АТАБЕКОВГО ЭЛ ТЫНЫМСЫЗ 10 МҮНӨТ КОЛ ЧАПТЫ

Бир кезде KG club`дын балдары «А у нас Атабеков...» деп ырдап чыкканы эсиңиздердеби? Тамаша-чыны аралаш ал ыр үчүн Эльдияр Кененсаров, Бекзат Пирматов өңдүү таланттуу КВНчилерди сөгүп, сындагандар да болгон. Бирок бүгүнкү менин кебим алар тууралуу эмес. Ал жигиттер ырдаган «а у нас Атабеков» тууралуу. Баш калаада өткөн жеке концертинде отуруп, бизде Мирбек Атабековдой ырчы бар экенине ыраазы болдум.

Концерттин аталышы
– «Мурас»

Концерт өткөн күндөр – 11-12-октябрь

Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт ордосу

Башталышы – 18:30 (40 мүнөт кечигип башталды)

Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (эки күн тең)

Мыкты номерлер – «Ой, булбул», «Мурас», «Күндөр жаңырат», казак ырчысы Камшат Жолдыбаеванын номери

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти же жөн эле миллиондогон кыргыздын сүймөнчүгү Мирбек Атабеков Бишкекте концерт берерин үйүмдөгү эки кыздан капыстан билип калдым. Тим эле так секиришип кубанып, чыдамсыздык менен күтүштү. Аларчылап жаш балача кубана албасам да, мен да күттүм. Билеттер бизге ар бири 1000 сомдон түштү.

Башталышы 18:30 деп көрсөтүлгөн концертте адаттагыдай эки жактуу (концерт коюучулардын да, элдин да) кечигүү, орундарды таппай, элди алагды кылып ары-бери басуу өңдүү көрүнүштөрдүн баары болду. Бирок бүгүн мындай майда мүчүлүштүктөргө токтолгум келбей турат.

Залга киргенде саамга Спорт ордосун таанып-тааныбагандай абалга туш болдум. Көрсө, сахнаны узун-туурасынан кеңейтип, полун ылдыйга түшүрүп, биринчи катардагы орундуктар менен сахнанын ортосуна ковролин төшөп, айтор, мүмкүн болушунча чоң аянтча жасалыптыр. Бул Мирбек Атабеков менен көп жылдар бою чогуу иштеп келген продюсер, режиссёр Канат Култаевдин эмгеги болсо керек деген ой келди. Жарык, экран дегендер олчойгон акча турары түшүнүктүү. Мирбек алардан акча аябаптыр. Жалт-жулт чагылышкан жарыктардан көз уялат, ошол эле маалда өзгөчө бир шаң, сүр берет.

Элдин баштоону талап кылган ышкырык, кыйкырык, кол чабуу сүрөөлөрү менен кыркка жакын бийчилер чыгып, концертти баштап беришти. Анан «Тамашоу» Лигасындагы «узун менен кодо» – Жеңиш Майрамбек уулу менен Бакыт Осмонканов жана Эмил Эсеналиевдер чыгышты. Алпаруучулук тизгин мына ушул үч жигитке берилген экен, милдеттерин жакшы аткарышты.

Күйөрмандарын көпкө күттүрбөй бийчилердин коштоосунда «Мурасты» жандуу үн менен созуп сахнага Мирбек Атабеков чыкты. Дирижёр, кыякчылар, саксофон, бас-гитара, соло-гитара, урма аспаптар, клавиша, бэк-вокалчылар... Жигит жандуу үн, жандуу музыка менен концерт берүүгө жогорку деңгээлде даярданганы көрүнүп турат.

Мирбекти Бишкектин кафе-ресторандарында ырдап, Ильяз Абдыразаков, Азиз Жетигенов менен биргеликте кыргыз сахнасын багындырууга аттанган заманынан бери билет экенмин. Анан Мирбектин жылдызын жандырган «Сени гана» ыры чыгып, анын ырчылык карьерасына өзгөчө из калтырган продюсер Канат Култаев пайда болду. Жигит абдан тажрыйбалуу адамдын колуна түшкөнүн, өзү да ырчылык өнөрдү аздектегенин ушундан билүүгө болот. Ал сахнага чыккан алгачкы жылынан бери бир да жолу чырдуу иштерге аралашып, жылдыз элем деп чамгарактап кеткени билинбей, күйөрмандарын жагымдуу ырлары менен кубантып келди. Ошондон улам го, Спорт ордосунун залына толгон эки миңден ашуун эл эки күн тең ырчы менен кошо жыргап, ар бир ырын кошо ырдап отурду. Ал эле эмес, «Күндөр жаңырат» деген бир сап созолонгондо залдагы коноктор ырды акыркы куплетине чейин ырчынын ордуна ырдап салышты. Жаш жигитке комуз черттирип, Атайдын «Ой, булбулун» созгондо эл дүркүрөгөн коштоого алып, Мирбек Атабековду 10 мүнөткө чейин сүйлөттүрбөй кол чапты. Канчалаган концерттерге күбө болгон жаным, дегеле мындайды көрбөгөм. Ошол мүнөттөрдө ырчынын көңүлү өзгөчө чалкып, жылдызы жанып, ыраазычылыгы көзүнөн да, ууртунан да төгүлүп турду. Ушул учурда «Кыргыздын чыныгы сүйүүсү мына ушундай өзөктүү ырлар ырдалып, комузу жаңырганда ташкындайт тура» деп Мирбектен өтүп мен толкуп, көзүм жашылданып, үнүм карыгып турдум.

Интернетке жарыяланган мүнөттөн тартып «ушул кантип болсун?» деп тепкиге алынган казактын сулуусу Камшат Жолдыбаева менен «Тыңда мени» аттуу ырын да аткарышты. Ырды мен буга чейин казак тилинде угуп жатсам, сахнада эки тилде ырдашты. Казактын кызына казакча эмес, кыргызча ырдаган бөлүгү жарашып эле калыптыр. Камшат сулуу Мирбек Атабековдун бир ырын казакчага которгон экен, тим эле буралган бийчи кыздары менен кошо бийлеп, залдагы элдин оозун ачырып аткарып берди. Адатта эл жеке концерттерде башка аткаруучуларды анчейин кол чаап, коштой бербейт. Камшат Жолдыбаева өзгөчө колдоого туш болуп, сахнадан ыраазы болуп кетти.

2 жыл мурун Мирбек Атабековго Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы берилгенде «татыктуу эмес, али жаш, эмгеги сиңе элек» деп сындагандар көп болгон. Бирок ырчы андай сындарга сынбады. Улам бир ырды жарыялап, ал ырлар калың күйөрман таап, телефондон телефонго көчүп, улам бир үйдөн, машинеден жаңырып, хитке айланууда. «Мурас» аттуу ырын болсо эмгектеген баладан, эңкейген карыга чейин жылуу кабыл алышты. Алардын катарында мен да бармын, бир топ убакыттан бери «суранамын, жаа-алынам... Сен кетпечи жа-анымдан» деп кыңылдап жүрөм. Сөзүм бул ирет узарып кетти. Кыскасын айтканда, бизде Атабековдун бар экенине ыраазы болдум.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
kakukani
2018-10-23 10:20:43
Мага Мирбек байкенин голосу, ырдагны аябай жагат ийгилик ар дайым сонун ырларды жарата бериниз!
+10
ksb
2018-10-23 11:46:36
Бир сөз менен айтканда,Мирбек-КРАСАВЧИК!!! Өтө бийик деңгээлде өттү концерти,азаматсың Мирбек,бар бол! Ушундай концертти жок дегенде жылына бир жолу берип турса,2 күн аз болуп,элдин баары бара албай калышты менин оюмча.Мыктылын дагы бир жолу тастыктады.
+10
nargiz-sa
2018-10-23 13:28:37
Толик сынчы бул ирет сындабаптыр. Бирок чын эле Мирбек ушул денгээлге жетти. Буга Канат Култаевдин салымы болушу мумкун, бирок мунун баары Мирбектин озунун эмгеги.
+11
nargiz-sa
2018-10-23 13:29:38
Мен да Мирбектин бар экенине ыраазымын.Ошко качан концерт бересин Мирбек?
+7
Cibek
2018-10-23 16:34:53
Рахмат чет жакта болсом да концертте отургандай элестеттим эми [moderated]дан кутобуз кыргыз экениме ушундай таланттуу адамдар бар экенин сыймыктанам бар болунуздар
+5
Adelka
2018-10-23 17:37:42
Жалал Абадда качан келет? Чыдамсыздык менен күтүп жатабыз келишин!
+1
Aima94
2018-10-23 20:42:16
Сүйөм го жаным. Сонун ырчы. Алга Атабеков! Алга Кыргызстан !!!!
+2
Snejana
2018-10-23 21:37:59
Мыкты жигит
+2
Snejana
2018-10-23 21:38:31
Бир калыпта журот.
+1
dina
2018-10-23 23:36:25
Тубаса талант. Атасы да ырчылар бааланбаган кезде айылдан озгочо топ тузуп, жакшы максаттарына жетпей кеткен. Уулунун жылдызы жанганына ыраазы болсо керек. Хиттери кобое бересин!
+4
Miya
2018-10-25 20:58:33
Мен филармонияда болгон концертине барган элем. Сонунда, сонун! Жыргап чыныгы ырчы ушундай откорот экен концертти деп келгем. Молодец! Менимче татыктуу наамга!
+1
Edenova66
2018-10-26 02:26:10
Продюсерине да чоон Рахмат анын да эмгеги чон
+1
Alia82
2018-10-26 17:34:20
Окуп алып эле толкунданып алдым, азамат Мирбек, ишиңе ийгилик!!!
+1
T-1000
2018-10-28 11:43:52
Супер порталга качан чыгат концерти
+1
chynara-str3
2018-10-29 16:49:28
мен да Атабековдун чыгып баштагандан берки фанатымын, суротторун кыркып чогултуп, плакаттарын илип алчум. Атабеков башкалардан айырмаланып ызы-чуусуз, бир чыгып бир чыкпай калбай бир калыпта озун кармап журот, аялын да абдан баалайм, ушундай уй-булолор кобойсо Кыргызстан бат эле онугот.
0
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан