КОМУЗДУН КЫЛЫ ҮЗҮЛДҮ... КОМУЗЧУ РУСЛАН ЖУМАБАЕВ КАЗА БОЛДУ

Эки жыл мурун Көчмөндөр оюндарында миң комузчунун жарыша “Маш ботой” черткени “мен кыргызмын!” деп төш койгулаганга караганда алда канча артык таасир эткенин көбүбүз эле күбө болсок керек. Ошол миң комузчунун башында турган комузчу Руслан Жумабаев мезгилсиз дүйнө салды. Ал заманыбыздын залкар комузчусу, элибизге белгилүү "Эрке сары" сыяктуу көптөгөн күүлөрдү жараткан композитор эле.

КОМУЗЧУ ТУУРАЛУУ...

Руслан Жумабаев 1973-жылы Нарын облусунун Эмгекчил айылында туулган. Ал Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп, кийин Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн. “Саамал”, “Эне-Сай”, “Ордо-Сахна”, “Хан-Теңири” сыяктуу этно-ансамблдердин курамында иштеп жүргөн. Шаардык мэриянын оркестринде эмгектенген. Бир канча шакирттердин устаты болгон. Үй-бүлөлүү, 5 кыз, 1 уулдун атасы эле. Ал болгону 45 жашта болчу.

Аскат Мусабеков, ырчы:

– Руслан агабызды түбөлүк жайына узатып жатканда өзү черткен күүлөрү жаңырып турду. Каңырыгыбызды түтөттү. Мен 1-курстан бери таанычумун, бир кездерде чогуу да жашап калдык. Өтө билимдүү, орусча да, кыргызча да мыкты билген адам эле. Өзү черткен күүлөрдү оркестрге салып өзгөртүп чертчү. Анын “менин миң комузчуну баштап күү чертсем деген кыялым бар эле. Аткарылды, эми арманым жок” деген сөзү бар экен. Тилеги кабыл болуп, азыр ошол видеосун көрбөгөн адам калган жок. Түштүк Кореяга чогуу барган сапарыбызда атайын мага арнап күү чертип берген эле. Кабыргабыз кайышып турат, жакындарына көңүл айтам.

Алтынбек Максүтов, режиссёр:

– Руслан менен мен көп жылдан бери таанышмын. Мен Арсен Өмүралиев атындагы театрда, ал “Саамал” ансамблинде иштеп жүргөндө таанышканбыз. Кыргызстанда үч чоң комузчу болсо, анын бири Руслан Жумабаев эле. Жараткан күүлөрү, чыгармалары, мүнөзү да өзгөчө болчу. Маанайы жарык жаркылдап жүрчү. Бир да жолу кабагын жерге салып жүргөнүн көргөн жокмун. Башында дайыма өзгөчө идея боло турган, тамашалап “ызы-чуу” деп койчубуз. Ооруп жүргөнүн билчүмүн, бир-эки ай мурун эле эмнегедир эсиме түшө берди. “Ушу кыйналып жатат окшойт, жолугуп бир көңүлүн көтөрүп коюш керек эле” деп жүрүп Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатып эч убакыт таба албадым. Каза болду деп укканда аябай жаман болдум. Кыргыз эли эң мыкты инсанынан, чоң комузчусунан ажырады.

Закирбек Дүйшөнбек уулу, комузчу:

– Руслан байке жеке эле кыргызга эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө белгилүү инсан болчу. Анткени ал өтө көп музыкалык аспапта ойной алчу. Көп фестивалдарга катышкан. Мен 1997-жылы таанышып калгам, 2000-жылдан баштап менин устатым болду. Өзү чыгарган күүлөрү да бир топ эле. “Эрке сары”, “Ак таноо”, “Нооруз” жана башка бир нече күүлөрдүн ээси болчу. Билимдүү музыкант эле, жалаң комуз дебей, бардык жанрды жакшы билчү. Адамгерчиликтүү мыкты инсан эле. Ата-энесин, жубайын, балдарын чоң кайгыга салып кетти. Көп жылдан бери ооруп жүрчү, эки бөйрөгү иштебей калып, андан ички органдары да жабыркаптыр. Акыркы мүнөттөрүнө чейин жакындары менен чогуу жанында болдум.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ekonomist.
2018-09-18 09:27:16
Арты кайырлуу болсун, бейишин берсин Аллахым.
+6
Aikan1966
2018-09-18 11:05:50
Жайы жаннатан болсун
+3
Mirza1983
2018-09-18 17:11:21
Арты кайрылуу болсун. Аллахым жаннатан жай берсин. Калган омур жашын балдарына, жакындарына берсин. Кыргыздын журогундо туболукко сакталат.
+3
mirlanpiter
2018-09-19 03:30:53
Mirza1983,сага эле эмес баардык мусулман кыргыздарга айтаарым ,ар бир адам өзүнүн гана ичер суусун ичип ,жашай турган өмүрүн жашап кетет экен, Кудай ошончо гана жашасын деген,,анан калган жашын балдарына , жакындарына берсин деген түшүнүкту жок кылуу керек
+7
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан