(Башталышы өткөн сандарда)
Уйкусуз түндөрдүн бири. Ал үчүн көнүмүш болуп калган адат.Түндө дээрлик уктай албайт. Үч жыл баңгилик жана ичкиликтен арылуу үчүн жаткан ооруканадан алган эстелиги ушул. Ар дайым түнкүсүн ийне сайып коюшчу эле. Эстегенде ичиркене түшүп, аял ордунан турду. Чылымын түтөтүп, терезени тиктейт. Шаар тынч уйкуда. Ушу бейпилдикте кимдер уйкусуз таң атырып жатты экен? Балким, Элина да уктабай жаткандыр... Анын чабалактап уктабай жатканын эстегенде табасы кана жылмайып алды. Аманды эстеди. Элинаны... Экөө оюна дайым бир учурда келет.
“Сен аны менден артык көрдүң. Канча жалындым, жалбардым. Мен сенсиз жашай албасымды билчүсүң. Мына, көрдүңбү, 2 жыл өттү, дагы деле жашап кете албай жатам. Сени унутуу мен үчүн мүмкүн эмес десем, “унутасың” деп... Тигиниң жашап жатат. Жанагы адвокат менен да соо эмес көрүнөт. А мен сени эчен жылдан бери эч кимге алмаштыра элекмин”.
Ушинтип ойлонуп турду. Бирок ал эсинен чыгарып жиберген эле. Арак менен баңгиге кошуп туруп Аманды алмаштырып жибергенин, ал мындай тозок отуна чыдай албай “дарылан же ажырашам” дегенин, анын жашоосун астын-үстүн кылып, эч бир жылуулук тартуулай албаганын, боюнда болгон бала баңгиден улам түшүп кала бергенин, дагы далай нерселерди эсинен чыгарган эле. “Мени алмаштырды” деген гана жандими көк беттикке сала берди. Ал жандимилик кекке айланып, анын уусу бүт денесине тарап, көкүрөгүндө мындан башка эч нерсе жок эле. Атасынын дабышын укту. Демек, ал дагы уктабай жаткан экен. “Чала сага, уктаба сен дагы” деди атасына жини келип.
xхх
Эки уулдан кийинки кыз деп катуу эркелетти аны. Атасы айды алып бер десе айды алып бергиси келер эле. Бирок жаңылган экен. Эркелетүүнүн чегин билбесе балага эле эмес, өзүнө да залал берерин унутуп калыптыр. Акыры башына тийген муш болду. Азыр заңгыраган үйдө уйкусуз басып жүргөнүн, максатсыз бир жанга айланганын көрүп жүрөгү миң тилинет. Ушу кыздын айынан кемпири да каза болду. Балким, ал болгондо бир акыл айтар беле?
3 жыл... Сиэтл шаарында баңги менен ичкиликтен таптаза арылта турган күчтүү дарыгер гипнозчу бар экенин билди. Акыркы чарасы ошол эле. Баасы да асмандын башы экенине карабай зордоп алып барды. Албетте, Амандын да аракети менен ишке ашты. Эч кимге билдирбей дарылатышты. “Алып кетиңиздер” дегенде барып кызын көрүп ыйлап жиберди. Көзүнүн нуру таптакыр өчкөн, дармансыз, мезгилинен эрте карып кеткен бир аял отурду. “Эми эч качан баңгини да, ичкиликти да колдонбойт” дешти. Чындап эле ал адатты таштады. Бирок...
“Башка чарам жок болчу да” деди күбүрөнгөн Туманов. Көз алдына Аман тартылды. Жаңы таанышканда алтын кенинин директорунун орун басары болуп турган кези болчу. Келишимдүү, жадыраган, сөзү орундуу, эң негизгиси акылдуу жигит көңүлүнө дароо жакты. Ичинен даярга тап, белендеп берген ашты тыңдап иче албаган уулдарына салыштырып ичи тыз этти. Кайсы бир салтанаттуу аземде отуруп Аманды үйүнө мейманга чакырды. Чын дилинен, эч бир планы жок эле чакырган. Бардыгы өзүнөн өзү болуп кетти...
xхх
Элина эртең менен жумуш издеп чыкты. Азыр тажрыйбалуу тикмечи болуп калган. Ошентсе да ар бир жумуштун өзүнүн оордугу бар. Кээде иштетип алып маянасын чоё беришет, кээсинин айлыгы аз. Өзүнө ыңгайлуу бир-эки жерди караштырып алып макулдашып келе берди. Эми экөөнүн кайсынысына иштесе болорун ойлонуп келе жаткан. Бири балдардын бала бакчасына жакын экен, экинчиси маянасы көбүрөөк. Маянасы көбүрөөк жакка ооду акылы. Ошентип үйгө жакындап калган экен. Кызы бөбөгүн ойнотуп сыртта жүрүптүр. Жылмайып алды. Апасынын ар түрдүү жылмаюусу бар. Күлгөндө, жылмайганда бетине чуңкурча пайда боло түшөт. Кызы апасынын ошол чуңкурчасын жактырат. Элина бөбөгүнөн көзүн албай өзүн чоң сезип турган кызын көрүп аяп кетти. Эки жылдын ичинде кызын кадимкидей ой басып, ойго келбеген нерселерди сурап калат. “Апа, атам бизди таштап кеттиби же өлүп калдыбы?” деди өткөндө.
– Эмнеге сурадың?
– Адам атамды күтүп жүрөт. Кечээ бакчадагы балдарга “атам бизди алып кетет бүгүн” деп койгон экен, алар шылдыңдашыптыр.
– Сенчи?
– Мен атама таарынгам.
– Эмнеге?
– Анткени бизди таштап кетти. Башка аялы бар экен.
Эмне дээрин билбей калды. Кайдан укканын да сурабады. Жөн гана отура берди.
– Сен капа болбо, апа, мен чоңойгондо сага өзүм эле баарын алып берем. Сен эки жумушта иштебейсиң.
Азыр бөбөгүн ойнотуп жаткан кызын көрүп ушуларды эстеп кетти.
– Алия, Адам!- колун булгалап кыйкырып койду. Чуркап келчү балдары бул жолу бир нерсеге алаксыгандай. Кайсы бир караан ары карап басып кеткендей болду.
– Эмне мага чуркабадыңар?
– Бир апа бизге таттууларды берип, сүйлөшүп отурду.
– Кана ал? Ким экен?
Балдар эки жагын карап таппай калышты.
– Кандай экен ал апа? Силерди чоочун бирөөлөр менен сүйлөшпөгүлө дебедим беле?
– Ал... Ал сизге окшош экен... Колдору жупжумшак.
Жүрөгү болк деди Элинанын. Апасы келдиби? "Жок, ал кайдан келсин" деди ичинен. Болбой эле эки жагын карап алды үмүт кыла. Бактын аркасында жашынып көз жашына муунуп турган аялды көргөн жок. Эртеси балдар ойноп жаткан жерге ал аял дагы келди. Дагы толтура таттууларды алып алган экен. Балдарды тоё жыттап алды.
– Сиз кимсиз?
– Менби... Мен бир энемин.
– Өзүңүздүн балдарыңыз жокпу?- деди кичине кыз.
– Менин кызым бар болчу. Жоготуп алдым.
– Бирөөлөр уурдап кетиштиби?
– Ооба.
– У-ух ты! Апам дайыма бизге "бирөөлөр уурдап кетет, үйгө ойногула" дейт. Биз болбой эле ушул жакта ойнойбуз. Бөбөгүм үйдө отургусу келбейт да. Анда биз сыртка чыкпай үйгө ойнойлу.
– Жок-жок, силер коркпогула,- деп жиберди аял. Алар үйдөн чыкпай койсо кантип көрөм деп чочуп кетти көрүнөт. – Апаңар келгиче мен карап турам силерди.
– Макул.
Кызга бул идея жага түштүбү, көзүн албай тиктеп отурган бөбөгүнөн алаксып өз алдынча ойноп кетти. Ары-бери карай калса эле жок. Жүрөгү түшүп короону айланып чуркап баштады. Көзүнөн он талаа жаш кетти. Бурулуштан колуна балмуздак кармап келе жаткан инисин көрө калып чуркап жетти.
– Кайда жүрөсүң сен?
– Мага балмуздак алып берди.
– Сен коркуп кеттиңби? Биз сага да алып келдик.
– Жебейм мен, алдап бөбөгүмдү уурдап кете жаздадыңыз. Жүрү, бас, апам бир аздан кийин үйгө келет. Экинчи келбеңиз бул жерге,- деп бөбөгүн колдон ала жөнөп калды. Тиги аялдын айласы кете түштү.
– Токто, Алия, токтогула. Мен силерсиз кантем?- деп жиберди.
– Ия?- жаштуу көздөрүн бакырайта ачкан кыз.
– Силер менин... Мен силерди... Кел, таарынбачы мага, кечирип кой, коркутайын деген эмесмин. Мындан ары үчөөбүз барабыз балмуздакка. Болгону сен апаңа айтпа, ээ?
– Эмнеге?
– Ал силерди мага көрсөтпөй коёт. А мен... Мен сага кызымды жоготуп жибергенимди айтпадымбы? Ошо кызым...- алкымына буулган жаштардан улам сүйлөй албай койду. Айрыкча Алия көздөрүн бакырайтып алып сураганда дүйнөсү тарып кетти. Бөбөгүн жетелеген ал кылчактай карап коюп үйүнө кирип кетти. Жер муштай жыгылды аял. Эчен жылдан бери көкүрөгүндө жыйылган бугу, сагынычы эми жол тапкандай, ал көз жашка айлангандай агылып жатты.
– Сизге эмне болду?
Артына кылчайып Элина турганын көрдү...
(Уландысы кийинки санда)