ГҮЛЖАЙНА АТАКАНОВА БИР ЖИГИТТИ САБАП, АЛ КУУДУЛДУН ҮСТҮНӨН АРЫЗ ЖАЗДЫ

Ачык-айрым, дайыма күлүп-жайнап жүргөн куудул, алып баруучу Гүлжайна Атаканова бир жигитти сабап, ал куудулдун үстүнөн арыз жазыптыр деген маалымат түштү. Бизге жеткен маалымат боюнча, куудул айым алгач жабыркаган жигиттин машинасынын терезелерин сындырган, андан кийин өзүн сабаган. Тигил жигит күч органдарына куудулдун үстүнөн арыз жазып, Гүлжайна суракка чакырылган. Окуянын чын-бышыгын билүү үчүн куудулга кайрылдык. Алгач эч нерсе айткысы келбей, акыры төмөндөгүлөргө токтолду:

"Өмүрүмдө бирөөдөн өч алам деп ойлогон эмесмин. Жашоомдо биринчи жолу ушундай болду. Ал мени 4 жыл мурун ыза кылып койгон. Кыз болсом да эч нерседен корккон жокмун. Мен андан да жаман кылмакмын, качып кетти. Айымдарды алсыз деп аларга ар кандай мамиле кылса боло бербейт да. Биз, айымдар алсыз эмеспиз, биз күчтүүбүз. Арыз жазыптыр, бирок акча бергенимде арызын кайтарып алды. Акчам кетсе кетсин, адамдык кадыр-баркым кетпесин дедим",- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Pandora
2018-10-23 14:14:20
Негизи бул эже жакпайт,шашып обу жоктонуп суйлогондору.Кичине токтоо болсо жакшы болмок.Анан тиги жигитти рас кылыптыр!!! Уялбай арыз жазганы аял кишиден келтек жеп анан да акча сунса арыз кайтарып алганын ))) Кээ бир эркектер бар только аялдардын артын чукуп,кычып журот.Жогоруда маданият жонунддо суйлоп кыйын болгондор озуно боло бергиле маданияттуу....
+10
naida81
2018-10-23 14:55:07
ушунун эмнеси куудул, обу жок цензурага туура келбеген нерселерди суйлоп алып озу эле жыргай берет го
+3
bond02
2018-10-23 16:01:14
Эмне кылып ыза кылды эле, «акынды» бербей койду беле?!
+1
Tiken
2018-10-23 19:33:32
Сооп кылыптыр жигитти. Бирок "тошу туктууго" да жолугуп калба Гулжайна.
+6
Lulita
2018-10-23 21:29:21
Туура кылган, ушунча кек сактаганына караганда Гулжайнаны 4 жыл мурун катуу эле таарынтса керек. Тиги балага сооп болот. Аял депэле кордой берсе болобу? Эркек киши кайсы бети мн барып заявление жазды аялдан таяк жедим деп.
+10
Crokus
2018-10-23 21:32:36
Бул мыкты жорук.Кыргыз жигиттеринде куч,ар намыс жоголуп бараткандай.Эр жигит оор болуш керек,аял киши алсыз болот.Ушундай эрлерибиз болсо аял алсыз эмес эле айбаты чыгат.Гулжайна Атаканова МОЛОДЕЦ эн туура кылгансыз.
+4
dina
2018-10-23 23:52:42
Ырас кылыптыр. Таяк жегенден да интервью алгылачы бой кандай болгонун коргондой болуп калалы))
+4
admin_media
2018-10-24 11:08:21
Nurkyz1977, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
erikkarakulja
2018-10-24 13:46:29
Гулжайна мага звандачы тел номерини бер болбосо,озун жакшы кызсынго андай нерселеге барба кокус башына бир чапса чатак болот азыр эч кимге ишенич жок
+1
Leilek91
2018-10-25 01:23:38
Бала моледец аял кишиге кол которбой мыйзам чегинде иш кылыптыр машинасынын терезесин талкаласа арыз жаздыда Гулжайна сатып бербеген чыгар машинаны
+3
rahat84
2018-10-25 09:20:10
аял деген назик болуш керек. антпесе эркек кызыга турган нерсеси деле калбай калат.
+2
Aizi2010
2018-10-25 12:50:17
Ырас озуно жараша кылса аялдарды кордогон эркектерге ошондой мамиле кылуу керек
0
Miroslav
2018-10-25 14:28:04
Озу суйлоп, озу кулуп, жыргай берет Салам Кыргызстан корсотуусундо.Куудул десе эле озун суппер кудул экенмин деп.Назира экоо аллергия кылатда карап отурсан.Ошол эркектин бир муштумунан чыкпайт эгерде урса,итке тенелбеген эркек экен,машинаны толотуш учун арыз жазганда.
+2
Seyitira8186
2018-10-28 20:05:58
Акыр заманда аялдар эркеке.эркектер аялга окшошуп калат дешет беле.арыз жазып.акча берсе кайра кайтып алганына кулосун
0
Bak.taalai
2018-10-29 01:36:37
Ушу Гулжайна эже мага абдан жагат да тарс тарс эркекче журот. Сармерденден эркек кишини отургузуп эле койду эле ал да жаакташып акыры соз таппай калган. Молодецсиз Гулжайна эже бир таап суйлойт бири каап суйлойт каап суйлогондорго маани бербениз.
0
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан