МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Алтын кызым! Алтын кызым! Болду эми, ыйлаба! Баары жакшы болот,- кызын кучагынан чыгарбай сүйлөп жатты. Кубанычтан жүрөк кабынан чыгып кетчүдөй.

– Алар сени “келбейт, таштап кетти” дешти,- Айназик арыздана сүйлөдү.

– Келмекмин, кызым. Келем дебедим беле. А сен супсулуу болуп чоңоюпсуң,- кызды кучагынан бошото саамайынан сылады.

– Эмнеге кеч келдиң? Күнүгө эртең келет деп уктайм. А сен жоксуң. Эми кетпейсиңби?

– Кетпейм, кызым. Сени издеп келбедимби. Эми кайда бармак элем? Кана, айтчы, кандай окуп жатасың?

– Жакшы. А чоң апам кайда?- кыз ал кезде кичине эмес беле. Чоң энеси каза тапканын аңдаган эмес окшойт. Азамат ушинтип ойлонду. Кандай жооп берсе экен?

– Ал дагы биз менен. Менимче, дайыма сенин жаныңда жүрөт. Болгону көзгө көрүнбөйт.

Кыз оозун кемшейтип кайра ыйлаганга даярданып калды. Эс тартып калган тура.

– Ыйлаба, кызым. Чоң апаң жаныңда. Сабактарың бүттүбү?

– Ооба.

– Мм. Анда кетелиби?

– Ооба,- кыз башын ийкегиледи. Каякка деп да сураган жок. Атасы жетелеген тарапты карай эле ээрчип жөнөдү.

– Эй, кайда?- жанатан унаасында отуруп буларды карап көзүнө жаш алып отурган Айбек эшик ачып чыга калды.

– Алып кетем.

– Эй, сен эмне, сүйлөп калдыңбы?- Айбектин көздөрү чакчая түштү. Оозу ачылып калган.

– Болчу, отурчу машинага, кеттик.

– Жок, токто. Эй, сен эмне, сүйлөй алчу белең? Сүйлөйсүңбү сен? Тууй ата!

– Угуп жатпайсыңбы, сүйлөп жатам го,- Айбек муну укканда таптакыр эле делдейип калды.

– Мына сага! Даана артист турбайсыңбы.

– Болчу, Айбек, кетели.

– Токто, токто. Сен эмне, кайра кылмыш кылганы жатасыңбы? Кайра Айназикти уурдап кеткени жатасыңбы?

– Жок, биз апамды анан Байэлди алып кетебиз,- Азаматтын ордуна Айназик кубанычтуу жооп берди. Ушул сөз Азаматты эсине келтирди. “Токто” деди ал ичинен өзүнө-өзү. Шашып жатыптыр.

– Кызым,- деди анан кайра тизелей отура калып:

– Мен... Кандай десем? Биз. Билесиңби чоңдор бир аз талашып-тартышып калгандачы... Жок. Айназик, биз азыр апаңа барбайбыз. Себеби ал мени көрсө чыр чыгат. Сени мага бербей коёт.

– А эмне, апам калабы? Байэлчи? Жок, биз аларды да алып кетишибиз керек.

Азамат эмне кыларын билбей калды.

– Кызым...- кайра көздөрүнө жаш айланып кетти Азаматтын. Ооба, кызын көрдү, кучагына алды, шуу жыттады... Бирок алып кетүүгө болбойт тура. Кызда апасына болгон жакшы көрүү ойгонуптур. Бир туугандык сезими бар экен. Анын баарын Азамат кантип аттап кетет? Мен сени жакшы көрөм, болду деп алып кетүүгө болбойт, ал өзүмчүлдүк го. Кызынын да энеге болгон, бир тууганына болгон сезимдерин гүл тепсегендей тепсеп салабы? Жок, ага жол бербейт.

– Мындай кылалычы, кызым... Апаң качан келет сени алып кетүүгө?

– Азыр келсе керек. Бүгүн өзүм алып кетем деген.

– Анда мен апаңа көрүнбөй эле коёюнчу. Билесиңби, апаң мага катуу таарынган. Ал эгер мени көрүп кала турган болсо экөөбүздү дагы көрүштүрбөй коёбу деп корком.

– Апамбы? Жо-ок, ал жакшы эже.

– Ооба, албетте, жакшы. Болгону кээде чоңдор туура эмес нерселерди жасай беребиз. Мен сага аны кийин түшүндүрүп берем. Сен апаңа мени көрдүм деп айтпа, макулбу? Антсең... Кыскасы, бул экөөбүздүн сыр болсунчу, ээ? Таптакыр айтпа. А мен күн сайын сага мектепке келип турам.

– Эмнеге? Сен мени, апамды, Байэлди алып кетүү үчүн келдиңби?

– Сага келдим, кызым.

– Мен сени менен кетсем апамды, Байэлди сагынам го...

– Түшүнүп жатам. Ошондуктан мен сени алып кетпейм. Бирок айттым го, күнүгө ушул жерге келип турам. Анан дагы бир жолун табабыз. Анда сен азыр мектебиңе чурка, макулбу? Мени көрдүм деп айтпа, келиштикпи? Мен сага эртең да келем. Эч кимге мени көрдүм деп айтпа. Тимур атаңа дагы.

– Ал менин атам эмес,- кыз бурк этти. Азамат эмнегедир кубанып кетти.

Туура эле коштошушкан экен. Азамат Айбектин унаасына барып отурганда эле арыдан келе жаткан Айсулуу көрүндү. Кыз аны утурлай чуркады. “Жаным кызым” аны карап алып элжиреп койду Азамат.



ххх

– Кана, эмне жаңылык, кызым?- Айсулуу мектептен бери үн-сөзсүз, ойго баткансып келе жаткан кызын карап сүйлөдү.

– Бардыгы жакшы, апа,- чоң кишидей жооп кайтарды. Менин тынчымды албачы деп айткандай эле туюлду Айсулууга. А чынында кыз чоңдордун акылсыз иштерине ичи бышып келе жаткан. “Эмнеге атам апама эч нерсе айтпа деди? Эмнеге апам таарынган? Атам менен жолуктурбай коёбу? Мен жакшы көрөм да атамды. Апамды да жакшы көрөм. А эмнеге алар бири-бирин жакшы көрүшпөйт? Жаман көргөнгө караганда жакшы көргөн жакшы да...”



ххх

– Келдиңби?

– Ооба, келдим. Ал эмне деген көз караш эми?- аны жиндене караган Нуржанга жооп кайтарды Тимур.

– Аялыңдын үйүнөн келсең, мен сени күлүп-жайнап тосуп алышым керек да, ээ?

– Эмне болуп жатасың? Таптакыр түшүнбөй турам сени? Бала ооруп калып барганымды билип эле турбайсыңбы?

– Эч нерсе. Эч нерсе болгон жокмун. Балам ооруп калды деп чакырат, бала жыгылды деп чакырат, анан бала ойгонду дейт, балага тамак бер дейт. Күндөрдүн бир күнүндө сен кантип кайрадан ошол аялыңдын үйүндө биротоло жашап калганыңды билбей каласың.

– Аа, демек, кызганып жатыптырсың да, ээ?- тамашага оодурушу керек эле бул сүйлөшүүнү. Жылмайган калыбында Нуржанды кучагына алмакчы болду. “Коркпо, мен эми сенден башка аялды жакшы көрө албайм” деди улам жакындап.

– Тартчы колуңду,- Тимурдун колун кагып жиберди Нуржан.

– Сен эмне болуп жатасың? Үй-бүлөмдү таштап сага келдим го. Жакшы жашайлы деп аракет кылып жатам. Сен болсо кагынып-силкинип... Эмне жакпай жатат?- үнүн бек чыгарды.

– Тимур, сен экөөбүздө толук кандуу үй-бүлө болбой турганын сен билесиңби? Экөөбүз балалуу болгондо да, сен бир бутуң менен тиги үй-бүлөңдө болуп турасың. Сага тиймекчи болуп ката кетиргенимди мен азыр туюп жатам. Ушул жакпай жатат мага.

– Кыйкыра бербе көп эле. Эмнеге ушуну мурда айткан эмессиң? Мен үй-бүлөм менен жашап жатканда... Анан баарын таштап келгенден кийин мурчуңдайсың.

– Азыр билип-сезип баштадым деп айттым го. Мурда сен башымды айлантып койгонсуң, ошон үчүн билчү эмесмин.

– Уф. Сүйлөшүүгө мүмкүн эмес,- Тимур айласы кеткен кишидей уктоочу бөлмөнү көздөй басты. Анан өз алдынча “кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?” деп күбүрөнүп койду.

– Жакшы кыздан жаман катынды силер, эркектер жасайсыңар. Айсулууң да бир кезде жакшы катын болгондур, эстесең? Анан көзүңө кыз жүргөн мен жакшы көрүндүм. А көрсө, эмне экен? Мына, даяр сага дагы бир жаман катын. Экөөнөн тең жаман катын чыкты деп жатасыңбы? Бул дал келүүбү? Мандемдин баары сенде болуп жүрбөсүн? Жакшы кыздан жаман катынды сен жасап жаткан болуп жүрбө?- Тимур эшикти жаап алганына карабай коридордо кыйкырып турду Нуржан. Тимурдун Нуржанга келсем эле бакытка бөлөнөм деген ойлору быркырап урай баштады.



ххх

– Эгер азыр атам эшиктен кирип келсе сен эмне кыласың?- Айназик жанагынча ойлорун ичине катып отура ала турган эмес.

– Эч нерсе кылбайм.

– Жок, мен Тимур байкени айткан жокмун. Атам кирип келсечи? Азамат атам?

Айсулуу таң кала Айназикти карады. “Бул эмнени сурап жатат?” деди ичинен кооптоно.

– Түшүнбөдүм.

– Менин атам бар го Азамат. Ошол азыр эшиктен кирип келсе эмне кыласың?

– Ал келбейт.

– Жок, келип калсачы?

– Келбейт. Ар кайсыны сүйлөбөй тамагыңды же! Сабагыңды да окушуң керек.

– Мен чуркаган бойдон барып кучактап калат элем. Атамды өтө сагындым,- кыз кыялдангандай сүйлөдү.

– А эмнеге сен Азамат тууралуу сүйлөп калгансың? Түшүңө кирдиби? Же?..- өзүнчө шекшинип кетти апасы.

– Жок. Мен жөн эле аны сагындым...



(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ady-88
2018-09-25 09:21:05
Тимур айсулуу кыскасы пачагы чыгат жакында. Азаматтын жашоосу Эми башталат
+2
ady-88
2018-09-25 09:21:52
А баса биринчилер корунбойтго,
-1
Upol11
2018-09-25 10:16:34
Эми эмне болот а
0
murgab2014
2018-09-25 10:56:53
мен биринчи баари бир
-1
Baatirbek81
2018-09-25 11:20:30
murgab2014,сен үчүнчү мен төртүнчү
0
liitle_princess95
2018-09-25 15:20:04
Кандай акылдуу кыз Айназик )))
+1
asdef
2018-09-25 16:18:42
Тирик кыз
+2
Girl1996
2018-09-26 08:21:46
Азамат кызы учун Айсулууга кайрадан уйлонот окшойт.
0
originalkgz96
2018-09-26 08:36:07
Иши кылып бактылуу болушсунчу
0
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан