Аңгыча мектептен Айназик чуркап чыкты. Азамат менен Айсулуунун ортосундагы ыңгайсыз жымжырттыкты кыз бузду. “Ата” деп кыйкырды ал чуркап келе жатып, колун булгалап. Айсулуу эми башка Айназикти көрдү. Бул бактылуу Айназик болчу.
– Ата,- атасынын кучагына урунду.
– Жаным десе...- кызынын төбөсүнөн жыттады Азамат. Айназик көз кыйыгы менен апасын карап койду. Жылмайып алган. Айсулуу да аны карап жылмайып койду. Атасы менен кызды карап туруп, ал туптуура кадам жасаганын түшүндү. Кандайдыр бир жылуу сезим ичин аралап кетти. Ошол туура кадамдан кадимкидей бир кемтик жери толгонсуп, кайдан-жайдан кубаныч пайда болду. Анан ошол кубаныч түрткү болдубу же туура кадам кылганына өрөпкүп кеттиби, Айсулуу биротоло буларды кубантып коюуну чечти.
– Мен жумушка барышым керек. Силер бир аз сейилдеп алып, анан үйгө баргыла. Үйгө жеткирип коёсуң да, Азамат?
– Ооба, ооба.
– Мейли анда.
– Мейли, жакшы бар.
Бурулуп басып кетти. Аны артынан кызы жана Азамат карап турганын сезип баратты.
ххх
– А сен эмне апама таарынгансыңбы?
– Жо-ок.
– Анда эмнеге ага көрүнбөй жүрдүң? Жолуктурбай коёт дедиң эле го?
– Чынын айтканда, мурда сен кичинекей кезде апаң мени таарынтып, а мен болсо апаңды таарынтып алгам.
– Ким биринчи таарынтты эле?
– Эми ал маанилүү эмес, кызым. Чоңдор ушинтип бири-бирин таарынта беришет.
– Акылсыздар десе.
– Ооба. Туптуура айттың. Акылсыздар.
– Эми таарынбай калдың да, ээ? Ал экөөбүздү жолуга бергиле деп уруксат берди го. Негизи апам аябай жакшы. Кээде эле Тимур байке ыйлатканда жини келип кетет.
– Жок, таарынбай элемин. Мурда таарынгам. Азыр баары жакшы. Жанымда сен барсың. Билесиңби, мен ушул күндү кандай күткөм. Экөөбүздүн ушинтип селкинчекте балмуздак жеп отурганыбызды кыялданчумун. Карачы, кандай сонун күн! Жаман күндөрдү мына ушундай сонун болгон бир күн жууп кетет. Толтура таарынычтардын баарын жууп кетет.
– Үчөөбүз десең, ата! Сен мамалакты унутуп коюп жатасың.
– А, ооба. Үчөөбүз ушинтип отурган күндөрдү кыялданчумун. Сен, мен, мамалак, кызарып батып бараткан күн, болор-болбос чыйкылдаган селкинчек жана балмуздак. Айтчы, мындан артык эмне бар, ээ, кызым?
– А эгер жаныбызда апам анан Байэл болсо, анда өтө супер болмок,- Азамат кызын карап жылмайып койду. Кызындагы тазалык, баёолук элжиретип жиберди.
– Кудайым сага бак берсе экен,- деди ал.
ххх
“Жадакалса жаман көз караш менен караган жок. Болбосо менин айымдан түрмөгө отурду. Жакшылыгын билбей көзүнө чөп салгам. Ал болсо жөн гана карап койду. "Кызыма жолугуп турсам эле болду" дейт. Таптакыр түшүнүксүз адам. Же ушинтип туруп дагы бир нерсе баштап жибереби?” Айсулуу күнү бою ушундай ойлор менен алпурушуп жатты. Байэлди бакчадан өзү алып, үйүнө келсе Айназик уктап жатыптыр. Кечке басып жүрүп чарчаса керек. Анын чачынан сылап, бетинен өпкөндө ойгонуп кетти.
– Атаң качан алып келди сени?
– Жана эле,- деди кыз көзүн ушалап.
– Ал мен жөнүндө эмне деди?
– Эч нерсе деген жок. "Апама таарындың беле?"
деп сурадым. Жок, эми таарынбай калдым деди.
– Мм...
– А сенчи? Сен ага таарынып жүрөсүңбү?
– Билбейм, кызым. Ал сени жакшы көрөт. Мурда ошону түшүнчү эмес окшойм. Сени жакшы көрүп жатса эмнеге таарынышым керек?
– А сен айтсаң, Тимур байке жакшыбы же атамбы?
– Бул эмне деген суроо? Тимур да сенин атаң. Байэлдин атасы.
– Жо-ок. Сага Тимур жагабы же атамбы?
– Түшүнбөдүм.
– Ой, ушунун эмнеси түшүнүксүз? Тимур жагабы же атамбы?
– Муну эмне атаң сура дедиби?
– Жо-ок. Мен болгону атам биз менен жашаса деп кыялдандым. Бирок сен аны жаман көрөсүң да. Сен Тимур эле дей бересиң.
– Мен атаңды жаман деле көрбөйм.
– Жакшы көрөсүңбү, ыя?
– Жок. Жакшы дагы көрбөйм.
– Айттым го, Тимурду жакшы көрөсүң?
– Тимур дебе, ал сенин атаң.
– Эх, сен атамды жакшы көрө алганыңда кандай сонун болмок. Ал күнүгө жаныбызда жүрмөк. Байэл да аны жакшы көрүп калмак. Чын. Атам да аны жакшы көрмөк. Менин атам деген... Э-эх.
– Менин атам деген со-онун киши да деп айтайын дедиң беле?
– Мм... Сен аны жакшы көрсөң го,- кыз кыялдана үшкүрүп койду. Айсулуу өзүнчө күлүңдөп алды.
ххх
Назик дагы тамак жасап алып, Айбек менен Азаматты күтүп отурат. Дээрлик 3 жылдан бери үйдө отуруп калган Назикке күйөөсү жумуштан келгенден кийинки убакыт өзгөчө баалуу. Керээли кечке 2 баласы менен алышат, анан Айбек келгенде азга болсо да убакыт токтоп калгандай туюлат. Экөө шашпай божурашып сүйлөшүп чай ичишет. А Азамат келгенден бери чай үстүндөгү андай баарлашуулар үйдө камалып отурган Назикке мурункудан да кызыктуураак болуп калды. Күйөөсү жана Азамат жумуштан келип ашканага киргенче Назик кадимкидей чый-пыйы чыгып кетти.
– Анан жолуктуңбу кызыңа?- деди ал жаңы эле отурган Азаматка.
– Ооба. Айсулууга да жолуктум.
– Ыя?- Айбек чочуп кетти.
– Ооба, жолуктум.
– Эч нерсе деген жокпу?- Назик сурады.
– Жок. Айназик түшүндүрүп койгон окшойт. Биз бир-экиден эле сөз сүйлөдүк окшойт. "Айназик менен жолугуп тур. Бирок аны алып кетип калба" дегендей айтты.
– Түштөн кийин түшүнүктүү болуп калган го? Сенин атыңды укканда жылан көргөндөй чочучу эле го?
– Билбейм. Анткен жок. Тескерисинче, мага көп нерсеге көзү жетип калган кишидей көрүндү. Токтоо.
– А сенчи? Сен көргөндө эч нерсе болгон жоксуңбу?
– Билбейм. Биринчи коркуп кеттим. Анан Кудай жалгап тигинтип айткандан кийин...
– Жок, мен аны сураган жокмун. Көргөндө эмне ачууланган жоксуңбу? Сенин көзүңө чөп салган киши, түрмөгө каматкан киши бет алдыңдан чыкты да. Анын айынан канча азап тарттың?
– Ооба, бирок алардын баары өттү да.
– Баары өттү деп унутуп коюуга болобу?
– Анан эмне кылуу керек?
– Жинди го могу,- Айбек кадимкидей ызаланып чыкты.
– Эй, сенин тагдырыңды талкалаган киши ошол го.
– А ким айтты менин тагдырым талкаланды деп?
– Үйүңдү өрттөп качтың, түрмөгө отурдуң, көзүңө чөп салды. Апаң... Койчу, Азамат?! Ошонун баарына Айсулуу күнөөлүү го.
– Антип күнөө издесек менден да көп күнөө табасың. Силерден да көп күнөө табууга болот. Бирок пайдасы эмне? Өткөн катачылыктарды чукуп чыгуу канчалык пайда алып келет?
– Экинчи андай катаны кайталабай каласың. Пайдасы ошол.
– А мен аларды кайталабайм. Мен азыр таптакыр башка кишимин.
– Жок, минткен болбойт, Азаке. Эркектик намыс болуш керек.
– Жок, Айбек, сен мени түшүнбөй жатасың. Билесиңби, мен абакта отурганда күндү эле көрүүнү кыялданган учур болгон. Жөн гана күндүн нурун сагынгам. Кызымды бир көрүп алсам дечүмүн. Мына, кызымды көрдүм. Сен азыр менин канчалык бактылуу экенимди сезбей жатасың. Мени өткөндү эстебейт дейсиңби? Кимдин өткөн күнүндө өкүнүч жок дейсиң? Бардыгында бар. Бирок биз өткөндө эмес, бүгүнкүдө жашап жатабыз да, туурабы? Өткөндү оңдогонго болбойт! А бирок бүгүнкүнү жакшы кылууга болот да. Өткөндү оңдоого мүмкүнчүлүк жок. А бүгүнкү күндү мыкты кылууга мүмкүнчүлүк бар. Менин ансыз да бактысыз күндөрүм көп болгон экен. Болду, мен эми аларды көбөйтпөйм. Мурунку таарынычтар менен жаңы күндү булгай берүү бул жиндичилик, менимче.
– Бирок...
– Бул талаш бүтпөйт, досум. Башкысы, мен бактылуумун.
– А бакыт деген эмне экен?- Назик Азаматты карап жылмайып алды.
– Билбейм, Назик... Бакытка аныктама бере албайм. Бирок кызым мектебинен чыгып чуркап келе жатса ошону карап дүйнөм түгөл боло түшөт. А бүгүн болсо чыйкылдаган 2 селкинчекте кызым экөөбүз термелип, ар кайсыны сүйлөшүп балмуздак жеп отурдук. Ал учурда таптакыр дүйнөнү унутуп койдум. Санаам тынч эле. Ошол убакыт ушунчалык жагымдуу болуп жатты... Ошол күндү мен канчалык кыялданып күткөнүмдү билсеңер го? Эх, жашоо сонун, достор! Сонун... Ишенип койгула!
(Уландысы кийинки санда)