Алдымда кайрадан аялзаты отурат арманын айтып. Он гүлүнүн бири ачыла элек 18 жаштагы кызда эмне арман? Эмнеге мынча үшкүрөт? Эмнеге мынча көз жаш төгөт? Каарманымдын башынан өткөн окуясына чогуу күбө бололу.
“ОРУСИЯДАН КЕЛСЕМ, АПАМ 1 ЖУМА МУРУН КАЗА БОЛУП КАЛЫПТЫР”
– Айтайын дегеним мен жашыра турган же өзүм жашына турган окуя эмес. Андыктан келечегим үчүн баарын ачыкка чыгарайын деп чечтим.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы айылдардын биринде чоңоюп-өстүм. Өз атам Ноокаттан болот, ал 6 жашымда өтүп кетип, өгөй атанын колунда калдым. 8-классты бүткөндөн кийин Орусияга кетүүмө туура келди. Анткени чоңойгон сайын өгөй атанын үйүндө анын балдары менен батышып жашоо кыйын болот экен. Апам да көп ооруйт эле, бөйрөгүнө эле 3 жолу операция жасалган. Апам “кызым, сен турмуш кандай оор экенин түшүнүшүң керек. Мен жок жашоого көнүшүң керек” деп, мени Орусияга жөнөттү. Москвада 1 жылча жүрдүм окшойт, акыркы күндөрү апам түшүмө кирип, өзүмдү жаман сезип эле туруп алдым. Аны менен бир ай мурун сүйлөшкөн элем. Ошол боюнча байланыша албай койдум. Анан чыдабай Кыргызстанга келдим. Үйгө келсем апамдын каза болгонуна 1 жума болуптур. Суук кабарды укканда нес болдум, мурдумдан кан кетти. “Эмнеге мага айткан жоксуңар?” деп ыйласам, “сени кыйналбасын, келгенде эле угузабыз деп ойлодук” деп коюшту. Ошентип апамдын муздак ордун сыйпалаган боюнча калдым.
“АДИЛЕТ МЕНИ ДАГЫ БИР НЕЧЕ ЖОЛУ ЗОРДУКТАДЫ...”
– Апамдын бир эжеси, 2 иниси бар. Инилери Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашашат. Мени таежем алып кетти. Таежемдин эки кызы, бир уулу бар. Ошол уулунун Адилет (каармандын аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) деген мени менен тең баласы, анан бир кызы бар. Адилеттин ата-энеси Москвага кетти да, бир үйдө таежем, 2 небереси, анан мен калдык.
Таежем арак иччү, кээде жумалап үйгө келбей калар эле. Адилет мен ал үйгө баргандан баштап ары-бери өткөндө кармалап кетип мага тийише берчү. Ачуусу чукул эле, бир нерсе деп каяша айтсаң тура калып муунтуп же чаап жиберчү “жетимсиң, бар үйүңө кет” деп. Коркконумдан унчукпай жүрө берер элем.
Бир жолу таежем дагы ичип үйгө келбей калды. Кыш, январь айы эле, жылуулугуна карап баарыбыз бир бөлмөдө жатчубуз. Адилет телефондон уят видеолорду көрүп отурган. Бир маалда эле келип мени баса калып, ой-боюма койбой зордуктап салды. Таежемди таене дейм, Адилетке “сени таенеме айтам” деп эле ыйлап калдым. Ал “сага ким ишенет, билгениңди кыла бер” деп койду. Айтам деген менен андай нерсени айта албайт экенсиң. Кимге айтам, эч ким ишенбейт да?! Ошентип убакыт өтө берди, Адилет андан кийин да мени бир нече жолу зордуктады. Акыры боюма бүтүп калыптыр.
“ТАЕЖЕМ “ЖЕТИМ, МЕНИН ТӨРҮМДӨ ЖҮРҮП ТУУП КОЙБО” ДЕЧҮ. ОШОЛ СӨЗҮНӨ ПЕРИШТЕЛЕР ДУБА КЫЛГАН ОКШОЙТ”
– Ошол маалда таежемдин турмушка чыккан эки кызы тең ажырашып үйгө келип калышты. Ошондо гана үйдө ынтымак орноду. Адилетти болсо атасы Москвага чакыртып алды. Адилетке этек кирим келбей жатканын, боюмда бар экенин айтсам “менден эмес, анткени мен бала жасаганга жашмын” деп моюнуна албай койду. Алдырып салайын десем, “биринчи баланы алдырып салса кийин төрөбөй калат” дегенди уккам. 15 жашта элем, курбуларымдын бири да билчү эмес, анткени ичимди бек таңып алат элем. Орозо кармаганымда ичимдеги бала тыбырчылай берчү. Ошондо “ии, тирүү жүрөт” деп койчумун. Өзүм толугураак кыз болгондуктан, айланамдагылар “толуп баратасың” дегени эле болбосо, эч ким байкаган жок. Октябрь айы келип, мектептен “алма терем” деп суранып алдым. Ошентип октябрдын экисинде уулдуу болдум.
Таежемдикине келгенден баштап ал мага “жетим, менин төрүмдө жүрүп тууп койбо” деп айтар эле. Ошол сөзүнө периштелер дуба кылып койгонбу, билбейм, ушундай окуя болуп кетти. Ичим ооруп баштаганда “сен сокур ичеги болуп жатасыңбы, ооруканага алып барыш керекпи же төрөтканагабы?” деди. Мен ыйлап эле туруп бердим. Анан таежемдин кызы четке алып чыгып сураганда “Адилет зордуктап койгон, бала силердики” дедим. Ошентип төрөтканага барып, уул төрөдүм.
“БАЛАМДЫ БИРӨӨГӨ БЕРИП САЛЫШТЫ...”
– Милиция кызматкерлери келип, мени 1 жума төрөтканадан чыгарбай коюшту. “Ата-энеси жок, жашы жете элек кыз силердин үйдө жүрүп төрөп жатат” деп таежемдерди суракка алышты. Таежемдин кызы мага телефон чалып “менин макулдугум менен ушундай иш болду деп айт. Антпесең, Адилет да, апам да камалып кетет. Эгер алар камалса, өзүң дагы, балаң дагы тирүү калам деп ойлобо!” деди. Анын айтканын аткардым. Таежем төрөтканада “бала да, кыз да меники, экөөнү 18ге чыкканда үйлөнтүп коём, чөбүрөлүү болдум” деп жаткан. Мен “ии, балам аман-эсен чоңоёт экен” деп сүйүнүп калдым.
Үйгө чыгып келгендин эртеси таежемдин кичүү кызы сабап, мага “баланы бакканга шартым жок, эмизе албайт экем. Өз ыктыярым менен бердим” деп тил кат жаздыртып алды. Туугандардын баары мага каршы чыгып, “сен биздин баланы жаманатты кылдың. Башкадан эле төрөдүң” дей башташты. “ДНК тест кылдыргыла” дедим айлам кеткенде. Менин үнүмдү уккан жан болгон жок, баламды алып, бирөөгө берип салышты. Ким экенин, кайда алып кеткенин да айтпай коюшту. Балам менен бир күн эле болдум, ошондон бери аны көрө элекмин.
“БИР ЭМЕС, ЭКИ ЖУМАЛАП АЧКА КАЛГАН КҮНДӨРҮМ БОЛДУ”
– Барып арызданайын десем корком. Кайда барбайын, телефон чалып “каякка жеттиң?” деп жетер-жеткиче кайтарып, көзөмөлдөп турушат. Ошентип күндөр өтүп кетти. Таежем “улуу кызым карызга батып калды, Орусияга барып иштеп жардам бер” деп мага паспорт алып берип, Москвага жөнөттү. Эжемдикине баргандан кийин 5 күн пол жууп иштедим да, алган 5 миң рублду дароо колуна санап бердим. Биз менен чогуу батирде баш-аягы 15 киши жашачу. Алардын көзүнчө эле эжем мени шылдыңдап, “жетим болуп туруп төрөп алды” деп, дагы башка жаман сөздөрдү айта берди. Ошол жерде бейтааныш адамдар эмнени түшүнмөк эле?! Бир күнү эжем жумушка кеткенде кийимдеримди жыйнап алып чыгып кеттим. Кыргызстандан Москвага чогуу келген байке-эжелердин номерлерин алган элем. Бирөөсүнө “байке, мен эжем менен урушуп кетип көчөдө калдым, жардам бере аласызбы?” деп чалдым. Ал менин жетим экенимди билет эле. Кайрылуумду четке какпай батир таап бергени үчүн ага рахмат.
Ошол маалда футбол боюнча чемпиондукка даярдык болуп жаткан. Үч ай стадиондо иштедим, батиримдин акчасын жапканга жетерлик каражат тапчумун. Андан кийин жумуш табыш кыйынчылык жаратты. Паспортум болгону менен, көпчүлүк жерде “18ге чыга элексиң” деп жумушка албайт эле. Күнүмдүк майда-чүйдө жумуш чыкса иштеп калам. Бир эмес, эки жумалап ачка калган күндөрүм болду.
“МЕН АТАМ-ЭНЕМ ДЕП ЖҮРГӨН АДАМДАР МЕНИ БАГЫП АЛЫШКАН ЭКЕН”
– Баягы эжем менен дагы уруша кеттик. Ал “сени Кыргызстандан алып келиш үчүн 20 миң сом кетти, ошону төлө” дейт. “Ушуну кайсы бетиңиз менен айтып жатасыз? Менин тагдырымды талкаладыңар. Силердин балаңар мени зордуктады – бул бир. Баламды сатып жибердиңер – бул эки. Эми баарыңарды соттотом. Мен жөн калбайм, баламды издеп табам. Эми мен тарткан азапты силер тартышыңар керек” дедим. Эжем “Эгер колу-бутуң узарып калса, колуңдан келгенин кыл. Сенин бизге эч кандай жакындыгың жок. Сен бизге эч ким эмессиң. Сенин атаң да, апаң да башка. Кыйын болсоң ошолорду таап ал” деди. Көрсө, мен атам-энем деп жүргөн адамдар мени багып алышкан экен. Бир жолу апам “кызым, сени багып алганбыз” деп айтканда жаман болуп “апа, сиз тамашаладыңыз, ээ?” десем, “тамашаладым, албетте, менин эле кызымсың” деп койгон. Көрсө, мени аяган экен. Мени өз апам таштап кетип, азыр жашоом кандай болуп жатат? Балам да ошондой таштанды жашоо көрбөсө экен дейм, эртеңки жашоосуна кайгырам.
“БОЛОЧОК ЖОЛДОШУМДУН АЛДЫНДА ЖҮЗҮМ ЖАРЫК БОЛУШУН КААЛАЙМ”
– Орусияда жашаган таякемдикине барып, анын баласын карап туруп калдым. 7 ай жашадым. Анан алар өзүмдөн 18 жаш улуу адамга турмушка беребиз деп чыгышты. “Сен төрөгөн неме болсоң, башка ылайыктуу деле адам чыкпайт. Үй-жайы бар экен, ушуга турмушка чыга бер” дешти. “Өзүмдөн өзүм бузулуп кетип төрөгөн жокмун да. Менин укугум тебеленди. Сүйбөгөн адам менен кантип жашайм? Мени Кыргызстанга жөнөткүлө” дедим. Таякем колума 10 миң рубль берип, бул жактагы досуна жөнөттү, “ушул кызга каралашып тур” деп.
Келгенден кийин төрөтканада жүргөндө менин ишимди алып барган тергөөчүгө чалдым. Ал таежемди, Адилетти чакыртып суракка алды. Алар сурактан чыккандан кийин мени издеп башташыптыр.
Адилеттин карындашы менен сүйлөшүп турам кээде, ал мага чалып “айылдагылардын баары келгениңизди билет экен. Абайлаңыз, сизди издеп жатышыптыр. “Караларга” салып жок кылабыз” деп жатышат” деди. Аны тергөөчүгө айтсам, “азыр 1-2 иш бар. Аларды бүтүрсөм эле сенин ишиңди баштайм” деген. Ушинтип иштин чоюлуп келе жатканына 2 жылдын жүзү болду. Мендей зомбулукка кабылгандардын үнүн ким угат? Укугун ким коргойт? Баламды ким алып бере алат? Болгон максатым – баламды колума алуу. Баламдын кандай чоңойгонун да элестете албайм. Оюма өзүмдүн башыма келген оорчулуктар келе берет. Азыр бир байке “мага турмушка чык” деп жүрөт. Мурда үйлөнүп, балалуу боло албай ажырашкан экен. Ал “балаңды ал, кор кылбай багып алам. Ал баланын артынан дагы бала келсин” дейт. Бирок азыр турмушка чыгайын деген оюм жок, баламды өз колума алсам ыраазы элем. Эмнеге окуямды коомчулукка жарыялап жатам, анткени атымды тазалагым келет. Көчөдө басып жүрүп төрөбөгөнүмдү, мени күч колдонуп зордуктаганын далилдегим келет. Болочок жолдошумдун алдында жүзүм жарык болушун каалайм. Бардык эркектерге күнөө коюуга да болбойт, баарына кыз күнөөлүү деген ой да болбошун каалайм.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg