Расул Маматкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АЙГЕРИМДИН ЫРДАГАНЫНА ТЫЮУ САЛГАМ”

От болуп күйүп, чачын сеңселте ырдап, аркасынан анын балдары да ырдап келе жаткан музыкант агабыз бар. Айтпасам деле ким экенин билгендирсиз. Эмесе, Расул Маматкулов биздин маек төрдө.

– Расул байке, 17-сентябрь туулган күнүңүз жакындап калыптыр, кандай өткөрөйүн деп жатасыз?

– Туулган күн өздүк майрам эмеспи. Мен 50 жылдыгымды толук дата болгон үчүн белгилегем. Эми кайра тоголок датага келмейинче белгилебей деле койсо болот. Азырынча план деле жок, көрөбүз го.

– Бильярд ойногон жайдан кезиктик, бул сиз үчүн хоббиби?

– Мен үчүн жакшы спорттун түрү. Сыртка чыгып ушунча чакырым баспайбыз да, муну айланып шарды кууп жүрүп канча чакырым басканыңды билбей каласың. Мээ да иштейт, дене да талыкшыбай машыгат. Бильярд боюнча кубок, медалдарым бар, анын үстүнө достор менен кезигип сүйлөшүп туруу үчүн да жакшы шылтоо (күлүп).

– “От болдум, күйүп болдум” деген ырыңыз жагат мага. От болуп жүрүп чыгарсаңыз керек.

– 1980-1990-жылдарда бийлегенге жалаң эле башка улуттардын ырын пайдаланышчу. Кыргызча ырга бийлешчү эмес. Мен бардык улут бийлей турган ыр чыгаргым келди. Биринчи кайырмасы жаралып, кийин куплеттерин жазгам. Көл жээгинде жазылган. Сөзүн ыраматылык Манас Бердибеков экөөбүз жазганбыз. Клипти студияда эле тартканбыз. Анда жаш жигит элем, башыма лента байлап алсам деле жарашып калчу (күлүп). Азыр ошентип чыксам эл “Расулдун тамы жылып кеткенби?” десе керек. Клипти Мыктыбек Арстанбек тарткан.

– Ырдаганыңыз Ибрагим Жунусовго окшоштой туюлат, убагында таасирленүү болгонбу?

– Ибрагим Жунусов популярдуу болуп турган учурда “Расул, бул жерде эки той бар, өзүң келип бер” деп жардамга мени чакырчу эле. Анткени ансамбль менен кеминде төрт саат ырдоо ар бир ырчынын колунан келе бербейт. Репертуары да жетпейт. Ал кезде фонограмма деген дээрлик жок. Өзбектин тоюна деле, кыргыздын тоюна деле ырдай берчүбүз. Бул таасирленүү деле эмес, түштүктөн болгонубуз үчүн болсо керек. Мен негизи шаарда өстүм. Мен таасирленген адамдар Муслим Магомаев, Юрий Антонов болчу. Кыргыздардан биринчи болуп мен орусча ырдап чыксам керек. Телекөрсөтүүгө да биринчи орусча “Мир на земле” деген ырым менен чыккам. Фестивалга да ошол ыр менен барып биринчиликти алып келгем. Кейигеним, ошол кезден эч бир жаздыруу жок. Ибрагим Жунусовго келсек, ал адам устатым болгон.

– Эсимде, сиз ырдап жатканда жаныңызда кичине кыз бийлеп жүрчү эле, кийин билсем кызыңыз Айгерим экен, бул кимдин идеясы болгон?

– Ата-кыз болуп чыкканыбызды эл аябай жакшы кабыл алчу. Тим эле сахнадан кетирбей кечке кол чаап турушчу. “Мерседес”, “Жанарым” деген ырларыма бийлечү. Кийимин апасы тиктирип берген. Ал идеядан эмес, Айгеримдин сахнага чыгам деген умтулуусунан улам болгон. Анткени мен ага ырдаганга уруксат берген эмесмин. 3-4 жашында эле “ата, мен ырдайм” дечү. Мен “ырдабайсың” дейм. Анткени
15 жашка чыкканга чейин ырдатпайм деп катуу кармадым. Өткөөл курактан кийин ырдатам дечүмүн. Анткени үнүн бузуп алуусу мүмкүн эле. Үнү сопрано болсо, кээ бириники сопрано боюнча калат же меццо-сопрано болуп өзгөрүлүп кетет. Өзүнчө ырдап жүрчү, бирок эл алдына
15 жашында чыкты. “15 жашыңда каалаган ырыңды ырдатам, кызым” дегем. Гастролдо жанымда бийлеп чоңойду. Негизи наристе балдардын эл алдына чыгышын анча деле каалабайм. Бирок талант деген түрткүлөп турган нерсе экен да. Азыр кичүү кызым да сахнага чыгам деп жүрөт, көңүлү үчүн ырдатымыш болуп койдум, бирок башка кесиптин ээси болушун каалайт элем.

– Кыздарыңыз тууралуу айтканда үнүңүздө өзгөчө жылуулук сезилип турду...

– Кыз бала атага жакын болот экен. Уул бала, тескерисинче, энесине жакын болот окшойт. Мен, мисалы, апама жакын болчумун. “Ырчы болом” деп апама айткам. Ал дагы башка балдарынан мени бир аз жакшыраак көрөт беле деп ойлойм. Бир туугандарыма караганда мага көбүрөөк көңүл бурганы билинип турчу, чоңоюп калганда мода кууп кийинип калабыз го, ошондой учурда апам такыр жок дебей айтканымды алып берип кийиндирчү. “Ырчы болом” деп айтарым менен апам макул болду. Анткени өзү аябай жакшы ырдайт эле. Үнү укмуш болчу. Атамды деле жакшы көрчүмүн, бирок апамдын уулу болчумун.

– Сөздү уулуңуз Русланга бурсак, ырдап жүргөнү менен, шоу-бизнеске көп аралаша элек. Мүмкүнчүлүгү, даяр аты бар эмеспи?

– Уулум ырдап жүрөт. Атасынын баласы болуп канча жүрөт эле, өз жолун табышы керек. Азыр Орусияда чыгармачылык чөйрөдө жүрөт. Бир аз эрке, ошентсе да өз жолун тапканга аракет кылып жатат. Жакында жанына барам.

– Руслан Орусиянын ТНТ каналындагы долбоорго катышканда толкундандыңызбы?

– Аны мен билген да жокмун. Катышып жатканын айткан эмес, айтса учуп барып репертуарын өзүм камдап бермекмин. Бирок айткан эмес. Негизи анда баары жакшы, үнү мыкты, диапазону да кенен. Кам санабайм деле. Ырчы болгонго жараша эл сүйгөн ырчы болуш керек. Ошого даярданып жатат окшойт. Башка чөйрө да өз таасирин берет деп ойлойм.

– Күйөө бала жакшы болсо өз баладан артык дешет го, күйөө бала, небереңизден кеп салсаңыз...

– Эми күйөө бала менен сый мамиле. Качан барсам “ата” деп сыйлап турат. Неберем болсо өнөрү чыгып калган кези. Таята болгон зор да (күлүп). Үстүмө минип, бийлейт, ырдайт, ар нерсени кыла берет.

– “Сенсиз мага дүйнө караңгы” деген ырыңызды жубайыңызга арнадым дедиңиз эле. “Быша элек алча” кимге арналды болду экен? “Аялым бар, кыздарым бар, уулум бар” деп тиги кыздан аябай кечирим сурайсыз го.

– Ырда баары айтылып эле турбайбы (күлүп). Эми ал бир эле менин жашоомдо эмес, ар бир эркектин башына келген нерсе го.

– Сизден дагы эле “от болгон” ырларды күтөбүз, маегиңизге рахмат.

"Кичүү кызым да эжесинин изи менен баратат".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Asyl10
2018-09-18 12:44:11
Атасынын туулган кунуно карата жакшы "белек" кылып "тарбиясы жок кыз" деген соз алып бериптир да Айгерим. Кош бойлуу аялдын гормондору озгорот, соз которо алгыс болуп, чырлуу болуп калат, ошондуктан коомдук жайларда абайлаш керек. Тойлорго чыкпай эле эми уйундо озун,кызын карап отурса болмок. Эмне жетпейт Айгеримге? же эмне куйоосу камсыз кылууга акыбалы жетпей калдыбы? ХХХ ХХХ ХХХ
+14
admin_media
2018-09-19 10:52:58
Asyl10, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болгула! Эскертүү!
-1
dobrajelatel
2018-09-18 13:01:59
Ай эл-журт Айгерим менен Нурзатты коюп пайдалуу нерсе окуп же иш жасайлы. Кимиси ак кимиси кара бир кудай билет. Ыйман берсин баарыбызга.
+11
Krasnyi.kg
2018-09-18 14:10:41
Айгерим урушса атасында эмне күнөө, аны күйөөсүнө айткыла ошол тарбиялайт эми
+4
katerina.li
2018-09-18 14:17:41
Krasnyi.kg,куйоосун уккан аял тун жарымда тойдо журбойт чачташып. Тем более боюнда болсо
+12
katerina.li
2018-09-18 14:14:54
Эми Расул чыныгы эркек Жана ОЗУ айткандай кыздарына жакшы ата болсо Айгеримди тыйып коет деп ойлойм,бирок ишенич жок гаищниктин мурдун талкалвганда катясы экоо биринен бири отуп ажылдаганын коруп оозум ачылган. Айгеримге болсо уят,дайыма эле далактап жургону жургон
+12
Jasa
2018-09-18 14:25:10
Чын эле Нурзат эже деле сырты жалтырак,ичи калтырак окшойт болбосо канча жылдан бери бала жытына зар болуп журот,жашы отуп баратат... анан келип келип боюнда бар адамга асылабы?
-6
JaneEr
2018-09-20 23:11:22
Jasa,Асылганын оз козун менен кордунбу?
+3
katerina.li
2018-09-18 14:41:46
Эстрадада орусча биринчи жрлу мен ырдап чыккам дейтко,Тобоо. Кыргыздардын ичинен орусча билгени мен эле болчум деп койбоптур биротоло
+15
AKCAHAT
2018-09-18 16:20:34
katerina.li,семейный мактанчаактар озу. Аялы мындан отот кызы апасы мн атасынан отот)) семейка....
+12
asem2112
2018-09-18 22:30:00
katerina.li, Vahahahah
+1
sumaika
2018-09-18 15:12:29
Нурзат эже мн Айгерим эмне болуптур?каерден окусам болот?
+1
Samat777
2018-09-18 17:00:11
sumaika,сен эле калдын
Окубаган. Оку оку
+4
Eli.91
2018-09-18 21:40:34
Мага сенсиз дуйно карангы деген ыры кобуроок жагатда,ошол ырын канча уксам укккум келе берет,Расул байкеде эмне куноо?Айгерим менен Нурзат урушса Расул байкеде беле куноо!ал адамдын озунон,демек Айгерим турмуш куруп эне болупда озгорбоду,демек озгорбойт туура,чон эле аял болдум 2 баланын энеси болом жакында деп озун жолго салуусу керек эле,ХХХ ХХХ ХХХ
+8
admin_media
2018-09-19 10:58:15
Eli.91, katerina.li, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Билдирүү түзөтүлдү!
0
aiza1994
2018-09-18 21:49:40
Кийинки санда Айгерим чыгат экен да суперге
+3
Janna07
2018-09-19 11:40:56
Жакшы маек болуптур, мактанган жери жокко жопжонокой эле болуп жооп бериптир. Айгеримди не тыгасынар ортого, бул жерде Расул жонундо соз болуп ататго. Жакшы киши, биздин замандын ырчыларынын бири эле. Кызы жонундо сурабапсынарда супер, кызыны эшигинин алдынан таап алышкан беле, аты бир болсо Аяна болсо керек эле, Расулга олло окшош экен бирок. Бир интервьюсунда эшиктин алдына бироо таштап кетиптир деп айтышкан эле .
+1
katerina.li
2018-09-19 13:45:25
Нурзат маданиятуу айым,эчкачан боюнда бар аялга кол которбойт,Расул кызынды тыйып коюш керек,андай тарбия бергем,мындай кылып тыйгам,уну сопрано деп мактанбай
+6
admin_media
2018-09-19 15:35:56
Ice-creme, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган! Билдирүүлөр өчүрүлдү!
0
Pandora
2018-09-20 14:51:58
“Аялым бар, кыздарым бар, уулум бар” деп тиги кыздан аябай кечирим сурайсыз го.
Алып баруучу да жайлаптырго ))) Баласын Москвада метродо кордум.
0
Kara-kulzha
2018-09-20 15:46:43
Красавчик болгон экен.
-1
Astrushka
2018-09-24 09:53:34
Расулдун ырлары абдан сонун,уккулуктуу ,сахнага чыккандан баштап ырлары хит болуп келатат ,озу абдан мыкты инсан.....бирок кызы атасынын баркын кетирип жатат,тарбиясы жок экенин дагы бир жолу далилдеди......тойго ырдасын бирок озунон улуу адамды чачтан жулганы бул эн маданиятсыздык.......
0
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан