Аскат Сулайманов, актёр: «ЖУБАЙЫМА ТҮБӨЛҮГҮБҮЗДҮ ОЙЛОСОҢ САПАРЫҢДЫ “ОТМЕНА” КЫЛ ДЕГЕМ”

Жан шериктердин сүйүү баяны өзгөчө экен. Белгилүү актёр Аскат Сулайманов жубайы Мээрим Мусаеваны чет өлкөгө учуу үчүн билет алып койгон жеринен алып калганын жана башка кызыктарды айтып берди. Эмесе, бирин-бири коштой сүйлөп отурган жан шериктердин баянына көз жүгүртүңүз.

ЖУБАЙЛАР САН МЕНЕН

  • 2 жылдан бери түтүн булатып келишет.
  • Аскат мырза 1000 доллар, бир жылкы калың берген.
  • 1 уулдун ата-энеси, Аскат мырзанын биринчи никесинен 5 баласы бар.
  • Жубайлардын ортосунда 9 жаш айырма бар.

– Саламатсыздарбы, алгачкы сурообузду кантип таанышып калганыңардан баштайлы.

Аскат Сулайманов: – Театрдан таанышканбыз. Гүл көтөрүп алып кыздар Азизге (ред.: Мурадиллаев) келишкен экен. Азизди жакшы көрүшчү. Бирок ошол күнү анын ордуна мен ойноп калып, ошондо таанышып калганбыз. Театрдын жанында боз үй бар болчу, ошол жерде тамактанып отуруп таанышып калганбыз. Бул 2006-жылдары болсо керек эле, ээ (келинчегине карап)?

Мээрим Мусаева: – Ал кезде Аскаттын популярдуулуктун туу чокусунда турган кези болчу. Көчөдөн кол тамга сурап, суктанган күйөрмандарынын ичинде мен да бар болчумун. Кыргыз-түрк лицейинде окугам. Ал жактагы кыздар көп келчүбүз театрга. Ошентип жүрүп кумирим минтип жолдошум болуп калды (күлүп).

– 2016-жылы үйлөндүңөр да, ортодогу 10 жылдык мамиле кантип сакталды?

М.: – Кайдан андай болсун, 10 жылда биздин мамилебиз такыр эле үзүлүп калган. Кийин эле ортодо курбум аркылуу кайра табышып жакындан таанышып калдык. Ал кезде Аскат биринчи никесинен ажырашып жүргөн кези экен.

А.: – Мээримдин туулган күнү болуп, куттуктап коёлу деп барып калдык. Данияр (ред.: Жанжигитов), мен, Тилек деген досум болуп барганбыз. Экөөбүз чогуу отуруп калдык. Башкалар уктап калса да, биз түнкү 3-4кө чейин сүйлөшүп отура бердик. Эмнегедир сөз бүтпөйт. Тагдыр, өмүр тууралуу сүйлөштүк. Ошондон тартып эле бир тартылуу пайда болуп, жакын болуп калдык.

– Аскат мырза, колуктуңуздун колун кантип сурадыңыз эле, суунун астынанбы, үстүнөнбү, шам чырактарды жагыппы дегендей...

А.: – Мен такыр романтик эмесмин. Бизден Камчы (ред.: Сарыбаев) романтик. Кетип бара жатып чөп көрсө деле жулуп алып жубайына алып барат (күлүп). Мен аялга гүл бергенден, тиги-бу деп эркелеткенден тартына берем. Колуңду кандай сурадым эле? Аа, эстедим, Алматыда жүргөм, бул Анталия шаарында иштеп жүргөн. Телефон чалып “Мээрим, экөөбүз үйлөнүп алалы” деп эле түз айттым. Бул болсо “ойлоном” деп коюп койду. Ортодон бир ай чалбай, жазбай калды. Анан “Мен май айында Кыргызстанга барам, ата-энеме жолугуп акылдашайын, анан экөөбүз сүйлөшөлү” деди. Мээрим келди, бирок мен такыр бошобой жолуга албай жүрдүм. Келгенине 15 күндөй болгон. Телефон чалсам “билет алып койдум, кайра баланчасында кетем” деп калыптыр. Мен “Мээрим, эгерде түбөлүгүбүз түз болсун десең сапарыңды “отмена” кыл” дедим. Шар эле “макулмун, деги качан келесиң?” деди.

М.: – Жолугуп сүйлөшөлү дедик. Мен экөөбүз эле сүйлөшөбүз деп ойлогом. Көрсө, бул апамдарга чалып (ред.: кайненеси) стол жасатып, даярдап койгон экен. Машинасына отуруп эле “кеттик, апамдар бизди күтүп жатат, таанышасың” деп салды. Ошентип макулдашып, баарын сүйлөшүп, кол кармашып калдык.

– Мээрим айым, 10 жыл мурун жолукканда эле сезим пайда болду беле сизде?

М.: – Албетте, мен эле эмес, көп кыздарды кызыктырган болуш керек. Гүл берип, сүйлөшүп, жанаша сүрөткө түшүп калсам деле толкунданып алчумун. 10 жыл мурунку сүйүү кийин жанданды. Бирок анда мен өзүмдү токтото турган абал бар болчу. Анткени Аскат үй-бүлөлүү эле. Ошол көргөндөн тарта эле жактырганым чын. Менин кумирим болчу, бирок азыр деле кумирим.

– Кумириңиздин келинчеги болуу азап бекен же ырахат бекен?

М.: – Ырахаты көбүрөөк. Жакшы көргөн адамыңдын азабы көрүнбөйт дагы экен. Биз такташып сүйлөшүп баш коштук. Мен кимге тийип жатканымды билдим. Азыр деле СМС жазгандар бар. Мага оорчулук деле эмес. Маани деле бербейм. Телефон кармап жазышып жатканын байкасам “болду окшойт” деп койсом эле көзүмдөн түшүнөт. Ашыкча кызганбайм. Бир айтам, бул да бир жооп берет, ошону менен бүтүшөбүз. Өзүңөр билгендей, биринчи никесинен балдары бар. Кандай кабыл алышат деп ичимден катуу тынчсызданган учурларым болду. Кудайга шүгүр, тил табышып келдик. Көп келип турушат, атасына эркелешет. Алардын келгени биздин үйдө майрам. Менин уулум да бир туугандарына жакын болуп чоңойгону жакшы.

– Үйдө бири “мотор болот” го. Сиздерде ким?

М.: – Аскат.

А.: – Мээрим биз үйлөнгөнү иштей элек. Кош бойлуу болду, эми бала тарбиясы менен. Колдон келишинче “мотор” болуп жатам.

– Адатта таанышып жүргөндө эң жакшы жактарын көрсөтүп, кийин кайсы бир мүнөздөрү “сюрприз” болгон учурлары болот го. Ошондой нерсе болдубу?

А.: – Эркек киши кырктын кырынан өткөндөн кийин үй-бүлө деп калат экен. Ортобузда уулубуз бар. Ал “желмогузду” көрбөсөм мен бир саатта сагынып кетем. Моюнга алыш керек, мурун достор менен “кеттик-кеттик” деп эле оюн-күлкүгө тойбой кетип калган учурлар болчу. Азыр “койгулачы, үйгө кетем, балдар, мени коё бергилечи” дейм. Үй-бүлөлүк бакытты ким кандай түшүнөт билбейм, менимче, бул тынчтык экен. Үйгө келип тынч эс алганды артык көрүп калдым. Мурун андай эмес болчумун. Акча бар, белгилүүсүң, барган жериң той, күлкү. “Аялыңдан коркосуңбу, бас кеттик” деп эле көп учурда үйдөн безип кеткен учурлар болчу. Мен эле дейин десем, жанымдагылар деле токтолуп калышты окшойт. Кечээ тойдо жүрсөк, Мээрим “бала ыйлап жатыптыр” десе жөнөп калдык. Мурун бала ыйлап жатабы, башка болуп жатабы “күтө турат” дечүмүн да. Убакыттын өтүшү менен өмүрдүн, тагдырдын, жакындарыңдын баасын түшүнүп калат окшойсуң. Мээримге “сюрприз” кыла турган деле эч нерсе калбай калды окшойт (күлүп).

М.: – Аскаттын бир эле “сюрпризи” бар. Чагылган чартылдагандай эле чарт-чурт деп кетет. Бирок тез эле кабагы жазылып калат. “Болдучу, эми эмне болуп жатасың?” деп сүйлөп баштайт.

– Аскат мырза, сиз жубайыңыздын таң калган, суктанган сапатын таптыңызбы?

А.: – Тапкан жокмун, мурун эле билчүмүн. Мага караганда аябай сабырдуу, кечиримдүү, токтоо. Мага киши жакпай калса дароо эле чарт-чурт деп кетем. Мээрим унчукпайт. Ар дайым токтоо мамиле жасайт жана туура кеңешин берет, кээде мындан кеңеш сурап калам. Бир агайым "Аскат, аялың менен дайым кеңешип жүр, андан кемип калбайсың" деген эле. Ойлонсом, аныкы туура экен. Дагы бир касиети бар. Тойго же бир жакка барып кала турган болсок “көйнөк алып бер” деп айтпайт. Тескерисинче мен “ай, эмне кийип барасың?” деп сурап турам. Кайра “эмне кийейин?” деп калат. Мээни курттай жеп “бул болбойт, тиги болбойт” деген аялдар бар да.

– Ажырашып кайра үйлөнгөнүңүз талкуу жаратты. Абалдан кантип чыктыңыздар?

А.: – Кимдин кандай жашаганын, башынан эмне өткөнүн ким билет? “5 баланы таштап” деген сөздөр чыкты. 5 баламды кайда таштаптырмын? Мына кыш келе жатат, бүт бардык кем-карчын кылып бердим. Мурунку келинчегим тиешелүү акчасын алып турат. Мага ошентип жазгандар мага өзүмө келип сурашса жакшы болмок. Тиги жакта туруп адамды соттой берген баарынан оңой.

– Бири-бириңиздерди кантип эркелетесиздер?

А.: – Мекуш, Мээрим эле дейм. “Козум, улагым, жаным” деген сөздөрдү айта албайм. Алтынчы балам төрөлгөндө биринчи жолу гүл бердим.

М.: – Төрөтканадан чыгып келе жатсам Аскатты кыйнашыптыр “гүл бер, жиндисиңби?” деп. Бул гүлдү деле унутуп калыптыр. Эч нерсеге, мага деле карабай “кана балам?” десе болобу? Эч кандай романтиканы кабыл албаган киши. Мейли, кандай болсо ошондой кабыл алам.

– Дайым ушундай бири-бириңиздерди толуктап бактылуу өмүр сүрүңүздөр...

СИЗ БИЛЕСИЗБИ?


– Аскат мырзанын чөнтөгүндө учурда канча акча бар?

М.: – Жок, санаган эмесмин, болжолдоп да билбейм (туурасы 4 миң сом акча бар).

– Мээрим айымдын бут кийиминин өлчөмү канча билесизби?

А.: – Билем, 39-өлчөмдөгү бут кийим киет (жообу туура).

– Мээрим, күйөөңүз телефонуна сизди ким деп сактаган?

М.: – Мээрим О, Мээрим Билайн (жообу туура).

– Аскат мырзанын акыркы ролу кайсы?

М.: – Бүгүн репетиция кылышты. Билбейм, чынын айтсам (туурасы “Такебай” тасмасында роль жаратты. Театрда бир бектин ролун ойноду).

– Мээрим айымдын качан жасалма кирпик чаптаттырган билесизби?

А.: – Билбейм, жасатыптырбы (туурасы эки жума мурун кирпик чаптаттырган)?

"Алты балам - менин байлыгым".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Asyl10
2018-10-23 16:22:33
Биринчи аялы менен тушкон суроту жокпу?
+6
Abdizhapar
2018-10-23 17:19:02
5 баланы таштаган ХХХ экен 2 аялынын тусунон эле корунуп турат ХХХ
+4
admin_media
2018-10-24 10:49:01
Abdizhapar, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз! Билдирүү түзөтүлдү!
-2
Tiken
2018-10-23 17:22:25
Эч качан бир эле жак куноолуу болбойт. Эркектин натурасы "голодный", жана жылуулукту издеп турат эмеспи... Пейили бузулса балдары тугул ата-энеси да токтото албайт эркекти. Негизгиси балдарын таштабаптыр, жакшы.
+8
sabira.1990
2018-10-23 18:09:28
ушул актерду сыйлайт элем,азыр жаман кором, мына сарышка тоюн таанытатко.
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2018-10-23 21:08:01
Сулуу деле эмес экен го (
+10
DNurgiza
2018-10-23 21:42:20
5 баланы таштай турган деле сулуулук, жылуулугу көрүнбөйт ко........
+9
Grazy-girl2019
2018-10-24 01:43:49
Соз жок озуно окшош 5баласын таштап.Ошого чыдаган 1аялына рахмат.Жакпайт ушул актер.
+5
jusupova
2018-10-25 05:39:16
Окурмандар талкууга кыйын болот, ким кандай экенин, кандай себеп менен ажырашканын бир кудай и оздору билишет, кандай болсо дагы баары бактылуу болушсун, бул турмуш!!!
-7
simone
2018-10-25 14:38:22
Участковыйдын образын ойногондон бери эле сыйлабай калгам мен, озумчо эле...
+1
ice87
2018-10-25 20:26:52
Мактанып коёт дагы,2006 жылы таанышкан имиш.Жашоо бумеранг,2-аялы дагы жаш бироого азгырылып кетсе экен.Ошондо каякка барат экен.
+1
Kroxa
2018-10-26 01:04:10
Биринчи аялындан сулуу болсо бир жон эле..эми андан да куру жалак калбайын деп козун карап жашайсын эч убакта биринчиге жетпейт билип кой...мин кыл 10ду туусун...но потом поздно будеть она не принимает тебе...
+2
Gulnyr19
2018-10-26 01:18:34
Мактанганыңа ХХХ мунун жакшы актер деп жүрчү элем
0
admin_media
2018-10-26 10:44:22
Meken28, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
terabait
2018-10-27 12:25:13
Андай экен мындай экен деп башынарды оорутуп эмне кыласынар ар ким оз турмушунарды эптегиле Аскат мырзанын жашоосун оз козунор менен корбогондон кийин ар кимге ар турлуу тагдыр ар канча нике буйурган да акылдуу боло бересинер бала болуп
-2
Alia82
2018-10-28 15:25:30
Супер биринчи аялын таап интервью албасанар болбоойт ичтер бышып ата)))
0
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан