ГОНОРЕЯ. Жыныстык жактан жугуучу оору

Гонорея – жыныстык жактан жугуучу (венерикалык оору) классикалык ооруларга таандык дарт. Оору козгогуч тиричилик буюмдарынан, мисалы, сүлгүгө, дене жышыгычка (мочалка) түшүп калса жана аны бирөө-жарым билбей колдонсо да жугушу мүмкүн. Оорунун козгогучу – гонококк (Neisseria gonorrhoeae). Гонорея байыркы грек сөзү, бизче “урук суюктугу” дегенди билдирет. Оору жуккандан кийин жыныстык органдардын (көбүнчө жатындын) жана заара чыгаруучу органдардын (көбүнчө уретранын) былжыр челин ириңдүү сезгендирет. Бирок түз ичегинин, көздүн, кекиртектин да былжырын сезгенткен учур жолугуп калат.

Оорунун белгилери

Эркектерде жыныс мүчөсүнүн заара чыгаруучу каналы кычышып же ачышып оорутуп баштайт, айрыкча заара кылганда күчөп ооруйт. 2-3 күндөн кийин саргыч же көгүш түстүү ириң ага башайт. Ириң аябай көп агып, ич кийимди булгайт. Кез-кезде ооруган адамдын эти ысып, ал-күчү кетип, өзүн аябай начар сезе баштайт. Ооруну дарылабаса же толук дарыланбаса табарсыкка, бөйрөккө жайылат. Баланопостит, куперит, эпидидимит, простатит да жаралат.

Аялдарда оорунун белгилери жуккандан кийин 3-7 суткада билинет. Аялдарда курч кармаган түрүндө жыныс кынынан ак-саргыч суюктук (былжыр), ириң бөлүнүп чыгат, кычыштырат, ичтин төмөн жагы ооруйт. Бат-бат заара кылдырат жана заара кылуу оорутуу менен коштолот. Айыз циклдеринин араларында кан агуу күтүлөт.

Аялдын жыныс кынынын оозу, заара чыгаруучу каналы, жыныс кынынын бездери, жатындын моюнчасы сезгенип, ооруга чалдыгат. Оору андан ары күчөп ириңдеп, сезгенүүсү жатынга, жатын түтүкчөсүнө, энелик безге өтүп кетет.

Ооруну жуктургандардын жарымы дарттын башталышында оорусун сезе беришпейт. Эгер дарылабаса оору 3-4 аптадан кийин өнөкөт түргө өтөт. Айрым учурда оору табарсыкка чейин жайылып, андан ары сийдик түтүкчөсү аркылуу бөйрөккө жетип, аны да сезгендирет. Лимфатикалык бездер да сезгенип, шишип кетет.

ДАРЫЛОО

Аялдарды жана эркектерди дарылоодо көбүнчө антибиотиктер, ичегини калыпка келтирүүчү жана иммунитетти көтөрүүчү дары-дармектер колдонулат. Ошондой эле вагиналдык свечалар, жыныс кынын суу же болбосо атайын суюк дары менен жуу (спринцевание ыкмасы) да сунушталат. Свечалар организмдин баарына таасир этпей, сезгенген жерге гана таасир этет. Гонорея оорусу тукумсуздукка дейре жеткизерин эске алып, эркектер да, аялдар да убагында дарылануусу зарыл. Дарт жукпашы үчүн башаламан жыныстык катнашка барбоо керек.

Канымжан Усупбекова

densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
monster_high_98
2018-09-18 09:48:35
Текшерилиш керек экен,,,,
+1
Fortuna1987
2018-09-19 20:52:44
monster_high_98,Не белгилери байкалып атабы? Же сомнения кармап атасынбы? Баш аламандык болуп кеткен го?)))
-4
Albinoc.piratium
2018-09-24 00:42:36
Fortuna1987,хаха жардынызго
-1
Kgda
2018-09-19 21:10:19
Ото не приятный оору сийгенде оо ичин кесип чыкандай болотко. Так что 20 сомду.Шугур кылып сактангыч резина алгыла. Киин 20 сом эмес копко тушуп каласынар даарыланганда. ии баса туш келген тешике сала бербей сактангыла.
0
patiydin
2018-09-20 06:19:54
Япондордо Бир создать бар: Мен ушунчалык бай эмесмин арзан нерсени сатып алганы. Так что лучше купите презервативы.
0
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан