«СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУН ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БИЙЛИГИ АКАЕВ МЕНЕН БАКИЕВДИКИНЕН ДА АШЫП ТҮШКӨН ЖОКПУ?»

Кыргыз өлкөсү өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөндөн бери эки ирет бийликте отурган адамды кубалап, төңкөрүш жасады. Качып кеткен экс-президенттердин бири Орусиядан, экинчиси Беларустан баш калка таап, күн өткөрүп жаткан кездери. Биринчи төңкөрүштө Бишкек таланып-тонолсо, экинчи төңкөрүш кан төгүүгө жетип, жүзгө жакын кыргыздын жараны курман болду. Мына ошол оош-кыйыштарга эмне жеткирди, калктын нааразычылыгына бийликтин эмне иштери түрткү болду? Албетте, эң негизги себеп – мамлекет жетекчилеринин үй-бүлөлүк башкарууга жол бергени. Өлкө мындай кайгынын кайра болбошу үчүн эмне илдеттерден арылышы керек, бийлик эки төңкөрүштөн ириде кандай сабак алышы керек? Жооп жөнөкөй – үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө.

SUPER.KG порталы азыркы учурда өлкөнү башкарууда мындай коркунуч барбы деген суроонун тегерегинде кыргыз саясатчыларына собол салып көрдү. Анткени азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен кудасы Алиярбек Абжалиев – Жогорку Кеңештин депутаттары, бир тууган агасы Жусупбек Шарипов болсо Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт. Порталдын "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевдикинен да ашып түшкөн жокпу?" деген суроосуна ар кандай жооптор келип түшкөн. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында көп жылдан бери саясатта келе жаткан, Бакиевдин бийлигинин тушунда мамлекеттик кызматта бир нече жыл иштеп, кайра оппозицияга кеткен саясатчы Адахан Мадумаров: "Президент парламенттеги маселелерди иниси аркылуу чечип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес, спикер – отурган бир куурчак",- дейт. “Кыргызда бардык эле учурдагы башкаруулар бирдей. Маселен, Роза Отунбаева президент болуп турганда "Тышкы иштер министрлигиндеги маселелерди иниси чечип жатат" деген сөздөр жүргөн. Атамбаев президент болгон учурда жан-жөкөрлөрү чечип калган. Азыркылар алардан ашса ашат, кем калбайт. Азыр кайсы жерге барбасын агасын да, инисин да төгөрөктөп эл жүрөт. Учурдагы парламенттеги спикер – отурган бир куурчак. Жогорку Кеңештеги маселелерди иниси аркылуу чечип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес, муну ой жүгүрткөндүн бардыгы сезип, көрүп турат. Жогорку Кеңештин төрагасы эле эмес, өкмөт башчы деле куурчак, бардык маселе башка жерде чечилет. Бакиевдин тушунда да ушундай болуп калган, өкмөт өзүнчө, баласы баштаган команда өзүнчө иштеп. Натыйжасы эмнеге алып келгенин айтуунун кажети жок, окшоштуктар аябай көп",- дейт.

КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутаты Ирина Карамушкина өлкөдө бир туугандар бири-бирине баш ийген кызматтарда иштөөсүнө тыюу салган тартип бар экенин эскертти. Кыргыз Республикасынын элчилери өлкө президенти тарабынан дайындаларын эске алсак, анда Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы менен абал Карамушкина эскертип жаткан тартиптин чегинен чыгат. Жусупбек Шарипов 2017-жылдын 16-ноябрында, Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан кийин Атамбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Украинадагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. "Моралдык жактан караганда, албетте, эгер өлкөдөгү эң жогорку кызматты бир туугандардын бири ээлесе, калгандары "кызыкчылыктардын кагылышын" жаратпаш үчүн ээлеген кызматынан баш тартышы туура. Анткени биздин өлкө үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан улам кандуу окуяларды башынан кечирген. Алмазбек Атамбаевдин тушунда балдары анын иш бөлмөсүнө бир да жолу кирген эмес, алар бийликтин кабаттарына да барган эмес",- дейт Карамушкина.

Агасы президент болгон соң иниси депутаттык мандатын тапшырышы керек деп Асылбек Жээнбековдон депутаттыктан баш тартууну талап кылып чыккан Мээрбек Мискенбаев "саясатчылардын арты таза эмес болгону үчүн азыр Акаев менен Бакиевдин убагынан да жаман болуп жатканын айтуудан коркушат" дейт. Жогорудагы аракети үчүн ал тымызын кысымдар болуп жатканын айтат: "Бул жөнүндө айтып жатып тилим тешилди. Бул эми башталышы. Кудасы, иниси, агасы бийликте болуп жатса, эми күйөө баласы, таяке, жээни келе баштайт. Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деп айткандан баштап жарым жылдан бери мени куугунтуктап жатышат. Акаев менен Бакиевдин убагынан жаман болуп жатат. Саясатчылардын бардыгы эле билет, бирок эч кимиси айта албайт. Бардыгы коркот, анткени арты таза эмес".

Учурдагы абалдан эч кандай коркунуч көрбөй турган саясатчылар да бар. Мисалы, экс-депутат Феликс Кулов "Сооронбай Жээнбековду Акаев менен Бакиевге окшоштурганга болбойт" десе, экс-депутат Улукбек Кочкоров "Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин эле бир туугандары бул кызматта иштеп келишкен. Аларды Жээнбеков депутат, элчи кылган жок. Эгерде алар мамлекеттик саясатка кийлигишип же кадр маселесин чечип жаткан болсо, анда башка маселе. Жээнбековду Акаев жана Бакиев менен салыштырууга болбойт" дейт.

Саясатчы, көп жылдык оппозициячы Равшан Жээнбеков: "Келечекте өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу болбойт деп айта албайм. Үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө президент өзү аракет кылышы керек. Эгер жол берсе, бул анын жеке трагедиясы болот. Буга чейинки мындай трагедиялар эмне менен бүткөнүн баарыбыз билебиз",- дейт.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан