(Башталышы өткөн сандарда)
Үйүнө кирип келди да, эшикти бекитти. Мурда ачкычты бир эле бурап койчу, азыр 3 ирет бурады. Кошумча илгичин да илди. Азыр эле Азамат кирип келчүдөй, колунан Айназикти жулуп каччудай көңүлү жай албай турду.
Милицияга кабарлаш керекпи? Жок, Тимурга чалуу керек. Шаша-буша телефонун ала калды.
– Алло, Тимур?
– Кандайсың? Эмне болду?
– Тимур, Азамат келиптир. Бүгүн Айназиктин мектебине келип аны менен жолуккан экен.
– Түшүнбөдүм.
– Азамат келиптир. Ал Айназикти дагы уурдап кетеби деп коркуп жатам.
– Милицияга чалдыңбы?
– Жок.
– Чалуу керек. Арыз жаз. Баланы уурдап кетсе же өч алам деп аны майып кылып койсо кантебиз?
– А сен... Сен бүгүн биздикине келбейсиңби? Коркуп жатабыз.
– Ооба, барам.
ххх
– Сен кайда?
– Айттым го сага түшүндүрүп. Кызымды уурдап кеткени үчүн соттолгон киши түрмөдөн чыгып келиптир. Кызыма жолугуптур. Барышым керек. Үйгө келип алса да...
– Мен сага айттым беле? Бала ооруду деп чакырат, дагы бир нерсе дейт. Болду ошентип кайра үйүңө барып каласың.
– Нуржан, сен мени түшүнүшүң керек да. Ал деген кылмышкер. Үй-бүлөмдү бир нерсе кылса мен эмне кылам?
– Барагой. Бирок кайтып келбе...
– Эмнеге?
– Болду жетишет. Сен тиякка бир чуркап, биякка бир чуркап жүрө бергенден тажабасаң, мен тажадым. Же сен бизди тандайсың, же өзүң айтмакчы, үй-бүлөңө кетесиң. Тандоо өзүңдө. Мени тамашалап жатат деп ойлобо. Кетсең биротоло кет. Антпесе өзүңчө эле гаремдеги Султандай болуп алдың. Бир тиги аялыңа, бир мага чуркайсың... Кеткиң келсе кет! Сенсиз деле жашай алам.
– Эмне деп жатасың?!
– Бул кайра мени жаман көрөт го. Эмне сенин оюңча мен бардык кылыктарыңды кылт жутуп, таарыныч, кызганычты ичиме катып, сага жаркылдап гана турушум керекпи? Аялым деп бир кеткенде, балам деп бир кеткенде деле мен сени башым адашып сүйө беришим керекпи? Эгер билсең, жек көрүп баратам сени. Же сен тигилерге үй-бүлө болуп кыйрат, же мага күйөө болуп кыйрат. Мен да баарына көз жумуп сага келгем. Мени да баала...
– Сени таптакыр ушундай экен деп ойлобоптурмун,- эшикти тарс жаап чыгып кетти Тимур.
– Чемоданыңды алып кет!- Нуржан өктөм сүйлөдү. Аркы бөлмөдөн Тимурдун кийимдери салынган чемоданды сүйрөп чыгып, тепкичтен тоголотуп жиберди.
4-кабаттан 2-кабатка түшүүгө жетишкен болчу Тимур. Даңгыр-дуңгур эткен үндү угуп чочуп кетти. Кайра артка чыкса, чемоданы кемшийип оозу ачылып, кийимдер тепкичтин туш-тарабына чачылып калыптыр. Ачуусу башына чыгып кетти. Эшикти барып койгулады.
– Эмне?!- көзүнөн жаалы чыккан Нуржан чыга калды. Жок, бул баягы Тимур ачуусу келгенде күйпөлөктөп калчу Айсулуу эмес экен. Жемин жедирчүдөй эмес. Колун чаап жиберчүдөй көтөрүп токтоду. Жалтанып да койгон жок.
– Эмне?! Чабасыңбы?! Колуңдан келеби? Үйгө кайтчу болбо! Жогол ошондон ары,- эшикти кайра жаап алды. Селейип туруп калды Тимур. Мындайды күткөн эмес. Шалдайып тепкичке отура кетти. Үстүртөдөн түшүп келген орус эркек аны таң кала карап, чачылып жаткан кийимдерден аттап-буттап өтүп түшүп кетти. Кийимдерин салыштырып баштады.
– Энеңдурайын, кайра кел деп жалдырайттырсың!- деп сүйлөнүп чемоданын жапты да, ишенимдүү түрдө тепкич ылдый түшүп кетти.
ххх
Айсулуу бир кезде Тимур өзү көтөрүп кеткен кийим салчу чемоданын кайра сүйрөп келип калганын көрүп таң калып калды.
– Эмне болду?
– Кел дебедиң беле? Коркуп жатабыз дедиң го,- жактырбагандай бурк этти. "А эмнеге чемоданың менен?" Ушинтип сурагысы келди. Бирок үн каткан жок. Ансыз да баары түшүнүктүү болчу. Мына баягы чыныгы мырза көрүнгөн Тимур. Жөн эле бир омурткасыз жан турбайбы. Кууп чыккан тура муну тигиниси. Кебетеси кантет? Ушунча алсызбы? Ушунун эмнесин сүйгөн? Кантип кайра ушинтип Айсулуунукуна келди? Уялган жокпу? Намыстанган жокпу? Жолдо калган мышыктай. Ушунун артында жоодон сактанууга болобу? Азамат ушундан сестенип Айназикти алып кете албай калабы? Эрксизден Азаматтан Айназикти талашып жатып, андан Тимурдун мурун талаштыра муштум жегенин эстеди. “Жиндинин кызы деп айттырбайм” деп бир айылдын эркектерин сестентип койгон Азаматты эстеди. Канча жыл өткөнүнө карабай, миңдеген чакырымды басып келиптир го ал кызына.
– Милицияга чалдыңбы?
– Эмне деп?- өзүнчө ойго батып Тимурдан иренжий түшкөн Айсулуу чочуп кетти.
– Кызымды талашып, уурдап кетип жүргөн мурунку күйөөм кайра келип алыптыр деп да. Эмне деп чалмак элең?
– Жок, чалган жокмун. Сага эле айттым. Анын үстүнө чын эле Азаматпы же башкабы билбей жатам. Айназик айтпай жатат эч нерсени.
– Айназик айтпай жатса, демек, ошол Азаматың да,- Тимурдун Азаматың дегени кулагына чак дей түштү.
– Милицияга чалыш керек.
– Менин атам милициядан коркпойт, уктуңарбы?!- Айназик жанатан булардын кире бериште сүйлөшүп жатканын тыңшап турган болчу. Акыры чыдабай чыга калды.
– Коркпойт менин атам. Ал мени алып кетет. Байэлди алып кетет. Апамды... А сен, Тимур, каласың. Милиция сенин өзүңдү алып кетет.
Экөө тең эмне дээрин билбей калышты. Кыз көзү жашылданып, ыза болуп алган, бирок ошондо да өзүн кармап, тайманбастыгын көрсөтүп сүйлөп жатты.
– Атам мени жакшы көрөт. Ал мени издеп келди. Ал келмек, мен билгем. Анткени атам "сөзсүз келем, мени унутпа" деген болчу. Мен унуткан жокмун. Атам келди.
– Менмин сенин атаң!- кызга эки аттап жетип барган Тимур аны билегинен тартып жиберди.
– Жо-ок. Менин атам Азамат. Ал мага күн сайын келет. Ал таштабайт. Ооруп калганда эле же коркуп жатканда эле келесиң сен Байэлге. Эми ал Байэлге да ата болот,- кыз чындап ачууланып алыптыр. Ыйлап жатып да сүйлөй берди.
– Токтот, тур укта!- кызды силкип түртүп жиберди.
– Атама айтам сени, ал сени урат. Шашпа сени...
– Эй, Тимур, бул эмне кылганың балага теңелип? Алдап көңүлүн алып койбойсуңбу ушундан көрө? Кайра кичине кыздан күчүңдү чыгарасың. Бар, чыгып кетчи. Сени кайдан чакырдым эле?
– Чыгып кет?- жини келе сурады Тимур.
– Ооба, чыгып кет!
Бүгүн ушул сөздү аябай көп жолу угуп коюптур. Адегенде Нуржан, эми Айсулуу.
– Энеңди...- эшик тарс жабылды.
ххх
– Апа, суранам. Милицияга чалбачы, ээ? Мен сага баарын айтып берем,- кыз ыйлап сүйлөп жатты.
– Чалбайм, кызым. Айтсаң, ал келдиби?
– Атамбы? Ооба. Ал мени сагыныптыр, апа. Мен...- кыз ыйлап сүйлөй албай калды. Кантип ушул кичине кыздын сүйүүсүнө татып алган? Айсуулунун башына келген биринчи ой ушул болду.
– Сен ага таарынган экенсиң. "Апаң билип калса, экөөбүз жолукпай калабыз го" деди. Сен бизди жолуктурбай коймоксуң. Сен кечке Тимур, Тимур дей бересиң... Бирок менин атам Азамат да.
– Ал эртең да келеби?
– Ооба.
ххх
Айсулуу атайын жумушунан суранып алып, Айназик мектептен чыкчу мезгилде барып калды. Кыз мектептен али чыга элек экен, бирок аны күткөн Азамат жүрөт. Колунда эскилиги жеткен күрөң мамалак. Дароо эле тааныды аны. Азамат болсо Айсулуу жанына жакындап келгенче байкаган жок. Анын үстүнө азыр Айсулуу өзгөрө түшкөн. Жылдар, түйшүк өзүнүкүн алып жатат...
– Кхм, кандайсың?- өзүнчө ойго батып, мектеп тарапты карап турган Азамат Айсулууну көрө сала чочуп кетти.
– Жакшы. Мен... Мен көрүшкөнгө эле. Мен... Айназик...- алдастап кетти.
– Ачык сүйлөшүп алуу үчүн келдим. Көрүшө берсең болот. Бул Айназиктин суранычы. Ооба, ал чоңойду. Анын сезимдери менен да эсептешиш керек болуп калды. Ал сени ата дегенин койбоду. Сен анын атасы бойдон калдың. Мен уруксат берем. Көрүшүп тургула. Бирок...
– Ооба. Рахмат, Айсулуу. Жок-жок, кам санаба. Мен кызымды эле көрүп турсам болду,- Азаматтын үнүндө бир башкача толкундануу, кубануу бар эле...
(Уландысы кийинки санда)