ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 17-СЕНТЯБРДАН 23-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Аптада каршылыктарга жана акча көйгөйүнө кез келесиз. Буга достор, өнөктөштөр жана жетекчилик себепкер болот. Аптанын экинчи жарымында эл менен тыгыз иштешесиз. Мыйзам жаатындагы маселелер боюнча юристке кайрылууңуз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада күтүлбөгөн тоскоолдуктарга туш болосуз. Жетекчилик, текшерүүчү органдар, башка шаардык өнөктөштөр менен иштешүүдө сак болуңуз. Түшүнбөстүкт өр жаралат. Ден соолукка, жумушка жетишерлик көңүл бурасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Алыста жашаган туугандар, өнөктөштөргө байланыштуу көйгөйлөр жаралат. Көзөмөл органдары менен иш алып барууга туура келет. Чыгымга учурабоо үчүн документтерге так болуңуз. Сүйүү жана балдар темасы ойлондурат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өнөктөштөргө, кесиптештерге аяр мамиле жасаңыз. Таарынычтар болот. Жубайыңызга, үйдөгүлөргө сылык сүйлөңүз. Ошентсеңиз бардык маселелер ойдогудай чечилет. Үйүңүзгө конок келет. Үй чарба иштерине көңүл бурасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жетекчилик, өнөктөш, өкмөт адамдары менен жакындан мамиле түзүүгө туура келет. Баарлашуу учурунда тактикалуу болуңуз, пикир келишпестиктер күтүлүүдө. Жакынкы күндөрү сапарга чыгасыз же туугандарга жолугасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жумушуңузда текшерүү башталат же кесиптештер менен пикир келишпестиктер жаралат. Текшерүү органдары, сыйлуу адамдар менен баарлашууда сылык болуу зарыл. Чыгым тартасыз. Көп акча табууга катуу бел байлап киришесиз. Активдүүлүк күчөйт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй чарбасына, эс алууга, балдарга акча жумшоо керектелет. Үйдө түшүнбөстүктөр жаралат. Чыр чыкпоосу үчүн өнөктөштөргө, өмүрлүк жарга этият мамиле зарыл. Апта акырында көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакындарыңыз менен баарлашууда токтоо болуңуз. Курч айтышуулар болушу мүмкүн. Курбу, кесиптештерден жашыруун өзүңүздүн кайсы бир купуя иштериңизди бүтүрүүгө киришесиз. Сырдуу нерселер ачыкка чыгат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө абайлаңыз. Кооптуу мезгил. Бир туугандар жана чөйрөдөгүлөр менен баарлашууда сабырдуу болбосоңуз уруш чыгат. Досторго көңүл бурчу убак келгенин сезесиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Күтүүсүз каршылыктар же акча көйгөйлөрү жаралат. Жеке иштериңизди бүтүрүүгө киришип, эс алууга, балдарга да убакыт табасыз. Жогорку органдарга же жетекчиликке иштер менен кирүүңүз мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Айрым күтүлбөгөн тоскоолдуктарга туш болосуз. Сырдуу нерселер да тынчыңызды алат. Жакындарыңыз менен пикир келишпестиктер чыгат. Текшерүү органдары менен такташууга, эсептешүүгө туура келет. Даяр болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кайсы бир маселелерди чечүүдө башкача кадамга барууга туура келет. Каржыны көбөйтүү үчүн кошумча акча булактарын издештиресиз. Коңшулар менен алака жакшырып, айрым маселени чечүү жаатында сүйлөшөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан