УЛУТТУК БАНК ЖООП БЕРЕТ: ФИНАНСЫ-КРЕДИТ УЮМДАРЫ МЕНЕН ПИКИР КЕЛИШПЕСТИК ЧЫКСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Азыркы учурда банк системасынын кызматынан колдонбогон жарандарды табуу кыйын. Ири өлчөмдө кредит алып ишмердүүлүк менен алектенгендерди эске албаган учурда деле, ар бирибиз турмушубузда жок эле дегенде бир жолу акча алмаштырып, акча которуп же аманат ачкан болсок керек. Анын негизинде айрымдар банк кызматын колдонууда укуктары бузулуп же алданып калдык деген дооматтарын айтышып, кайда кайрылуу керектигин билбей калган учурлар бар. Мындай абалга кабылган кардарлар финансылык кредиттик уюмдарына карата даттануу менен кайда кайрылса болот деген суроого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн адистери жооп беришти.

– Финансылык-кредиттик уюму менен пикир келишпестик келип чыккан учурда керектөөчүлөр кандай чара колдонуш керек?

– Алгач белгилей кетүүчү нерсе, финансылык-кредиттик уюмдары өз ишин банк мыйзамдарына ылайык, банк мыйзамдарына каршы келбеген эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу менен өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына ылайык, банктардын, банк эмес финансылык-кредиттик уюмдардын кардарлар менен өз ара мамилелери ушул мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинде мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.

Келишим өз ыктыярдуу, эркин жана жарандык укуктарды тоскоолдуктарсыз ишке ашыруу принцибинде түзүлө тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.

Эгерде келишимдин аткаруу процессинде кандайдыр бир пикир келишпестик жаралган болсо же болбосо кардардын укугу бузулуп жаткан болсо алгач банкка түздөн-түз кат жүзүндө кайрылуу зарыл. Талаш маселелер келип чыкса жана аларды эки тараптын макулдашуусу менен чечүү мүмкүн эмес болсо, анда алар сот органдары аркылуу чечилүүгө жатат.

– Жарандардын кайрылууларын кароонун белгилүү бир жол-жобосу барбы?

– Албетте, бар. Жогоруда белгиленген мыйзамдын жана бул мыйзамдын негизинде Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан "Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" Жобого ылайык, ар бир финансы-кредит уюмунда кайрылууларды кароо жол-жобосу болуусу зарыл. Жол-жобо жана кайрылууларды сунуштоо ыкмалары тууралуу кеңири маалымат, ошондой эле даттанууларды жана сунуштарды каттоо китепчеси ар бир кеңседе көрүнүктүү жерде же маалымат такталарында жайгаштырылууга тийиш.

Кайрылууларды кароо жол-жобосунун электрондук түрү финансы-кредит уюмдардын расмий интернет-сайтында жайгаштырылышы керек. Финансы-кредит уюмдардын башкы кеңсесинде жана филиалдарында керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча иш алып барган жооптуу кызматкерлер болуусу зарыл, алар кайсы учурда болбосун кардарларды уюмда белгиленген эрежелер менен тааныштырууга милдеттүү. Ошондой эле кызматкерлер керектөөчүгө телефон аркылуу оозеки кеп-кеңештерди берип, зарыл учурда кат жүзүндө кайрылууну түзүүгө жардам берүүгө тийиш. Кайрылуу үчүн телефон номерлери финансы-кредит уюмунун маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат.

Керектөөчүнүн кайрылуусу ФКУда иштелип чыккан ички жол-жобого ылайык кароого алынат. ФКУ кайрылуулардын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароого алынышын камсыз кылууга жана белгиленген тартипте алар боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.

Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле, кат жүзүндө сунушталышы, жеткирилип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, ФКУнун электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттануулар жана сунуштар катталган китепчеде чагылдырылышы мүмкүн.

– Өтүнүч катты кандай формада сунуштоо керек?

– Мында кандайдыр бир бирдиктүү форма жок. Кайрылууну эркин түрдө билдирсе болот. Бирок жазуу түрүндөгү кайрылууга карата жогоруда көрсөтүлгөн Жобо менен белгиленген жалпы талаптарга таянуу зарыл. Жазуу түрүндөгү кайрылууда сөзсүз түрдө кайрылуу кимден жана кимге даректелгендигин, башкача айтканда, жеке маалыматыңызды: жооп кайра жөнөтүлүүчү дарек, телефон номери, кайрылуу даректелген финансы-кредит уюмдун аталышы жана белгилүү бир кызмат адамынын аты-жөнү көрсөтүлүшү зарыл. Кайрылууда өтүнүч каттын же даттануунун мазмунун, башкача айтканда, маселенин айкын жагдайын, далилдерди келтирүү менен банк тарабынан сиздин кайсы укуктарыңыздын бузулушуна жол берилгендигин чагылдыруу зарыл. Зарыл учурда, жазуу жүзүндөгү далилдерди, кардардын билдирүүсүн тастыктаган документтерди тиркөөгө болот. Бул кредиттик келишимдин көчүрмөсү, тигил же бул кызмат үчүн төлөө квитанциясы, эсеп көчүрмөсү жана башкалар болушу мүмкүн. Мындан тышкары, кайрылуу же даттануу боюнча кандай чечимдин кабыл алынышы күтүлүп жаткандыгын билдирүү зарыл. Албетте, акырында кайрылуу сунушталган күн көрсөтүлүп, кол коюлууга тийиш. Маселени кыскача жана түшүнүктүү чагылдырууну сунуштайбыз. Мында фактыларды көбүрөөк келтирүү маанилүү болуп саналат.

– ФКУ жоопту канча убакыт ичинде берүүгө тийиш жана ФКУнун жетекчилигине түздөн-түз кайрылуу мүмкүнчүлүгү барбы?

– Керектөөчүнүн ФКУга жолдогон жазуу жүзүндөгү кайрылуусу отуз календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга жана ага жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлүүгө тийиш.

"Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун 34-беренесине ылайык, ФКУнун аткаруу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле анын филиалдарынын жетекчилери керектөөчүлөрдү ФКУнун расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылган бекитилген графикке ылайык жеке кабыл алууга милдеттүү. ФКУнун жооптуу кызматкери да керектөөчүлөрдү туруктуу негизде кабыл алып турат.

– Улуттук банкка кимдер, кандай даттануулар менен көп кайрылышат?

– Көбүнчө, даттануулар менен бизге ФКУнун кардарлары – банктык жана микрофинансылык кызматтардан керектөөчүлөр кайрылышат. Көпчүлүк учурда керектөөчүлөр кредиттерин реструктуризациялоого көмөктөшүү, кандайдыр бир талаш маселелер менен же бузууга жол берилген укуктарын калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышат.

– Кандай учурларда Улуттук банкка кайрылууга болот жана кантип жардам бере аласыздар?

– Алгач, Улуттук банк өлкөдөгү банк тутумунун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болгону менен, банктардын алып барган күндөлүк ишине кийлигишпегендигин белгилеп кетүү абзел.

Башкача айтканда, коммерциялык банк же банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан мыйзам талабын кандайдыр бир бузууларга жол берилбесе, Улуттук банк жана башка мамлекеттик бийлик органдары алардын кардар менен иш алып баруусуна кийлигишүүгө укугу жок. Тактап айтканда, келишимдин шарттарын өзгөртүү маселеси тараптар ортосунда өз ара кошумча келишим түзүү аркылуу чечилет. Алсак, карыз алуучу кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда, биринчи кезекте ал сөзсүз түрдө түздөн-түз ФКУга кайрылып, кредитор менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кредит төлөө шарттарын кайра карап берүүнү өтүнүүгө тийиш. Бул учурда кредиторго кредиттин төлөнбөй калгандыгынын себеби, карыздын ордун жабуу мөөнөтү жөнүндө маалыматты, ошондой эле карыз алуучунун финансылык жагдайын жана төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтерди берүүнү сунуштайбыз.

Эгерде керектөөчүнүн укугун бузууга жол берилсе же ал финансы-кредит уюмунун иш-аракети менен макул болбосо же буга чейин ФКУга жазуу түрүндө кайрылып, бирок кабыл алынган чечим менен макул болбосо, анда ал, албетте, Улуттук банкка даттануу менен кайрылууга укуктуу. Кайрылууну кылдат карап чыгуунун жыйынтыгында Улуттук банктын талаптары бузууга жол берилгендиги аныкталса, ага карата таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.

– Улуттук банк тарабынан жарандардын каттарын, арыздарын жана даттанууларын кароо тартиби жөнүндө айта кетсеңиз?

– Жарандарды кабыл алуу, кайрылууларды жана даттанууларды каттап, кароо үчүн Улуттук банкта туруктуу негизде коомдук кабылдама, ошондой эле Улуттук банктын карамагына кирген маселелер боюнча коомчулукка маалымат жана консультация берген Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү иштейт.

Кайрылууларды кароодо биз "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамга, ошондой эле ушул ченемдик-укуктук актынын негизинде иштелип чыккан ички жоболорго таянуу менен иш алып барабыз.

Кайрылууда арыздануучунун жеке маалыматтары, кайра жооп жөнөтүлүүчү почта дареги, телефон номери, кайрылган маселенин маңызы, ошондой эле кол тамгасы жана күнү көрсөтүлүүгө тийиш. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болуусу абзел. Зарыл учурда, өтүнүч каттын ээсинин даттанууларын далилдеген документтерди тиркөө керек.

Белгилей кетүүчү нерсе, керектөөчүнүн жеке маалыматтары жана почта дареги көрсөтүлбөгөн кат жүзүндөгү кайрылуу кароого алынбайт.

Улуттук банкка жазуу жүзүндө сунушталган кайрылуу, ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күнү ичинде каралат. Бирок жарандын кайрылуусу боюнча маселени чечүүдө атайын текшерүү (экспертиза), кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учурда, даттанууну кароо мөөнөтү 30 календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.

Бул сунуштар финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланган керектөөчүлөргө кредитор менен так иш алып барууга жана алардын алгылыксыз жагдайларга туш болбоосуна жардам берет.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан