CЕН ТАЗА, МЕН ТАЗА – ЖАШОО ТАЗА. КЫРГЫЗСТАНДА 1 КҮНДӨ 8 МИҢ ТОННА ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

15-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү. Бул датага утурлай 157 өлкөдө “Тазалык күнү” экологиялык акциясы болуп өттү. Кызыгы, акцияга катышкан өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан эң активдүү ыктыярчылары менен сап башына чыкты. Албетте, мындай жетишкендикке сөзсүз бирөө себеп болот. Ал – “Эко Деми” коомдук фонду. 18-сентябрда аталган коомдук фонд өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын уюштуруп, аны менен катар тазалык темасына арналып тартылган клиптин бет ачарын өткөрүштү.

Айжан Чыныбаева, “Эко Деми” коомдук фондунун төрайымы: “ЭКОЛОГИЯЛЫК АКЦИЯЛАР ТУРУКТУУ БОЛУП, БАЙМА-БАЙ ӨТКӨРҮЛҮШҮ ШАРТ”

– “Эко Деми” коомдук фондунун негизделгенине 4 жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгында бир нече экологиялык акцияларды өткөрдүк. Эң алгач “Таза Ысык-Көл” аталышы менен Кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлдөн баштаганбыз. Ошондо ыктыярчылар өздөрү чогулткан таштандынын көптүгүн көрүп, “биз ушунча таштанды чогулган көлгө түшүп жүргөн турбайбызбы” деп таң калышканы бүгүнкү күнгө чейин эсимде.

15-сентябрда өткөрүлгөн акциябыз масштабдуу деңгээлде, 7 облуста тең өткөрүлдү. Жалпысынан 400 миңдей ыктыярчы катышып, 90дон ашык коомдук жайлар тазаланды.

Акцияга катышкан ыктыярчылардын саны жалпы кыргыз калкынын 7 пайызын гана түздү. Мынча ыктыярчыны акцияга тартуу биз үчүн чоң жетишкендик. Буюрса, катышуучулардын саны өсөт деп ишенем. Өлкөдө экологиялык акциялар туруктуу болуп, байма-бай өткөрүлүшү шарт деп ойлойм. Албетте, мында коомчулуктун колдоосу сөзсүз керектелет. Биз өсүп келе жаткан муунду экологиялык маданиятка үйрөтүшүбүз жана алардын өз айылы, шаары жана өлкөсү үчүн жоопкерчилигин калыптандырышыбыз керек. Учурдан пайдаланып биздин акцияга кайдыгер карабай колдоп, катышып берген Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шариповичке, Кыргыз Өкмөтүнө, 5 миңден ашык мекеме-ишканаларга ыраазычылык билдирип кетким келет. Буюрса, аталган акцияны байма-бай уюштуруп, таза жашоо үчүн күрөшүбүздү уланта бермекчибиз.

Борбор шаарыбыз Бишкекте акцияга 48 114 ыктыярчы катышып, 384 тонна таштанды, ал эми ордолуу Ош шаарында 28 200 адам катышып, алар 300 тонна таштанды чогултушту.

ГҮЛБАРЧЫН СҮЙҮНОВА, “ЭКО ДЕМИ” КООМДУК ФОНДУНУН МҮЧӨСҮ: “ТАШТАНДЫ ИШТЕТҮҮЧҮ ИРИ ЗАВОДДОР КУРУЛАТ ДЕГЕН ҮМҮТТӨБҮЗ”

– Бир күндө Кыргызстан боюнча 8 миң тонна таштанды чогултулду. Таштандылардын 50 пайызын желим идиштер, целлофан баштыктар, картон, кагаздар, 25 пайызын айнек идиштер, калган 25 пайызын керексиз нерселер түздү. Ар бирин өзүнчө чогултуп, кайра иштетүүчү чакан заводдорго өткөрүп бердик. Бирок заводдор чакан болгондуктан мынча таштандыны иштетүүгө жетишпейт экен. Бул жагы бизди өкүндүрдү. Буюрса, Кыргызстанда да таштанды иштетүүчү ири заводдор курулат деген үмүттөбүз. Акция учурунда эмнелерди байкадым? Катышуучулардын баары эптеп-септеп эмес, чын дилинен, ынтымакта иштеп жатышты. Жеке ишкерлер “ыктыярчылардын курсагы ачат, мен буларга булочка сатып келейин, мен суусундук, нан берейин” деп акциябызды колдоп жаткандарын көрүп ыраазы болдум. Эгер баарыбыз мындай темп менен колдосок алакандай Кыргыз өлкөсүн заматта эң таза өлкөгө айландырып алабыз деген ниеттемин.

ПОЛ ЭММЕТ, “ LET'S DO IT ” ЭКОЛОГИЯЛЫК КЫЙМЫЛЫНЫН РАСМИЙ ӨКҮЛҮ: “АКЦИЯГА КАТЫШКАН ЫКТЫЯРЧЫЛАРДЫН САНЫ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАН ӨЛКӨЛӨРДҮН АЛДЫҢКЫ САБЫНА ЧЫКТЫ”

Маалымат жыйыны учурунда Пол Эммет видео-чат аркылуу байланышка чыгып, кыргыз жарандарына ыраазычылыгын билдирип өттү:

– Айлана-чөйрөнүн булганышы жыл сайын миллиондогон адамдын өмүрүн алып жатат. Мен жарандарды бул акцияга катышууга гана эмес, дайыма коомдук жайларды таза сактоого, ресурстарды туура пайдаланууга чакырат элем. Жер шары меники же аныкы эле эмес, баарыбыздыкы. Баарыбыз өз жоопкерчилигибизди сезсек, таза өлкө курабыз. Кыргыз өлкөсүн экологиялык акцияга мынчалык активдүү катышат деп ойлогон эмес элем. Акцияга катышкан ыктыярчылардын саны боюнча Кыргызстан 157 өлкөнүн ичинен алдыңкы сапка чыкты. Ыктыярчылардын чын дилден иштеп жаткандарын көрүп абдан кубандым. Баарыңыздарга рахмат, дагы бир жолу рахмат!

Баястан, рэпер: “CЕН ТАЗА, МЕН ТАЗА – ЖАШОО ТАЗА”

Маалымат жыйыны учурунда рэперлер Баястан, Бегиш, эстрада ырчылары Арсен, Айбек жана “Эко Деми” коомдук фондунун төрайымы Айжан Чыныбаеванын аткаруусундагы “Таза жаша” ырынын клиби көрсөтүлдү. Сөз алган рэпер Баястан: “мага бул сунуш айтылганда ойлонбостон дароо макул болдум. Анткени мен тазалыкты, өз өлкөмдү сүйөм... Cен таза, мен таза – жашоо таза...” деп ырды аткарып, жалпы кыргызстандыктарды тазалыкты сактоо аркылуу өз өлкөсүнө аяр мамиле жасоо менен патриоттуулукка чакырды.

АКЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан