018-09-18 11:01:45
берекелуу уйлордон болсун
+8
Jin1209
2018-09-18 13:32:28
Сонун уй экен, минимализим деп койсо болот ашыкча нерсе баары оз ордунда тыкан, таза.
+9
katerina.li
2018-09-18 14:20:53
Шаардыктар жалкоо болуп калат экенбиз дер алыптыр. Качантан бери шаардык болуп калган???
-31
aisyrga88
2018-09-19 09:38:02
Аялы уй жасаганга кызыкпайт окшойт э по турдуу гилем салышына караганда
-13
Water
2018-09-19 22:41:05
aisyrga88,кызыкканы каражат керекта. Финансы жактан жетишип турса ким болсо да кызыгат. Кантсе да устундо уйу, жанында жолдошу, мандайында балдары бар экен. Мындан ашык бакыт жок аял адамга деп ойлойм.
+18
nurhan2702
2018-09-19 11:30:52
Усталарыныз сонун экен ,оздору билип эле....
+18
Ice-creme
2018-09-19 13:00:52
Ак жолтой уй болсун уйунуз.
+9
Grazy-girl2019
2018-09-20 08:58:11
Ак ордо 3 то го уйу.Ак ордого 2007жылдан баштап эле уйлор салына бштаган.Ошол жылдан бери эле жашайбыз.Биринчилерден болуп 2011-жылдан баштап деп коюптур го.
-1
Grazy-girl2019
2018-09-20 08:59:29
Буто элек веремянкасын аябай мактаныптыр го
-7
lizaliza
2018-09-21 04:59:17
Grazy-girl2019, Ункур болсода уйум болсун деп, алачыктай уйго жеталбай жургондор бар. Билишимче байке динге жакын Адам. Балким жашоонун баалулугун Мухтар агай сиз жашаган особнякта эмес, башка нерседе деп билеттир...
+9
Nanei
2018-09-21 12:13:09
lizaliza,дин жолунда жургондорго деле коп ишенбеш керек экен,близ жакта бир байке бар ,ото динге берилген сакал коюп,арабча кийим кийип журот. Дайыма оозунан шариат тушройт. Менин куйоом аны аябай сыйлап ,акыл насаатын укчу,дин жолундагы киши дер. Бир куну фасоль айдаган талаага кетип ,куйоом кеч Келли,талаанын жумушу Ошо да. Келип кечке дендароо болгон кишидей брлуп журду. Анан эмне болду сага десем айтат талаадан кошуна байкени кордум,башка бир байкенин фасолун уурдап жаткан жеринен кармадык
-1
Nanei
2018-09-21 12:18:20
lizaliza,мен именно ьул Байке жонундо айтпайм,жалпы жонунан диндемин дегендерге коп ишене бербеш керек экен. Ошо окуядан кийин куйоом козу ачылды окшойт, кошунаны ээрчип ,нассатын укпай калды. Бироонун жаздан кузго чейин тытынып иштеп жаргон эмгегин кузундо уурдаган адамда кайдан ыйман болот. Жэ Кундуз сакал коюп,шариаттан суйлоп ,тундо уурулук кыла берсе кудай корбойт деп ойлойбу??
+1
Jaka.beks
2018-09-25 00:02:49
Nanei, Бул жерде анын эмне тиешеси бар оозунардан жакшы сөз чыкпаса жазбай эле койгула да
+1
Benazir08
2018-09-21 15:21:50
Уй кут болсун огол жерден бала чаканыз онуп оссун. Баарыбызга эле уй насип этсин
+2
akylbekkg
2018-09-21 18:58:44
Бул кишиде алдым жуттум жок окшойт. Оз эмгеги менен ушуларга жетишип алыптыр. Азыркы ырчылардай тойдон тойго ырдап жулунса особняк салып коймок
+4
Byrmachach
2018-09-25 07:26:21
Үйүндө Куткелди деген кут бар экен ошонусу эң маанилүү, бактылуу үй бүлө экени көрүнүп турат.
0
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан