Телеалпаруучу Максат Доврановдун жеке жашоосу азыркы тапта көпчүлүккө кызык болуп турган чагы. Себеби телеалпаруучу ырчы Сайкал Садыбакасова менен ажырашып кеткендиги эл арасында айтылып, активдүү талкууланууда. Бирок каарманыбыз эл анын жеке жашоосуна эмес, чыгармачылыгына кызыгышын каалайт. Себебин төмөндөн окуңуз.
– Максат, салам. Иштериң кандай, чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар?
– Кандайсыздар? Чыгармачылыкта көнүп калган иштерди жасап жатабыз. ЭлТР телеканалында иштеп жатканыма быйыл 12 жыл болуптур. Журналистикада, телеалпаруучулук жаатта жакшы жаңылык жасайын деген тилектерим бар. Жакында чоң долбоорду алып чыгууга кызуу даярданып жүрөм. Андан тышкары менеджер катары ырчы Самара Каримова менен иштешип баштадым. Азыр бардык жумуштарды кеңешип, чоң долбоорлорду ишке ашырганы турабыз.
– Өткөндө белиң ооруп баспай калганыңды жаздың эле, ден соолугуң жакшыбы?
–Кокусунан белим ооруп калганынан дарыгерлерге кайрылгам. Дубалга жөлөнүп басып көп эле кыйналдым. Дарыланган соң бир жумадай жакшы болуп калган. Жумушка чыкканда кайра оорутуп баштады. Андан соң Ошто бир жакшы массажист бар, ошого кайрылгам. Ал акы албай "болгону бизди жарнама кылып бериңиз" деген. 10 күн барган соң жакшы жыйынтык чыкканынан аны жарнама кылуу үчүн Инстаграмдагы баракчама жазгам. Ал жактан айрым сайттар маалымат алып мени аябай чоң көйгөйгө кабылгандай кылып көрсөтүп салышты. Мен эле эмес, тууган-уруктарымдын баары дүрбөп, кыжалат болуп телефон чалып башташты. Азыр белим жакшы болуп калды.
– Телеалпаруучулуктан тышкары тамадалыкты да аркалай баштадың. Экөөнүн айырмачылыктары бар бекен?
– Тамадалык менен алектенип, ар кандай иш-чараларды, концерттерди алып бара баштаганыма негизи 3 жылдай болуп калган. Бирок көп деле тойлорго чыкчу эмесмин. Акыркы учурларда тойлорун, иш-чараларын алып барып берүүнү суранган тааныштар, туугандар, күйөрмандар көп болууда. Алардын суранычынан баш тартпай тамадалык кылып жүрөм. Элден айланса болот, сыйлап жакшылыктарына чакырышат. Барып батасын алып, эл менен чогуу жүрөбүз.
Өзүңдүн жумушуңду жакшы билсең, түшүнсөң эч кыйынчылыгы жок. Албетте, башында бардык нерседе кыйынчылыктар болот. Мага көбүнчө теле жааты кыйындай сезилет, анткени бардык көрөрмандар сени карап турат, жоопкерчилик да бар. Ал эми тойдо бир аз жеңилирээк.
– Аз күн мурда кайненең Гүлшайыр Садыбакасованы чет өлкөгө узаттың, күйөө баладан белек болдубу?
– Ооба, Гүлшайыр апабызды чет өлкөгө эс алууга узаттык. Бирок ал менден белек болду деп мактанбайм. Себеби өзүнүн курбулары, эже-сиңдилеринин арасында жыл сайын ушинтип эс алууга чыга турган “салты” бар экен. Ошол салтты улантып өздөрү эс алууга кетишти. Жакшы эс алып келсин. Менин оюмча, ал кишинин азыр эс ала турган учуру. Маданият, эстрада тармагында өзүнүн эмгегин жасап койду. Эми ошол эмгегинин үзүрүн көрүп, сый үстүндө эс алып, күлүп-жайнап жүрө турган убагы.
– Сайкал Садыбакасова менен ажырашып кеткениң тууралуу маалыматтар чыгууда. Чын-төгүнүн өз оозуңдан уксак.
–Азыр журналисттердин да, элдин да биздин жеке жашообузга байланыштуу суроолору көп болуп жатат. Мага да интернет аркылуу жеке жашообузду сурап тынбай жазып жатышат. Бири чын дилинен кыжалат болуп жазса, бири интрига уюштуруп жазат, дагы бири бизге бакыт тилеп жатат.
Ар бир адам бир нерсени баштаганда жакшы тилек, жакшы ниет менен баштайт. Бирок бардык нерсе Кудайдын колунда, эгер пенденин айтканы болсо башкача болмок. Ошондуктан Кудайдан өтүп бир нерсени айтыш кыйын. Ар бир үйдө эле казан-аяк кагышып, уруш-талаш, таарынычтар болот. Ошол эле нерселерди чоң көйгөй кылып көпчүлүктүн алдына алып чыккан айрым сайттар бар. Бирок биз азырынча ал сайттар жазып жаткан деңгээлде ажыраша элекпиз. Баары Кудайдын буюрганы. Азыр жеке жашообуз бул деңгээлде турат деп айткым келбейт. Себеби азыр бир нерсе айтсак, ал нерседен да жаңы маалыматтарды чукуп чыгышып, аны да айтышары анык. Жеке жашообуз жаман жакка чечилсе да, жакшы жакка чечилсе да, биз өзүбүз кабардар кылабыз. Ага чейин бир аз сабыр кылып турушса. Азырынча жаман нерсе болуп кете элек, талашып-тартыша турган эч нерсебиз жок. Окурмандарга айтарым, биздин жеке жашоого көп кызыга бербеңиздер. Сайкалды ырчы катары, мени телеалпаруучу катары тааныгансыздар. Андыктан чыгармачылыгыбызга эле кызыксаңыздар жакшы болмок.
– Шоу чөйрөсүндө ишенген досторуң барбы? Кимдер менен жакын мамиледесиң?
– Шоу чөйрөдө жакын досторум көп. Алар бир гана чыгармачылыгыма эмес, жеке жашоомо да өздөрүнүн чоң салымын кошкон. Көпчүлүгүнүн ата-энеси менен жакын катташтабыз. Апам да алардын ата-энелери менен катташып, жакшылыктарда чогуу болушат. Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Аваз Акимов, Гүлжигит Калыков, Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров, айтор, мени менен курбалдаштардын баары менен досмун, менден улуу же кичүү чыгармачыл адамдардын баары менен жакшымын. Бул чөйрөдө касташкан душманым деле жок. Бирок 10 жыл бою жакын дос болуп жүрүп, ишеничиңе кирип, убада берип, акырында сөзүнө турбай койгондор бар. Мисалы, былтыр үйлөнүп жатканымда бир досум убада берип, бирок жыл айланбай сөзүнө турбастан убадасынан кайтып эркектик намысы жок экенин билдирип койду.
Андай адамдар өздөрүнүн үй-бүлөсүн, бала-чакасын ойлобогондон кийин сырттан күткөн досунун жашоосун, кызыкчылыгын ойлобосо керек. Андайлардан Кудай сактасын. Бир чети андайлардын бары деле жакшы экен. Себеби адамдардын жаманы менен жакшысын айырмалай билет экенсиң. Эң негизгиси мага ал нерселер тажрыйба болду.
– Өзүң тууралуу жаман пикирлерди окуп же угуп маанайың түшкөн учурлар болобу?
– Өзүм тууралуу социалдык тармактардан гана жаман пикирлерди окуп калбасам, адамдардан “сени баланча мындай деди” деген жаман сөздөрдү уга элекмин. Комментарийлерди окуп маанай түшкөн учурлар болот. Башында аябай кыжалат боло берчүмүн, бирок бара-бара көнүп деле калат экенсиң. Азыр кээде 1 сүрөткө 1000ге жакын комментарий жазылып кетет, алардын бирөөсүн да окубайм. Кээде гана көзүм түшүп калбаса, атайын окубаганга аракет кылам. Ал комментарийлердин баарын окусам жинди болуп калышым толук мүмкүн.
– Туулуп-өскөн айылыңа барганда “жылдызсыңбы” же жөнөкөй эле Максатсыңбы?
– Негизи жөнөкөй эле Максатмын. Эч жерден жылдыз болгон эмесмин жана болбойм. Анчалык деңгээлге жетип кеттим деп да айта албайм. Айылга барганда жыргайм. Биз эфирге чыкканда күндө баш жууп, чачты жасалгалайбыз да. Айылдан болсо күндө баш жуубайсың, каалаган кийимиңди кийип, каалагандай жүрө бересиң. Жыргап коңшу-колоңдор менен тамашалашып, тууган-уруктардыкына барасың дегендей. Апам болсо “ай, сакалыңды алып, башыңды жууп, түзүгүрөөк кийинип албайсыңбы” дей берет.
– Таанымалдыгыңдын жай турмушта пайдасы тиеби?
– Албетте. Көпчүлүк таанып жылуу пикирлерин айтып турат. Көбүнчө апалар “сыналгыдан чыккан бала, балама окшош экенсиң” деп эки бетимен өөп турса кубанам. Ошондой жылуу сөздөрдү укканда кайра иштегиң келет. Эфирге эртең менен 5 жарымда ойгонуп келишиң керек. Уйкудан тургуң келбей жатканда ошондой мени күткөн апалар, көрөрмандар бар экендигин эстеп, дем-күч менен жумушка келем.
– Иштериңе ийгилик!
Асхат Субанбеков
star@super.kg