ЭЛДИ ДҮРБӨТКӨН ЗЕРЕ АСЫЛБЕК: «ИЧ КИЙИМЧЕН ЧЫКПАСАМ КЛИП МЫНЧАЛЫК ТАЛКУУГА АЛЫНМАК ЭМЕС»

Өткөн аптада Зере аттуу жаш кыздын "Кыз" деп аталган ырынын клиби интернетке жарыяланды. Аталган чыгарма жарык көрөрү менен көп талкууга жем таштады.

“БИЗ ӨЗҮБҮЗ ҮЧҮН ЭМЕС, БИРӨӨГӨ ЖАГЫНЫШ ҮЧҮН ЖАШАП КАЛДЫК”

Зере Асылбектин “Кыз” аттуу ыры эки ай мурун жарык көргөн. Жогоруда айтып өткөндөй, өткөн аптада ырга клип тартылды. Клип чыгар замат ага болуп көрбөгөндөй чоң кызыгуу жаралып, сын-пикир да, мактоолор да айтылды. Бул клип жана ыр аркылуу Зере кыз-келиндердин эркиндиги, тең укуктуулугу жана ар бир адамдын өз оюн эркин айтып жашашы керек деген ойду айткысы келгендей. Ырчы кыз ырдын тексти баарына түшүнүктүү болуусу үчүн аны өтө жатык тил менен жазганын маалымат булактарына билдирди.

Зеренин өзүнүн “Азаттыкка” берген маегинде ал: “Коомчулуктун ою биз үчүн абдан маанилүү, биз өзүбүз үчүн эмес, бирөөгө жагыныш үчүн жашап калдык. Азыркы учурда адамдардын биринчи эле сырткы келбетине, кийимине, бой-мүчөсүнө карата баа беришип, талкуулашат. Менден азыркыга чейин “эгерде клипти кайрадан тартсаң үстүңө бир нерсе кийип алат белең?” деп сурашат. Албетте, жок. Бул жөн гана образ. Эгерде бул образ жок болсо жана ич кийимчен чыкпасам клип мынчалык талкууга алынмак эмес деп ойлойм”,- деп айткан. Зере жогоруда айтылган маалымат булагына башында эле мындай сын-пикирлерге даяр экендигин билип, ушул кадамга барганын айткан.

Элдин сын-пикиринен коркпой ич кийимчен клипке тартылган каарманыбыз Зере Асылбек болгону 19 жашта. Бул ыр менен клип демейдегиден өзгөчө болгондуктан интернет колдонуучулары ыр менен клипти, Зеренин өзүн талкуулаганга өтүштү. Айрымдары “азаматсың, Зере, өз оюңду мыкты жеткирдиң” дешсе, “коомду жаман жакка үндөп жатасың. Бул биздин менталитетке туура келбеген көрүнүш” деп айыптагандар да жок эмес. Андан сырткары аша чаап “эгерде видеоңду өчүрүп, кыргыз элинен кечирим сурабасаң, жакында өлтүрүп кетебиз” деген сыяктуу коркутуулар келип жаткандыгын, бул боюнча милицияга арыз менен кайрылганын Зере интернеттеги жеке баракчасына жазды. Интернет колдонуучулары ырдын обону плагиат экенин айтып чыгышты. Алардын айтканына таянсак, Зере аткарып жаткан ырдын обону “Грей мырзанын 50 кыры” тасмасына саундтрек катары колдонулган Beyonce`нин “Crazy In Love” ырына окшошуп кетет.

“ООБА, ЗЕРЕ МЕНИН КЫЗЫМ. ЭРКИН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭРКИН ОЙ ЖҮГҮРТКӨН КЫЗЫ”

Мындай сын-пикирлерден улам Зеренин атасы Асылбек Жоодонбеков өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасына кызын кандай гана кырдаал болбосун колдой жана коргой тургандыгын жазып чыкты. Анын билдирүүсүнө токтоло кетели:

“Зере Асылбек кызымдын клиби чыкты. Клипке карата терс пикирлер менен катар эле мыкты деп баа бергендер арбын. Мага байланышып, куттук айткандардан тышкары “ботом, агай, бул "желмогуз" сиздин кызыңыз беле, сиздей педагогдун кызы да ушуга барабы?” деп жеке кат жазгандар да бар.

Ооба, Зере менин кызым. Эркин Кыргызстандын эркин ой жүгүрткөн кызы. Кичинесинен өз алдынча чечим чыгарганга, өз оюн ачык билдиргенге, жигердүү болууга, так максат коюп, ага жете билүүгө, акыйкатсыздыктар менен күрөшүүгө, чыгармачыл болууга, бирөөлөрдүн акысын жебегенге, бирөөлөрдү ыксыз күнөөлөбөгөнгө үйрөнгөн. Өлкөбүздөгү болуп жаткан окуяларга өзүнүн көз карашы бар. Азыр 19 жашта. 17 жашынан тартып ар кыл социалдык долбоорлорго жигердүү катышып келет. Коомубуздагы кыздарга, аялзатына карата теңсиз мамилеге күрөшчүл мамилеси бар. Өзгөчө Бурулайдын окуясы ушул алгачкы ырынын жаралышына түрткү болду.

Кечээ клип чыккандан кийин биздин үй-бүлөдө да кызуу талаш-тартыш жүрдү. Өзгөчө кызым менен апасы ич кийимчен чыкканы боюнча катуу тартышты. Бир сыйра ыйлап, буктарын да чыгарып алышты. Мен атасы катары кызымдын ушундай кийинип чыккандыгын колдоймунбу? Жок, колдобойм. Апасы колдойбу? Таптакыр колдобойт, караманча каршы. Анан кантип кызыңыздын ич кийимчен ырдап чыгышына мүмкүнчүлүк бердиңиз? Мен аны түшүнүүгө аракет кылдым. Анын тандоосун сыйлайм. Атасы болгондугум үчүн эле ага ыксыз кийлигише бербейм. Менден кеңеш, жардам сураса гана аралашам. Окуусунда, ишмердүүлүгүндө, чыгармачылыгында өз алдынча чечим чыгарып, ал чечимдерин негиздөөгө үйрөткөм. Демек, клипти тартуу боюнча түзүлгөн командасы менен биргеликте ошондой чечим кабыл алышса керек. Алардын да билгени бардыр...

Урматтуу социалдык тармактардагы досторум, менин бул чакан постум сиздердин мага болгон ишеничиңизге доо кетирген болсо кечирим сурайм. Токтоосуз мени достуктан чыгарып коюңуз.

Баса... Ар тараптан айтылган сындардан улам клипти кайра тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калса кийлигишет белем? Жок, кийлигишпейт элем. "Кызым, өзүңөр чечим кабыл алгыла" демекмин!”.

Чоң талкуу жараткан клиптен кадрлар.

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
XuLiGaNkA
2018-09-25 18:41:34
Акыркы убактарда Фамилияны кыскартмай мода болуп бараткансыйт. М:Гулзат Мамытбек, Зере Асылбек ушул сыяктуу
+3
orun
2018-09-26 16:49:23
XuLiGaNkA,дагы Кайрат Кыргыз, Чыпалак деп койбойсунбу...))
+1
Jyrgal_msk
2018-09-25 20:11:08
,,Эркин Кыргызстандын эркин ой жүгүрткөн кызы".Эркиндик деп эмнелерди гана кылбай жатабыз.Эркиндик деп уят,намысты жыйнап салуу керекби?
Кечиресиздер катуу тийсе,эгер эртен атасы менен кызы жыланач бийлесе да эркиндик деп унчукпай жүрө беребизби?
Маданият кызматкерлери маданиятсыз жоруктары менен таанылып калды го бизде.Кыз жаш экен көп нерсени көрө элек.Ата-энеси жаш кыздын оюна койбой,тарбия бериш керек болчу.Зере бир убакта кылганы үчүн өкүнөт.
+3
Tiken
2018-09-25 23:05:57
Ммм... Зере батыштын идеологиясына сугарылган "эркин Кыз" экени келесоого деле маалым болду окшойт.зере Кыргыздын менталитетине, же болбосо кыргыз эли тутунган динге, же ошол эле церковь уруксат бербеген образ мн чыгыптыр... Эми азыр казанчынын Оз эрки, кайдан кулак чыгарса деген болуп калды го... Озуно жакса болду да образы, салбырап-балбыраса да.
+4
Azatbek.Svoboda.
2018-09-26 02:09:21
Клипин корбодум теманы комментарии окудум!Кысказы бул айнып шамалдап калган окшойт ынсап берсин буну колдоонорду !
+1
Ice-creme
2018-09-26 12:13:39
Кызына тили отпогон
0
salihalady
2018-09-26 13:24:31
19 эмес кырк жаштагы он баланы эмизген аялдай экен
+2
admin_media
2018-09-26 17:21:37
Targarien,Mederbek0811,Djumaev0mur, адамдын жеке аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган. Билдирүүлөр өчүрүлдү. Эскертүү!
0
dan-dan
2018-09-26 19:15:47
Жараткан Алла Таала энени атадан уч эсе жогору койгон мынтип тен укуктуу болобуз деп айтканы болбойт
0
askar_myrza
2018-09-27 11:30:05
Атын чыкпаса жер ортто бодуптурда
-1
karyshkyr-booru
2018-09-27 12:44:05
Уят, уят
-1
radostmoya
2018-09-28 14:22:09
Мындай кыздар толтура журушот го. Топик дешип бюстгальтер кийишип. Мечиттин алдында туруптур бироону кутуп. "Уялбайсынбы?!" дегим келди. Айтпадым. ХХХ кыздар кобойду негизи. Кайсы кийимди каякка киерин билбеген.
0
Same
2018-09-28 17:37:54
Чынын айтсам ырдын маанисине да, клиптин маанисине да тушунгон жокмун. Бирок кокурогу чын 2 баланы эмизгендей экен
0
zinagull1996
2018-09-28 19:28:51
Болгонун болгондой ырдаган азамат. Азыркы адамдар кийимге маани берип калышкан дейт . Чыын. Ырын угуп укпай. Сразу кийимине асылып атасынар. Мына асылып аткан адам дар силер учун бул ыр.
-1
patiydin
2018-09-29 06:11:48
Фигура зинк болсода Майли эле...????
0
DaniilDiana
2019-03-26 17:48:47
ВОКАЛДЫК САПАТЫ КАНДАЙ ГАНА УЛУУ!!!!
19 ЖАШТАГЫ ЭМЕС, кырктан откондор мынча ырдай албайт!
Боже, какой ВОКАЛ!!!!!
0
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан