Рахат Инакбекова, куудул Санжар Бердибековдун мурунку жубайы: «САНЖАР МЕНЕН АЖЫРАШКАНДАН КИЙИН КЫРСЫККА УЧУРАП БИР АЙ КОМАДА ЖАТТЫМ»

Куудул, ырчы Санжар Бердибеков жубайы Рахат Инакбекова менен мындан 3 жыл мурун ажырашып кеткен эле. Эске салсак, экөөнүн ортосунда 2 уул бар. Ажырашуудан көп өтпөй Рахат айым автокырсыкка учурап бир ай комада жатып эсине келген. Рахаттын ал-акыбалын сурап, кеңири баарлаштык.

– Рахат, ден соолугуң жакшыбы? Санжар менен ажырашып кеткенден кийин автокырсыкка кабылды деп уктук, жакшы болуп калдыңбы?

– Санжар менен жашап жүргөндө иштечү эмесмин, үйдө эле отурчумун. Ажырашып кеткенден кийин батирдин акчасын төлөп, балдарды багыш керек болду. Иштейин деп күндүзү тигүү цехинде, кечкисин кафеде официант болуп иштеп жаткам. Жумушчуларды кечкисин үйгө машина менен жеткиришчү. Ошентип жумуштан чыгып, машина менен кетип бара жатканда артыбыздан келип машина сүздү. Алар катуу ылдамдыкта келе жатышыптыр. Мен коопсуздук курун тагынбай калыптырмын. Тигилер бир эмес, эки жолу сүзүшкөн экен. Ошондо эле эсимди жоготуп коюптурмун.

Мен унаанын алдында отургам. Арттагы унаа келип сүзгөндө, коопсуздук курун тагынбагандыктан эсимди жоготуп коюптурмун. Анан дароо эле тез жардам чакырып ооруканага алып кетишиптир. Ошону менен бир ай комада жаттым. Кечке кыймылдабай жата бергенден улам кан тамырлар ичкерип кетип, аба жетпей кыйналыптырмын. Кекиртегимди тешип түтүк салышып, кошумча аба менен дем алдырышыптыр. Анан өзүмө келип, дем алуум жакшырган экен. Азыркыга чейин ал түтүк алына элек. Буюрса, дарыгерлер ушул күздө алабыз дешкен. Учурда операцияга даярданып жүрөм.

– Айдоочу да жабыркадыбы?

– Ооба, ал да жаракат алды. Буту сынган болчу.

– Силерди сүзгөн ким экен, ошондо ал тарап күнөөлүү болдубу?

– Бизди сүзгөндөр жаш балдар экен. Алар жаңы машина сатып алышып, эки унаа куушуп келе жатыптыр. Анан келип бизди сүзүп жатышпайбы. Коопсуздук курун тагынып алсам да мынчалык болмок эмес беле деп калам.

– Күнөөлүү тарапка карата арыз жаздыңарбы?

– Ооба, арыз жазылган. Бирок кийин тосмо арыз жазып бердик. Алар менин дарылануума кеткен каражатты көтөрүп беришкен. Азыркыга чейин дары-дармегиме каралашып турушат. Ооруканадан сырткары ден соолукту чыңдоочу жайларга да барып турам.

– Азыр Кантта турам деп жатпайсыңбы, жаныңда сага каралашкан бирөө барбы?

– Ооба, жанымда апам бар. Апам мен кырсыкка учураганга чейин Ак-Талаада жашачу. Мен комага түшүп калганда келип, мени карады. Ошондон бери жанымда. Кантта турабыз. Ай сайын ооруканага көрүнүп турушум керек, андыктан Кантка көчүп келгенбиз. Борбордо батирлер кымбат, Кантта арзаныраак. Мен да иштебесем, бир апамдын пенсиясы эмнеге жетет?

– Бир туугандардын улуусу белең?

– Ооба, мен 5 бир туугандын улуусумун. Бир иним, үч сиңдим бар. Алар да каралашып турушат, төртөө тең Бишкекте жашайт.

– Учурда акыбалың кандай? Дарыгерлер “оор көтөрбө, жумуш жасаба” дегендей чектөөлөрдү койгонбу?

– Азыркы абалым, Кудайга шүгүр, өзүмдү жакшы сезип калдым. Дарыгерлер андай чектөөлөрдү деле коюшкан эмес. Бардык жумуштарды жасай берем.

– Санжардын арты менен чыгармачыл адамдардын көбү менен тааныш болуп калбадыңбы, алар менен сүйлөшүп турасыңбы?

– Ооба, телефондон сүйлөшүп турабыз. Мен ооруп калганда айрымдары келип турушту. Кабыл Бөрүбаев агабыздын үй-бүлөсү менен өтө жакын мамиледе болчубуз. Убагында алардын үйүндө да туруп калдык.

– Жакшы. Балдарың тууралуу айтып берсең, улуусу канчанчы класста окуп калды?

– Улуу балам Берадор 10-класста окуп, бой жетип калды. Кичүүсү Рамазан 2-класста окуйт, азыр атасында. Мен кырсыкка кабылганда баарын түшүндүрүп айтып “мен жакшы болгонго чейин ошол жакта болосуң” деп жибергенбиз. Телефон менен бат-баттан сүйлөшүп турабыз. Кээде телефон чалып “апа, сагындым” деп калат. "Балам, мен өзүмө келейин, иштейин, анан баарыбыз чогуу жашайбыз" десем унчукпай калат. Буюрса, жакында күзгү каникул болот эмеспи, жаныма келет. Каникул сайын келип турат. Башында кырсыкка учурай электе эки балам тең өзүмдө болчу. Атасы тыйын-тыпыр, кийим-кече жагынан жардам берип турат.

– Балдарыңдын ичинен кимиси чыгармачылыкка жакын, атасынын жолун жолдой турганы барбы?

– Улуу балам Берадор чыгармачылыкка жакын, жакшы ырдайт. Бирок жакындарым “кокуй, артист боло көрбө” деп тамашалай беришет. Өзү дагы “артист болбойм, ашпозчу же жеке ишкер болом” деп калат. Кичүүсүнүн эмнеге шыктуу экенин азырынча байкай элекмин. Балдарым кайсы кесипти тандашпасын мен колдойм.

– Санжар экөөңдүн ажырашып кетишиңерге эмне себеп болду?

– Санжар экөөбүз 2000-жылы баш кошконбуз. 15 жыл чогуу жашап, эки уулдуу болдук. Баштан бактылуу да, кыйын да күндөрдү өткөрдүк. Жашоодо ар кандай нерселер болот экен. Кудай маңдайга эмнени жазса, ошону көрөбүз да. Ар кандай нерселерден улам ажырашып кеттик.

– Рахмат маегиңе, сакайып кет.

"Маңдайга Кудай эмнени жазса ошону көрөбүз да. Ар кандай нерселерден улам Санжар экөөбүз ажырашып кеттик".
"Балдарымдын улуусу чыгармачылыкка жакын. Кичүүсүнүн эмнеге шыктуу экенин азырынча байкай элекмин".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
jaskaaa
2018-10-16 10:16:58
Беродор "Бал балакай" рубрикасына алгачкы ирет чыкка эсимде. Кара шляпачан очки тагынып
+2
-Sumitra-
2018-10-16 11:13:29
Берадор деп Бек Борбиевдин атынан койсо керек.Санжар ажырашып озу да жудоп,камалып,депрессияда жургон эле го.Айдай аялы бар экен эле.15жыл жашап жок дегенде бир комнат уй алып койбогон экен да.Ээ артисттер! Соз жок буларга!Аялга эле кыйын.Эркеги курсагы тойгон жерде,майрамдап журо берет.
+31
Benazir08
2018-10-16 11:36:15
Кой эми жарашып эле алгыла. Уулунар эле багат бой жетип калыптыр. Элдер бул жакта уулга зар бп отурушат силер эки уулду барктай албапсынар. Санжар ХХХ алдап сен жакшы деп койбопсуз. Антейин десен эркек сорой да жанынды кашайтат да азыр мынантип демократиялуу заманда жашап жатканда эркек бир нерсе алып бербесе кууп эле чыкмай заман.
+8
erkeleim
2018-10-16 12:24:34
Озу башка уй булоонун бузулушуна кайрале аял заты кунолуу. Аялы бар экенин билип туруп, балдары бар экенин билип туруп эркектерге асылышат. ХХХ ХХХХ
+6
admin_media
2018-10-16 12:39:49
tatynam_88,erkeleim, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуңуздар. Билдирүүлөр түзөтүлуп, өчүрүлдү!
+2
mela
2018-10-16 19:01:13
ХХХ ХХХ ХХХ Анан уйлонушуптур.Анда деле аялы бакчу окшойт.Эми деле жамандабаптыр...
+5
admin_media
2018-10-17 10:13:03
mela, такталбаган маалыматты жазууга тыюу салынган. Билдирүү түзөтүлдү.
+1
Sagyn.91
2018-10-17 04:17:38
Чырактай аялын бар экен,мончоктой уулдарын таштап салганы окунучтуу.
Санжар убагында аябай популярдуу болду эле, ушул жылдыз оорусу мн ооруп уй булону да артка таштап салган экен да...
+8
Byrmachach
2018-10-17 12:26:04
Кудайым сыноосун берсе көтөрө алган адамына берет экен, эми сабыр түбү сары алтын Кудай колдосун. Ден соолугуң чың болсун. Анан ажыпашкан бир сен эмессиң, чырактай уулдарыңдын урматын көр. Эркек түшүнсө эр болот.
+2
meduza123
2018-10-19 00:33:09
Эки уулу менен кантип таштап кетти экен, жок дегенде бир комната уй алып бералбадыбы. Экинчи аял алганча балдарына уй алып бербединби ай.
+3
gulzat85
2018-10-19 12:57:45
Санжар жакпай калды.сизге ден соолук каалайм.
+2
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан